Шаардык депутат Шайлообек Атазов:«МЕН КЫЛМЫШ КЫЛГАНСЫП МАИЧИЛЕР КЫСЫП ТОКТОТУШТУ»

16-ноябрь күнү ИИМдин Жол көзөмөлдөө кызматынын башчысы Талантбек Исаев бир канча кызматкери менен Ош шаарына келип, жол кыймылына рейд жүргүзгөн эле. Ошол учурда Ош шаардык кеңешинин депутаты Шайлообек Атазовдун арткы номери жок унаасы менен МАИ кызматкерлерине туш болгон видео интернет булактарына тараган. Анда анын «мен депутатмын» деген сөздөрдү айтып оройлонгонун көрүүгө болот. Шаардык депутаттын мындай кадамга барганына Ош шаарынын элинде «бул монтаж», «монтаж эмес» дегендей бир топ талаш-тартыш пайда болду. Ушул себептен Шайлообек Атазов менен маек курууну туура көрдүк.

– Шайлообек мырза, сиздин МАИ кызматкерлерине кылган мамилеңиз интернет-сайттарга тарап кетти. Бул боюнча эмнелерди айта аласыз?
– Ал видео боюнча актангансып эч нерсе айткым келген эмес. Видеодо мени жаманатты кылгысы келгени билинип турат. Мен бокс боюнча Кыргызстандын желегин дүйнөгө 3 жолу көтөргөн адаммын. Шаардык эмес, Жогорку Кеңешке депутат болсом да, кызматымдан пайдаланып мыйзам бузбайм. Рейд учурунда жамгыр жаап, жумуш да абдан көп болуп, ары-бери чуркап жүргөм. Машинамдын арткы номери шалкылдап бошоп калыптыр, жулуп алып багажга салганыма аз эле убакыт болгон.

– Сиздин сүйлөгөнүңүз видеого күбө болгон ар бир адамдын кыжырын келтирүүдө...
– Ооба, менин ордумда башка адам болгондо деле ошондой түр көрсөтмөк. Себеби МАИ кызматкерлери бирөөнү өлтүрүп качып бараткан адамды куугансып артымдан келип, жолдун четине кысып токтотконуна кимдин жини келбесин?! Анан да өзүн тааныштыруунун ордуна телефонунун камерасын жандырып алып кекетип жатат. МАИ кызматкериби, башкабы, биринчи өзүн тааныштырып, адамча сүйлөшү керек да. Алардын кылган мамилесинен улам өзүмдү кылмышкер катары көрүп кеттим.
Ал жигит менин кай жерде иштээримди сурабаганда, депутат экенимди айтмак да эмесмин. Кай жерде иштээримди билип туруп атайын сураган экен. Эгер өздөрү жакшы, таза иштешкен болсо, мынчалык ачуум келмек эмес. Бир видео менен ар-намысыма шек келтирип жаткан ошол сержантка жиним келип жатат. Мекеним үчүн кылган эмгегимди болбогон бир видеосу менен булгаганы үчүн ал жооп берет. Мен жакында Бишкекке ошол сержант менен жигитче сүйлөшүп келүүгө барам. Теңелбейин дегем, бирок видеону кыркып, мен жаман көрүнө турган жерлерди гана интернетке жайыптыр. Бул деген туура эмес.

– Депутат катары айтсаңыз, кызматына жамынып алып мыйзам бузган чиновниктерге кандай карайсыз?
– Кызматына жамынган чиновникке караганда, жакын чиновниктерине таянып мыйзам бузган кызматкерлер көп. Ошол рейдге күбө болгон жигиттерден уктум, рейд учурунда айнегин караңгылатып алган бажы кызматкеринин баласын кармашкан экен, аны тартып жаткан аймактык «Башат» телеканалынын операторун түртүп жыгып кетишиптир. Мына ушундай чиновник аталарына таянган балдар, кызматкерлер көп. Эмне үчүн ошого окшогондорду тартып, интернетке беришпейт? Шалактап, түшөйүн деп калган номерди багажга салып койгонум күнөөбү? Алдыңкы номер жайында эле турат, техпаспорт, айдоочулук күбөлүгүм да өз жайында. Ошондо тигиге «мыкты иштесең, баңгизат, курал ташыган машиналарды кармачы. Ошондо көрүнсүн сенин жумушуң. Бул кылыгың үчүн сотко берсем болот, бирок сага теңелбейм, иним» деп кетип калгам.

– Буга чейин жол эрежесин бузуп кармалган белеңиз?
– Кур такпай калып түшкөн күндөрүм болгон. Ал эми чоң ката кетирген эмесмин.

 Кыстарылган видео 
Шаардык кеңештин депутатынын жоругу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (44)
Buma
2012-12-05 00:51:40
hee deputat bolso ele dokumentin korgozbosh kerekbi? Biz baarybyz deputat bolobu, studentbi, bomj bolobu zakondun aldynda tenbiz... Dokumentin suragandan kiyin kyrgyz eline PRIMER bolip, siy turundo korgozboibu, tim ele ubaktym jok dokument korgozgogo deit go, ozun asmandagy jyldyz anan da "vse mogushij" sezip alyptyr go!!! Munu kim Deputat kylyp shailap jatat bilbeim. Ushundai bilimi jok aroganttar kyrgyzdy arka suirop jatat da !!!! ushu adamdy ushundai sokkum kelip jatat :)
0
Kenzhe_007
2012-12-05 02:49:42
Ar bir aidoochu jol erejesin I zakondu jakshy bilse leee problema chykpayt bolchuuu! Mai kyzmatkerler ozunun ishin kilat daaa...
0
azat001
2012-12-05 03:38:28
Uwul vedionu kaysil saittan korsom bolot tuugandar?
0
Emine
2012-12-05 08:21:22
Депутаты озун президент сезип, сержанты озун генерал сезип алышкан окшойт да. Озун айткандай ким билет сержанттын таянган бироосу бар чыгар ЖКда,ошон учун видеону интернетке жуктоп койду!Так что оба молчите! Потому что вы оба нарушили закон!
+1
Beksultan01
2012-12-05 09:02:53
Укук баарына бирдей го!? Же депуттатар ашыкча укук менен жаралганбы?
0
turidiablo
2012-12-05 19:56:07
Beksultan01, туура айтасын. Сенин созуно кошулам
0
Kubanych_Sydykov
2012-12-05 11:14:31
aМыйзамдын алдыдан баары бирдей болууга тийиш. Кыргызстандын желегин которгон адаммын деп милдет кылган жигитчиликке жатпаса керек. Мыйзамды буздубу, куноосун мойну менен тартсын. Сержант азамат!!!
0
uchkunbek
2012-12-05 13:53:58
Сержанттыкы туура эмес токттоттубу келип чесить берип эмнеге токтотконун тушундуруш керек нарушениясын атйыш керек анан документин сураш керек жумушун так билбеген сержант окшойт
0
Tynka
2012-12-05 16:20:23
Жол эрежесин бузбасанда кармайт МАИчилер айыпты чукулап табып акча алам дейт таза иштеген МАИчи жок
0
marshal1986
2012-12-05 18:56:54
эн туура айтасын ГАИлерди тазалап башкаларды койуш керек. булардын баары акча учун иштейт таза иштегени болсо Кыргызстан боюнча 2 кызматкер болушу мумкун
0
Kenzhe_007
2012-12-05 19:15:30
marshal1986, kaisy bashkalardy koyush kerek? Antpey leee elder ozdorunun ukugun i jol erejesin bilishse leee....
0
mikinookat
2012-12-06 11:29:05
jany GAI kelse dele akcha alat baary birdei negizi alar jok bolso olkodo olum kop bolot
0
kurguz...
2012-12-06 12:42:31
Акчалуулар бирин бирин тытып жесин!
Биз андай мындай дегенден еч кандай далалат чыкпайт.
Козу кыйшык мурду бок болсода амалдуулар суйлосун.
0
deputat1
2012-12-07 01:45:06
бизде маинин баары блатной болуп кетишкенда, таанышын же акчан жок болсо жол болсунда аларга, мен деле отпогон кызылдан оттун деп штраф тологон учурларым болгон. Пара албаган маи жок деп 99% айтууга болот!
0
alika.li
2012-12-08 00:37:37
10 мин айлыка жашап,балдарынды багып,укпаган созду угуп,ысык-суукта иштеп канчалык бир денгеелде жол эрежесин сактап,анча мынча алса алып иштеп жургондоруно рахмат десенер.Алар болбосо беспредел болуп кетпейби.Ушундан тажап МАИден кетип калганы канча,анын ордуна келгени "кайдан келдим экен"деп кейийт.Ушундай неблагодарный ит жумушка чыдаганына рахмат.Шайлообектей гонорнойлор бизде миндеп саналат,эркекче суйлошмок эмес-олтуром дегени канча.МАИ ордуна озунорду койуп карап корсонор кимдики туура?
0
tilekbek
2012-12-09 10:33:13
майчилер туура кылат президент болсо номери ьолуш керек
0
Akinaton
2012-12-09 15:24:48
Tiginiki tuura munuku tuura dei bersener talaw butpoit.Eki jak ten ozunun mildetin tak atkargan emes .
0
№ 526, 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан