Данияр Эрматов «Сага» аттуу ырына клип тарттырды. Клиптин каармандары ырчы жигиттер Ильяз Абдыразаков, Нурлан Насип жана Данияр өзү. Сюжет татаал эмес, кадимки ырчылардын «клипти кантип тартуу керек?» деген маселесин чагылдырат. Бул маселени чечүү үчүн ар кандай идеяларды айтып отуруп, акыры «Сага» клиби чыгып келет. Ушундай жөнөкөй клипти тартууга 15 күн кетип, 1 айдан соң минтип комедиялуу клип күйөрмандарына тартууланып турган чак. Даниярдын аталган клибин www.super.kg порталынан көрө аласыздар.