ЖИГИТ КЫЯЛЫНДАГЫ СЕКСИЛЕР КИМДЕР?

«Кыз кылыгы менен» деген кыргызда жакшы сөз бар. Ал эми кылыктуу, сексуалдуу кыздар ар бир жигитти өзүнө жипсиз эле байлап алышат. Биздин шоу- бизнесте да жигиттер ичинен тымызын кызыгып, көздөрү менен «атып» жүргөн сексуалдуу айымдар толтура. Кээ бир кыздардын эриндери сексуалдуу болсо, кай бириники көздөрү, дагы бириники дене мүчөсү дегендей, айтор, азыр биз сиздерге кимдин эмнеси сексуалдуу экендигин чыныгы жигиттердин көз карашы менен аныктап берүүгө аракеттенебиз.
«Кыздын кырк чачы улуу» демекчи, «чү» дегенде эле чачынан баштай турган болсок, анда кыргыз шоу дүйнөсүндөгү сулуу бийкечтердин арасынан Гүлнур Асанова алдына эч кимди чыгарбайт. «Гүлнурдун кундуздай чачынан жыттап, саамайынан сыласам» деп кыялданган жигиттердин саны арбын. Айтмакчы, жигиттерде бул сулуу бийкечтин колун кармоого учурда да «шанс» бар!

Ал эми андан кийинки сөз кыздардын өзгөчө «куралы» – көз тууралуу болмокчу. Ооба, бийкечтердин кумарлуу, сулуу көздөрүн көргөндө эркектердин шилекейи агып каларын кыздар өздөрү деле жакшы билишет. Так ошондой сулуу көзгө Гүлзинат Суранчиева эгедер. Бул айымдын көздөрү кудум эле магнит сымал. Дегеним, мырзаларды өзүнө тартат да, турат. Анын көзүнө арбалган темир булчуңдуу «терминаторлор» канча дейсиз?..

Сексуалдуулуктун дагы бир белгиси бул – көз караш. Кыздар көзүн сүзө караганда «жибин үзгөн бука» болуп кеткиң келет да! Бизде ошондой көз караштагы бийкечтер барбы? М-м... Бар экен. Болгондо да экөө. Алардын бири – "Нон-Стоп" дуэтинин ырчысы Чолпон. Ал эми экинчиси – Айя Садырова. Так ушул эки сулуунун көз карашы жигиттерди ажалынан мурда ала жатчу атылган ок десек жарашат.

Мурун тууралуу кеп баштасак, дароо эле Жаным Айзат ойго түшөт. Анын кырдач, түз, чыныгы аялзатына тиешелүү муруну эч бир эркекти кайдигер калтырбаса керек. Чынында, Жаным Айзат мурду менен эле эмес, турган турпаты менен сексуалдуу.

Эриндерин өпкүң эле келе турган, оозу оймоктой кыздар кыргызда толтура. Биринен бири ашат. Бирок ошолордун арасынан Бактыгүл Бадыевага токтолуп кетпесек болбос. Бактыгүлдүн эриндери, эх, кудум «Чупа-чупстай». «Чупа-чупсту» соргуң эле келип турат эмеспи...

«Ак куу белең мойнуң койкойгон?» деп кайсы бир ырда айтылгандай, бизде да ак куудай койкойгон Элина аттуу сулуу бар. «Эх, чиркин! Элинанын атыр жыттанган алкымынан бир эле жолу искесем» деп акылынан адашкан мырзалар аз эмес, бирок кеч эме-ес, жигиттер!

Та-ак, эми кызык жерине келдик. Кыздардын кызыктыра турган бирден-бир жери бул – көкүрөгү. Жигиттердин кулагына жакшы угулуп кетти, ээ?.. «Кимдики эң сексуалдуу көкүрөк?» десеңиз, аны билүү оңой эле. Өзүм көрбөсөм да, бөдөнөнүн тумшугундай кылып болор-болбос баш бактырып алганына караганда, Айгерим Расул кызыныкына ырчы, бийчи бийкечтердин эч бириники жетпейт. Көйнөгүнөн жарым-жартылай чыгып калганын көрүп, булуттан жаңы гана булаң этип чыга калган айды элестетесиңер да, тамшанып кала бересиңер.

Тал чыбыктай ийилген белин көргөндө Зарина Хасанова менен кыналыша бийлегиси келип кеткендер да бар. Чындап келгенде Зарина сулуунун бели – белдердин бели! Ичке, анан калса ырчы айым жука көйнөк кийип алып бийлеп жатканда киндиги көрүнүп, балыктай туйлап турса, кайсы жигит акылдан адашпасын?

Женнифер Лопес деген ысымды укканда эле көз алдыңа анын көркөмдүү жамбашы тартылат. Ал эми биздечи?.. Бизде Женниферге жетпесе да өзүнө жарашыктуу жамбашы менен Кундуз далай мырзалардын көзүн кычыштырат.

Математика сабагында мугалим агайы окуучудан «Ташмат, сага так сандар жагабы же жуп сандарбы?» деп сураса, кайран Ташмат «мага жоон сандар жагат» деген тура. Анын сыңары, жоон саны менен жигиттерди кайырмакка илген бийкечтердин бири – Сайкал Садыбакасова. Дагы жакшы, Сайкал кыска юбка көп кийбейт. Кийсе далайлар тынч уктай албай калышмак.

Жигиттердин көпчүлүгү буту түз, узун айымдарды сексуалдуу деп эсептешет. Ошондуктан Айпери Кубик кызы көбүнчө мырзалардын көңүл чордонунда. Айперинин так ошол түптүз, сексуалдуу буттары менен топ тээп, футбол ойногонун, так секирип бийлегенин көргөндө ого бетер эсин жоготуп, аз жерден «ала жат!» деп кыйкырып жибере жаздаган жигиттерди көрүп эле жүрөбүз го...

Ар кимдин табити ар башка. Бирок кээ бир кыздарды көргөндө «любой» жигиттин «аппетити» ачылып кетери анык. Биз «кыргыз шоу дүйнөсүндөгү бийкечтердин кимиси эң сексуалдуу?» деп сураштырып көрсөк, көпчүлүк мырзалардын кыялында Анжелика айым жашайт экен. Көбү аны «өң десе өңү бар, фигурасы 90-60-90, өзүнчө эле гитара» деп айтып, кыргыз шоу дүйнөсүндөгү эң сексуалдуу айым аташты. Эмне дейбиз, жигиттердин музасына айланып жүрө бер, Анжелика!

P.S. «Билектериң балык туйлаган,
Билеригиң жүрөк кыйнаган.
Каткырганда төшүң бийлеген,
Кылыктарың нени кылбаган?» - деп Айбек агабыз жөн жеринен кыздарга кызыгып обон созгон эмес да. Анткени ар кимдики өзүнө, ай көрүнөт көзүнө. Кыргыз кыздарындай дүйнөдөгү эч бир элде сулуу, сексуалдуу, ыймандуу кыздар жок. Кымча бел кыргыз кыздары, кыргыз мырзаларынын бактысы үчүн ар дайым бар болгула!

Эркин Сексенбаев
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (123)
eka555
2012-07-22 00:21:21
кыргыз кыздары баары сулуу. ал эми бул жактан тандамак болсок анда мен Элина демекчимин. ички жана сырткы дуйносу топ келген пери.
0
nuru-87
2012-07-22 01:10:23
Негизи нукура кыргыздын сулуу кызы деп ЭЛИНАны жана АНЖЕЛИКАны айтса болот.
0
aliia
2012-07-22 01:33:06
aylanayiiiiiiiiiiiin kudaydy karabai jazgandar da kop eken. Mnogie zavidovali ih krasote, soglasites'??? Vse krasivy po sebe! I voobshe aziatki krasivye.
0
Nurrrrr
2012-07-22 02:42:17
Мага Анжелика жагат,анан Нэля. эмнеге Нэляны кошушкан эмес
0
kipchak
2012-07-22 08:20:32
Айя Садырова.
0
tokitok
2012-07-22 14:36:44
anjelikany talant mn un ailanyp ketken
0
jeniw
2012-07-22 21:09:45
эй туугандар билесинерби кыргызстан бойунча эн сулуу айым ким алда болсо роза отунбаева
+1
AGAT
2012-07-27 10:47:18
papa454545 - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга, кимдир-бирөөнүн аброюна шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
papa454545
2012-08-12 13:07:39
Сайкалдан жоон санынын эмнеси сексуалдуу, андан башка жери жокппу кошо турган, эх байкуш!
0
talantkadicha
2013-11-08 04:43:58
1 Анжелика
2 Гулзинат
сама женственность жашайт.
0
Aikokul85
2013-11-13 20:36:32
менимче баары сулуу.Супер.
0
Mr.mk
2015-01-25 20:54:45
Айгерим Расул кызына жететурган кокуроктуу кыздар саналуу болсо керек деп ойлой АЛГА!!!
0
fea-11
2015-10-31 08:09:21
Жигиттерге сулуу корунот экенда э Айпери?жузундо такыр жылдызы жокко,андан коро менда сулуураак болсом керек
0
maks93
2017-08-02 18:54:20
мага чолпон жагат
0
trabzon11
2019-03-10 21:40:45
Ар бир адам озуно сулуу
0
№ 506, 13-июль-19-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан