КЫРГЫЗ ОЮУСУ ТҮШҮРҮЛГӨН БУТ КИЙИМДЕР

Эл арасында канчалаган өнөр ээлери бар. Макалабызда өтүкчү Мухаммед Али мырзанын эмгектери жөнүндө сөз болмокчу. Тактап айтканда, өтүкчү кыргыздын оюусун түшүрүп, эзелки доорлорду, ата-бабаларды эске салган кыргыз бут кийимдерин чыгарып баштады. Алардын кантип жасалары баарыбызды кызыктырса керек. Мына ушунун баарын өз көзүңүз менен көрүп, үйрөнүп да алсаңыз болот.

Өтүкчү Мухаммед Али Абдырахман уулу:
«МИГРАНТТЫК МЕНИН БАШЫМДАН ДА ӨТТҮ»
Эл арасында «өнөрчүлүк – атанын ка­­­­нынан, эненин сүтү­нөн» деген сөз бар. Атам ат жабдыктарын жасаган уста болсо, апам узчулугу менен эл оозуна алынган аял болгон. Менимче, ошолордон жукса керек. Өзүмдүн деле талантым, аракетим бар болчу. Орто жерден элге ко­шулуп мигрант болуп Орусияга барып, кара жумушта иштедим. Бирок башка жерде жашоо кыйын экен. Ошондо өз жериме эле барып, өзүмдүн кекиртегиме жеткидей да, элиме пайдам тийгидей да бир иш кылбасам болбойт деп баса бергем. Келерим менен бут кийим чыгаруу идеямды ишке ашырууга белсендим.

«БУТ КИЙИМИҢДИ АРТИСТТЕР ЭЛЕ КИЙБЕСЕ...»
Бирөөлөрдөн «орус­тар­дын бут кийим чыгаруучу цехтери бар» дегенди угуп, «бут кийимди кантип, эмнеден жасашат болду экен? Үйрөнүп алсам...» деген ой менен баргам. Эмнеге келгенимди сурашканда, «бут кийим заказ кылайын дедим эле» деп койчумун. Акчам жок болгондуктан, тигилерде жок бут кийимди айтып кутулар элем. Ошентип улам ар башка цехтерди кыдырып маалымат топтоп жүрүп, акыры Кыргызстанга келип, ишке кириштим.
350 гана сомум бар эле, ошого бир жуп бут кийим чыккыдай материал алдым да, кыргыздын оюусун түшүрүп, бутка илип алма бут кийим жасадым. Сатайын деп аны базарга алып чыксам, «муну артисттер эле кийбесе...» деп эч ким албай койду. Сатуучуларга «сатып бериңиз» десем, алар да ынабай коюшту. Бирок буга кайгырган жокмун. «Муну мекенчил кыргыз көрбөй калды. Көрсө, сөзсүз алмак» деп өзүмдү жоошуттум да, колума көтөрүп базар аралап сатып, кийин да бирин-экин өткөрүп жүрдүм.
Анан үстү жабык бут кийимдерди чыгарууга өттүм. Ачыгын айтыш керек, үлгүсүн жасай албай бир топ түйшөлдүм. Орустардан алайын десем, кымбат. Анан бир бут кийимди сатып келдим да, сөгүп, ошого окшоштуруп жасоого аракет кылдым. Бирок улам жасасам эле туура эмес болуп калат. Өжөр экенмин, чыгым болгонума карабай кайра-кайра жасадым. Акыры жыйынтыгы жемиштүү болуп, баары оюмдагыдай болду. Ошондон тарта түрдүү үлгүлөрдү чийип, өлчөмдөрү менен бут кийим жасай баштадым.

«БУЛ ИШ БАШКАЛАРДЫН ДА КОЛУНАН КЕЛЕТ»
Кыргыз элинин кур­сагын тойгузуп, кийимин бүтөмөйүнчө мигрант болуп кете берет. Өкүнүчтүүсү, бири-биринин кийгенин, айдап жүргөн автоунаасын көрүп атаандашып жатышат. Жакшы кийим кымбат болгондуктан, жетпегени башкалардай кымбат көрүнгөн кийим алам деп секонд-хендден алышат. Ошого биз, кыргыз жигиттери, намыстанышыбыз керек. Эч качан бирөөнүн кийген кийимин кийбешибиз керек.
Өзүм бир телеканалдын журналистика академиясын окуп бүтүргөм. Аз эле иштедим. Көп сүйлөй бербей, элге ишим менен пайдам тийсе экен деп ушул кесипке өтүп кеттим. Бул иш башкалардын да колунан келерине ишенем, себеби элде көп идея бар. Жер-жерлерге цех ачсак, андан түшкөн каражатты ошол жергиликтүү элге комбайн болобу, трактор болобу, айтор, керектүү техникаларды сатып алууга жумшасак деген тилектемин. Биз бири-бирибизди көтөргөнгө умтулушубуз керек. Анткени Кытай деле ушинтип өнүгүп келе жатат. Бири-бирибизден акча талап кылбай, акысыз үйрөтүп, аракет кылсак, биз да ар бир короодон эле телевизор, магнитофон чыгарып калабыз.

БУТ КИЙИМГЕ КАМ КӨРҮҮ
Замша бут кийими

  • Жаңы сатып алганда замша бут кийимдери көп кирдебеш үчүн нымдан жана кирден сактай турган атайын каражатты (спрей) сүйкөп коюу керек.
  • Суу болуп, кирдеп калса, алгач кургатып алып, андан соң щётка менен үстүнкү чаңдарын сүртүп тазалаңыз. Так калып калган жерлерин атайын тазалоочу резинка (липучка) менен тазалоо керек. Эгер андай резинка таппасаңыз, кадимки өчүргүчтү колдонсоңуз болот.
  • Аябай кирдеп калса, самындуу жылуу сууга нашатырь спиртин кошуп, щётка менен жууңуз
    (1 кашык нашатырь спиртине 5 кашык суу). Андан кийин муздак суу менен тазалап, бетинде түгү жок кездемеге ороп кургатыңыз. Бул анын түктөрүнүн баштагы калыбына келишине жардам берет.
  • Май тактарды кетирүү үчүн бензин менен тазаласа болот.

Тери бут кийими

  • Жаңы бут кийимди дароо крем менен майлап, кургатып алуу керек.
  • Суу болуп калса, өтө ысык эмес температурада кургатуу керек. Болбосо тери катып калат.
  • Эгер бут кийим кургаганда катып калса, аны керосин менен сүртүп, андан соң өтүк май менен майлап коюңуз.
  • Суу тийип калган жердеги тактарга вазелин сүйкөп 6-7 саат тыныктырыңыз да, андан кийин тазалап, крем сүйкөңүз.
  • Саргыч түстөгү тери бут кийимди тазалоо үчүн лимон ширесине нымдалган чүпүрөктү пайдалансаңыз болот.
  • Жалтырап туруш үчүн лимондун кесими менен сүртүп, артынан чүпүрөк менен жылмалап чыгыңыз.

ӨТҮКЧҮНҮН БУТ КИЙИМ ЖАСООДОГУ ИШ ТАРТИБИ

СӨЗ СОҢУНДА...
Мухаммед Али мырза мындай бут кийимдерин «Ош базарында» сатыкка чыгарып, жан багып жатыптыр. Жазгы, күзгү бут кийимдердин өздүк баасына кеткен чыгым 1200 сомго чейин, кышкылардыкы 2000 сомго жетет. Сатыктагы баасы Кытайдын бут кийимдерине коюлган баадай эле жазгы, күзгү бут кийимдер 1500 сомдон болсо, кышкылары 2500 сомдон. «Ушунча убара тарткандан көрө «Дордойдон» Кытайдын бут кийимин дүңүнөн алып, үстүнө кошуп сатсам деле ушунча пайда тапмакмын. Бирок биздин өлкөдө да бут кийим өндүрүшү өнүксө деген тилегим алып-сатмай ойлордон сактап келе жатат»,- дейт өнөр ээси.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кыргыз оюусу түшүрүлгөн бут кийимдер
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
Begim8678
2012-11-13 13:42:21
Азамат байке, баарыбызга улгу болуп жатасыз.
0
Rostov-on-Don
2012-11-13 19:18:56
Азаматсыз ушундай кыйынчылык,туйшуктуу,сапаттуу экен бир аз кымбатыраак сатсаныз жакшы болмок.Мага аябай жакты.
0
Rostov-on-Don
2012-11-13 19:20:40
Колго тигилген бут кийимдер аябай бышык болот.Бул бут кийимдер западда аябай кымбат сатылат.
0
Anisaydan
2012-11-13 19:27:08
Ишинизге ийгилик!!!
Азаматсыз!
0
spinkub
2012-11-13 22:40:16
Бишкеке барсам эле алам буюрса.Ийгилик!!!
0
Mirza-Ake
2012-11-14 01:09:44
каерден табам,Орусияга алдыртайын.
0
Danijarov
2012-11-14 05:12:14
Ош базарынын кайсыл жеринен тапсак болот бул байкенин бут кийимдерин маалымат берип койсонуздар
0
dani.1983
2012-11-14 18:43:49
Ишинизге ийгилик, Аллах ыраазы болсун.
0
Light
2012-11-15 13:37:05
wow super,Kyrghyzstanga kelgende sozsuz zakaz berem.kaydan baylanishsak bolot?
0
aidka-07
2012-11-15 14:04:01
Ишинизге ийгилик! Жогоруда айтылганга кошулам, абдан туйшуктуу жумуш, менин кесибим кожа, мех, бут кийим боюнча. Кымбатыраак сатсаныз жакшы болмок, оборудованияларынызды жаныртып, коп дагы жакшы бут кийим чыгармаксыз. Оркундой бериниз!
0
Meris
2012-11-15 17:00:07
Osh bazardan kozumo urunup baasyn surabapmun kymbat go - Talantynyzga -kayratynyzga- patriottunuzga rakhmat -
0
Oimo
2012-11-16 15:27:37
Азаматсын байке! Сиздин жумушунуз кыйын ,ал эми баасы арзан болуп калыптыр.Кыйын дегенимдин себеби: Менда озумдун бут гийимиме оймо салып гийип журом ,ото коп мээнет мн жасагам.Мен Россияда болгондуктан бул жасаганымды бир эле кыргыздар эмес Кыргызстандык орусстар да бул буттумдагы оймону коруп сыймыктанышат!!Бул менин мээнетим ))[mod]
0
7_sky92
2012-11-18 02:09:19
Owton tapsa bolobu?
0
Ulan Taalaibek
2012-11-18 03:21:58
Азамат экен. Ушундай потриоттор абдан кубандырат! Чыныгы потриоттор озунун олкосуно салымын кошот. Бул мени абдан кубандырды! Калганы алуучуларда го. Арзан деп кытай-мытай кылбай, ушундан алышса жакшы болот. Бизнес да жакшы болот. Оборудование да алат. Кенейтип чон фабрика болот дегендей.... Мен да алгым келип жатат... Москвага да келеби андай бут-кийимдер? Жакшы болмок озубуздун кыргыздарга экспорт кылып турса.
0
Kamolovna
2015-02-27 21:06:43
Ушу бут кийимдерди кайдан тапсак болот? Азыркы кундо деле ошол базарда болду бекен? Супер инфо сиздерде маалымат барбы ушул жонундо?
0
№ 523, 9-15-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан