ТАГДЫР ОЮНУ-2

(Башы өткөн сандарда)

Ошентип, Мурат менен Бегимай бул кечеге даярдана башташты. Ал эми Азирет ошол салтанаттын кожоюну эле. Ал кол алдындагы адам менен сүйлөшүп жатты.
– Чындыгы ушул...
– Дагы бир жолу текшерип көргүлө, фирманын атын мындай нерсе менен булгагым келбейт. Болуптур, азыр иш тууралуу сүйлөшпөй эле коёлу. Анын үстүнө эл да чогулуп калды.
– Макул, Азирет Аскарович,- деп сылык сүйлөп басып кетти жардамчысы.
Азирет атасы Аскардын жардамы менен бул фирманы ачкан. Ишкер катары бизнес чөйрөсүнө тез эле тааныла алды. “Алма сабагынан алыс түшпөйт” деген чын белем, мурун атасынын ысымы эл оозуна кандай бат илинсе, Азирет дагы оозго тез эле алынып кетти. Бүгүн кезектеги кирешелүү келишимге кол коюп, ошол себептүү кол алдындагылар менен майрамдаганы жаткан. Тагдырдын тамашасы менен Мурат Азиреттин фирмасына жумушка алынып калган. Кадрлар бөлүмүн башка адам тейлегендиктен, Азирет Мурат өзүнүн кол алдына жумушка киргенин билбейт эле.
Ресторанга эл келип жатты. Четте турган Азирет кирип келе жаткан тааныш караанды көргөндө обдулуп алды.
– Кандайча?
Бегимай эч нерседен капары жок Муратты колтуктап, бактылуу жылмая айланага серп сала тиктеп, анын тамаша сөздөрүнө күлүп келе жаткан. Азирет кусалуу тиктеп турду. Кыйла өзгөрүп калыптыр. Бир чети көзүнө тааныш да, тааныш эмес да көрүндү. Узун боюна, сымбатына куп жарашкан, белине жеткен капкара чачтарын кыпкыска кылып кыркып салган экен. Бир кезде сулуунун көркү болгон чачтарына ичи ачышып турду. Бирок мурункусундай эле сулуу, азгырыктуу! Азиреттин көз алдынан кете албаган бир элес боло турган. Ал – өзү Кыргызстанга келип, учактан түшкөндө “Аскат!” деп кыйкырып мойнуна асылган Бегимайдын карагаттай көздөрү эле. Башка экенин түшүнгөн соң көзүнүн нуру өчүп, жүзүндөгү шамы күүлүп... Ошол элес жүрөгүнө тамга болуп басылып калгандай. Андан кийин бир да жолу Бегимайдын жүзү жаркып антип кубанганын да, томсоро шалдайганын да көрбөдү. “Эх, Аскат, бир боорум, сен кандай адам элең? Ушундай жандын жүрөгүн багындырып алган экенсиң. Биздин, экөөбүздүн Бегимайыбыз азыр деле бактылуу эмес. Билип турам, бактылуу эмес!” деп алды ичинен. “Токтот өзүңдү...” деп жүрөгүнө буйрук бергени менен, көптөн бери издеп таппай жүргөн адамын жолуктурганга дүрбөлөң түшүп жатты.
Бегимай менен Мурат орундуктарга отуруп, эки жагын карап калышты.
– Көп эле адам келген окшойт.
– Мен деле мынча адам болорун билген эмесмин.
Өздөрүнчө сүйлөшүп жаткан жубайлар ким сүйлөп жатканын деле элес албай жатышкан. Бегимай сөздүн акырын эле кулагы чалып, төр жакты тиктеп калды. “Эмесе, сөз биздин жетекчибиз, жаш, жигердүү башкаруучубуз Азирет Аскаровичте... Келиңиз!” Уккан кулагына ишенбей калды. Өңү кубарып, тиктеген боюнча катты да калды. Микрофонго жакындап келген Азирет элди бир тиктеп алып, жай сөзүн баштады. Алгач баарын жеңиши менен куттуктап, иштерине ийгилик каалап, токтоо, олуттуу сүйлөдү. Өзүнө тигилип турган көздөрдөн да бир адамдын көз карашын өзгөчө сезди. Шатырата чабылган кол чабуулар... Сөзүн бүтүп өз ордуна өтүп бараткан Азирет аны бир тиктеп алды. Көздөрү чагылыша түштү. Бир ирмемде Бегимай үчүн жер астын-үстүн болуп кеткендей туюлду. Ооба, Азирет өзгөргөн экен. Өзү билген шайыр-шатман, эч кимди уруп ойнобогон, өз каалаганын гана кылган боз баш жигит эмес, таасирдүү адамга айланганын байкады. Калтырап жаткан колдорун кармалаган Мурат келинчегине таң кала тигилди.
– Сага эмне болду? Үшүп кеттиңби?
– Жок, баары жайында.
– Анда неге колдоруң мупмуздак? Калтырап жатканын...
Келинчегинин ичке манжаларын бириктире өөп койду.
– Эч нерсе эмес, көпчүлүккө көнбөй калсам керек. Мен бир аз дем алып келейинчи,- деген Бегимай сыртка бет алды.
Балконго чыгып, терең дем алып алды. Жан дүйнөсү бир аз эс ала түштү.
– Салам!
Тез бурулган Бегимай колуна бокал кармап, өзүнө күлүмсүрөй тигилип турган Азиретти көрдү. Ууртунда баягы эле тааныш жылмаюусу.
– Салам!
– Ушинтип жолугуштук кайра...
– Да, жер тоголок, баары бир жолуктук.
Бегимайдын доошу титиреп кетти. Жылмайганы менен, көздөрүнө жаш толуп баратты.
– Өзгөрүпсүң, бирок мен сени кирип келериң менен тааныдым. Чачың сонун болчу, кырктырбай эле койсоң болмок...
Кадимки тааныштардай эле сүйлөшүп жатышты. Тиричилик, ал-бул сыяктуу сөздөрдөн...
– Мурат мени издеп калат, мен кайтайын,- деди Бегимай ордунан козголуп. Азирет алдын торой калды. Бири-бирине жүздөрү тиер-тиймексен...
– А мен сени канчадан бери издеп жүрөм?!
– Азирет...
– Мен сени унутам дегем, унута албадым. Өтүп кетет дегем, өтүп кетпей жанымды кыйнады. Азыр мен каалаган нерсенин баары бар, бирок бактылуу эмесмин.
– Токтот...
– Турмушка чыгып, балалуу болгонуңду укканда жинди болуп кете жаздадым.
Бегимай Азиреттен коркуп кетти. Мындай көжөлүп алганда бир нерсенин ичинен чыкчу эле. Көзүн жума терең дем алып алды да, чечкиндүү үн катты.
– Макул, мен бардыгын угам. Бирок азыр эмес.
– Качан анан?
– Башка жерден, башка жолу...
Эмнеге ушинтип айтты? Кийин ушул сөздөрү үчүн канча жолу өзүн урушуп, бармагын тиштеди Бегимай. Бирок айтылган сөз – атылган ок. Чыкты да кетти. Азирет жол бошото берди.
– Мен күтөм.
– Чалба мага.
– Анда өзүң кабарлаш, мен сени чыдамсыздык менен күтөм...
Бошонгон Бегимай тез адымдады. Чындыгында эле келинчеги көрүнбөй калганына кабатырланган Мурат эми издеп чыккан экен. Аны колдон кармаган Бегимай тез сүйлөдү.
– Ооруп калдым, Мурат, тез үйгө кетели...
– Кандайча? Кайсы жериң?
Кабатырланган Мурат келинчегинин чекесине колун коюп, чын эле чыбырчыктап тердеп турганын сезди.
– Кеттик...
Бооруна кыса сүйөй кармап машинасына отургузду. Бегимай машинанын терезесинен Азирет сыртка чыгып, өзүн карап турганын байкады.

xхх

Азирет үйүнө кеч келди. Машинада көпкө отурду. Атасы жанына басып келбегенде дагы канча отурат эле ким билсин...
– Үйгө кирбейсиңби, сага эмне болду?
– Апамдын ордуна бүгүн сиз мени текшерейин дедиңизби?- деди тамашага чаптырган Азирет машинасынан чыгып. Ата-бала бакча жакка бет алышты.
– Жүрөгүм кармап калды. Апаң байкуштун уйкусун дагы бузуп, убайымга салбайын деп акырын сыртка чыгып басып жүргөм. Байкасам, келгениңе жарым саат болсо да чыкпайсың,- деди энтиккен Аскар Токтосунович.
– Ата, сизди башка өлкөгө алып барып көрсөтөйүнбү? Чет жерде мыкты дарыгерлер бар. Алар...
– Жок, балам, келген ажалдан ким кутулат эле? Көптү көрдү бул байкуш, дагы иштен чыгып калбай түрсүлдөмүш этип жатканына рахмат. Мен кийинки кездери бактылуу болуп жүрөм. Сени таптым, апаңды... Эми...
– Ата, сен мага азыр керексиң. Апама андан бетер.
– Азирет, сага бир нерсе айтайын деп эбин келтире албай жүрөм.
– Угуп жатам, ата...
– “Жакшы айтпай жаман жок” дейт, чын эле бул оорудан турбай калсам, апаңа жакшы кара. Апаң күчтүү көрүнгөнү менен, жүрөгү назик. Ал экөөбүздүн ортобуздагы бүтөлбөгөн жара – Аскаттын өлүмү. Апаң, сыягы, өзүн күнөөлүү сезип жүрөт. Ошол нерсеге көп кыйналат. Өзүм айталбайм батынып... Эгерде мен бир нерсе болуп кетсем, апаңа айт, ал Аскаттын өлүмүнө күнөөлүү эмес. Эгерде ким күнөөлүү болсо, ал менмин. Мен апаңды кечиргем. Балким, күнөөлөгөн да эместирмин. Сүйгөн адамыңды таптакыр күнөөлөй албайсың. Апаң менин жашоомдун эң кызыктуу, эң мазмундуу баракчасы болгон. Ошону эч качан унутпасын. Өзүнө айта албайм, жүрөгүн оорутуп күдүк салгым келбейт.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Ashurova-gulida
2012-09-17 11:15:00
kachan otot bir juma.yyf dagi kutobuzbu.kopkopton ele jazinizdarchi.
0
bermi
2012-09-17 12:00:33
Aziret mn Begimai choguu kaliwsa eken, hochuu happyyendaa))))))))
0
janaiumka
2012-09-17 13:26:20
туугандар айткылачы Бермет бактылуу болобу
0
asdef
2012-09-17 16:34:35
janaiumka, Кайсы Берметти айтып жатасын?
0
Rusalochka88
2012-09-19 15:25:47
asdef, башында Бермет болчу...
0
isana
2012-09-17 15:43:29
Кызык эми башталды окшойт достор!
0
Kanishai
2012-09-17 17:50:16
Бема менен Азиреттин жолугушуусу кандай болор экен,эмнелер озгорот болду экен
0
ayildik_kiz
2012-09-17 19:03:30
Аскар олуп калабы эми
0
ks90
2012-09-18 01:29:13
Aziret emi toktotup ele koyso bolmok,ekoonun ten bir jakshina semyasi bar alardin buzulushun men ech kaalabaym
0
gulanda01
2012-09-18 03:08:27
жаман айтпай жакшы жок деп айтса керек эле же туура элеби
0
dinar83
2012-09-18 10:29:43
Азирет менен Бегимайдын чогуу болуусун каалабайм.башкача болуп бутсо экен.экоонун тен уй-булосу бар.Бегимайды суйгон жолдошу.Азиретти дагы суйгон аялы бар.го
0
Nusha
2012-09-19 01:33:07
Asiret menen begimai 4ogu kaliwat dostorum men bilem.okugam.
0
Jaigz
2012-09-19 09:18:13
Аскар Токтосунович олуп кабаса экен,
0
nazgul8076
2012-09-19 13:26:34
Айииии эми эмне болот экен эээ...
0
ayzatushka
2012-09-19 16:47:48
экоотен оз уй-булолорун сактап калыштары керек
0
Danijarov
2012-09-22 20:12:34
биринчисинин китеби чыкканбы ким билет?
0
Maxa90
2012-09-23 20:23:13
Menim4e kiiin, Begimaidyn balasy menen Azirettin kyzy biri-birin suiuwup kalywat boluw kerek. Bema bilbeit da, Azirettin kyzy ozunuku emes ekenin. Owondo 4yndykty aituuga tuura kelet. . .
0
№ 515, 14-20-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан