Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«ЖАШООМДУ ЖАҢЫ БАРАКТАН БАШТАГЫМ КЕЛЕТ»

№501 8-июнь-14-июнь, 2012-ж.


«НИКЕЛҮҮ ЖИГИТ МЕНИ АРБАДЫ»
-Бир кезде бактылуу үй-бүлөнүн эрке кызы элем. Мындай күнгө кабылам деп үч уктасам түшүмө кирчү эмес.
6 жыл мурун ата-энем Москва шаарына жумуш издеп кетишкен. Ырас, бат эле бутубузга турдук. Мен 9-классты бүтүп, колледжге окууга кирдим. Үйдө кенжеси болгондуктан, баары менин айтканымдай болчу. 1-курсту аяктап, Москвага барам деп жүрүп, акыры тилегиме жеттим. Ал жерден ишим оңунан чыкты. Жыл айланып, Кыргызстанга келип үй алып, жарым жылдай жүрүп калдым.
Ойлоп көрсөм, шумдуктун баары ошондо башталыптыр. Ата-энем Москвада болгондуктан, кой деген кожом жок, каалагандай басып жүрдүм. Чөнтөктө акча көп, дос, артымдан жүгүргөн балдардын саны да күн санап өсө берди. Каалаган жакка барам, каалаган убакта келем, кыскасы, ушинтип кеч келе берип, байкем менен да урушуп, кыздар менен өзүм алган үйгө көчүп кеттим. Курбум турмушка чыгып, анын тоюнда Мирлан деген үй-бүлөлүү жигит менен таанышып калдым. Ал никелүү болсо да, «жакында аялым менен ажырашам. Аны сүйбөйм, ата-энем зордоп алып берип коюшкан» деп жатып телефон номеримди алып калды. Чынын айтсам, Мирлан мага бир көз карашта эле жаккан. Эки күндөн кийин телефон чалып, жолугууну сунуштады. Аны бир көрүүгө зар болуп турсам да, никелүү кишиге жолугуп, үй-бүлөсүн бузгум келбеди.

«ӨЗҮМДӨН ӨЧ АЛЫП ЖАТКАНЫМДЫ БИЛБЕПТИРМИН»
-Көп өтпөй Москвага келе бердим. Бир айдан кийин Мирлан мени таап, күнү-түнү телефон чала баштады. Бир айча сүйлөшүп жүрдүк. Кийин артымдан ал да Москвага келди. Апам мени туура түшүнүп, «сүйүп калсаң, каршы эмесмин» деп жол ачып берди. Экөөбүз тез-тез көрүшүп турчубуз. Кызыгы тарап кеттиби, айтор, акыркы күндөрү көп урушчу болдук. Анан Мирлан Кыргызстанга кетип жатканын айтты. Андайды күтпөгөн жаным шолоктоп ыйлап, себебин сурасам, «сен менин сүйүүмө татыктуу эмессиң» деп күйдүрдү. Чынында, ал менин туңгуч сүйүүм эле. Башка бир да жигитке көз салып караган эмесмин. Сүйгөн адамым менен сүйлөшсөм да, мендик болбогону азапка салды, кирпик какпай ыйлап таң атырган күндөрүм болду.
«Көз жашыңды көргүм келбейт» деген апам күндөрдүн биринде бардар жигит менен тааныштырып, «ушуга турмушка чыгасың» деп калды. Мирлан бир пайда болуп, мага үмүт берет, мен ага ишенем да, кайра жоголуп кетет, анан көз жашка бөлөнүп жатып калам. Бардар жашаган жигитке турмушка чыга турган болуп, тойго аз калганда Мирландын айынан тойду токтотуп салдым.
Сүйгөн адамым менин сезимдерим менен ойносо керек, аялы менен жарашканы Бишкекке кетип калды. Бугум ичиме батпай, досторум менен кафе, клубдарга тез-тез барчу болдум. Бийлесем гана ичимдеги арманым сыртка чыккандай сезилчү. Ошондой күндөрдө Айбек жана Ренат деген балдар менен таанышып калдым. Досторумдун баары калмак, орус улутунан болгондуктан, алар менен таанышканыма бир жагынан сүйүндүм.
Айбектин никелүү болгонун билсем да, кыздык намысымды ага арнадым. Оюмда «Мирлан, сен аялың менен болсоң, мен Айбек мененмин, сенден ушинтип өч алам» дедим. Өзүмдөн өч алып жатканымды билбептирмин.
Ошол түндөн көп өтпөй Айбек Кыргызстанга кетти. Андан кийин бир да жолу телефон чалган жок. Мага айтканы боюнча, аялы менен ажырашып кеткен эле. Бир күнү Ренат келип, «Айбек аялы менен жарашыптыр» дейт. Бир чети кубансам, бир чети ичим күйүп турду. Жигиттерден ушунчалык көңүлүм калды. Аялзаты алсыз жаралганбызбы, үмүтүм өчпөй Айбекти бир ай күттүм, келбеди...

«КӨЙГӨЙДҮН НЕГИЗИ ЭЛЕ АКЧАГА КЕЛИП ТАКАЛЫП ЖАТТЫ»
-Адамдын башына бир кыйынчылык келсе, аркасынан да сыноолор көп болот окшойт. Ушул эле жетишпей жаткансып, жумуш да оорлой баштады. Көйгөйдүн негизи эле акчага келип такалып жатты. Негедир ата-энемден такыр акча сурагым келчү эмес. Акча деген балекет эмнелерге гана алып барбайт, ошол убакта Ренат экөөбүз мелдешип кетип, Ренаттын коюнуна биринчи жолу акча үчүн киргем. Ошол күнү жумушка барып, үйгө эч кайткым келбей, өзүмдөн жийиркенип турдум. «Ренатка кантип сүйлөйм, Айбекке эмне дейм?» деген ойлор жүрөгүмдү кыйнады.
Анан директор менен урушуп, жумуштан кеттим. Ылайыктуу жумуш жок, Ренаттын үйүндө жашап калдым. Күндөн-күнгө экөөбүздүн мамилебиз жакындай берди. Апамдын «даяр ашка кызыкпа, өз эмгегиң менен тапкан аш таттуу болот» деген сөзү кулагыма анда-санда жаңыра калат.
Ренаттын эми эле бутуна туруп келе жаткан мезгили эле. Үйлөнүп калсак, бирге аракет кылабыз деп ойлодум. Экөөбүздү үйдө баары кыз-жигит деп ойлошчу. Бирок менин жүрөгүмдүн эзилгени, экөөбүз жөн гана көңүлдөш элек. Бир күнү Айбек келди, Кыргызстандан, эч нерсе болбогондой. Ал келери менен Ренаттын мамилеси өзгөрүп, «эми экөөбүз сүйлөшпөйбүз» деп басып кетти. Канчалык ыйлабайын, эч нерсе жардам бере албады.

«ЖАШООДО ҮЧ НЕРСЕДЕН КОРКЧУМУН»
-Бир күнү үйдө жалгыз отурсам, Айбек келип, ага Ренат менен мамиле түзүп алганымды айттым. Ал «билгем ушундай болорун, мен сени ага ыраа көрбөйм» деген өңдүү сөздөрдү айтып жатканда сырттан Ренат келип, экөө урушуп кетишти. Акыры Ренат экөөбүз бирге калдык. Ал мага «күнөөңдүн баарын өзүмө алам, нике кыйып жашайлы» деп калды. Дароо эле ишенип, чогуу жашап калдык. Арадан 3-4 ай өтүп, Ренаттын мамилеси өзгөрө баштады...
Негизи, жашоодо үч нерседен коркчумун: намысымды алдырып коюудан, үй-бүлөлүү эркекти сүйүп калуудан жана эки достун ортосуна түшүп калуудан. Тагдыр ошол корккон нерселеримди маңдайыма жазган экен. Азыр деле Ренатты жоготуп алуудан корком да, кайра аны жек көрүп кетем. Себебин өзүм да билбейм.

«ТИЛИМДИ ТИШИМЕ КАТЫП ТИМ БОЛОМ»
-Ренат акыркы күндөрү катуу сүйлөчү болду. Ал айткан сөздөр менин жүрөгүмө кандай оор тиерин сезбесе керек. Айлам канча, тилимди тишиме катып тим болом. Бирок мындан ары минтип жашагым келбейт, күнөөлөрүмдү ойлоп, Кудайга тобо келтирем. Кайра «кантип кечирилсин, бир үй-бүлөнү бузуп, эки досту ажыратып, никем жок, бир адам менен жашап жүрсөм?..» деген ойлорго думугам.
Көп ойлонуп, бүгүн эртең менен бир чечимге келдим. Ушул жумада Ренатка айтпай башка шаарга кеткени жатам. Ошол жактан жашоомду жаңы, таза барактан баштагым келет. Ата-энем мен экенимди билишпесе да, гезит аркылуу алардан кечирим сурайм. Апа, мени кечир! Мен силер ойлогондой кыз болуп чоңойбодум, силердин ак эмгегиңерди актай албадым! Акырында кыздарга айтарым, жеңил ойлуу болбогула, ар бир кадамыңарды ойлоп баскыла!

Мээрим



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(117)
11.06.2012. 10:13 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
17-04-2012
Соӊку аракети:
06-10-2012 09:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
омск
0
сендей болгон кыргыздын кыздары, кыргыздардын жузун жерге каратып коюшу мумкун
14.06.2012. 16:09 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
372
Катталган:
29-01-2011
Соӊку аракети:
07-03-2015 15:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Germanija
0
tiger_righ_03, anan ui bulosu turup boudok kysdar menen jurgon erkekteri emne deising? kalpty aytyp kysdy koldonup basyp ketken kyrgysdyn erkekteri emne kyrgysdyn osup onugushuno basym jasap jataby???
Erketer jonundo dagy talkuu kylysh kerek bul okujada. Bul jerde akmak, ujaty jok, aldamchy erkekter jonundo dagy kep bolup jatat!!!!!!!!!
24.06.2012. 19:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
564
Катталган:
23-08-2011
Соӊку аракети:
27-05-2019 09:50
Жынысы:
Белгисиз
0
Baichechekei2011, Туура айтасын!бул жерде озун эркек сезген,катын эркектер тоолтура!Аялы турса,жаш кызды колдонгон!Алар адам эмес итке тенесен да аздык кылат!Бирок женил ойлулук кылып озу жатып берген кыздар да аз эмес, уй-булоо бузуп!
11.06.2012. 10:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
86
Катталган:
28-06-2011
Соӊку аракети:
30-12-2014 10:59
Жынысы:
Белгисиз
0
Саган окшкгон намысы жоктор арабыздан жоголсун, бироонун бакытын бузуп,коз жашынын устуно озунду эч убакта бактылуу кыла албайсын. Ал эми эркектерди мындай бироонун башынан кесир кылганы учун алланын каргышына калсын.
11.06.2012. 10:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
19-12-2011
Соӊку аракети:
06-11-2018 13:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия.иркутск
0
Ата энен кызык адамдар го....тарбиялабайбы сени...куноонун баары бир сенде кунаажын козун сузбосо бука жибин узбойт ар кандай эркекке ишенебересинби?бул жашоодо озундон башкага ишениш кыйын...алла ырайымдуу,кечиримдуу..тообо кылып кечирим сура.
11.06.2012. 10:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
08-06-2012
Соӊку аракети:
10-07-2012 12:56
Жынысы:
Белгисиз
0
да аябай окунучтуу окуя экен ар бир кыздар оздорун жакшы карап журушсо жакшы болмок бироонун булоосун бузбай
11.06.2012. 10:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
24-03-2012
Соӊку аракети:
15-04-2019 15:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Женил ойлуу кыздар аябай кобойдуго, сандан-санга кезектешип чыгышып. Жаны жашоого белденип жаткан экенсин, Россиянын башка шаарында эми ар бир кадамыңды ойлоп басасын деген умуттомун.
11.06.2012. 10:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
28-10-2010
Соӊку аракети:
01-11-2018 21:42
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жолдо баратып кееде уйдо озумчо ойлонуп калам каткенде мындай корунуштон арылабыз деп.Эми бул баары жаман конуштордун башаты биринчи кезекте Ата-Эне уй булоодон андан кийин дос жардан болот деп эсептейм азыркы эле корунушту айтсак кыз келиндердин европа деп жарым жыланач кийингени журоктогу болгон нерсе сыртка чыгат деген корунуш мындай кмйингенди Ата-Энеси тарбия бербеген деп эсаптйм азыркы зордук зомбулуктун башаты мындай кийингендер, жон бара жаткан жанды дурболобостон койбойт...
11.06.2012. 12:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
17-04-2012
Соӊку аракети:
23-07-2016 13:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Лас Ночес
0
Alisher, биз эмнеге эле ушундай окуяларга дуушар болсок эле Батыш Европа олколорун куноолой беребиз,мындай корунушторго кабылбоо ар бир адамдын озуно байланыштуу ал жарым жартылай же эч жерин ачык калтырбай оронуп журуудон коз каранды эмес.
11.06.2012. 15:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
10-06-2012
Соӊку аракети:
29-06-2012 22:09
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздар этияттап озунорду карагылачы.бул жалган жашоодо эчбир нерсеге азгырылбагылачы.андан коро намысты ойдо койгула.
11.06.2012. 10:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
09-06-2011
Соӊку аракети:
17-09-2018 01:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
Катуу тийсе кечир,бирок сен башка шаарга барып деле дагы бироонун уй булосун бузушун мумкун.Мындайча айтканда орок оро албаган орок тандайт.
11.06.2012. 10:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
28-10-2010
Соӊку аракети:
01-11-2018 21:42
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондуктан биринчи кыздарда оздорунун кийим чуруш турушунарды ондосонор зордуктады зордоду дебестен кунажын качан козун ойноткондо бука жибин жулут эгер кийими да озу да ыймандуу кыз болсо ал кызга балдар деле тийшпейт жана тартынат Аллах баарыбызга Ыйман Инсап берсин....
11.06.2012. 11:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
01-09-2011
Соӊку аракети:
10-05-2014 00:30
Жынысы:
Белгисиз
0
okup alyp chynynda kozumdon jaw akty oa biroonu suison anyn nikesi bar ekeni bilinbeit bakytta balkyp juro beresin birok jawoondu ozun nastroi kylgansyn жашоодо үч нерседен коркчумун: намысымды алдырып коюудан, үй-бүлөлүү эркекти сүйүп калуудан жана эки достун ортосуна түшүп калуудан adamdyn bawynan otmouncho myndai oilor kaidan kelet?andan koro Allah taalamdan jakwy jawoonu baktyluuluktu surabait belen emi saga sovetim allah joluna tuw
11.06.2012. 11:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
11-03-2011
Соӊку аракети:
24-04-2018 13:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Өзүмда билбейм
0
Turmushundu ondoim desen aiylga je Kyrgyz.ga baryp ele jakshy bir adamga turmushka chygyp oshol adamdyn jakshy jaman sozuno chydasan gana bul turmushtu jenip chygasyngo degen oidomun.Chyndygynda kyzdarybyzga yiman bersin.
11.06.2012. 11:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
11-03-2011
Соӊку аракети:
24-04-2018 13:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Өзүмда билбейм
0
Ata enenin da tarbiyasy kerek uidun kichuusun kaira kattuu karmaitgo.Emi ar bir ui bulodo ar kanndai da balkim senin apan zorduktap tigi jigitke berip salganda turmushtu korup jashap kalmak belen.Baktyluu bolgongo araket kyl .
11.06.2012. 12:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
583
Катталган:
16-05-2011
Соӊку аракети:
06-09-2016 10:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
чала болот акчага кооп озунду да арнап салыптырсын эми барына кеч болуп калды, бир гана кудайдан кечирим сурап жакшы куйо тиле эми
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
22285;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: