ЖЕЛ КАБЫШ ООРУСУ

Аялдарга тиешелүү түркүн оорулар бар. Алардын бири – жел кабыш оорусу. Бул ооруну элдик медицинада айыктыруунун кандай жолдору бар? Бул жаатында бир нече элдик дарыгерге жолугуп, иш ыкмасы менен тааныштык.

«ЫСЫК ТАШТАРДЫ ДА КОЛДОНОБУЗ»

КММА медициналык борборунун невролог, массажист, вертобролог-реабилитолог, стоунотерапевт жана мануалдык терапевти Равшан Юлдашев өз ыкмаларын баяндайт:

– Кээде төрөттөн кийин өздөрүн карабай суукка урунуп калган аялдар келип калышат. Муну элде жел кабыш деп коюшат экен. Бирок аларды биз так диагнозу, анан гинеколог-врачтын биздин кызматтан колдонууга уруксат деген көрсөтмөсү болсо гана алабыз. Оорулууларды дары майларды колдонуу менен массаж жасап, андан тышкары ийне терапиясы жана ысык таштар (стоунотерапия) менен айыктырабыз. Оорусу күчөп кеткендерди, диагнозу жана врачтын көрсөтмөсү жок келип алгандарды кабыл албайбыз. Дарылоо курсу 10 күндүн тегереги.

«БУУГА ОТУРГУЗАМ»

Төлгөчү, элдик дарыгер аталган Майрам Жакыпбек кызынын дарылоо ыкмасы:

– Жел кабыш болгондо чоң казан көмөчтү ысытып алам. Оорулуунун үстүн жука төшөктөр менен тумчулап жаап, казан көмөчтү алдына коём. Анан казан көмөчтүн бетине муздак суу бүрксөм, буу чыгат. Оорулуу ошол бууда отурат. Муну бир нече күн кайталайм.

«ДИЕТА, АНАН ЖЕР ОРОО ЫКМАСЫ МЕНЕН ДАРЫЛАЙМ»

Тамырчы, табып Дүйшөн Чомо уулу өзүнүн дарылоо ыкмалары боюнча төмөндөгүдөй ой бөлүштү:

– Жел кабышка (кээ бир жерлерде жел кабыз, жел капты) чалдыккан оорулуунун алгач тамырын кармайм. Тамырынын кагышына карап оорулуу ысыкчан же суукчан экендигин ажыратам. Жел кабышка кабылгандардын тамыры өтө басмырт, кээде гана былк-былк деп кысылып согот. Өзүнө 62 мүчөсү тең ооругандай сезилет.
Бул оору менен көбүнчө аялдар оорушат. Алар төрөттөн кийин суукка урунуп, желдетип алышат (айрыкча жаш төрөгөн келиндер). Жел кабышка туш келбес үчүн 40 күн катары менен кордо (сүзмө катыкталган күрүчтүн кайнатмасы) ичиш керек.
Эркек адамдардан жел кабыш менен ооругандар аз чыгат. Денесинен кандайдыр бир жараат алып, аны өз убагында дарылабаса, ушул оору пайда болот.
Жел кабыш менен ооругандар убагында дарыланбаса, шишик көбөйүп, өмүрү коркунучта калат.

Дарылоо ыкмасы
Алгач оорулуу диетага отургузулат.
1-диета. Гречка менен сулу диетасы. Ысыган казан көмөчкө 200 грамм гречканы салып, үстүнө 2 аш кашык күн карама майын жана 1 аш кашык соя соусун кошуп, бир топ аралаштыруу кажет. Анан 500 грамм суу куюп, кайнагандан кийин жай отто аралаштырылбай 20 мүнөт дымдалат. Даяр тамакты 1 күндө 3-4 бөлүп жеп, суусаганда сулунун кайнатмасы ичилет. Кайнатманы даярдоо: 200 грамм сулуну кечинде сыр идишке салып, үстүнө 1,5 литр кайнак суу куюп, капкагын бекем жабуу кажет. Эртең менен дакиден өткөзүп, сүзүп, иче берсе болот. Же болбосо дакиге сүзүп алардан мурда 15 мүнөт кайнатып алса да болот.
Сулудан денедеги уулуу заттар чыгып, кан тамырлар тазаланат. Бир күндүк норма – 300-700 грамм. Диета кармап жатканда башка суусундук ичүүгө болбойт.
Соя соусу болсо туз ордуна колдонулат.
2-диета. Күрүч менен сулу диетасы. Диеталык тамактын жана сулунун кайнатмасынын даярдалышы жана 1 күндө канча жеш нормасы 1-диетадагыдай эле.
2 диета тең 7 күндөн тартып 14 күнгө чейин кармалат. 1 ай кармаса да болот.
Диета кармаганда баш менен сөөк-муундар ооруп, дене салмактанат. Керексиз заттар заара менен чыга баштаганда ушундай оору белгилери байкалат. Бул диетадан бөйрөк, боор тазаланат.
Убагы келгенде аралаш тамакка киргизилет. Ургаачы уй, кой, коён эттерин кайнатып (тузун аз кылып) жесе болот. Бул 1-3 айга созулат. Башка мал эти, үндүк эти болбойт.
Жер ороого отургузуу
7-10 күн диета кармалгандан кийин жүргүзүлөт. Ысыгы ашкан оорулуу суу ороого, ал эми суугу ашынган ноокастар очок ороого отургузулуп дарыланат.
Очок ороо. Алачык же боз үйдүн ичинде ноокас отурганда мойнуна чейин баткыдай кылып ороо казылат. Айланасы чий менен курчалат. Анан ал ороого от жагып, ысыгы кайтканда нымдуу жалбыздан жарым метрче төшөп, үстүн буу чыкпагыдай кылып жабат. Ороого сыркоо жылаңач отургузулуп, башы сүлгү менен оролот. Ороодо отуруу 1 сааттан 7 саатка чейин созулуп, 5-7 күн кайталанат. Суусундукка сулунун гана кайнатмасы ичилет.
Суу ороо. Бул үчүн деле алачык же боз үйдүн ичине ороо казылат. Ал жерге кайнак сууну топурак кулгугуча (топуракка сиңбей калгыча) куят. Оорулуу ороого жылаңач отургузулуп, тегереги буу чыкпагыдай кымтыланып жабылат. Ороодо отуруу узактыгы – 3 саат. Бул 5 же 7 күн кайталанат. Ысып, суусаганда сулунун кайнатмасы ичилет.
Айта кетчү нерсе, дарылануу тамырчынын көзөмөлүндө жүргүзүлөт. Алыс жол жүргөнгө болбойт, төшөктө жатуу керектелет. Өз алдынча дарыланууга жол берилбейт.

«КАРАГАЙДЫН ИЙНЕ ЖАЛБЫРАГЫ МЕНЕН ТОБУРЧАГЫ ИШКЕ ЖАРАЙТ»

Элдик дарыгер, төлгөчү Батма Акылбекова:

– Жел кабышка кабылгандардын жүрөгү кысылып, тамакка табити тартпай калат. Жел шишик экени сыртынан эле көрүнүп турат. Бул оору үчүн атайын өзүмдүн ыкмам бар. Карагайдын ийне жалбырактарын чогултуп, майдалап кесем. Анан аларды чоң сыр идишке салып, суу куюп, кайнатам. Кээде тобурчактарын да аралаштырып жиберем. Кайнатмасын ваннадагы жылуу суунун үстүнө куюп, оорулууну 25-30 мүнөт жаткырам. Муну 10 күн кайталоо зарыл. Ваннадан чыккандан кийин жылуу жаткызып, тери кайтканда ысык шорпо ичирем. Денесиндеги жел чыксын үчүн тула боюна массаж жасайм. Массаж үчүн дарыканаларда сатылчу дары майларды (мазь) колдоном.
Айта кетчү нерсе, оорулуу диета да кармашы зарыл. Эркек малдын, үндүктүн этин жебей, уйдун, тооктун этин гана жеп, шорпосун аздан гана ичет. Куурулган тамак желбейт.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
kulpun88_kg
2012-08-21 13:32:46
кандай оруу тушунбодум кенири жазсаныщдар
0
AGAT
2012-08-22 09:34:10
kulpun88_kg, төрөттөн кийин өздөрүн карабай суукка урунуп калганды элде жел кабыш деп коюшат экен. Макаланы кунт коюп окусаңыз.
0
janet
2012-08-22 01:11:20
жел кабыш деген эмне? пишите вариант на русском, вообще непонятно
0
nazi25
2012-08-22 08:13:57
Тушунбодум.Ушундай оору да барбы?
0
Датка кыз
2012-08-22 09:50:11
Ой, ушуну да билбейсинерби? Мындай ооруга торогон айымдар кабылышат. Текстте жазылып турат го, суука урунуп деп. Орустар дле тороттон киийн толуп кеттим деп журушот го. ошол ооруну жел кабыш деп коюшат. Толбой эле шишип кетишет. Мисалы айрым аймактар келин торогондон кийин созсуз торкуну уйуно алып барып 40 кун карашат. Эмнеге? Анткени тороттон учурунда эненин 12 мїчєсї толгонот. Ошолор 40 кундо калыбына келет экен.Ошол убакытта колун сууга салдырбай, эркек малдын этин жегизбей бапестеп багышат
+2
Датка кыз
2012-08-22 09:58:50
Кээ бир кайын журттар озубуз эле карайбыз деп бербей коюшат. Кайын журтунда тородум деп жатып алганга бети калындар эле чыдабаса, копчулугу уялса керек. Озунор деле коруп байкап журсонор керек кээ бир келиндер торогондон кийин оозун, бели-башын байлап, бутун жылуулап, ото женил кийинишпейт. Бул жел кабыш оорусун алдын алгандар болуп эсептелет.
+1
jaku_jaku_91
2012-08-22 16:27:28
мен да мындай ооруну биринчи жолу уктум!
окуп жатып тушунгон жокмун бул кандай оору экенин, бирок ,,Датка кыз" жазганын окугандан кийин тушундум, ырахмат датка кызга!
мен дайыма эле укчумун, келин торогондон кийин торкунуно барып тынып келгени жакшы нерсе деп, а бирок анын ооруну алдын алгандар деп ойлобоптупмун!
Ошол туура негизи, торкунуно эле барып тынып келгени жакшы болот, а силер буга кандай карайсынар!??!
+1
kg.ik
2012-08-23 08:39:35
биздин элибиз окуужайда окутпаган орууну билетко...:-)....
0
Датка кыз
2012-08-23 12:47:07
Кыргыдар коп нерсени алдын ала билген калк. Мисалы, чачпакты эмнеге тагынышат? Бойду (осанка) түз кармап жүрүш үчүн. Так-что улутунар менен сыймыктансаңар болот, келекелебей,kg.ik
+1
Nasipa
2012-09-24 04:33:05
Да мен да биринчи торотумдон кийиин суукка урунуп калып аябай кыйналгам. Сол колумду которо албай калгам. лечения алып, массаж алып озумо келгем. Болочок энелерге айтарым озунорду жылуу кармагыла, тороттон кийин.
+1
Emaela
2012-09-29 23:43:59
Менин азыркы оорум жел кабыш окшойт.жатсам оорубайт туура эмес кыймыл жасасам тура албай калам.букуройуп басып,далыларым уюп кыйналып жатам .тороттон болду дегенге ишенем озумду жакшы куто албадым.жанымда эч кимболбоду.кызым экиге толду,бул оору ушуну менен 3-жолу кармады.кантип кимге кайрылсам болот,даарылансам дейм.врачтын,табыптардын дарегин толук жазып бергилечи Супер инфо жамааты, сураныч.
+1
Dinara Aibek
2012-11-21 03:44:03
Мен да торогондон кийин 4айдан кийин букуройуп басып калгам кемпирлерге окшоп. Поликниликага барсам упражнениелерди корсотуп кантип жасаларын анан распечаткасын берди. Жардамы аябай тийди. Себеби турмушка чыга элегимде эле белим ооруп туз баса албай калчумун. Азыр кудаага шугур белим ошо бойдон ооруй элек. Кызым азыр 1жаш 2ай болуп калды.Белим ооруганына байланыштуу врачтар мага 7кг дан ашык оор нерсени которушту тыйуу салышты, кызымды да коп которо бербейм.Кээде которуп да ийем.
+1
Dinara Aibek
2012-11-21 03:46:16
Не только бели ооруган адамдар эмес, соо адамдар да резко кыймыл кылган болбойт экен, мисалы, отурган жеринен да акырын которулуп туруу,энкейгенде да акырыын энкейиш керек экен.
0
jasminka
2013-03-25 02:23:55
тушунуксуз
0
mira77
2019-03-21 21:44:58
Бул ооруга торогондон киин боорсок жеп, бозо ичсе да жел кабыш болуп организм желге толуп аялдар толуп кеткени да айтылат
0
Jyldyz0704
2019-11-16 12:13:47
Менин да төрөгөнүмө бүгүн 4-күн кайдагы төркүн бальницадан кече келип бүгүн кир жуумай, тамак жаса, үй жыйна өзүңдү күткөнгө убакыт деле табылбай калат экен.
0
№ 511, 17-23-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан