Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«ЖАШООМДУ ЖАҢЫ БАРАКТАН БАШТАГЫМ КЕЛЕТ»

№501 8-июнь-14-июнь, 2012-ж.


«НИКЕЛҮҮ ЖИГИТ МЕНИ АРБАДЫ»
-Бир кезде бактылуу үй-бүлөнүн эрке кызы элем. Мындай күнгө кабылам деп үч уктасам түшүмө кирчү эмес.
6 жыл мурун ата-энем Москва шаарына жумуш издеп кетишкен. Ырас, бат эле бутубузга турдук. Мен 9-классты бүтүп, колледжге окууга кирдим. Үйдө кенжеси болгондуктан, баары менин айтканымдай болчу. 1-курсту аяктап, Москвага барам деп жүрүп, акыры тилегиме жеттим. Ал жерден ишим оңунан чыкты. Жыл айланып, Кыргызстанга келип үй алып, жарым жылдай жүрүп калдым.
Ойлоп көрсөм, шумдуктун баары ошондо башталыптыр. Ата-энем Москвада болгондуктан, кой деген кожом жок, каалагандай басып жүрдүм. Чөнтөктө акча көп, дос, артымдан жүгүргөн балдардын саны да күн санап өсө берди. Каалаган жакка барам, каалаган убакта келем, кыскасы, ушинтип кеч келе берип, байкем менен да урушуп, кыздар менен өзүм алган үйгө көчүп кеттим. Курбум турмушка чыгып, анын тоюнда Мирлан деген үй-бүлөлүү жигит менен таанышып калдым. Ал никелүү болсо да, «жакында аялым менен ажырашам. Аны сүйбөйм, ата-энем зордоп алып берип коюшкан» деп жатып телефон номеримди алып калды. Чынын айтсам, Мирлан мага бир көз карашта эле жаккан. Эки күндөн кийин телефон чалып, жолугууну сунуштады. Аны бир көрүүгө зар болуп турсам да, никелүү кишиге жолугуп, үй-бүлөсүн бузгум келбеди.

«ӨЗҮМДӨН ӨЧ АЛЫП ЖАТКАНЫМДЫ БИЛБЕПТИРМИН»
-Көп өтпөй Москвага келе бердим. Бир айдан кийин Мирлан мени таап, күнү-түнү телефон чала баштады. Бир айча сүйлөшүп жүрдүк. Кийин артымдан ал да Москвага келди. Апам мени туура түшүнүп, «сүйүп калсаң, каршы эмесмин» деп жол ачып берди. Экөөбүз тез-тез көрүшүп турчубуз. Кызыгы тарап кеттиби, айтор, акыркы күндөрү көп урушчу болдук. Анан Мирлан Кыргызстанга кетип жатканын айтты. Андайды күтпөгөн жаным шолоктоп ыйлап, себебин сурасам, «сен менин сүйүүмө татыктуу эмессиң» деп күйдүрдү. Чынында, ал менин туңгуч сүйүүм эле. Башка бир да жигитке көз салып караган эмесмин. Сүйгөн адамым менен сүйлөшсөм да, мендик болбогону азапка салды, кирпик какпай ыйлап таң атырган күндөрүм болду.
«Көз жашыңды көргүм келбейт» деген апам күндөрдүн биринде бардар жигит менен тааныштырып, «ушуга турмушка чыгасың» деп калды. Мирлан бир пайда болуп, мага үмүт берет, мен ага ишенем да, кайра жоголуп кетет, анан көз жашка бөлөнүп жатып калам. Бардар жашаган жигитке турмушка чыга турган болуп, тойго аз калганда Мирландын айынан тойду токтотуп салдым.
Сүйгөн адамым менин сезимдерим менен ойносо керек, аялы менен жарашканы Бишкекке кетип калды. Бугум ичиме батпай, досторум менен кафе, клубдарга тез-тез барчу болдум. Бийлесем гана ичимдеги арманым сыртка чыккандай сезилчү. Ошондой күндөрдө Айбек жана Ренат деген балдар менен таанышып калдым. Досторумдун баары калмак, орус улутунан болгондуктан, алар менен таанышканыма бир жагынан сүйүндүм.
Айбектин никелүү болгонун билсем да, кыздык намысымды ага арнадым. Оюмда «Мирлан, сен аялың менен болсоң, мен Айбек мененмин, сенден ушинтип өч алам» дедим. Өзүмдөн өч алып жатканымды билбептирмин.
Ошол түндөн көп өтпөй Айбек Кыргызстанга кетти. Андан кийин бир да жолу телефон чалган жок. Мага айтканы боюнча, аялы менен ажырашып кеткен эле. Бир күнү Ренат келип, «Айбек аялы менен жарашыптыр» дейт. Бир чети кубансам, бир чети ичим күйүп турду. Жигиттерден ушунчалык көңүлүм калды. Аялзаты алсыз жаралганбызбы, үмүтүм өчпөй Айбекти бир ай күттүм, келбеди...

«КӨЙГӨЙДҮН НЕГИЗИ ЭЛЕ АКЧАГА КЕЛИП ТАКАЛЫП ЖАТТЫ»
-Адамдын башына бир кыйынчылык келсе, аркасынан да сыноолор көп болот окшойт. Ушул эле жетишпей жаткансып, жумуш да оорлой баштады. Көйгөйдүн негизи эле акчага келип такалып жатты. Негедир ата-энемден такыр акча сурагым келчү эмес. Акча деген балекет эмнелерге гана алып барбайт, ошол убакта Ренат экөөбүз мелдешип кетип, Ренаттын коюнуна биринчи жолу акча үчүн киргем. Ошол күнү жумушка барып, үйгө эч кайткым келбей, өзүмдөн жийиркенип турдум. «Ренатка кантип сүйлөйм, Айбекке эмне дейм?» деген ойлор жүрөгүмдү кыйнады.
Анан директор менен урушуп, жумуштан кеттим. Ылайыктуу жумуш жок, Ренаттын үйүндө жашап калдым. Күндөн-күнгө экөөбүздүн мамилебиз жакындай берди. Апамдын «даяр ашка кызыкпа, өз эмгегиң менен тапкан аш таттуу болот» деген сөзү кулагыма анда-санда жаңыра калат.
Ренаттын эми эле бутуна туруп келе жаткан мезгили эле. Үйлөнүп калсак, бирге аракет кылабыз деп ойлодум. Экөөбүздү үйдө баары кыз-жигит деп ойлошчу. Бирок менин жүрөгүмдүн эзилгени, экөөбүз жөн гана көңүлдөш элек. Бир күнү Айбек келди, Кыргызстандан, эч нерсе болбогондой. Ал келери менен Ренаттын мамилеси өзгөрүп, «эми экөөбүз сүйлөшпөйбүз» деп басып кетти. Канчалык ыйлабайын, эч нерсе жардам бере албады.

«ЖАШООДО ҮЧ НЕРСЕДЕН КОРКЧУМУН»
-Бир күнү үйдө жалгыз отурсам, Айбек келип, ага Ренат менен мамиле түзүп алганымды айттым. Ал «билгем ушундай болорун, мен сени ага ыраа көрбөйм» деген өңдүү сөздөрдү айтып жатканда сырттан Ренат келип, экөө урушуп кетишти. Акыры Ренат экөөбүз бирге калдык. Ал мага «күнөөңдүн баарын өзүмө алам, нике кыйып жашайлы» деп калды. Дароо эле ишенип, чогуу жашап калдык. Арадан 3-4 ай өтүп, Ренаттын мамилеси өзгөрө баштады...
Негизи, жашоодо үч нерседен коркчумун: намысымды алдырып коюудан, үй-бүлөлүү эркекти сүйүп калуудан жана эки достун ортосуна түшүп калуудан. Тагдыр ошол корккон нерселеримди маңдайыма жазган экен. Азыр деле Ренатты жоготуп алуудан корком да, кайра аны жек көрүп кетем. Себебин өзүм да билбейм.

«ТИЛИМДИ ТИШИМЕ КАТЫП ТИМ БОЛОМ»
-Ренат акыркы күндөрү катуу сүйлөчү болду. Ал айткан сөздөр менин жүрөгүмө кандай оор тиерин сезбесе керек. Айлам канча, тилимди тишиме катып тим болом. Бирок мындан ары минтип жашагым келбейт, күнөөлөрүмдү ойлоп, Кудайга тобо келтирем. Кайра «кантип кечирилсин, бир үй-бүлөнү бузуп, эки досту ажыратып, никем жок, бир адам менен жашап жүрсөм?..» деген ойлорго думугам.
Көп ойлонуп, бүгүн эртең менен бир чечимге келдим. Ушул жумада Ренатка айтпай башка шаарга кеткени жатам. Ошол жактан жашоомду жаңы, таза барактан баштагым келет. Ата-энем мен экенимди билишпесе да, гезит аркылуу алардан кечирим сурайм. Апа, мени кечир! Мен силер ойлогондой кыз болуп чоңойбодум, силердин ак эмгегиңерди актай албадым! Акырында кыздарга айтарым, жеңил ойлуу болбогула, ар бир кадамыңарды ойлоп баскыла!

Мээрим



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(117)
12.06.2012. 07:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
01-09-2011
Соӊку аракети:
10-05-2014 00:30
Жынысы:
Белгисиз
0
Takyr tuura emes iw kylypsyn birok akyryn tuura ele 4e4ipsin
12.06.2012. 10:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
200
Катталган:
10-04-2012
Соӊку аракети:
01-05-2014 11:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
no comment...
0
канча ойноп кулсон дагы алакандай жеринди сактасан болмок. Эми деле кеч эмес,тый да бир жеринди,тиктирип алсан болот экен азыр,жаны турмуш башта КР кел,татыктуу бирооону жолуктурасын.аялы барлардан 1км алыс жур,баарибир алдап кетишет,пайдаланып туруп для разнообразия,эркектер бир нерсеге жетиш учун нени гана айтышпайт,ошондо жок деп озуно атканды да уйрон да,Эсинен чыгарба ушул макалды:Ойнош оттон ысык кала берсе боктон сасык!Сен да бироонун суйуктуу жары,мээримдуу апасы бол!
12.06.2012. 11:50 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
153
Катталган:
29-08-2011
Соӊку аракети:
01-08-2014 13:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Ох, аягына чыккан жокмун, тантыраган, тамтыгы чыккан, очередной ш..ханын баяны тура.
12.06.2012. 12:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
153
Катталган:
26-05-2008
Соӊку аракети:
19-11-2018 15:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары
+1
мен дагы жек кором ушундайды
12.06.2012. 14:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
04-06-2012
Соӊку аракети:
06-06-2017 09:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
0
Ati- Oto keiwty Oky9 eken
Emi sen sosyz ozgorosyb sebeby saga byl sabak boldy da myndan ary baktyly bol
12.06.2012. 14:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
04-06-2012
Соӊку аракети:
06-06-2017 09:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
0
Mindab arky iwinizge igilik Omyrdo oksybon gawodo ganlban baktlyy bolyn
12.06.2012. 15:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
24-05-2012
Соӊку аракети:
25-05-2019 00:18
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай ушуга окшогон кыздарыбызга ыйман берсин!
12.06.2012. 16:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
124
Катталган:
17-10-2011
Соӊку аракети:
17-02-2019 23:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
moskva
0
аялы бар эркектер опытный болсо керек да бойдокторго караганда
12.06.2012. 23:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
05-06-2012
Соӊку аракети:
07-11-2013 01:26
Жынысы:
Белгисиз
-2
Досторумдун баары калмак,орус деп койгонуна эмне бересин.Антпей эле сасыган тажик же болбосо такси кылган,коңкойгон азерлер деп эле жазбайбы.Бул жака телефонуңдун номерин калтыра кетсең болмок экен.Менин дагы аялым,кызым бар. Кудай буюруса жакында экинчиси төрөлөт.Бирок сага баары бир эмеспи,ал эми мага абдан жакшы болмок.Айтмакчы мен дагы Москвадамын.
12.06.2012. 23:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
24-11-2011
Соӊку аракети:
14-04-2019 00:25
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жагына кудай ыйман берсин,куноолорунду озун сезип чын дилден кечирим сурап кудайдын жолунда журсон кудайым кечиримдуу.Кудайды куноолорду кечириш учун гана эмес ар дайым эстеп журуш ар бир мусулманга парз деп эсептейм
13.06.2012. 00:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
03-06-2012
Соӊку аракети:
05-05-2013 21:14
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздарга берер кенешим журогунор менен эмес акылынар менен суйгуло
13.06.2012. 00:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
23-05-2012
Соӊку аракети:
24-07-2012 13:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
бечара колумдан келсе жардам бермекмин
13.06.2012. 02:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
57
Катталган:
14-03-2012
Соӊку аракети:
12-12-2018 20:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
0
эйий тантырап газетега чыгып алганын.
13.06.2012. 06:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
13-06-2012
Соӊку аракети:
24-09-2012 07:49
Жынысы:
Белгисиз
0
адам балсы бакытты ар жерден издей берет экенбиз жаратуучубуз болгон Аллаа бактылуулукту кайдан издеш керек экенин куран китебине жазып койгон динден издегиле деп карындаш сизге айтаарым башка шаарга барып отурбастан Бишкектеги борбордук мечитке барып илимдуу эже карындаштарыбызга кезигип мен жашоомду озгорткум келет мага жардам бергиле деп кайрылыныз Аллах мееримдуу сизди албетте кечирет мен ишенем сиз жашоонузду дин менен гана ондоп кете аласыз
13.06.2012. 12:55 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
23-10-2011
Соӊку аракети:
04-05-2014 14:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
МЭэрим кел экообуз да бир суйлошуп королучу балким сенин туболуктуу жигитин эмес а жолдошун болуп калаттырмын сени аябай жакшы тушундум эгер жолугуп калсак сага жагып калсам сунушумду кабылдачы сенден жооп кутомун менин номерим +79522113838
13.06.2012. 18:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
02-02-2012
Соӊку аракети:
29-12-2012 17:10
Жынысы:
Белгисиз
0
ак жол жаны жашооно
13.06.2012. 22:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
30-04-2012
Соӊку аракети:
25-03-2019 03:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалалабат
0
tura kyzdar jenil oi bolboilu .bir kun jyrgaim dep 1ooo kunduk bakyttan airylbaily
13.06.2012. 23:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
13-01-2011
Соӊку аракети:
28-12-2018 11:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Саган ак жол,турмутан туура жолунду таап бактылуу бол.
14.06.2012. 00:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
23-02-2012
Соӊку аракети:
01-07-2013 01:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми эмне дейбиз жаны жашоо баштаганга ак жол сага,Россиядагы кыздар женил ойлуу болбогулачы.Орустарга тенелип.
14.06.2012. 01:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
14-06-2012
Соӊку аракети:
14-06-2012 04:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман иш болуптур
14.06.2012. 02:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
24-07-2011
Соӊку аракети:
26-05-2019 16:41
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздын ата-энесине ичим ачышып жатат.Менин стажым боюнча турмушта суйуунун озу аздык кылат,ошон кыздар суйдум деп эле аялы бар эркектер мн жашап албагыла аягы жакшы болбойт.
14.06.2012. 13:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
21-01-2012
Соӊку аракети:
04-11-2016 21:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
кы3дарга акча карматпаш керек а то каалаганын кылып бузулушат.ата-энеси куноолу да коптургон.кыздар бияктале иш кылгылачы тентибей,жумуш биякта деле толуп жатат.ыйманы томон кы3дардын келечеги жакшы болбойт_
14.06.2012. 13:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
16-01-2012
Соӊку аракети:
03-05-2019 23:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
тообо акыркы кундору ушу мигранттардын кана маселелери козголуп калды да ата эненин жанында журуп ушундай кадамга барсан ата энеси жок жок иштеп жургондорго соз жок экен да анда.
14.06.2012. 14:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
14-06-2012
Соӊку аракети:
18-07-2012 15:05
Жынысы:
Белгисиз
0
жети олчоп, бир гес! Деген насаат эркектерге гана эмес кыздаргада тийиштуу! Ошондуктан Урматтуу кыргыздын кыздары! Терээн ойлонгулачы. Келечекте кыздарынарга туура тарбия беретурган болгула. Мээрим эжеке али да кеч эмес. Жаны жашоонузга ийгилик!!!
14.06.2012. 14:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
28-05-2012
Соӊку аракети:
18-06-2012 14:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
1
0
тобо кылыш керек
14.06.2012. 23:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
25-10-2011
Соӊку аракети:
21-12-2018 14:41
Жынысы:
Белгисиз
0
ну и дура ты
14.06.2012. 23:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
06-11-2011
Соӊку аракети:
10-03-2019 17:53
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеси болсо да эми болор иш болуптур, эми келечегини ойлонуп жаша, сендей адамдар аз эмес
15.06.2012. 01:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
11-02-2012
Соӊку аракети:
08-05-2013 11:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
0
кыйынчылыкты корбой чонойгон бала ушундай жолго соссуз барат
15.06.2012. 18:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
22-03-2011
Соӊку аракети:
19-05-2017 06:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Karakol
0
tahi, Баардыгы адамдын дееринен,кыйынчылыкты коробу же корбойбу,башты иштетиш керек!!!
15.06.2012. 11:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
19-03-2012
Соӊку аракети:
27-03-2013 00:04
Жынысы:
Белгисиз
0
мындан кийин ойлонуп туруп кадам ташта еми.же дагы уйронгон адат калабы дегендей башка шаарда да ойноп кетпее.бактылууу болушуну каалаймын
15.06.2012. 12:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
21-11-2011
Соӊку аракети:
30-03-2018 21:01
Жынысы:
Белгисиз
0
мээрим бейиш энелердин таманынын алдында эмеспи атаэненди таштап кетиш туура эмес жигиттерди таштасанда ата эненди таштаба аллада раазы болбойт бул ишке сага кааларым 2 дуйно бактылуулук алла баарыбыздын куноолрубузду кечирсин
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
22285;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: