Үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрь күнү Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында төбө чачты тик тургузган окуя болду. Айылдын тургуну Автандил Раматов мас абалында эки жашар баласын сабап, бычак сайган. Бир нече жеринен жараат алган наристе ооруканада эсине келе албай жатып жан берди.
«КЕЛИНИМ КЕЛСЕ, БОСОГОДО КАНГА БОЁЛГОН НЕБЕРЕМ ЖАТКАН ЭКЕН»
«Эки жарым жаштагы ымыркайды бычактап, мыкаачылык кылган ата эмне себептен мындай жолго барды?..» деген бүдөмүк ойлор менен Барскоон айылына сапар алдык. Каза болгон наристенин энесинин бирөөлөр менен сүйлөшүүгө чамасы жок эле. Андыктан чоң энеси Аяткан Сейдакматова төмөнкүлөрдү билдирди:
– Автандил кез-кезде ичимдик ичип койчу. Бирок үй-бүлөгө камкор ата эле. Тун уулу беш жашта, экинчиси Талант 2 жашта болчу. Келиним кош бойлуу, ай-күнүнө жетип калды. Окуя болгон күнү келиним ооруканага ден соолугун текшертүү үчүн кетип, үйдө эки неберем менен балам калыптыр. Үйгө бирөөлөр келип, Автандил алар менен чогуу ичимдик ичип, анан урушуп кетишиптир. Жинденип турган убакта баласы урушкан кишисине окшоп көрүнгөнбү, айтор, Автандил баласын бычак менен ичине сайып салыптыр. Келиним ооруканадан келсе эле босогодо канга боёлгон неберем жаткан экен. Алдынан улуу баласы чуркап чыгып, «апа, Талант өлүп жатат» деп айтып ыйлаганда, Аида дароо абысынына телефон чалып чакырып, туугандар менен чогуу ооруканага алып барышыптыр. Бул үй-бүлөгө башкалар суктанчу эле, эмне себептен мындай окуя болуп кеткендигине түшүнө албай турам.
«МЫНДАЙ ОКУЯНЫ БИРИНЧИ ЖОЛУ КӨРҮШҮМ»
Жети-Өгүз райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн дарыгери Темирбек Тикибаев буларга токтолду:
– 5-ноябрь күнү кечки саат 17:30да телефон аркылуу «бычак сайылган адам ооруканага бара жатат, даярдык көргүлө» деген маалымат түштү. Дароо эле бейтапка керектелүүчү нерселерди камдоого өттүк. Аңгыча эле ичеги-карыны чубалган наристени көтөрүп келип калышты. Мен ооруканада көп жыл иштесем да, мындай окуя биринчи жолу катталууда. Кичинекей наристе мынчалык кимге зыян келтирди экен деп таң калдым. Бычак баланын ичине сайылып, жүрөгүнө бир аз гана жетпей калган. Медициналык тил менен айтканда, атасы уулун «вскрытие» кылган. Колдорунда да бычактын тактары бар экен. Ошондой эле башына дагы катуу сокку урулуптур. Наристеге операция жасалганы менен, тилекке каршы, бир күндөн соң каза болуп калды. Колубуздан келген аракетти кылдык, бирок баланын өмүрүн сактап кала албадык.
Өз баласын бычактаган Автандил Раматов учурда Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында. Бул ишти тергеп жаткан Жети-Өгүз РИИБинин ага тергөөчүсү Талантбек Ашымалиев төмөнкүлөрдү билдирди:
– Барскоон айылына караштуу Көк-Ой жаңы конушунун тургуну 1974-жылы туулган Раматов Автандил спирт ичимдигин ичип, мас абалында өз баласы Карыбаев Талантты уруп-сабап, бычак менен сайгандыктан, ал бир күндөн соң каза болгон. Бул кылмыш боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Бул сыяктуу окуяларды мурда кинотасмалардан гана көрүп жүрсөк, бүгүнкү күндө жагымсыз жорук жаныбызда болуп жаткандыгы өкүнүчтүү. Ичимдикти деле адам баласы ойлоп тапкан. Бирок мындай өмүрлөргө залал келтирүү максатында эмес. Ден соолукка пайда келтирүү максатында. Ичимдикти жөн-жайы, чеги менен ичүүнү билбеген адамдар, андан баш тартып эле салгылачы! Көп кырсык, кылмыштардан арылар белек, ушундай кылсак?..
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg