ЖАКЫНДА! «ЖОЛДОШБЕК КУДАЙБЕРГЕНОВ «ТАГДЫР ОЮНУ-2»

Үй-бүлөдөгү үч муундун тагдыры. Аларга байланышкан окуялар... Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан “Тагдыр оюну” чыгармасынын 2-бөлүгүн күтүп жаткандар үчүн бул жаңылыгыбыз агымдуу экенине талаш жок. Бул бөлүктө каармандардын тагдыры андан ары да чиеленишип, ойго келбеген окуялар сиздерди таң калтырат. Эгиз жигиттин экөөнүн тең жүрөгүн багынткан Бегимай тагдырынан башка өлкөгө качып кетип кутулам деп ойлогон эле. Бирок өткөнкү сүйүүсүнөн да кийинки махабаты анын өмүр жолунда оор так калтырарын билген эмес. Азирет махабаты үчүн акылга сыйбас иштерге барса да, көз алдында турган чындыкты көрө албайт. Ал Бегимайдын уулуна байланышкан сырдын бир учу өзүндө экенин байкабайт. Эки оттун ортосунда калган Бегимайдын абалы андан да оор. Азирет менен Бегимай өздөрүнүн гана сүйүүсү эле эмес, балдарынын чиеленишкен тагдырларын чечкенге мажбур болушат. Ыйлаткан, кубанткан, жүрөктү толкуткан окуялар биздин гана сериалыбызда. Өткөрүп жибербеңиз, кызыктуусу алдыда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Miraida93
2012-07-23 10:13:40
тезирээк чыкса экен...
0
Argymak
2012-07-24 01:42:45
Эми дагы эмне , болт экен. Азиреттин кызын, Бегимайдын баласы.АСКАТ. СУЙУУП КАЛА ТУРГАН БОЛДУ. Бир болсо эми кызыгы башталат екен да ехе.
0
alatoogulu
2012-07-27 14:51:30
урааааа мен суйуп окуган чыгарманы кайрадан улантып окуй баштайт экенмин да
0
№ 507, 20-июль-26-июль, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан