БАЛА БАГУУЧУ КЫЗДЫ ҮЙ ЭЭСИ ЗОРДУКТАГАНБЫ?

Айнур Чыныбаева аттуу Токмок шаарынын тургуну кеңсебизге баш багып, көз жашын көлдөтө арманын айтты. Көрсө, 18 жаштагы кызы Асел 2011-жылдын 1-июль күнү өз жанын кыйган экен. Бул тууралуу эненин өз оозунан угалы.

ЭНЕНИН АРМАНЫ
– Мен 1992-жылы туулган кызым Аселди өлүмгө дуушар кылган адамдар жазасыз кетпесин деп акыйкат издеп сиздерге кайрылып отурам. Кызым Токмок шаарындагы КМТУда экономика факультетинде сырттан окучу. 1-курсту аяктаган соң «Бишкекке барып иштейм, окуумдун акчасын өзүм төлөшүм керек» деп калыптыр. «Жибербейм» десем, көгөрүп туруп алганынан акыры макул болдум.
Ошентип, Бишкекке келип, гүл саткан бир дүкөндө сатуучу болуп иштеп жатканын айтып телефон чалды. Ал жерде 10 күн иштеген соң гүл саткан дүкөн жабылып, кызым жарыя аркылуу жумуш таап, Эне-Сай жаңы конушунда бала багып иштеп калды. Телефон чалып, «Зульфия деген келиндин үйүндө 4 жаштагы кызын багып жатам» деди. Алардын үйүндө жумасына 5 күн жатып иштеп, дем алыш күндөрү үйгө келип турчу. Июнь айынын башында дем алып, анан кайра барса, Зульфия «сенин ордуңа сиңдимди жумушка алдым» деп Аселди Бишкек шаарынын Чүй көчөсүндө жашаган Алина аттуу келиндин үйүнө 2 баласын багуучу кылып калтырып кетиптир. Бир ай иштеген соң айлыгын алып, үйгө келмекчи болуп жүргөн.
2011-жылдын 1-июль күнү болжол менен саат 10:30 чамасында менин уюлдук телефонума бир милиция кызматкери чалып, «кызыңар ооруканада оор абалда жатат, тезирээк келип калгыла» деди. Келсек, Асел Бишкек шаарындагы өлүкканада экен. Тергөөчүдөн кызым асынып каза болгонун уктум (эне сөзүнүн ушул жерине келгенде көзүнө жаш алып, мукактана түштү). Кызым өлөр алдында кат жазыптыр...

АКЫРКЫ КАТ
Каарманым сунган катты төкпөй-чачпай гезит бетине жарыялоону туура көрдүк:
«2011-жылдын 30-июнь күнү. Саат 13:28. Апа, мени жарык жашоого алып келгениңизге абдан ыраазымын. Аз болсо да көп нерсени билип, түшүнүп алдым. Апа, мен сизди убагында көп жолу капа кылган элем. Сизге кылган мамилем үчүн кечирим сурайм. Шаарга келип, издебеген жумушум калбады. Акыры жумуш таап, күн өткөрүп жүрдүм. Бала багып иштеп жүргөнүмдө күйөөсүнөн кордук көрдүм, анан кыздык намысымдан айрылып, өзүмдү коёрго жер таппадым. Анысы аз келгенсип, үйүнөн алтын-күмүштөрүн күйөөсү катып койгонбу же эмне кылганын билбейм. Мунун баарын аялы менден көрдү. Күйөөсү мени коркутуп жатты. Айлам кетип, баарын мойнума алдым. Менде мындан башка айла жок болчу, апа! Аялы милиция менен келип, менден 30 миң сом талап кылды. Түшүнүк катты өздөрү «диктовать» этип жаздырышты. Башка айлам жок болгондуктан, ушундай жолго барууга аргасыз болдум. Коркуу сезими менен ушул күнгө чейин жашап келдим, апа. Мындан ары мен чыдай албайм. Мени кечириңиз, апа, силерди жакшы көрөм!» Асел, саат 13:45».

«БҮГҮН АКЫРКЫ КҮН, МЕН КҮТӨ АЛБАЙМ!»
– Кызымдын жазган катынан шекшип, милиция кызматкерлери Асел экинчи жолу бала баккан үйдүн кожоюну Бакытбек Осмоналиевди камакка алышты. Башында биз деле аны күнөөлүү деп ойлогонбуз. Бирок тергөөчү мени чакырып калды. Көрсө, кызымдын уюлдук телефонуна ал каза болгон күнү, тагыраак айтканда, 2011-жылдын 1-июлунда «Бүгүн акыркы күн, мен күтө албайм!», ал эми 2-июль күнү «Мен милицияга арыз жазып койдум, 2 күндүн ичинде бербесең, ишиң сотко кетет, өзүңдөн көр» деген СМСтер келиптир. Аны жазган кызымдын мурдагы кожойкеси Зульфия Жумашева экен.
Ал буюмдарын жоготкон соң бир айдан бери милицияга кайрылбай жүрүп, анан кызым өлгөндөн кийин кылган кылмыштарын жашыруу максатында 2011-жылдын 3-июль күнү Аламүдүн РИИБине арыз жазганы да шек туудурат. Көрсө, ал сиңдиси Нургүл Жумашева жана анын таанышы ИИМдин академиясында иштеген Талант Кененсариев болуп Асел алардын үйүндө иштебей калганына 10 күн болгондон кийин келишип, кызымды «үйдөн күмүш-алтындарды уурдадың, төлөп бер» деп коркутушуптур. Талантты милиция кызматкери деп тааныштырып, «30 миң сом төлөйм. Уурдаганым чын» деп түшүнүк кат жаздырып алышыптыр.
Ошентип, «акчаны 1-июлда таппасаң, соттолосуң» дешсе, кызым коркуп асынып алыптыр. Тергөө уланып, мунун баары ачыкка чыккан соң кызымдын өлүмүнө күнөөлөнүп камакка алынган Бакытбек Осмоналиев акталып чыгып, Зульфия Жумашеванын күйөөсү Гүлжигит Мамытов убактылуу кармоочу жайга камалды.Тергөө бүткөн соң Свердлов райондук соту күнөөлүүлөр: Зульфия Жумашева, Гүлжигит Мамытов, Талант Кененсариевди актап таштады. Дагы айтып кетчү нерсе, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында «жаңы төрөлгөн, жынысы эркек, жетилген, жашай ала турган жана тирүү төрөлгөн» деп жазылган. Бул сот чыгарган өкүмдө да жазылган. Бул эмне деген баш аламандык?! Ал экспертизанын жыйынтыктары Аселге тиешелүү эмес экени көрүнүп турат. Кызым каза болгон соң Талант Кененсариев туугандары менен мага келип, «күнөө менден кетти, өкүнүп жатам. Бул акчаны кызыңызга куран окутуп коюңуз» деп 80 миң сом таштап кеткен. Сотто кайра «менден акча талап кылган, анан бергем» деп мени күнөөлөп, жалаа жапты. Кызымдын өлөр алдында жазган каты сотто каралбай, көбүнчө тигилер мажбурлап жаздырышкан түшүнүк катка басым жасалды.

«МЕНИН КҮЙӨӨМ ЗОРДУКТАГАН ЭМЕС»
Ар кимдин өз чындыгы бар. Каарманыбыздын айткандарына кандай жооп кайтарат деп айыпталуучу тарапты да кепке тарттык. ЗУЛЬФИЯ ЖУМАШЕВА төмөнкүлөрдү айтып берди
:
– Соттун жыйынтыгы боюнча биз акталдык. Кылмыш кылбаганыбыз далилденди. Каза болгон кыздын апасы болбой эле ар кайсы жакка арызданып жатат. Алгач бизден 40 миң доллар талап кылган. Кийин 23 миң доллар, кайра 800 миң сом сурады. Берген жокпуз. Анан ар кандай жалаа менен үстүбүздөн арыздана баштады.
Асел биздин үйдө иштеп жүргөндө зордукталган деген – жалаа. Мен жумушка сегиз жарымда кетип, кечинде беш жарымда келем. Күйөөм болсо эртең менен 6да кетип, кечки ондордо келет. Ал келгенде мен дайыма үйдө эле болом, күйөөм Аселди зордуктаган эмес деп 100 пайыз кепилдик берем. Асел үйдө иштеп жүргөндө «курбумдукуна барып келейин» деп кечкисин көп суранып кетчү. Апасы бир да жолу чалып, кызынын ал-абалын сураганын көргөн жокмун. Мени апасы «экинчи иштеген жердеги Алина аттуу келин менен тааныш» деп жалган маалымат айтып жатат. Ал келинди мен сотто биринчи жолу көрдүм.

– Алтын-күмүштөрүңүз уурдалганын качан байкап калдыңыз? Жалпы чыгым канча эле?
– Асел кеткенден кийин билдим. Жалпы чыгым 50 миң сомду түзгөн.

– Аселден түшүнүк кат жаздырып алганыңыздар чынбы? Талант Кененсариев дегенди айтып жатышат, ал ким, неге сиз менен барды?
– Ооба. Бирок коркуткан эмеспиз. Ал өзү мойнуна алган. Талант таанышыбыз болот.

– Анда эмне себептен сиз 50 миң талап кылбай, Асел түшүнүк катка «30 миң сом төлөп берем» деп жазган?
– Калганын аны аяп кечип, албай эле коёюн дегем.

– Ал жумуштан кеткен маалда үйүңүздө башка бала багуучу бар беле?
– Ооба.

– Уурдалган буюмдарыңызды Аселден көрүп, а эмне үчүн жаңы бала багуучуңуздан шекшиген жоксуз?
– Ал мурда да иштеп кеткен. Жердешимдин кызы. Ал уурулук кылбайт.

– Эмне себептен буюмдарыңыз жоголор замат милиция кызматкерлерине кайрылган эмессиз?
– Асел «төлөп берем» дегенинен күтүп жүргөм. Анан акыры арыз жаздым. Бирок Аселдин каза болгонун билген эмесмин.

«18 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫ ШААРГА ЭМНЕГЕ ЖАЛГЫЗ ЖИБЕРЕТ?»
Ал эми айыпталуучулардын жактоочусу КАЙРАТ ЗАГИБАЕВ буларга токтолду:
– Кардарларым ак экени соттун өкүмүндө далилденди. Бул иш дале аягына чыга элек. Акыркы чечимди шаардык сот чыгарат. Жабырлануучу Айнур Чыныбаева далили жок эле жалаа жаап жатат. 18ге жаңы толгон кызды эч кандай таанышы, тууганы же жашаган жери жок чоң шаарга эмнеге жалгыз жиберет? Мен ушуга таң калдым. Ал жөн гана менин кардарларымдан акча алгысы келип жатат. Дагы бир айта кетчү нерсе, экспертизада маркум 3 күн мурда эле жыныстык катнашта болгону далилденди. Ал учурда кыз башка үйдө иштеп жүргөн.

Эки тараптын тең сөзүн угуп, чындык кай тарапта экенин билүү кыйын. Канчалык талашып-тартышпайлы, көчөт кезинде соолуган өмүрдү кайра кайтара албайбыз. Ушунусу абдан өкүнүчтүү.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бала багуучу кызды үй ээси зордуктаганбы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (75)
ales
2013-02-22 17:32:36
Ошол Гүлжигиттин кызы 18 ге чыккыча ким эмне болот, аны бир кудай билет. Эгерде кандайдыр бир кырсыктын кесепетинен сайрап аткан Гүлжигит каза болуп калса, Аселдин башынан өткөн окуя өзүнүн кызынын башынан өтүп калышы деле мүмкүн. Соттолуудан, кесилип кетүүдөн коркконунун ордуна кылган күнөөлөрүн мойнуна алып, жазасын өзү алганы жакшы болуш керек. Балаң ооруса , анд
0
Aiganish
2013-02-22 17:33:44
куйоосун катуу актаган го аябай кайтарат окшойт ээ, ичинде кандай ит олуп жатканын кайдан билет экен, кантсе да кудай бар да куноолуу болушса арбагы уктатпайт болуш керек....
0
ales
2013-02-22 17:43:06
Балаң ооруса андан көрө өзүм оорусам дейсиң го?
Мейли сотторго акча берип сүттөн да ак болуп чыгышсын, Кудай алдында кантип актана алышат болду экен? Алардын күнөөлөрүнүн айынан, байкуш кызынын(Гүлжигиттин)тагдыры кандай болот болду экен...
Ал эми адвокаттка сөз жок. Өзүнун өлкөсүндөгү кырдаал менен таптакыр эле тааныш эмес го? 18 эмес, 15 ке ч
0
ales
2013-02-22 17:48:55
18 эмес, 15 ке чыгып чыкпай, Бишкек эмес, жер кесип Россиялап иштеп жүргөн балдар, кыздардан кабары жок го... Ошого окшош элдин акчасын ичип жеген сокур чиновниктер, күнөөлүү адамды акча менен актаган сокур соттор Кудайга да пара берип актана алышат болду бекен?
Деги эле бирөөго терс мамиле кылып жатканда, ошол адамды өзүңдүн ордун коюп көр.
0
Sa9g_90
2013-02-23 01:37:44
Айла жок.Аябай эле онугуп кетип жатабыз?
0
fanatka19
2013-02-23 11:34:07
Sa9g_90, айрыкча кыз зордоо боюнча онугуп атат окшойбуз.
0
lara
2013-02-23 03:13:14
Menim4e kyzdy ui eesi ele zorduktagan, ekin4i ui buloogo da kelip korkutup turgan, 1 ai boiu kutpoi ele 50 min som kerek bolso miliziaga ber berse bolmok tigi Zulfia. Tigi tergoo4ugo tan kalyp atam, Tokmokton Biwkeke emnege kelt dep koet uialsa bolo botom,Biwkek emes mektepti butup,butpoi Rossiaga orus4a eki soz bilip ketip jatkan kyzdar kan4a??? Jawoogo realduu karasa bolo, Kaisy ene jiberet dep suroo bergenden koro eldin jawoosun 4ondor menen kowo ondop bir da ene jiberbesin degen myizam kabyl
0
lara
2013-02-23 03:17:36
alywsyn egerde Kyrgyzsatanda jawoo keremet bolso ar kim ar jaka tentibei,ar kimdin balasyn bakpai ele oz balasyn bagyp jawai bermek,JOn jeden jaw kyzdyn jawoosun syndyrgan akmak eki duinodo ten jakwylyk korbosun!!!Kyzdyn apasyna jaman bldu, Kyzynyzdyn arty kairyluu bolsun!
0
Takesha87
2013-02-23 17:05:50
advokattar ak4anyn artyna tywyp algansynarby? bul kandai akyikatsyzdyk? akmak ele boldunargo uwul tarmakta iwtegender, betinerge tykyryp ele sal4u emesinerda!!! Silerge kim iwenet, kantip silerge tapwyrabyz Femidanyn Tarazasyn...?
0
shazi
2013-02-24 04:32:22
myndai adamdarga bir sozundu da aitkyn kelbeit eken,kudai korsotot bularga da,kaiaktagy 4 altynyn dep,adam olumuno sebep4i boluwtu.
0
suya07
2013-02-24 18:02:42
Мына сана абийирдуу сот системасы. Бул жерде куноолу куноосуз экенин чече турган бир гана сот. А соттор бизде кандай экенин айтпаса да тушунуктуу. Мумкун ушул комментарийлерди окуп кулуп да олтурушса керек. Колунардан эмне келет деп
0
bektursun2010
2013-02-25 17:42:14
емнелер болбойт жашоо до
0
Gulichka.milichka
2013-02-26 01:39:00
эх эх кандай гана жашоо кыйын а
0
Bekmurzaev
2013-03-03 19:07:26
Ай бети жоктор адвокаттын созун карасан озунун кызы барбы деги кайран омур эне байкуш кыйналды а берки зоокурлорчу аларга кудай жазасын узатпай берсин ылайым...
0
shirin27
2013-03-06 16:44:42
Eger men oyligon kenensatiev bolso anda eje ech kanday maynap chikpayt arizinizdan antkeni al kenensariev degen chinovnikterdin balasi,andan koro Allah tan suraniniz kunoosyn kudayim kechirip beyishti nasip kilsin. Sizge sabirduuluk bersin Allah kunoosun bul jashoodo bolboso chin duynogo barganda kuday ozu taraza bolot. Oshol jak adilettuu Jana chindik.
0
netsa
2013-08-15 14:45:59
жаш кызга боорун ооруйт,тиги адвокаттын айтып турганын карачы,апасы акча тилеп жатат деп! Кандай уятсыздык! Алар миллион сом берсе да жарашат,бул жерде мал эмес адам олуп жатат.Тиги эри экоо ушинтип жаш кыздарды коркутуп акча тапкан балээлер окшойт да.Кудайым берсин жазасын!
0
№ 537, 15-21-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан