Кыргыз шоу-бизнесинин көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, көптөгөн ырлары менен жаштардын кумирине айланган Ильяз Абдыразаков КРнын Маданият жана туризм министрлиги тарабынан "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланганын айтат. «Мындай наамга ээ болуу мен үчүн күтүлбөгөн жагымдуу жаңылык болду. Төш белгини министр Ибрагим Жунусов өз колу менен тапшырып, чыгармачылыгыма албан ийгиликтерди каалап өттү»,- дейт кубанган ырчы.