ТАГДЫР ОЮНУ-2 (сандан санга)

Жаңы сериал

(Башы өткөн санда)

Кичинекей бөпө кайрадан чукуранып жиберди.
– Аскоо, сага эмне болду? Мен бул жактамын, коркуп кеттиңби?
Көздөрүн алаңдата тура калган балакай апасынын үнүн угуп жоошуп калды.
Түн узак. Узак түндү ого бетер узак кылган Бегимайдын тынчсыз ойлору. Бир кезде Кыргызстандан кетип калып бардык маселени чечем деп ойлогон эле. Апасынын көз жашына, атасынын кой дегенине болбой келе берген. Жагдайды ошол учурда эле түшүндүрүп айтса, балким, алар мынчалык катуу болушмак эмес. Бардыгын өзү чаташтырып алды. Боюнда бар экенин билип, бул жакка келгенден кийин эч кимге билдирбей жүрүп төрөдү. Бир гана Айнур эжеси билген, “кой, атаң эртең укса экөөбүздүн тең башыбыздан сылап койбойт. Айталы кеч боло электе” деген сайын көгөрүп туруп алган. Уулу төрөлгөндөн кийин айла жок Айнур эжеси ата-энесине айткан экен. Ошондон кийин атасы менен апасы катуу таарынычта. Жок, бул бүгүн таарынып, эртең унутуп кала турган нерсе эмес эле. Бул ата-эненин жүрөгүнөн кеткис так, намысты тебелеген жосунсуз жорук. Анткени экөө тең кызына терең ишенчү, эч качан мындай жорукка барбайт деп ойлошчу. Ийинине түшкөн жүктүн баарынан оору ушул болчудай болуп калды. Ийинин дирилдете улутунуп алды да, кайрадан көз алдынан шурудай чуурган элестер менен алыша баштады.
Азирет менен Алинанын тою! Негедир ошол күнү Азиреттин көңүлү куунак сезилди. Бегимайдын биринчи жолу кызганыч жүрөгүн таарып өттү. Аскатты да мынчалык кызганчу эмес. Деми буулуп, карагаттай көздөрүнөн жаш мөлтүлдөп кетти.
– Бактылуу болгула! Кандай жарашкан түгөйлөр!
– Ылайым бактылуу болушсун...- деген туш тараптан айтылган сөздөр.
Апакай көйнөк кийген Алина Бегимайдын абалын байкады. Анын жадыраган көздөрү, өзүн аяп караган көз карашы ого бетер кыжырын келтирип, жанынан качып кеткиси келип жатты. Ансайын Алина жабышып... Жашоосундагы эң оор күн ушул болду чамасы. Карама-каршы ойлор, сезимдер чулгап алды. Биринчи жолу көп жылдардан берки жалгыз гана сырын бөлүшүп келген жан аягыс курбусун жек көрдү. Бактылуу жүздөрү менен тиктеген Мариям менен Аскарды жек көрдү. Өзүн, дегеле курчап турган адамдарды, ааламды жек көрдү. Кимдир бирөөнүн каардуу колу өзүн ушунчалык шылдың кылгансып, тагдыр аны менен ойноп жаткансып жаны кашайды. Бирок анын абалын эч ким, жадакалса апасы да байкабады. Муңайым жылмайып турган кыздын ичинде кандай бороон каптап жатканын кайдан байкашсын?! Тойдон эрте кетип калды. Анткени эртеси башка өлкөгө учуп кетиши керек эле. Үйүнө келип, үстүндөгү кийимдерди да чечпей керебетке кулады. Акылдын, күчтүн жардамы менен басылып турган сезимдер жашка айланып жаздыгын суулап жатты.
– Макул, сен кечирим сураганга мүмкүнчүлүк бербедиң, Азирет. Бирок эми сен дагы мендей ыйлайсың. Эч качан, эч убакта балаң бар экенин билбейсиң. Сенин жазаң ушул болот.
Эртеси аэропортко узатканы Азирет, Алина, Аскар келишти.
– Сапарың байсалдуу болсун, кызым. Мен сага бакыт гана каалайм,- деди Аскар аны эркелете тиктеп.
– Телефон чалып тур, бизди унутпа...- деди Алина адатынча мойнуна асыла калып өөп жатып.
Ал эми Азирет үн катпады. Көздөрүнүн тереңинде күйүп-жанган бир түшүнүксүз учкунду байкады.
Ушундай болду... Жаралуу элик жанына даба издегендей Бегимай да алыстан бакыт издегиси келген. Ушинтип чырмалышкан бул түйүндөн кутулуп кетем деп ойлогон. Бирок андай болбоду. Ата-энесине да бала тууралуу эч нерсе деп айткан жок. “Ата, апа, мени кечиргиле. Мен мындай тагдырды каалаган жок элем, бирок ушундай болуп калды. Кечиргиле мени. Баламды өзүм чоңойтом” деди болгону жаш аралаш. Атасы үнсүз укту да, телефонду өчүрүп койду. Апасы гана кабарлашпаса атасы ошол боюнча сүйлөшкөн жок. Апасы деле өзүнүн, баланын ден соолугун супсак сурайт да, телефонду коюп коёт. Ушундай күндөр өтүп жатты.

xхх

Сырттан кирип келген Айнур отурган боюнча уктап калган Бегимайды аяй тигилип, чачтарынан акырын сылады.
– Тур, кызым, ушинтип да уктайбы?..
– Бала түнү менен ыйлактап чыкты. Терметип жатып уктап калыпмын...
– Жүрү, ал уктап жатканда тамак ичели.
Айнур жалгыз бой аял эле. Акылдуу, сезимтал жан Бегимайдын абалын жакшы түшүнүп турду.
– Бема, апаң “баланы мен багайын, өзү калып иштесин” дегендей кылды өткөндө...
– Апамбы? Ошенттиби?
– Ооба, сен азыр бир нерсеге аралашып иштеп кетпесең өзүңө кыйын болчудай. Санаа деген жаман, ооруп калышың да мүмкүн. Орусча, түркчө, англисче жакшы билесиң, бул жакта сага...
– Жок, баламды эч кимге бере албайм.
– Анда жок дегенде сыртка чыгып, өзүңдү карап, турмуш менен алаксы.

(Уландысы кийинки сандарыбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
adelin_a
2012-08-06 11:07:48
Менин оюмча Алина менен Азирет кыздуу болуп, кийин ал кыз менен Бегимайдын уулу таанышып уйлонобуз деп чыгышат окшойт ... (эми автордун фантазиясын коробуз да)
0
Argymak
2012-08-06 13:46:55
Дал ошондой болот да.
Башындагы темада еле жазылып турбайбы. Кызынын атын Бегимай деп койбосо болгону.
0
Bombarbio
2012-08-06 15:39:39
Мурункусунда кыздын аты Бермет беле?..
0
altyshka1992
2012-08-06 16:22:06
ushu serialdy jakshy korom negedir
0
Асылжан
2012-08-06 17:27:22
Эгер экоонун балдары жолукса, кайра эле биринчи болугун туураган болуп калат да. Эми коробуз го автордун фантазиясын...
0
nelli
2012-08-08 04:33:45
кызыктуу боло баштады го
0
Tahmina2012
2012-08-09 13:19:13
Балдары табышат го менин оюмча.
0
nazgul1981
2012-08-09 19:05:11
ай ким билет кандай болушун
0
2012-08-11 16:31:44
кызык акыйкаттан кызык сериал мага да аябай жагат
0
evgeniya
2012-08-16 23:29:54
журогум чыдабайт,кайрадан он жолу окуп чыктым!
0
№ 509, 3-9-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан