ТАГДЫР ОЮНУ-2

(Башы өткөн сандарда)

Телефонду ордуна койгон Алина ойго чөгүп калды. Жүрөгүндө бир түшүнүксүз санааркоо пайда болду. Бөлмөгө кирип келген Азирет колуктусунун өңү өзгөрө түшкөнүн байкады.
– Бир нерсе болдубу?
– Жок!
– Аа, анда апам чакырып жатат сени...- деди кайра чыга бермекчи болуп.
– Ази...
– Ов.
– Бема келгенин уктуң беле?
Тутканы кармай берген Азиреттин далысы дирт эте түштү.
– Ии, келиптир дечи.
– Бизди тоюна чакырды. Өткөндө Сабинадан уккан элем, азыр өзүм чалдым.
– Болуптур, Алишка, мен жумушка шашып жаттым эле.
Азирет үн катпастан сыртка жөнөдү. Машинасына отуруп, айдап жөнөдү. Бул кабарды уккандан кийин кайдагы жумуш... Багытын билбей ойду-келди жүрө берди. Жинди болгон адамдай айдап, аркасында чуулдаган МАИчинин ышкырыгын, башкалардын сөккөнүн да кулагына илбеди. Бир кезде демиге токтоду. Баары бир... Жинигип, чуркап, оонап жиберсе да балээ болгон бул сезимден кутула албайт. Же жок болуп кетпей, биротоло жанын жеген курттай турганы турган. Ушундай болорун, бир күнү турмушуна ошол адам кирип келерин билген эле. Ошол учурдан жүрөксүп, коркуп да жүргөн. «Үйлөнүү тою. Демек, башканы тааптыр да. Кызык, менден эмне артыкчылыгы болду экен? Менчелик сүйүп, менчелик кыйналбагандыр ошол адам. Демек, ушундай де... Эх, Бема, Бема. Жаным, жарыгым, жалгызым Бегимай! Кайда жүрдүң, кандай күндү башыңдан өткөрдүң? Сүйөт болдуң бекен ал адамды?» Көпкө отурду. Кечинде үйгө кеч барды. Көзүн жалдыратып күтүп отурган келинчегин көрүп аяп кетти. Бооруна кыса кучактап, чекесинен сүйдү.
– Кайда жүрдүң мынча кеч?
– Жумуштар. А сен эмне уктабай отурасың?
– Сени күттүк. Аскат экөөбүз сени күттүк,- деди ичин сылай берип. – Баса, тойго барабызбы?
– Барабыз. Сенин эң жакын курбуң болсо, кантип барбай коёбуз?! Сөзсүз барабыз.
– Бема катуу өзгөрүлүп кеткендей сезилди мага. Кызык, алар бизден да биринчи балалуу болуп калышкан экен.
Азирет таң кала кашын серпип алды. «Чынбы?» деди жүрөгү мыжыла.
– Кайдан билдиң?
– Мен боюмда бар экенин, атам баланын атын Аскат коём деп жатканын айттым. Бегимай ыйлап алды. Билесиң го, Аскат деген атты укканда эле ыйлап кирет эмеспи... Анан бир аздан кийин «менин уулумдун аты да Аскат» деди. Билбейм, жүрөгүм ооруп кетти. Аскатты эстедим. Менимче, Бегимай да Аскатты эстеди.
– Алиш, мен чарчадым. Эртең сүйлөшөлүчү...
Терс бурулган Азирет жаздыкты буулуга мыжыга берди. Кызганыч көөдөнүн өрттөп жатты. Ал Бегимай кимдир бирөөнүн аялы деген ойго таптакыр көнө албай, ошол ой менен келише албайт эле.

xхх

Той көйнөгүн кийген Бегимай өзүн күзгүдөн көпкө тиктеди. Секелек кезинен баштап ушул апакай көйнөктү кийүүнү кандай гана эңсебеди дейсиң. Кыялында өзүнүн тоюн элестеткенден тажачу эмес. Ар дайым ар башка сценарий ойлоп тапчу. Мына ошол күн келди. Келгенде да жүрөгүн жаралап, эчен сыноодон өтүп келди. Мына, бактылуу бол, бактыңды сез. Бирок дагы да тагдыры алакчылап, колуна кармата салып, кайра жулуп алчудай бүдөмүк сезим боло берди. Ал эми Мурат Бегимайдан алда канча бактылуу эле, ишенимдүү болчу. Колуктусунун жанына келип, башын башына тийгизе тиктеп турду.
– Кызык, негедир коркуп жатам,- деди Бегимай.
– Коркпо, баары жакшы болот. Мен жаныңдамын.
Муратка муңайым жылмайганы менен, анын сөздөрү адатынча жардам бере албады. Тойго Азирет келерин сезип турду.
Айткандай эле той залына кол кармаша кирип келе жаткан Бегимайга кол чаап күтүп жаткандардын ичинен Азирет биринчи урунду. Жүзүнө көз токтотуп карай албаганы менен, өзүнөн көзүн албай тиктеп жатканын сезди. Жанына жеткенде буту чалыштап, чалынып кете турган болгондо Мурат жөлөй калды.
– Акырын...
– Толкунданып кеттим.
Азирет дагы Бегимайдагы өзгөрүүнү байкады. Кусалуу каректердеги жылт эткен учкунду сезе койду. Мына, куса кылган адамы... Өзүн токтотуп, башка нерсеге алаксыйын деген менен Азирет төрдө отурган кыз-күйөөдөн көзүн албай жатты. Жанына барып, жок дегенде бир ооз сөз менен сүйлөшкүсү, көздөрүнө тигиле карагысы келди. Бир кезде маңдайында отурган апасы менен тиктеше түштү. Кыжалат боло караган апасынын көздөрүнөн ал баарын эле эбак билип отурганын байкады. Ай, ушу апасы кыбыр эткендин баарын байкайт. Аргасыз жылмайып алды.
Бирок ал күнү Бегимай менен жолугууга, көзмө-көз сүйлөшкөнгө жагдай болбоду. Өз бөлмөсүнө кирген Алинанын көздөрүнөн эми жаш кулайын деп турганын байкады.
– Э-эй, сага эмне болду?
– Эч нерсе...- дегени менен ушуну эле күтүп тургансып көздөрүнөн тамчы жаштар тоголонуп кетти.
– Алиш, баары эле жакшы го. Эмнеге капа болдуң?
– Жок, баары жакшы эмес, тескерисинче, баары жаман. Сен өзгөрүп кеттиң. Мага чоочун болуп калдың тез эле. Бүгүн Беманы караганда...
– Чүшш, сен ал жараны козгобо, Алиш. Мен сенин жаныңдамын. Мен сенден, балабыздан эч кайда кетпейм. Экөөңдү эч качан, эч кайда таштабайм. А башкасы... башка нерсеге киришкенге мен уруксат бербейм. Сага да, ата-энеме да... Азыртадан ушуну жакшылап түшүнүп ал.
– Азирет!
– Мен сени жакшы көрөм. Башка нерсеге башыңды оорутпа. Баланы ойло.
Ушуларды айткан Азирет сыртка бет алды. Алина кичине муштумдары түйүлө, өңү кубарган боюнча кала берди. Түн бир оокумда Азирет кимдир бирөөнүн онтоп жатканын байкады. Жакшылап тыңшаса, Алина экен. Ордунан шарт тура калды да, жуурканын серпип жиберди.
– Ичим, ичим ооруп жатат...
– Ой, эмне болуп кетти? Кийин деп айттың эле го...
– Дагы бир ай бар болчу. Билбейм, эмне болуп кетти...
– Азыр, Алишка, бир аз чыда. Азыр ооруканага алып барабыз.
Төрөтү эрте башталып калган Алина чый-пыйы чыгып, өңү кубарып, кайненесинин колдорун мыжыга кармап жатты.
– Апа, өлүп калам го...
– Кой, антип айтпа, балам. Азыр ооруканага тез эле жетебиз...
Мариям келининин чыпылдап тердеген маңдайын аарчып жатып коркуп кетти. Негедир кадимки толгоого окшобой, эрди канталай кыйналып турганын байкады.
– Азирет, бол тез айда.
Тез алып барып, палатага алып кетишкен врачтар топтолуп калышты. Бир нерсени билгендей Азирет апасына суроолуу карай берди.
– Апа, деги эмне болуп жатат? Ушундай болчу беле?
– Врачтар төрөтү оор деп жатышат. Консилиум кылып жатышат окшойт. «Азыр баарын текшерип туруп, силерди чакырабыз» дешти.
– Эмнеге андай болушу мүмкүн? Ден соолугу деле жакшы. Текшерүүдөн өтүп жатпады беле?
– Билбейм, балам. Бир аздан кийин баары чечилет. Кудай деп тура туралы.
Мариям уулунун тынчы кетип турганын көздөрүнөн көрүп, көзүн ала качып кетти. «Ай, эмне болуп калды? Жакшы эле жүргөндөй көрүндү эле. Аман-эсен көз жарып алса экен. Азиреттин да өңү кубарып... Кудай тилегибизди берип, неберебиз колубузга тийсе экен» деп жатты чебелектеп. Бирок атын эбак Аскат коюп алган, үй-бүлө чыдамсыздык менен күтүп жаткан бала жарыкка келе албады. Чоң ата-чоң энесинин тилеги өтүп кеттиби, төрөтү оор болгон Алинанын баласы төрөлгөндөн 10 мүнөткө жетпей чарчап калды. Ал эми келин өмүр менен өлүмдүн ортосунда эле.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
dinar83
2012-09-03 15:35:04
ИИ десен.дагы кутуу керек экен ээ.
0
dinar83
2012-09-03 15:36:01
Курбу кыздар эми ушинтип кас болуп калышабы?я
0
antivir
2012-09-03 15:59:18
Ал эми келин өмүр менен өлүмдүн ортосунда эле. avtor! anan emne boldu?
0
Argymak
2012-09-03 18:15:48
Даары ичип алган го байкуш.
Аччусуна чыдабай.
0
tori
2012-09-03 19:32:44
оюмча алина дагы олуп калатго.....
0
saulem
2012-09-03 21:46:10
кобуроок жазгылачы сураныч
0
ayildik_kiz
2012-09-04 00:58:43
Эми Алина торобой калабы?
0
Bekusha
2012-09-04 01:31:09
ayabai kyzyktuu kelip toktodu dagy bir
jumaa.... Svadbaga barbai koiso kandai bolot ele ee, torogonu kalsa
0
nelli
2012-09-04 02:56:50
алина не болот экен эмиии....
0
Nurzada-5
2012-09-04 11:16:59
Олтуруп салбагыла байкуш келинди
0
Begimai1
2012-09-04 15:02:27
Бегимай экоо калса жакшы болмок Азирет..........
0
ks90
2012-09-04 22:38:59
Begimai1, emi Kay jagina kalat alar uje kech, oz ozu joldorunda baktyluu bolushsun emi,
0
Begimai1
2012-09-05 15:24:48
ks90, бул жашоодо суйгонуно жетип жашагандар аз.башка бирону суйуп башка биро менен жашагандар коп.эми оюмда экоо болсо дегеним
0
kggul
2012-09-05 17:52:38
Эх, Алина, Алина аман калсан экен эми
0
ikitaidesu
2012-09-05 18:27:03
Эх суйуу!!! Суйбогонго суйконбо......
Эки журок эки жакта... мен дагы кыйналып кеттим
0
Periwa
2012-09-07 13:54:34
bliiiin olup ketsin dep svadbasyna barbai koiso dele bolmok owoncho jerde kyzganyp oturdu da Alina dele kancha saat ,onoi emes da boiunda bar adamga myndai nerse
0
Chynyshka
2012-09-10 06:55:28
Бул деген атайын жазылган романда.1 чиси чыкканда каттуу лкуганбыз. автор 2 чиси болбойт деген
эле.элдин кызыгуусуна карап жазып атат окшойт.мындай алып караганда Алине же олот же торобос болуп калат.анан кийин Аскат Азиретин уулу экени билинет.анан менимче Беманын боюнда болуп калат Муратттан ушундай жол менен тагдыр оюуну улана берсе керек
0
№ 513, 31-август-6-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан