Баарыбыз көп акчалуу болуп, бакубаттуулукта жашагыбыз келет. Бирок, акчаны кантип табыш керек дегенде башыбыз маң. Учурда Канадалык 8 жашар Райан Росс миллионер аталып, дүйнө элинин көңүл чордонунда.
Райан Росс 3 жашында үйүнүн короосунда 60 тоок багып, чакан ферма ачат. Ал жумуртканын он даанасын 3 долларга сатып, күнүнө 15 доллардан киреше таба баштайт. Андан сырткары шаардагы газондорду кыркып 20 доллардан киреше тапчу. Райан кийин газон кестирүүгө өзүнөн уулу балдарды таап, аларга 15 долларын берсе, өзү иштебесе дагы 5 долларын алчу. Кийин газон кыркуудан аны сугарууга өтүп, кардардан күнүнө 200 доллардан ала баштайт. 100 долларын өзүнө алып калса, 100 долларын жумушчусуна берчү. Бул идеянын баары кичинекей Райанга таандык. Тапканын турак-жай сатып алууга жумшаган. Азыр анын 8 жашта экенине карабай 6 имараты бар. Ошондой эле акчасына үй-бүлөсү үчүн баскетбол, хоккей аянтчасын куруп берип, 4 миң китеп сатып алган. Таң калычтуусу ушул күнгө чейин ал уюлдук телефон менен эч колдонбойт жана сатып алууну да ойлонгон эмес. Райандын азыр 4 бизнес долбоору бар. Анын жеке байлыгы учурда 900 миң АКШ долларына бааланат.
P.S. Урматтуу ата-эне, сиздин балаңыз да миллионер боло алабы? Кантип акча тапса болот экенин балаңыздан сурап көрүңүз. Балаңыз менен ачык сүйлөшүп, анын ой-пикирин угуп көрүп. Балким, сиз жалгыз бизнес баштай албай жатсаңыз, балаңыздын ой-пикири жардамга келер...
Айдай Асанбекова
koom@super.kg