МИГРАНТ КЫЗДАРДЫ КОРДОГОН «ПАТРИОТТОР» АНЫКТАЛУУДА. ЖАЗАСЫН АЛЫШАБЫ?
Буга чейин гезитибизге Орусияда кыргыз кыздарын токойго алпарып жылаңачтап чечинтип, сабап, видеого тартып кордоп жаткан “Патриоттор” тобу тууралуу жазганбыз. Интернетке кыздарды коркутуп-үркүтүп жаткан видеолорду ким таратканын аныктоо үчүн Кыргызстандын да, Орусиянын да тиешелүү органдары ишти колго алышкан.
“МАГА АКЧА ТӨЛӨБӨСӨҢ, СЕНИ САПАРГҮЛДӨЙ КЫЛЫП ИНТЕРНЕТКЕ ЖАЯМ”
“Орусиядагы кыргыз кыздары башка улуттун өкүлдөрүнө көз кыспай, жөн жүрүшсүн” деп өздөрүн “Патриоттор” атап алган “тарбиячы” топ тууралуу сөздөр коомдо басаңдай элек. Бул иштин үстүнөн тартипти көзөмөлдөө кызматкерлери иштеп жатышат. Учурда Москва шаарында кыздарга кордук көрсөткөн балдар кармалышса, айрымдары жөн гана кечирим сурап, эркиндикте жүрүшөт. Кордукка алгачкылардан болуп учураган кыз-келиндердин бири – Сапаргүл.
Москвадагы мигрант кыз-келиндер менен иштешкен "Аруужан" фондунун жетекчиси Урмат Байматованын айтымында, бүгүнкү күндө Екатеринбург шаарында Сапаргүл жазган арыздын негизинде бир адам колго түштү. Дагы бир адам кармалып, анын кылмышкер экендиги аныкталбай, суракка алынган эмес.
Мындан сырткары кылмышка шектелип жаткан айрым балдардын Кыргызстанга качып кетишкени маалым болду. Ошондой эле Урмат Байматова өз маегинде Орусияда кыздарды коркутуу кеңири жайылганын белгилейт. “Метродон кыздарды аңдып, телефондорун алып, анан “менин телефонума акча салбасаң, сени Сапаргүлдөй кылып интернетке жаям” деп коркутушат экен”,- дейт Урмат Байматова.
“СОТКО ЖЕТКИРБЕЙ, КЫРГЫЗЧА ЧЕЧИШИП АЛСА БОЛОТ”
Интернет желелерине мындай көрүнүштөгү видеолор байма-бай тарап баштаганда Орусияда “Кыргыз ынтымагы” деген уюм пайда болот. Уюмдун мүчөлөрүнүн айтымында, алар Орусиянын 15 шаарын кыдырып, кыздарды кордогон “патриот” эргулдарды өз аракеттери менен таап келишкен. Кызыгы, “Кыргыз ынтымагы” уюму бул иштерди тартип коргоо органдарына жеткирбейт. Кыздарды зордуктап кеткендерди кайра ошол кыздарга үйлөндүрүшөт. Азырынча бул уюмду ким түптөп, ким каржылаары белгисиз. “Эми милицияга арыз жазып, аларды каматып жибергенде эмне пайда? Өзүбүз кетирген кемчиликтерди кыргызча эле чечишсек болот да”,- дешет уюмдун мүчөлөрү.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (99)
Ур тепкиге албай тарбиялашса болот. Ата энеси бар ошолорго айтып жонотуп жиберишсе болмок. Бирок чындыкты да моюнга алыш к.к. Мен бир жолу бир тажик бала м.н уруша кеттим ал мага кыргыздын кыздары эн арзансынар деген еле. Ушундай кыздардын артынан жакшы жургондору да соз угуп калышы мумкун.
ошол патриоттор туура кылып жатышат мен Екатеринбургда турам башка улуттун жигиттери м.н жургон кыздар оло коп кыргызын жигиттеринин емнеси кем ошол таджик узбек азерлерден
Мен калмыкмын десем москвада бир тажик мактанып жатат, мен дейт кыргыздын кызын суткасына 1500рублга сатып аламда анан 4досум менен жыргайбыз дейт бирок кыздарга убал эле, ошол кыздар болочок эне болобу? кыздарга ыйман берсин.
Жаман жашоо, эркектер бакпайт ж.б деген создор жон гана шылтоо. Не гизи ар бир адамдын озуно нысап берсин...
эми ушул жерден баарын жооп берчи ар декени жазасынар. неге кыргыздын кыздары????? эмне тажиктерде узбектерде башка мусулман олколордо аялдары жыргап жашайт дейсинерби? ал мамлекет да бай эмес кстати. аларда аялдарга мындай жолго уруксаат жок катуу кармашат. чет жака жиберишпейт жазасы да кучтуу чем жанагы патриотторго караганда. кг ыймандан артта калды ооба дегиле.
ulukbekkg..., Да что ты говоришь,какой ыйман у узбечек,ты хоть знаешь что творится с узбечками в мире?Они проститутки №1,Я уже писала об этом на форумах.Когда мы отдыхали с мужем в Тайланде там на улице Волкин стрит(проститутки там предлагают свои услуги),было огромное количество узбечек из Самарканда,Хивы и тд.Это был первый шок,второй шок в Шардже(Эмираты)тоже валом узбечек любых возрастов и так повсюду в ино-странах,их мужчины сутенеры продают своих женщин,а ты говоришь про намыс
ар ким озу билет деп биротоло бузулуп кетишсинби. аны эч ким карап тура албайт. кстати ошто кыргыздын кыздарын узбектерден коргоп канча жаш жигиттер курман болду аны неге айтпайсынар??? коншу айылдан бир кыз олгон экен ошол жерден балдар барып да экоосу олуп келген кыздарыбызды когойбуз деп. ушундай чыныгы патриот жигиттерибиз да бар экенин унутпагыла ар декени жаза бербей.
jazgul89@mail.ru ушул почтага кирсенер кыргыз кызынын кучактап тушконун коросунор.неге деп сурасан кыргыз жигиттери лох деп блоко жазып жатат буга кандай дейсинер?
aiba., Зашла посмотрела,ну что сказать глупенькая еще молодая,ветер в голове.Дай аллах что бы нашла счастье с иностранцем если так хочет но унижать свой народ тоже неправильно(она этим самым унизила своего отца,братьев)
jazgul89@mail.ru ушул кызды кандай тарбияласа болот коп кором туркмон балдар менен жургонун агентине кошулуп тушундуруп айтып косонор
aiba., Я думаю жизнь ее воспитает,время покажет.Когда зубы обломает об очередного туркмена я думаю ее мнение изменится,что не все люди одинаковые.Иностранцы уважают и женятся на тех кыргызках которые в первую очередь гордятся своим народом уважают свою нацию своих предков имеют хорошее воспитание и образование.Тот кто не уважает и не любит свой народ никогда не добьется уважения чужого народа.
Zulyа сиз ото эле аша чаап жазыптырсыз, озунуз деле аллах деген адамдардан экенсиз бирок кыргыз жигиттерин негизи эле бир инсанды кемсинтуу менен, анын акысына кирип чон куноо жазап жаткандыгынызды ойлонгон жоксузбу. Кошо кетчу нерсе ошол эле сиз жактап жаткан озбекпи, таджикпи же башкасыбы оз жеринен башка жерде жыргаганынан журот дейспи. Сиз айткандай укмуш болсо оз жерин хаустан алып чыгыш учун кайтышпайт беле мекенине. Негизи оз элин, жерин сыйлабаган адам озун деле сыйлап, барктай албайт. О
оооооой эмнегее Кыргыз деген мындай болбойт даааа!
ар кимдин озуно ынсап иберсин
эмнеси болсо да жараткандан корккула, алла деген адамдарбыз биз мусулман калкпыз, эч качан зына иш кылбагыла. Ким жаман ким жакшы бир гана алла талла чечет биз эмес.
leonar, жеке билдирүүлөрдү купуя менен жазыңыз!