ТАГДЫР ОЮНУ-2

(Башы өткөн сандарда)

– Макул, бирок сен тез эле келесиңби, апа?..
– Ооба, берекем.
Аскаттын уюлгуган капкара, тармал чачтарынан сылап жатып ошол түндү Бегимай уйкусуз өткөрдү. Чындыгында, уулунан ажырап калам деп такыр ойлобой, Азиретке ишенип жатты. «Ачуу үстүндө айтып жатат, баары бир 1-2 жылдан кийин кайра өзүмө берет» деди оюнда.
Эртеси Аскаттын кийимдерин жыйнап болуп, Мураттын бөлмөсүнө баш бакты.
– Бүгүн кандайсың?
– Өзгөрүү жок,- деди үшкүргөн Мурат.
– Мурат, Азирет шаарда, ал «жардам берем» деди. Сага бул тууралуу айтпай коёюн дегем. Бирок эрким жетпеди.
– Бема, Бемуль, сен ошол врачка барсам эле басып кетчүдөй болуп жатасың. Эгерде андай болбой калсачы? Сенин үмүтүңдү актай албай калам деп корком. Мага ушунчалык оор, минтип жатканымдан да сени кыйнаганымды билүү мен үчүн азап болду.
– Баары жакшы болот, басып кетесиң. Мен сенин минтип ара жолдо калышыңды каалабайм. Мен күчтүүмүн, билесиңби, ал күчтү кайдан таптым? Сен мага үлбүлдөп өчүп баратканымда, жар түбүндө чарасыз калганымда кол сунгансың. Мени күчтүү кылган сенсиң. Ошондуктан эми мен сен үчүн күчтүү болом.
Күйөөсүнүн төшүнө башын жөлөгөн Бегимай ушинтип айтты.
– Аскатты атасына берүүгө аргасызмын.
– Эмне-е?!
– Мурат, аз гана убакытка, сенин абалың бул, мен күнү кечке иштемин. Бала каралбай калды. Апам болсо го ага жөнөтөт элем. Атам жаш аялы менен алек. Сенин ата-энең бизге жардам бербейт.
– Демек, сен айтып койгон экенсиң да. Азиретке айттыңбы?
– Ооба. Башка айла таппадым. Кечир мени...
Мурат келинчегин биринчи жолу ушунчалык жат, суук көз караш менен карап алды. Көзүнүн кычыгына келген жашты күч менен токтотту да, боюнан оолактата берди.
– Мурат...
– Сен мага ушинтип жардам берем деп ойлодуңбу? Менин өмүрүмдү ушинтип узартам дедиңби? Жок, сен мени уулумдан, эң кымбат адамымдан ажыраттың.
Канчалык Бегимай түшүндүрүп далбастаган сайын Мураттын көз карашы муздай берди. Башын аста чайкады да, көзүн жумду. Ушул учурда Аскат кирип келди.
– Ата, апам экөөбүз бүгүн сейилдегенге барабыз. Сен кандай болуп калдың?
Балдыр тили менен ар дайым атасына эрмек болчу балакай. Эч бир адамга чоочуркап карабай, баарына жакын таанышындай тигилчү. Мурат баланы тиктеп турду да, башынан сылады. Атасынын түрүн көрүп бала кучактай калды.
– Ата, сен капа болбочу, мен тез эле келем.
Аскат бир нерселерди айтып жатты. Дайым кубаттап турчу атасы менен апасы урушуп кеткендей мостоюп турушканын түшүнө албады. Колун булгалап асма сумкасын көтөрүп чыгып бараткан Аскат атасына кылчайып карап, жубата күлүп койду. Мурат эт-жүрөгү эзилген боюнча кала берди.

ххх

Азирет уулун жетелеп келе жаткан Бегимайды көрүп, бир аз тиктеп турду да, чечкиндүү кадам таштады. Жүрөгү дүкүлдөп кабынан чыгып кетчүдөй.
– Саламатсызбы?
– Саламат, Аскат деген жигит сен экенсиң го, ээ?
Дирилдеген добушуна ээ боло албай турду. Ишенимдүү, ачык караган балакайдын көз карашынан эзилип кетти. Чөгөлөй калып бооруна кыса кучактап, баланын жыпар жытынан кана жыттап жатты.
– Уулум, менин уулум!
Бегимай ушул учурда гана эмне кылып жибергенин түшүндү. Азирет тирүү турса, эми бул баланы колунан чыгарбасын биле койду.
– Балам, бул – Азирет байкең. Сен атаң айыкканча ушул байкең менен болуп турасың. Атаң айыкканда эле мен тез барам...
– Макул. А сиз мени урушпайсызбы?- деди Азиретке тигиле.
– Жок, уулум. Мен сени эч качан урушпайм. Эми эч качан сенден бөлүнбөйм.
Бир-эки күн жанында болуп өзүнө көндүргөн Азирет эми жолго чыгар алдында. Аскат эзелтеден тааныш адамдай болуп тез эле көнүп кетти. Балакайдын тентектиги ушунчалык, аркасынан карап турбаса бир нерсенин ичинен чыгат. Азирет номеринде күндүз уктап калса, анын сакал алгычы менен чачын алып салган экен. Уйкудан көзүн ачары менен уулу ордунда жок экенин көргөн Азирет тура калды.
– Аскат! Аскоо, уулум, кайдасың?
– Мындамын,- күнөөлүү сүйлөгөн үн жуунуучу бөлмөдөн акырын чыкты.
– Ал жакта эмне кылып жатасың? Ач эшикти.
– Урушпасаң ачам.
– Болуптур, урушпайм.
Эшикти акырын ачкан Аскаттын башы тим эле ала телек. Чачын алам деп ойлогон ал бирде төбөсүнөн, бирде чыкыйынан баш аламан ала бериптир. Азирет эрксизден каткырып жиберди. Дегеле минтип көптөн бери күлбөгөн экен, бир топто барып эс алды. Дили тазарып, кандайдыр бир оор жүктү алып салгандай болуп көкүрөгү сергип калганын түшүндү.
– Аскат, эми эмне кылабыз?
– Апам урушат эми,- деди кабатырланган балакай.
– Эч нерсе эмес. Азыр баарын жайына келтиребиз.
Бегимай кечинде аларды мейманканада күтүп турган. Чачы алынып чуркап келе жаткан баласын көрүп жүрөгү кабынан чыгып кете жаздады.
– Сага эмне болду? Чачыңа эмне болду?- деди кучагына урунган баласынын жүзүнө тигилип.
– Бир аз кылмыш кылдык,- деди жайдары күлгөн Азирет.
Үчөө тамактанып отурушту. Бегимай көзүнүн кыйыгы менен Азиреттин жайдары жүзүн абайлай тиктеди. «Эмне мынча көңүлү ток?» деп алды жактырбай.
– Эртең жолго чыгабыз.
– Билем. Ошон үчүн келдим. Алинага болгон окуяны айтарсың дейм.
– Албетте, мен аялымдан эч нерсе жашырып көргөн эмесмин. Сенин күйөөңдөй эле мен да аялыма чексиз ишенем,- деди Азирет.
– Болуптур, мени жек көрүп жатасың. Бирок уулума таш боордугуңду көрсөтпө, Азирет. Балада эч күнөө жок.
– Эх, Бема, сен мени, чыныгы Азиретти билбейсиң. Уулуңду меники экенин биле электе эле чын дилимден жакшы көрчүмүн. Билбейм, биринчи жолу көргөндөн эле ушул балага назарым түшүп, жүрөгүм эзиле эстечүмүн. Мен анда сенин уулуң болгону үчүн ошентип жатам деп ойлогом. Көрсө, каныбыз тарткан экен. Сен мага өзүң да билбей өмүрдөгү чоң белек тартууладың. Анткени менин жападан жалгыз тукумум – Аскат.
– Кандайча? Кызыңчы?
– Кыргыздар качан кызды тукум дечү элек? Алина биринчи төрөтүнөн кийин эне болуу бактысынан ажыраган. Мындан ары экөөбүз балалуу боло албайбыз. Бул ойго айласыз көнүп калганымда уулум бар экенин уктум. Мен үчүн бул баа жеткис белек. А сен дагы төрөп аласың. Дагы бир топ баланын энеси болосуң, Бегимай.
– Антпе, андай дебе, суранам сенден...
– Мен уулумду бере албайм. Сага болгон улуу сүйүүм үчүн да бере албайм. Ушуну эч качан унутпа...
Бегимай жаштуу көздөрү менен Азиретти тиктеди. Дал ушул убакта экөө тең сүйүүсүн жоготконун туюшту. Бул экөө бири-бирине чоочун, ал тургай кас адамдардай тирешип, экөөнүн тең карегиндеги каардын жалыны көтөрүлүп турган эле. Мындан ары алар эки башка жолдо, эки башка адам менен кетишмек. Муну алар сезип турушту. Ошентсе да... Өздөрү ачык сезбесе да, жүрөктөрдүн тээ түпкүрүндө бири-бирине болгон махабат бар эле. Ал махабат адамдардын кайдигерлигине, жашоонун катаалдыгына аргасыз ийилип, аргасыз сынып, аргасыз үн ката албай кичирейип, бүрүшүп жүрөктүн түпкүрүндө жатты. Экөө коштошушту... Селейип турган аял узун-кыска болуп кетип бара жаткан ата-баланы тиктеп туруп, өмүрүнүн аларга арналган барагы жабылганын сезди. Мойнундагы шыпырылган жоолугун алып көкүрөгүнө кысты да, бир топко турду. Анан оор үшкүрүп алып жолун улады. Шалдыраган басыгы тездеп, чечкиндүү адымдады. Анткени ал алдыдагы тагдыры менен күрөшмөк. Бактысын оорунун оозунан сактап калганга шашып бара жатты.

(Уландысы кийинки саныбызда)

СЕРИАЛДАРГА СЫНАК
Окурман, сиздин мазмундуу, көлөмдүү, кызыктуу сериалыңыз барбы? Анда биздин гезитке жибериңиз. Мыкты делген сериал тандалып, гезит бетине жарык көрөт. Эске алуучу нерсе, сериал аягына чыккан электрондук вариантта, көлөмдүү, кызыктуу болсун.
Бул сунуш сизди кызыктырса, биздин редакцияга келип же телефон аркылуу байланышсаңыз болот.

Тел.: (0312) 32-31-67
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
veneraaalieva
2012-12-03 16:27:42
Аскатты энесинен ажыратпаса экен, окоо тен ойлошушса болмок эх тагдыр, тагдыр
0
kgul
2012-12-03 16:33:06
ну даа бул да тагдыр мен озумду Беманын ордуна коюп коруп абдан кыйналдым...жараткан мындай оюнду башыбызга салбасыын
0
altynay.89
2012-12-03 17:02:41
Мурат эмне болот,Муратка ичим ачышып жатат,оз баласындай корчу.
+1
Sherik200992
2012-12-03 17:09:22
Cонун болуп барататкооо.
0
maksimus
2012-12-03 17:15:33
ушинтет да анан ушинтет
0
Sakyw
2012-12-03 22:39:41
Emi Murat oLs0. .BeMaga ele kyiyn b0Lotda je bAlasyn aLa albAi je Aziret m.n birge boLO albAi. .(( Azi aittygo bAlamdy bere aLbaim dEp .uFF iy.
0
Ulanbek1992
2012-12-03 23:48:17
Чыдап тургулачы эми, эмне эле кыжаалат болосунар??? Бир эле жума ( 7 кун, 168 саат, 10080 мунот, 604800 секунд) куто турсанар жаны саны чыгат))))
0
HADICHA94
2012-12-04 12:59:40
Ulanbek1992,( 7 кун, 168 саат, 10080 мунот, 604800 секунд)-жатка билип алыш керек экен
0
azi1
2012-12-04 18:10:48
супер инфо,1-2-болукту бириктирип китеп кылып чыгарасынарбы?? жообун жазып койгулачы,алып толук окуйун дедим эле.
0
Агата Кристи
2012-12-04 18:31:54
жакында чыгат деп автор убада кылды.
0
chicagogirl
2012-12-05 02:25:39
Эээхх...
0
koky85
2012-12-05 09:12:32
дааагы аз жазыпсынар.....
0
Zverchik
2012-12-05 13:13:07
Эх Бема 1чи болугундода 2чи болугундода Азап тартып эле журотко кыйналып бечера
0
Агата Кристи
2012-12-05 15:11:13
Чыдап тургулачы эми, эмне эле кыжаалат болосунар??? Бир эле жума ( 7 кун, 168 саат, 10080 мунот, 604800 секунд) куто турсанар жаны саны чыгат! Ушу коммент жакты! Кутуудобуз!
0
Ulanbek1992
2012-12-05 22:50:12
Агата Кристи, )))
0
Viki
2012-12-06 16:37:59
дагы бир жума кутуп картайып кетмей болдукко.
0
janylka
2012-12-07 13:27:22
кобураак, кобурааак жазыныздарчы сураныыч..
0
Love_kg
2012-12-09 12:44:46
janylka, кобурааакмес кобуроок......!
0
№ 526, 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан