Бир кездери бразилия, мексика сериалдарын экрандан көз албай көрүп калган элек. Мезгил жылып отуруп корей сериалдары каптады. Андан да кызыгы, учурда түрк туугандардын сериалдары популярдуу болуп жаткан убак.
“КЫЗГАЛДАКТАР ГҮЛДӨГӨН МААЛДА” (“ПОРА ТЮЛЬПАНОВ”)
Жанры – Драма
Сценарийин жазган – Шебнем Чытак
Режиссёру – Мерве Гиргин, Кемал Узун, Йасин Услу
Ролдордо – Толгахан Сайышман (Чынар), Эмине Сандал (Лале), Серенай Сарыкая (Йешим), Хатиже Аслан (Зумрут), Селен Сойдер (Топрак)
Тартылган жылы – 2010
КААРМАНДАР ТУУРАЛУУ
Эмине Сандал (Лале) 1982-жылы 15-январда Сербияда туулган. Кесиби – актриса, модель жана ырчы. Түрк ырчысы Мустафа Сандалдын жубайы.
Толгахан Сайышман (Чынар) 1981-жылы 17-декабрда Стамбулда төрөлгөн. Кесиби – актёр. Сериалдагы өнөктөшү Серенай Сарыкая (Йешим) менен кыз-жигит болуп жүрүшкөн.
Серенай Сарыкая (Йешим) 1991-жылы 1-июлда Анталияда төрөлгөн. Кесиби – актриса. Түркияда өткөн көптөгөн сулуулук сынактарынын жеңүүчүсү.
“КҮЗГҮ ЖАЛБЫРАКТАР” (“ЛИСТОПАД”)
Жанры – Драма, мелодрама
Сценарийин жазган – Мелек Генчоглу, Решад Нури, Эже Йөренч
Режиссёру – Өзлем Йуртсевер
Ролдордо – Халил Эргүн (Али Рыза), Бенну Йылдырымлар (Фикрет), Дениз Чакыр (Ферхунде), Фахрийе Эвжен (Нежла) жана башкалар
Тартылган жылы – 2006-2011
Аталган эмгек 5 сезондон туруп, ичине 174 серияны камтыйт. Бет ачары 2006-жылдын 13-сентябрында Түркияда болгон. Акыркы 5-сезону 2011-жылы гана тартылып бүткөнү айтылып жүрөт. Сериал рейтинги жагынан Түркияда бүт рекорддорду коюп, өлкөнүн эң көп көрүлгөн сериалдары “Миң бир түн”, “Асиден” да популярдуу боло алды. Кино жаратуучулар актёрлорду мыкты тандашканы менен сериалга көрк кошушкан дешет.
Окуя Стамбулда жашаган Али Рыза аттуу даанышман кишинин үй-бүлөсүнүн тегерегинде жүрөт. Анын 5 баласы бар. Алардын суугуна чыдап, ысыгына күйүп, ар биринин көйгөйүн акыл калчап чечип, аталык милдетин аткарат. Бирок Али Рызанын көз алдында балдары андан алыстап, моралдык баалуулуктарын жогото башташат. Ошондо башкы каарман балдарын дарактан күбүлүп түшкөн жалбырактарга салыштырат.
Али Рызанын ролундагы актёр Халил Эргүн сериал тууралуу мындайча ой бөлүшөт: “Күзгү жалбырак” – феномендүү сериал. Ар бир көрүүчү тасмадан жашоосунда болгон абалды же көрүнүштү табат. Биз, актёрлор да, көрөрмандарга жеткиликтүү болсун үчүн ролубуз менен жашап калдык. Азыр алар менен жакын достордон болуп, ушул сериалды көрүп жатканыма абдан кубанычтамын”.
КААРМАНДАР ТУУРАЛУУ
Халил Эргүн (Али Рыза) 1946-жылы 8-сентябрда Изник шаарында туулган. Легендарлуу түрк актёру 1975-жылдан бери экранда.
Бенну Йылдырымлар (Фикрет) 1969-жылы 22-ноябрда төрөлгөн. “Күзгү жалбырактар” сериалындагы ролу үчүн "Мыкты актриса" деп табылган.
Дениз Чакыр (Ферхунде) 1982-жылы 31-декабрда Анкарада жарык дүйнөгө келген.Сериалдагы жигити Левент менен чыныгы жашоодо да кыз-жигит.
Фахрийе Евжен (Нежла) 1986-жылы 4-июнда Германиянын Соллинжен шаарында туулган.
Гөкче Бахадыр (Лейла) 1981-жылы 9-ноябрда Стамбулда төрөлгөн. Сериалдын 5-сезонундагы Серхандын ролундагы актёр Али Сунал – чыныгы жашоодо күйөөсү.
Толга Карел (Оуз) 1978-жылы 1-октябрда туулган. Бир нече жолу аракечтиктен дарыланган. Кесиби – актёр, модель.“ЭЗЕЛ”
Жанры – Триллер, драма, криминал, детектив
Сценарийин жазган – Пынар Булут, Keрем Дерен
Режиссёру – Улуч Байрактар
Ролдордо – Кенан Имирзалыоглу (Эзел), Жансу Дере (Эйшан), Йигит Өзшенер (Женгиз), Седеф Авжи (Бахар)
Тартылган жылы – 2009
"Эзел” сериалын көрүп шолоктоп ыйлаган көрүүчүлөр четтен табылар. Дал ушул сериал менен “ооруган” кино сүйүүчүлөрдү бир чети актёр Кенан Имирзалыоглунун күйөрмандары десек да жарашат. Анткени атактуу түрк актёрунун жүзү бизге башка сериалдардан да жакшы тааныш. “Эзел” сериалы – достук, сүйүү, ишеним, мафия, акча темаларын кеңири чагылдырып бере алган таасирдүү эмгектердин бири.
Сериалдын башкы каарманы Өмер абакта отурганда бала кезинен чогуу өскөн достору андан кабар алууга басып барышпайт. Достору Женгиз, Али, сүйүктүүсү Эйшандын эмне үчүн жакын досунун тагдырына кайдигер карап кол шилтеп койгону окуянын жүрүшүндө ачыкка чыгат. Бир кездеги Өмер таанылгыс болуп өзгөрүп, бетине операция жасатып, башка адам – Эзел болуп досторуна кайтып келет. Анын максаты мындан көп жыл мурун өзүн сатып, абакка таштап койгон досторунан өч алуу болчу. Досторунун бул кылмышын Эзел түрмөдө күнү-түнү ою онго бөлүнүп жатып талдоо жүргүзгөндө сезет. Жыйынтыгында анын көп жылдар бою сызда отурганына эң жакын ишенген достору себепкер болгонун түшүнөт. Фильм соңунда Эзел досу Женгизди өлтүрүп тынса, ал эми өзү менен Эйшандын тагдыры аянычтуу өлүм менен аяктайт.
КААРМАНДАР ТУУРАЛУУ
Кенан Имирзалыоглу (Эзел) 1974-жылы 18-июнда Анкарада туулган. Кесиби – модель, актёр. Актриса Зейнеп Бешерлер менен 2003-жылдан бери кыз-жигит болуп жүрүшөт.
Жансу Дере (Эйшан) 1980-жылы 24-октябрда Анкарада төрөлгөн. Кесиби – модель, актриса. Көптөгөн компаниялардын жарнамалык жүзү.
Седеф Авжи (Бахар) 1982-жылы 22-январда Стамбулда төрөлгөн. Актриса, модель. "Күзгү жалбырактар" сериалындагы Жемдин ролундагы актёр Киванч Касабали – күйөөсү.
Йигит Өзшенер (Женгиз) 1972-жылы 6-апрелде Измирде туулган. Кесиби – модель, актёр. Театрдагы ийгиликтүү ролдорунан кийин сериалдарга тартылуу сунушу түшө баштаган.Лунара Бекиева
kino@super.kg