КРнын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиевди ырчы, мамлекеттик кызматкер катары жакшы тааныйбыз. Бирок ал үйдө кандай ата? Бул суроого уулу Хан-Бото жооп берсин. Бек мырзанын улуу баласы Хан-Бото менен маектешкенибизде сүйлөгөн сөзүнөн тарта мүнөзүнө чейин атасына окшош экенин баамдадым.
– Кандайсың, Хан-Бото? Мүнөзүң атаңа окшош го, ээ?
– Ооба, мүнөзүмдү да, келбетимди да окшоштурушат.
– Атаң сени эркелетеби?
– Жок. Мен улуу баласы болгондуктанбы, мага караганда иним менен карындашымды көп эркелетет. Кичине кезимде эркелеткенин деле эстей албайм. Анын үстүнө атам андайды жаман көрөт. Мага кээде «кийин балаңды көп эркелетпе» деген кеңешин айтып калат.
– Көп кеңешип, сырдашасыңарбы?
– Керектүү учурда акылын айтат. Кыздар жөнүндө гана кеңеш сурабайм, калган учурларда кайрыла берем. Экөөбүз көбүнчө чогуу шоппингге барабыз. Чындыгында, кийим тандоо жактан атамдын «вкусу реальный».
– Бек Борбиев деген ысым сенин жашооңо кандай таасир берет?
– Көбүнчө терс таасир берет. Мисалы, көпчүлүк кыздар мага Бектин баласы болгонум үчүн тийишип, жабыша беришет. Мен андай кыздар менен сүйлөшкүм келбейт. Өзүмдүн сүйлөшүп жүргөн кызым бар. Кээде МАИ кызматкерлери токтотуп калышса, «сен Бектин баласы турбайсыңбы, ырдап берчи...» дешет. Андай абалда да өзүмдү ыңгайсыз сезем. Кыскасы, атамдын атын пайдалануудан алысмын.
– Келбет, мүнөз жактан атаңды тартыптырсың, ырчылык жактанчы?
– Ырчылык талант менде жок. Көпчүлүктүн көзүнчө ырдабайм дагы. Кээде гана машинада баратканда музыка коюп алып кошулуп ырдап калганым болбосо.
– Атаңдын чыгармачылыгын баалаарыңда шек жок. Бирок «Уулуң мага окшогон» деген сыяктуу ырларына кандай карайсың?
– Ал чыгармачылык да, үйдө атамдын ырлары жөнүндө сөз деле кылбайбыз.
– Бек Борбиевди таланттуу ырчы, обончу катары билебиз. Үйдө кандай ата?
– Атамды тартипке катуу дегендерге кошулам, бирок дайыма эле эмес. Кээде үйдө биз менен ойноп, тамашалашып калат. Мени эркек катары жакшы түшүнөт. Апам урушуп жатса, мага болушуп, калыс сөзүн айтат. Ачуусуна тийсең, анда, албетте... Бир жолу 4-класста болсо керек эле, бир жумада күндөлүгүмө 3 жолу «2» алып келип аябай катуу уруш жегем, 2-3 жолу чаап да калган. Бул нерсе кийин мага оң таасирин берип, жакшы окуп калдым. Атам мага чын дилинен көп нерселерди үйрөтөт. Айылга барганда дайыма чогуу аң уулоого чыгабыз. Жайкысын балык кармаганга барабыз. Биринчи жолу 5-классымда мылтык атканды үйрөткөн.
– Өзүң жөнүндө да кыскача айта кетсең...
– 1992-жылы 25-майда төрөлгөм. Учурда Бишкектеги Юридикалык академиянын сот-прокурордук факультетинде 3-курста окуйм. Келечекте, буюрса, элге кызмат кылгым келет.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg