Эсиңизде чыгар, 5-декабрда Нурлан Мотуев «кыз зордуктады» деген шек менен Бишкек ШИИББи тарабынан камакка алынып, 6-декабрда Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылган. Алия аттуу 21 жаштагы кыздын арызынын негизинде кылмыш иши козголуп, Мотуев «ошол кызды зордуктаган» деп айыпталууда.
Нурлан мырза кеңсебизге өзү жалгыз эмес, Айзат аттуу жаш кызды ээрчитип келип, «бул менин сүйлөшкөн кызым» деп тааныштырды. Айтымында, ал 18 жашта. Козголгон кылмыш иши боюнча: «Ооба, ал кыз менен жакшы таанышмын, үйүмө барганы да чын. Бирок мен аны зордуктаган эмесмин. Ошол күнү көчөдөн жолуктук, карасам, үшүп калыптыр. «Жүрү, кафеге барып чай ичели» десем, «жок, кафеден элдин баары бизди карай берет экен, сиздин үйүңүзгө баралы» деди. Макул деп үйгө алып бардым. Көп өтпөй «курбум чакырып жатат» дегенинен эшикти өзүм ачып берип узатып койдум. Анан сыртка чыксам, милиция кызматкерлери келип калышты. Бул атайын пландалган иш. Ал кыз «үйдөн качып чыктым» деп жатат, 2 кабаттуу темир эшик кулпулануу болсо, кантип качып чыга алмак эле?»- дейт Мотуев.