ТАГДЫР ОЮНУ-2 (жаңы сериал)

 

(1-бөлүмдөгү окуялар)

Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн чыгарманын 1-бөлүмүндөгү окуяны кыскача баяндай кетүүнү туура таптык. Окуя биздин күндөрдө болуп өтөт. Достору менен көлгө эс алуу үчүн барган депутат Аскар Токтосуновичтин жалгыз уулу Аскат табышмактуу түрдө каза болот. Уктап жаткан кезинде жүрөгүнө канжар сайылып, биринчи шектүү катары анын жакын досу Азамат кармалып, 7 жылга кесилет. Аскаттын өлүмү бир гана атасынын башына түшкөн кайгы эмес, сүйлөшкөн кызы Бегимай үчүн орду толгус жоготуу эле. Бегимай жүрөк бөксөөсүн толтура албай кыйналат. Атүгүл ата-энеси аны психиатрлардын жардамы менен дарылаганга аракет кылат. Бул учурда Бегимайдын курбусу Алина интернет аркылуу малайзиялык кыргыз жигит менен таанышып, тагдырдын табышмагы менен ал жигит Бегимайды кызыктырып калат. Таң калычтуу тартылуунун себеби бар болчу. Анткени ал каза болгон жигити Аскаттын тирүү көчүрмөсү болчу. Бул табияттын табышмагыбы же тагдырдын табышмагыбы?..
Аскар Токтосунович кезинде менмен дегенди титиреткен таасирдүү адам болгон. Коомчулук анын өзүнө ишенимдүүлүгү, байлыгы менен кошо эле өзүнөн 20 жаш кичүү актриса аялын бир топ сөз кылат.
Сулуулугуна чиренген Аида Аскардын байлыгына кызыгып турмушка чыгып алганы менен, көңүл кушу толбой жаш жигиттер менен көңүл ачууну адат кылып алган. Аскар ал тууралуу кабары жок, ал тургай Аидага аялы эмес, үйүндөгү бир кооз буюму катары гана көңүл бурат. Анын да жүрөгүнүн түпкүрүндө каткан арманы бар.
21 жыл мурун жаш кезинде кезиктирген Мариям аттуу аялга болгон сезимин калтырган. Мариям экөө үйлөнүп, болочок перзентин күтүп жаткан кезде жалган жалаа менен Аскар бир топ жылга түрмөгө кесилип кетет. Ал жактан Аскар өзүнүн адилеттүүлүгү, кашкөйлүгү менен түрмөнүн авторитетинин кулагына жетип, ал “сеникиндей башты түрмөдө чиритүү болбостур. Мен сени камактан чыгарам, бирок өмүр бою менин кол алдымда болосуң” деген макулдашуу менен абактан чыгарат.
Тоо боорунда жашаган ата-энесине ымыркай Аскатты таштап, аялы Мариям башка өлкөдөн бакыт издеп кеткенин угат. Эң жакын деп эсептеген аялзатынын жашоосундагы оор абалда таштап кеткени, Аскар үчүн оор сокку эле. Көп жылдар бою үйлөнбөй жүрүп, 40 жашында гана Аидага үйлөнгөн.
Ал эми үчүнчү каарманыбыз Мариямдын да сыры бар. Убагында эгиз төрөп, бирок балдар үйүндө өскөн жетим кыздын каранар-карманары жок, бир баласы Аскатты кайнене-кайнатасына таштап, экинчи уулу Азиретти өзү менен алып кеткенге мажбур болгон. Так ошол малайзиялык кыргыз жигит Аскаттын эгизи Азирет эле. Азиреттин келиши менен бардык сыр ачылат. Бирок каармандарды жаңы сыноолор күтүп турган. Азирет Кыргызстанга келип, агасы Аскаттын сүйүүсү, кара көз сулуусу Бегимайга көңүлү түшүп калат. Бирок ал Аскаттын өлүмүнө өзүн күнөөлөп, аны унута албай кыйналып жүргөнүн билген. Ошон үчүн чыныгы күнөөлүүнү тапкысы келип, иликтөөнү өз колуна алат. Милиция кызматкерлеринен Аскат ичкен бокалда аял кишинин бармак изи калганын билет. Кийин изилдеп отуруп Аскатты өзүнүн өгөй энеси Аида өлтүргөнүн ачыкка чыгарат. Ошол күнү Аскат өгөй энесинин башка эркек менен көңүл ачып көл жээгинде жүргөнүн көрүп, аны коркутат. Натыйжада күйөөсүнөн корккон Аида Аскатты уйку дары берип уктатып, жанындагы эркекке өлтүртөт. Кылмышын моюнуна алган Аида көп кабаттуу үйдөн боюн таштап каза болот. Аскардын үй-бүлөсүн каптаган кара булут мындан кийин да кетпейт.
Азирет канча аракет кылса да, Бегимайды унута албайт. Сүйүүсүн ачык айтуу үчүн Бегимайга барып, экөө кумарлуу түндү башынан өткөрүшөт. Азирет менен болгон түндү жаңылыштык деп эсептеген Бегимай эч качан Аскатты унута албасын, Азирет менен болгон сүйүүсүн кабыл ала албасын айтат. Ал эми ошол түнү сүйүүнүн бир бутагы өнүп чыкканын, Бегимайдын боюнда өзүнөн бала калганын Азирет билбейт. Боюндагы баланы жашырыш үчүн Бегимай чет өлкөгө сапар тартып, ал жактан уулдуу болот. Бегимайдын айткан сөздөрү намысына тийип, Азирет чукул убакытта Бегимайдын курбусу Алинага үйлөнүү сунушун киргизет...

2-бөлүмдүн башы

... Шагылдуу жээк, туздуу деңиз, шамалдуу аба... Мунун баары мен үчүн чоочун. Атүгүл бул өлкөнүн жүздөрүнө бакыт толтуруп алгандай жылмая караган эли да чоочун. Мен өзүмдүн тагдырымдан, өзүмдүн мендигимден адашып калган сыяктуумун. Чындыгында, адашып калдым. “Киммин мен?”, “кайда баратам?”, “эмне кылып койдум?” деген суроолор... Арийне, бактылуу күндөрдөн да куру эмесмин. Уулумдун көздөрүн тиктеп туруп бакытка батып кетем. Быйтыйган колдорун сербеңдетип мага күлмүңдөй карайт. Кызык, бардык эле ата-энеге өз баласы сулуу көрүнөбү же меники башкачабы? Бирок менин уулум өзгөчө. Атасы... Жок, жок. Мен ал тууралуу эч нерсе деп жазбайм.Түшүмө көп кирет. Кыйналып жүргөнбү деп коём. Аскат болуп башталып эле, Азиретке айланып кеткени жаман. Мен качам. Экөөнүн тең жүзүнөн качам. Кудай тилегимди бердиби, уулум өзүмө окшош. Рахмат, Жаратканга, менин дагы бир күнөөмдү элден жашырганга жардам берди. Ден соолугум да бул жакка келгени өзгөрүлүп кетти. Мурун чүчкүрүп да койбогон Бегимай эми оорудан башы чыкпайт. Балакай уктап жатат, апасынын абалын билбейт көрүнөт, билбегени жакшы. М-м, дагы эмнени жазсам?.. Апам менен атам мага таарынычта. Ал тууралуу да жазгым келбеди. Дагы эмнени жазсам экен?..
Күндөлүгүнө шыпылдата жазып жаткан Бегимай калемин эрдине алып барып ойлоно калды. Уулун таптап койду эле, апасынын колдорун туйгандай кабагы жазыла түшүп, эрдин “бүлк” эттире уктап калды. Күндөлүк бул жакка келгенден бери Бегимайдын жападан жалгыз сырдашы, таежесин эсептебегенде. Мээримин, кеңешин айткан таежеси Айнур Түркияга келип жашап калганына көп болгон...

(Уландысы кийинки сандарыбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
nargul
2012-07-30 09:51:39
Акыры башталдыыыыы.....
0
maksimus
2012-07-30 15:33:59
owooooo da
0
Aby_elli
2012-07-30 16:30:48
Жакшы окуя экен, биринчи болугун окубасамда бул жагы мага тушунуктуу болду!
0
GER
2012-07-30 17:03:25
Эми бул чыгарманы да андып олтурат экенмин да...
0
nelli
2012-07-30 17:13:04
аябай кызыгып окуп баштадым эле дааа....
0
Aisi-orhidey
2012-07-31 00:14:37
Качан улантылат экен деп кутуп жаткам. Суротогу сумеркидеги Жаспер менен Элис ко.
0
Argymak
2012-07-31 04:07:38
Бегимайды, суйом го чиркин суйоом. Андай кыздар чанда, гана кездешер. Кытайдан. Туркияга келе бердин беле.
0
Elit
2012-07-31 08:41:51
Супер инфодогу анан Суперстандагы сериал менен жашачу болдум.
0
flavor
2012-07-31 12:08:02
Ukmush dagy 1juma dep jashamai emi
0
Zverchik
2012-07-31 19:48:57
Качан Дуйшомбу келет деп калат экенбиз да эми!
0
guzi90
2012-08-01 20:10:59
Вроди америкага кетти беле?
0
Argymak
2012-08-03 13:14:36
guzi90, Кыпа Кытайга эле кеткен эле да.
0
aliya-leyla
2012-08-09 11:12:40
Америкага кеткен эле го...
0
Ulutum_Kyrgyz
2012-08-18 13:12:37
oi baaaai men da Kytaidamyn men jonundo da chygarma jazgylachy
0
№ 508, 27-июль-2-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан