ТАГДЫР ОЮНУ-2

(Башы өткөн сандарда)  

Шаардын четинде жайгашкан мүрзөгө келип отурганына көп болгон. Аскар уулунун сүрөтүн тиктеп оор күрсүндү. “Уулум, кандай гана адам болот элең? Сенсиз дагы деле жашай албай жүрөм. Баарынан оору – сенин өлүмүңө өзүмдү күнөөлүү сезгеним. Мен ошол аялды албаганда, биздин жашообузга аралаштырбаганымда баары башкача болмок. Бул тууралуу эч кимге, атүгүл апаңа да айта албайм. Мен бул жакта кыйналсам, ал бечара өзүнчө кыйналып жүрөт. Өзөгүбүздү өрттөп кеттиң, балам” деп жатты ичинен. Көпкө отурду. Аркасынан дабыш чыкканда гана бурула берди. Кичинекей уулун жетелеген Бегимай келе жаткан экен. Келин башын жерге салып кандайдыр бир оор ойдун жетегинде. Атүгүл чукул келгенге чейин Аскарды байкабады. Бегимай жакын келгенде гана көрдү да, селейе туруп калды. Аргасыз аны көздөй кадамдай берди.
– Саламатсызбы, Аскар Токтосунович?
– Жакшы, кызым. Кандайсың, айланайын?
– Негедир сиз экөөбүз дайыма ушул жерден жолугабыз, ушуну байкадыңыз беле? 
– Анткени Аскатты экөөбүз билгендей эч ким билчү эмес. Жаш болуп эч кимдин көңүлүндө да калган жок курган балам. Карачы, жылдар өттү, мүрзөсүнө тиккен дарактар да бой көтөрө баштады. А Аскатым жок, мен дагы деле тирүүмүн. Кээде тирүүлүгүм да оор жүк болуп кетет.
Бегимай мүрзөгө жакын келип, Аскаттын сүрөтүн жүз аарчысы менен аарчый берди. Бир аз отурушкандан кийин Аскар акырын сөз баштады.
– Жолдошуң жакшы жигит көрүнөт. Жашооңор жакшы элеби?
– Мураттын көп сапаттары Аскатка окшош. Уулун жакшы көрөт.
– Бул уулуңарбы, ой азамат десе, келчи...- деп эми балакайга көңүлү түшкөн Аскар аны тиктеп селейе түштү. Көптү көргөн кыраакы көздөр баланы айланта тиктеп алып, жүрөгү бир башкача сокту. Темтеңдей өзүнө талпынып баскан баланын ууртундагы жылмаюусу тааныш... Баланы бир тиктеп, мүрзөдөгү сүрөттү бир тиктеп, катты да калды. Аскат менен Бегимайдын уулу окшош эле! “Кандайча, кайдагы окшоштук, алжып баратканмын го?” деди өзүн-өзү шылдыңдай. Бирок баары бир тааныш үрөй! Балким, башкага байкалмак эмес, бирок 1 жашынан баштап чоңойткон ата бул окшоштукту байкабай коюшу мүмкүн эмес болчу.
Көзү ымыр-чымыр боло түшүп, колдору карышып калды.
– Аскар агай, сизге эмне болду?
– Коркпо, кагылайын. Мен ушинтип калбадымбы. Жүрөгүм кээде кармап калат. Азыр өтүп кетет,- деди Аскар оор дем ала.
Ушул учурда Азирет атасынын аркасынан келе жаткан. Мүрзөнүн арасынан атасынын караанын эмес, Бегимайды көргөндө таң кала түштү. Кийин атасы оор дем алып скамейкада отурганын көрүп эси чыгып кетти. Чуркап жетип атасынын колдорун ушалап жиберди. 
– Ата!
– Эч нерсе эмес, коркпогула. Азыр дарымды ичип алайын,- деген ал төш чөнтөгүнөн дарысын алып, оозуна салды. 
– Бема?! Сен кайдан?
– Эртең менен келгем. Аскар агай ушул жерде экен. Анан сүйлөшүп жатып эле...- корккон Бегимай уулун бооруна тартты.
Азирет чыдай албады. Алайып коркуп турганы да көзүнө ысык көрүндү. Бегимайды ийинден ала кучактай берди. Бегимай атасынын көзүнчө силкинип тура кала албады. Аскар экөөнүн ортосунда көзүн алайтып турган кичинекейди көпкө тиктеп турду да, кимге окшоштурганын, балада эмне сыр жатканын түшүндү. Адамда алтынчы туюм деген болот. Ушундан кийин Аскар наристенин жүзүн унута албай жатты. Андан да Азиреттин кандай мээрим менен Бегимайды кучактаганын эсинен чыгара албады. “Унута албаган экен, алигиче экөө тең бири-бирин унута албаптыр” деди каңырыгы түтөй. Анын жүрөгүндө бүдөмүк бир ой жүрөт кыйнап.
– Чоң атабыз эмне ойго түшүп калган?- деди Мариям Айданекти көтөрүп келип.
– Жөн эле, байбиче...
– Сени бир нерсе тынчсыздандырып турат.
– Азирет менен Алинаны эле ойлонуп жүрөм. Балалуу болушпаса кантер экен?
– Булчу, бул кыз бала эмес бекен?- деди Мариям кызын көтөрө берип.
– Билбейм. Айтор, көп нерсени ойлончу болдум. Өткөндө Аскаттын мүрзөсүнө барып, Бегимайды жолуктурдум. Байкуш келинге боорум ачыды. Уулун ээрчите келиптир, анын аты да Аскат экен. Анан Азирет келип калды. Ай, байбиче, уулуң алигиче ал кызды унутпаптыр. Дагы бир нерсенин ичинен чыгат го бул турушу менен. Байкуш кыз эми өз жашоосун эптеп келе жатканда дагы жүрөгүн оорутпаса экен деп ойлодум. Дагы далай нерселер бар го экөөнүн ортосунда...- деп барып токтоп калды.
– Эмне бар болушу мүмкүн? 
Аскар үн катпады. Ошол убактарда ден соолугу начарлап, ооруканага жатып калды. Байбичеси кеткенден кийин Бегимайга чалып, келип кетүүсүн өтүндү. Бегимай баш тарта албайт эле. Уулун бала багуучусуна табыштап коюп, ошол күнү ооруканага келди. Аскар бөлмөгө кирип келген Бегимайды көрүп, ордунан тура калды.
– Кандайсың, кызым?
– Жакшы, Аскар агай, ден соолугуңуз жакшыбы?
– Дурус эле.
Экөө ээрчише оорукананын бакчасына чыгышты. Жай тириликти сурашып бүткөн соң Аскар андан ары сөз улай албай токтоп калды. Кантип сурайт? Ансыз да көңүлү жаралуу немеден “балаң кимден?” деп сураш адамгерчиликпи? Сурабай коёюн десе, ичи жарылып кетчүдөй. Акыры бар күчүн жыйнап:
– Кызым, мен сени өз кызымдай көрөм. Ойлобо, сени күнөөлөйт деп... Бирок уулуңду көргөндөн бери жүрөгүмө бир күдүк түшүп калды. Жанымды жай алдырбаган да ошол,- деди
– Ыя? Эмне тууралуу айтып жатасыз?!
– Мен, өзүң билесиң, Аскатты апасы жок өстүргөм. Ар бир кыймылы, ар бир жоругу көз алдымда. Сенин уулуңдан мен өз баламды көргөндөй болдум. Ошондон бери тынчый албайм. Бегимай, кызым, жаман ойлой көрбө. Болгону, мен чындыкты билгим келет... Бала... сенин уулуң... бизге... Азиретке тиешеси барбы?
Бегимай жонуна кимдир бирөө камчы менен тартып жибергендей ыргып турду. Ачуусунан туттугуп кетти. Бул суроого даяр эмес эле. Түпкүрдүн түбүнө каттым деген сыры булт эте ачылганына жаны кашайып кетти.
– Сиз эмне деп жатасыз? Кантип мага бул суроону бергенге дитиңиз барды? Аскат... Жок, албетте, жок! Андай болушу мүмкүн эмес.
Аскар андан көзүн албай тигилип турду да, жай башын чайкады.
– Болуптур, мен өзүмдүн суроомо жооп алдым,- деди ал күрсүнө. Анан акырын туруп, палатасына жөнөмөй болду. Ошол кезде шалдайып турган Бегимай анын узап баратканын көрүп, кыйкырып жиберди.
–  Сиз кайда кетип баратасыз? Токтоңуз, сизге чындык керекпи, мен баарын айтып берем! Мен дагы кыйналдым. Мындан ары чыдай албайм!- деди жаш аралаш.
Аскар токтоп, артына кылчайды. Жүзүнөн салаалап жаш агып турган келинди аяды. Жанына келди да, кучактай берди. Бир аздан кийин Бегимай жашын сүртө ордунан турду.
– Кетесиңби?
– Кетейин.
– Жакшы бар, кызым.
– Билесизби, бир чети сиздин бул сырды билгениңизге кубандым. Жок дегенде бир адамга келип айтам эми. Жок дегенде бир адамдын жардамына, кеңешине таяна алам. Бирок эч качан, эч убакта сизден башка жан билбесин. Айрыкча Азирет билбесин. Анын азыр үй-бүлөсү бар. Алина экөөнүн үй-бүлөсүнө залакам тийип калбасын. Сиз мага убада бердиңиз. Сизге айтпай деле койсом болмок. Бирок кыйналып кеттим. Бул сыр мени тумчуктуруп жиберди.
– Мен берген убадамды унутпайм. Рахмат, кызым, мени атаңдай көргөнүңө рахмат. Мен дагы сенин тагдырыңа жооптуу сезем өзүмдү. Анткени Аскат экөөңдүн сезимиңер менин көз алдымда жаралган. Уулумдун мага айткан биринчи сыры Бегимай деген кыз болчу. Бир күнү сага белек жасайм деп түнү менен уктаган эмес. Ошонун баары көз алдымда. Менин көз алдымда бактыңар да урады.
– Аскар агай, Азирет Аскатка окшош эмес, ээ? Жер менен асмандай айырмасы бар. Бирок баары бир окшош...- деген Бегимай дагы бир нерселерди эркинен тыш айтып жибере жаздап токтоду.
– Туура байкапсың, экөө эки башка адам. Бирок баары бир окшош да мүнөздөрү бар,- деди Аскар улутуна.
– Азирет бактылуубу?
– Бакыт деген эмне, айланайын? Ал – эми жетем деген сайын колуңдан чыгып кетчү нерсе, аны кубалаштын кереги жок. Азиреттин жакшынакай келинчеги, кызы бар. Сезсе ошол деле бакыт.
– Кечирип коюңуз.
– Сен мени кечир.
– Мурат экөөбүз дагы келип кетебиз.
– Макул, кызым, жакшы бар...   

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
evgeniya
2012-10-08 12:18:21
коойгулачы кантип авария болот ,эч ким олбосо керек!
0
ayzatushka
2012-10-08 14:40:54
Оой эми эмне болор экен?коптон эле жазгылачы?
0
ikitaidesu
2012-10-08 15:08:53
ааииии авария болбосо экен. Аяагы жакшылык менен бутсо экен.
0
aysu.ch92
2012-10-08 15:22:13
Oo kudai emi emne bolot? Jurogum jarylyp olot okwoim.
0
Baktyluumun
2012-10-08 16:21:35
Uwul 4ygarma a9bai jagatda. Kutup jurup okuim.
0
Aisi-orhidey
2012-10-08 17:05:57
авария болбойт. Чыгарманын ортосунда Аскат мн Айданектин суйуусу жонундо айтылган. Ошондо 2 уй-було дос болуп калышса керек. Менимче бул чыгарманы профи жазган эмес, окуп жатып кийинки аракеттерди билип алууга болот.
0
subaruchan
2012-10-09 11:11:56
Aisi-orhidey, кайсы ортосунда? эки уй було азыр деле типа дос, бирок ары жагы кайнап атпайбы... чыгарма жакшы. профи жаздыбы же башка жаздыбы... чындык аралашкан чыгарма экенин айтып кетишкен, коробуз да кийинкилерин окуп.
0
kyrgyzstan.777
2012-10-09 16:26:24
аябай кызып барататко дагын бир жума кутуш керек
0
maya666
2012-10-09 16:37:05
Деги ушул чыгарманын моралы эмнеде экенин тушунбой койдум? Болгону дагы бир бай манаптын балдарынын кутурган жашоосу жонундо жазылган!

0
Aisi-orhidey
2012-10-09 17:40:29
subaruchan Азирет
менен Бегимай
өздөрүнүн гана сүйүүсү
эле эмес, балдарынын
чиеленишкен
тагдырларын чечкенге
мажбур болушат. 506 сан.
+1
subaruchan
2012-10-11 10:52:05
Aisi-orhidey, тушунуктуу...
в общем жакын арада бутпой тургандай. .


0
Ulanbek1992
2012-10-09 18:00:18
Дагы бир жума, супер инфо кийинки санына баарын эле жазып койгулачыыыыыыы??? Бирок кызык жерине келип бутту))))
0
SladkoEshka
2012-10-10 17:57:26
teezireek kiyinki sany chyksa jakshy bolmok(*
0
Kroxa
2012-10-12 12:32:47
тагдырлар кандай табышмак...
0
samat94
2012-10-14 05:31:59
айагы жакшы менен бутоор бекен а
0
koky85
2012-10-14 16:38:03
мен китептин темасын окуп эле тушуном.Айтпай эле коеюн э аягын кандай бутушун силерге кызыксыз болуп калат
0
Meder-88
2012-10-18 23:46:37
ox. Tagdyrdyn tamawasy
0
№ 518, 5-11-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан