ТАГДЫР ОЮНУ-2

(Башы өткөн сандарда)

Атасы уулун тиктеп, эрксизден жүрөгү сыздап турду. Адамга бактылуулук толук берилбесе керек, ар дайым бир жеринен кемитип коёт окшобойбу. Аскар өз өмүрүндө толук бактылуу болгону эсинде жок. Азиретти карап туруп, «Аскат тирүү болсо кандай болот эле?» деген ой кыйнады. Оо, анда Аскат менен Бегимай кандай гана бактылуу түгөйлөрдөн болушат эле. Азирет атасынын эмнени ойлоп отурганын байкаган жок.
– Ата, апамдын өмүрүндө сиз дагы маанилүү адамсыз. Ошон үчүн көпкө жашашыңыз керек.
– Кудай берген жашты жашаармын, балам. Эч нерсеге өкүнбөйм. Бир гана сенин жолуң меникиндей татаал болбосо экен. Акыркы мезгилде көп ойлончу болдум, жашоодо эмнени туура кылдым, эмнени туура эмес кылдым, кайсы жерден кайсы адамга кастык жасадым. Ошонун баары сага кесирин тийгизбесе экен дейм. Азирет, бул жашоодо кимге жамандык жасасаң, ал эки эселеп кайтат. Менин буга көзүм жетти. Ошондуктан ар бир кыймылыңды ойлонуп ташта. Сабырдуу бол!
– Албетте, ата...
Күрсүлдөй жөтөлүп басып кеткен атасын кейип карап турду да, үйгө кирди.
Алина баласын эмизип жаткан экен, кылчайып карап калды. Ушул отурушунда ушунчалык мээрим, аялзатына тиешелүү назиктик, боорукерлик бар эле. Азирет көпкө тиктеп калды.
– Ушундай, козголбой отуруп тур...- деп текчедеги фотоаппаратты алып, шыкылдата тартып кирди.
– Эмне болуп кетти?
– Көзүмө сонун көрүнүп кеттиң. Ыйык Мариянын сүрөтү бар го, ошого окшоп... Тартып калайын да...
Моокуму канганча тарткан Азирет сүрөттөрдү тиктеп өзүнчө кобуранып жатты.
– Жарык анча жакшы болбой калды. Эмдигиде дагы тартам....
– Эмне кеч келдиң, жаным?
– Кеч келген жокмун. Атам сыртта жүргөн экен, бир топ сүйлөшүп калдык.
– Баары жакшы болдубу?
– Супер! Баары ойдогудай.
Азирет көзүн ала качып жатты. Бүгүнкү күндөн кийин аялы экөөнүн ортосунда билинбеген дубал туруп калгандай сезилди. Бардыгынан оору ушул. Оюнда башка адам турганда аялын кучагына кысуу, эркелетүү кыйын. Көзүн жалдыратып өзүн тиктеген аялынан коомайлана кысынып кетти.
– Сен уктай бер, мен бир аз иштешим керек.
– Айданек...
Эмне болду?
– Азирет, мен корком, ымыркайды үйгө алып келгенден бери жанына жакын келип колуңа албай койдуң. Өмүр бою кызыбызга ушундай мамиле жасап каласыңбы деп корком. Карасаң, кандай татынакай кызыбыз бар...
Азирет айласыздан наристе жаткан керебетке эңилди. Чын эле төрөтканадан чыгарып келгенден бери серп салып караганы ушул. Периштедей татына кыз экен... Аттиң, бирок өзүнүкү эмес.
– Колуңа алсаң,- акырын шыбырап, жалжылдап өзүнөн үмүт кылып турган келинчегин аяп кетти.
Колуна алып, наристенин жүзүнөн акырын сүйдү.
– Айданек, сен жакшы кызсың, ээ? Сен акылдуу кыз болуп чоңоёсуң, ээ? Апасынын кызы...
– Азирет, биз бактылуу болобуз. Ошого ишенеличи, жаным, кызыбыз менен бактылуу болобуз.
Алина кызды олдоксон кармап турган күйөөсүнүн жанына келип кучактай калды. Азиреттин бир колунда наристе, мойнунан кучактаган келинчеги, а жүрөгү, ойлору, сезимдери таптакыр башка адамда...
Чыдабай кетти.
– Алин, мен... мен бүгүн Беманы көрдүм.
– Кайдан?
– Күйөөсүн биздин фирма жумушка алышыптыр. А мен ал тууралуу билбегем. «Үч тилде суудай сүйлөгөн, ишкер, мыкты кызматчы болот» деп айтты Максат байке. Ошо, аялы экөөнү чакырган экен, ресторандан көрдүм.
– Эми эмне болот?
– Эч нерсе болбойт.
– Азирет!
– Кабатыр болбо! Мени сенден эч ким эч качан ажыратпайт. Алардын өздөрүнүн үй-бүлөсү бар. Уулу бар. Бирөөнүн бүлөсүн, өзүмдүн үй-бүлөмдү бузгандай мен жинди белем?!
Азирет ушинтип ишендирди. Өзү да ишенбей турган сөздөргө келинчегин ишендирди...

ххх

Бул жолугушуу экөөнүн тең тынчын алды. Бегимай уктап жаткан күйөөсүнүн кучагынан чыгып, уулунун бөлмөсүнө кирди. Адатынча көмкөрөсүнөн түшүп уктап калган экен. Чоңоюп бараткан сайын Азиретти эсине түшүрчү болду. Өңүнөн анчалык байкалбаганы менен, мүнөзү так атасындай. Кабагын түйүп нааразы болуп карап калганы, кайра тез ачылган күндөй маңдайы жаркып кеткени... Бир өжөрлөнүп алса деги эч нерсеге токтобойт. «Уулум, эмне деген тагдыр күтүп турат экөөбүздү? Эмне кылып койдум? Эми өз нугуна түшүп келе жаткан жашоомду атаң дүрбөлөңгө салды да койду. Ал эми артка кайтпайт. Мен аны жакшы билем... Мен ага канчага чейин каршылык көрсөтөм? Күчүм жетеби?»
Айтор, экөө тең уйкусуз түндү башынан өткөрүштү. Түнү менен уктамыш болгону менен, күйөөсү ала салып уктабай чыкканын сезген Алина да бир нерседен жүрөксүп турду. Таң эрте келининин кабагы салыңкы экенин байкаган Мариям акырын кепке тартты.
– Кечээ Азирет кеч келдиби?
– Ооба, сыртта атам менен отурган экен.
– А сага эмне болду?
– Бегимай! Азирет аны көргөнүн айтты.
Мариям эмне дээрин билбей калды. Экөө үнсүз чай ичишти. Азирет күнү бою телефонун колунан түшүргөн жок. Иш менен бир аз алаксыганы менен саатты карап, бирде чөнтөк телефонун карап тыбырчылайт. Бирок ал телефон чалбады. Ошондой күтүү менен 3 күн өттү арадан. Чыдамы кеткен Азирет эми өзү чалды.
Гудок кеткени менен албай жатты. Телефонду таштап жиберип отуруп калды. Алдастап терезеге барып, кайра келип, өзүн-өзү жемелегени менен пайда чыкчудай эмес. Көөдөнү Бегимай дейт да турат. «Баары бир экөөбүз сүйлөшүшүбүз керек. Телефонуңду ал» деген кыска билдирүү жазды. Анда да жооп келген жок. Ошентип, таптакыр жооп бербей бир жума өттү. Бул күндөрү Азирет кара булуттай түнөрүп, эч ким менен сүйлөшпөй, кабагы ачылып күлбөй калды.
– Балам, сага эмне болгон?- деди Мариям.
– Эч нерсе. Иш көп болуп жатат.
– Сени анчалык ким кыйналып иште деп жатат? Өзүңдү ойлобойсуңбу?
– Апа, азыр бир аз көбүрөөк иштеп алышыбыз керек. Ким кыйнады дейсиз да, өзүмдү өзүм эле.
– Иш эле болсо, анда чечилчү маселе экен,- деди апасы дагы деле сынай тиктеп.
– Апа, мени рентгендей эле тартып билип коёсуз, ээ?- деди айласыз күлгөн Азирет.
– Сени жакшы билем. Апасы үчүн бала эч качан чоңойбойт. Мына өзүң атасың, бирок дагы деле кыялың баягыдай.
– Баса, Айданек сизге түспөлдөшүп баратат окшойт, ээ, апа?- деди сөздү башкага бурмакка аракет кылган Азирет.
– Билбейм, ошондойбу? Жүрөгүмдүн жарымы болду ал кыз.
Жай тириликке өтүп кетти ошентип сөздүн нугу. Азирет ошону менен тынчып калбады. Бир күнү Бегимайдын атасынын үйүнө барды.
– Саламатсызбы?
– Саламат...- деди таң кала эшик ачкан Бегимайдын апасы.
– Мен Бегимайга жолугайын деген элем.
Азиреттин кандай адамга болсо да жагып, сүйлөшүп кеткен сапаты жардамга келди. Апасынан Бегимайдын үйүнүн дарегин алды да, түз эле ошол жакка жөнөдү. Машина учуп-күйүп багытынан жазбай бара жатты. Азирет «барганда эмне кылам, эмнеге жолукканы жатам?» деп деле ойлогон. Болгону бир көрүп, сүйлөшкүсү келди. Эшикке жетип терең дем алды да, коңгуроосун басты. Эшик ачылып, 1 жарым жашар болпойгон баланы көтөргөн бейтааныш кыз чыкты.
– Ммм, мен жаңылышып калдымбы?- деп баратып анын колундагы балага көзү түштү. Кашы-көзү капкара, балбылдай тиктеген бала аны таанып койгондой күлүмсүрөй тигилди.
«Беманын баласы... Өзүнө окшош экен!» деп алды ичинен. Талпынып жаткан балага эрксизден колу созула берди.
– Сиз кимсиз?- таң калган бала багуучу баланы оолактата.
– Менби? Мен... А Бегимай кайда?
– Иштери менен кеткен.
– Качан келет?
– Ал тууралуу айткан жок...
Азирет сурап отурбай эле баланын маңдайынан сылап, чекесинен өөп алды да, артка кайрыла берди.

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Ulanbek1992
2012-09-24 10:35:59
дагы бир жумаааааа)))
0
dinar83
2012-09-24 10:59:18
ИИ айьпа дагы бир жума бар.эмне болот эми достор.окугандар бартбы?

0
Talantchyngyz
2012-09-24 11:00:19
Журогум тушуп калды баласын таанып койдубу деп.................... жон эле жашапайбы ар жака ээээээ байкуш Алина
0
Jaigz
2012-09-24 11:00:33
кобураак жащгылачы сураныч...
0
evgeniya
2012-09-24 12:31:28
каныдан жаралган бала да
0
isana
2012-09-24 14:50:31
Бегимай баласын Азиретке окшоштурат, а Азирет болсо Бегимайга окшоштуруп салдыго.
0
kiz
2012-09-24 15:37:28
isana, Азирет баланын кебетесин окшоштурду Бемага,ал эми Бема баланын кыялын окшоштуруп атат атасына: Өңүнөн анчалык байкалбаганы менен, мүнөзү так атасындай.
0
ikitaidesu
2012-09-24 15:24:43
Экоо качан бир бутун уй було болот..... Бегимай Мураттан балалуу болбой туруп Азирет менен турмуш курса экен.
0
010288
2012-09-24 15:48:33
эми азиреттин багып алган кызы менен,Беманын баласы бири-бирин жактырып калышсале чоноюшканда.
0
kambardinova
2012-09-24 20:13:49
Бир кем дуйно,адамга материалдык жактан баары жетишип турса да ,суйуу деп уй булосун таштап бир эле кундо кол шилтеп,басып кете берген пенде жок эмес.Бирок,айткылачы достор,ошол адам омур бою ошол суйуусу менен бактылуу жашап бул дуйнодон проблемасы жок жашайт деп,ким кепилдик берет?
0
aigulya-2012
2012-09-24 23:07:07
uff dagy bir juma kuttuu kttuu jana da kuttuu boldugo
0
ayildik_kiz
2012-09-25 11:52:50
Бир жума качан отот эми!
0
janaiumka
2012-09-25 13:31:36
эээ кудай булардын тагдыры эмне болот болду экен?
0
Sherik200992
2012-09-25 15:28:40
Укмуш жазыптыргооооооооо!!!!!!!!!
0
№ 516, 21-27-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан