КЕЛДИБЕКОВ ЭЛГЕ КАНТИП БАЮУ КЕРЕКТИГИН ҮЙРӨТСӨ ЖАКШЫ БОЛМОК

Кыргызстанда негедир баары эле «чоң» болгусу келишет. Эмне себептен? Мамлекеттик кызматтын кандай сыйкыры бар, өзүнө тартып азгыра турган? Айлык маянасыбы? Ишениш кыйын. Чиновниктердин үй-бүлөсүнүн муктаждыктарын ал акча менен камсыз кылуу, чындыгында, мүмкүн эмес. Мындай суроо окурмандарыбыздын ар биринин оюна жок дегенде бир жолу келсе керек. Бул суроону «Дело №...» гезити учурда ЖКнын депутаты Ахматбек Келдибековдун мисалында алып, жооп издеп көргөн экен, окурманга кызык болору анык деп которуп берүүнү эп көрдүк. Албетте, мамлекеттик кызматтарда жүрүп миллионер болгондор азыркы бийликте деле жок эмес. Келерки сандарыбызда биз да ушундай мисалдарга токтолобуз.
Кыргызстанда оппозициялык күчтүн карапайым калкка жага турган бир олуттуу урааны болуп келген – «Коррупция менен күрөшүү, анын тамырын кыркуу» деген. Мындай убадаларды жалаң оппозиция айтып-кыйкырып, бийлик тарап талкан сугунгандай унчукпай кутулчу. Акыры заман алмашты. Учурдагы бийлик 20 жыл бою кенен тамыр жайып өнүгүп кеткен коррупция менен күрөшүүнү күндүн негизги маселеси катары көтөрүп, көзгө көрүнө турган иштерди жасай баштады. Чын эле эгер Бакиевдин заманы болсо, төмөндөгүдөй макаланын элге ачык жарыяланышы түшүбүзгө да кирбейт эле.

Кыргыз чиновниктеринин арасынан өтө бай адамдар жолугат. Бул ооз көптүргөндүк эмес. Баарынан кызыгы, чиновниктердин арасынан андай байлар бир күн да бизнес менен алек болушпаган. Тактап айтканда, легалдуу бизнес жасашкан эмес.
Кыргызстандын массалык маалымат каражаттары бир нече жолу «Форбс» рейтингинин кыргызча вариантын, башкача айтканда, өлкөбүздөгү эң бай адамдардын тизмесин түзүүгө аракет жасап көрүштү. Албетте, алардын түрлөрү ар кандай болуп жатты. Бирок белгилүү чиновниктер ар дайым бул тизмелерде көрүнүктүү орундарды ээлеп турушту. Мына ушундай рейтингдердин биринде «Кыргызстандагы эң алдыңкы 100 бай адамдардын» башында ал учурдагы өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов 1-1,5 миллиард доллар байлыгы менен көрсөтүлгөн. Ал эми алдыңкы жыйырмалыктын ичине парламент депутаты Ахматбек Келдибеков илинген. Анын байлыгы 180-200 миллион доллар менен өлчөнгөн. Бул цифралар канчалык деңгээлде реалдуулукка жакын экенин тактоо кыйын. Бирок бул эки адамдын ортосунда өтө чоң айырма бар. Өмүрбек Бабанов кандайынан айлантып карасаң да, бизнесмен, жашоосунун көпчүлүк бөлүгүн акча айлантуу ишине арнаган. Ал эми Ахматбек Келдибеков чиновниктик «жүрүштөрдөн» эч качан чыккан эмес. Анда ага мынчалык байлык кайдан келген? Ал байлыгы чынында эле барбы?
Мына ушул Ахматбек Келдибекович Келдибеков тууралуу кеп баштайлы.
Жоопкерчиликтүү кызматтарды аркалаган мамлекеттик кызматкерлер жылына бир жолу кирешелери жана мүлктөрү тууралуу декларация толтуруп тапшырышат. Ал маалыматтарды кызыккандардын баары интернет аркылуу таба алышат. Мурунку ЖК спикери, учурдагы парламенттин Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Ахматбек Келдибеков өзүнүн акыркы декларациясында 2011-жылы негизги иш ордунан
796 миң сом киреше алганын көрсөткөн. Муну менен ал айына
66 миң сомдон айлык акы алганын билдирет. Бул негизги жумуш ордунан алган гана акчасы, декларация боюнча башка эч кандай киреше булагы көрсөтүлбөгөн. Ошол эле декларацияда Келдибеков төмөндөгү мүлктөргө ээлик кылат: 13 миллион 820 миң сомдук үйгө, эки автоунаага: бирин Келдибеков 65 миң сомго баалаган, экинчиси 5 миллион 500 миң сом турат. Мына ушулар эле.
Келдибековдун жакын туугандары декларация боюнча 2011-жылы негизги иш орундарынан (башка киреше булагы жок)
238 миң сом табышкан. Ошондо айына болжол менен 20 миң сомдон айланат. Ал эми алардын мүлктөрү төмөнкүлөр: 2 миллион 700 миң сомдук үй, 6 миллион 300 миң сомдук, 1 миллион 400 миң сомдук, 1 миллион 500 миң сомдук 4 квартира жана дагы 12 миллион сомдук ар кандай кыймылдуу мүлктөр.
Жыйынтыгы боюнча (жылдык орточо кирешеси менен) Келдибековдун үй-бүлөсүнүн материалдык абалын көрсөткөн декларацияга ишене турган болсок, анда алардын абалы 60 миллион 770 миң сом же болбосо 1 миллион 293 миң доллар болот. Албетте, бул сумма деле таң калтырат. Бирок рейтингде көрсөтүлгөн 200 миллион «бакс» кайда?
Биз бекеринен «декларацияга ишенсек» деп баса белгилеп жаткан жокпуз. Анткени анын себептери бар.
Эгерде Мамлекеттик каттоо «жунглисине» баш баксак, «башка мүлктөрдүн түрүнүн» ичинде эмнелер бар экенин билүүгө болот. Тилекке каршы, декларацияда бул пункт майдаланып-чечмеленбейт.
Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Челпек айылында Ахматбек Келдибековдун жеке өзүнө катталган эки жер тилкеси бар. Акыркысы №1-356-сатуу-сатып алуу келишими боюнча 2008-жылдын 6-мартында 100 миң сомго сатылып алынган. Анын аянты жарым гектарга барабар.
Бишкек шаарынын Абай көчөсүнүн 39-номурунда Келдибековдун өзүнө дагы бир имарат катталган (23.08.2010-жылы №03-9/203П актысы боюнча эксплуатацияга берилген). Мына ушул тумандуу түшүнүктүн ичинде эс алууну сүйгөн адамдардын кеңири чөйрөсүнө арналган эки сауна бар.
Декларацияда турак жай катары көрсөтүлгөн Бишкек шаарынын Медеров көчөсүндөгү жер тилкеси өзүнө үч жер тилкесин бириктирип турат (бул жер тилкеси 2009-жылдын февралында белекке берүү келишими боюнча алынган). Бул жерде да сауна бар, бирок өтө тар чөйрө үчүн. Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы жер тилкесин Келдибеков 2008-жылдын август айында сатып жиберген.
Эми автоунаалар тууралуу айталы. Бул жагынан Ахматбек мырза декларация толтуруп жатып анча-мынча алдап койгон. Ага эки автоунаа эмес, үч автоунаа катталган. Алар кандай? 2009-жылы чыккан ак түстөгү Нива автоунаасы тууралуу көп кеп салыштын кажети жок. Ал эми 2010-жылы чыккан кара түстөгү Рейндж-Ровер Жип автоунаасы көңүл бурууга арзыйт. Ошол эле учурда кара түстөгү Жип Мерседес-Гелендваген дагы көңүлдү бурат. Алардын ар бири 80ден 100 миң долларга чейин бааланат. Демек, бул эки жол тандабастын ар бири 8,5 миллион сомдун тегерегин чапчыйт.
Бирок Ахматбек Келдибекович Келдибековдун мүлктөрүнө караганда анын жубайы Аида Нурмамбетовна Токтоматованын мүлктөрү алда канча көптүк кылат.
Бишкек шаарында ага катталган мүлктөр:
– Табалдиев көчөсүндөгү үйдүн бир бөлүгү (2002-жылы сатылып алынган);
– Сагымбай манасчы көчөсүндөгү жер тилкеси (2011-жылы сатылып алынган);
– Табалдиев көчөсүндөгү турак үй (2001-жылы сатылып алынган);
– Геология көчөсүндөгү турак үй (2007-жылы сатылып алынган);
– Ахунбаев көчөсүндөгү үйдүн бир бөлүгү (2005-жылы сатылып алынган);
– Жал-15 кичи районундагы курулуп бүтө элек квартира (2008-жылы сатылып алынган, ошол эле райондон дагы квартира 2001-жылы сатылып алынып, 2007-жылы сатылган);
– Тынчтык проспектисиндеги квартира, Сухомлинов көчөсүндөгү квартира (экөө тең 2007-жылы 3 ай айырмачылык менен сатылып алынган), Сухомлинов көчөсүндөгү гараж дагы ошол эле жылы сатылып алынган;
– Токтогул көчөсүндөгү квартира (2000-жылы курулган).
Аида Токтоматованын Бишкек шаарында 1995-жылы ээлик кылган цехи болгон. Аны 2008-жылы сатып жиберген.
Чарчаган жоксузбу? Чыдай туруңуз, тизменин аягына чейин дагы бир топ кызыктар бар.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылында Аида Токтоматовага катталган жер тилкеси жана талаа станы бар (бул эки объект бир күндө, 2007-жылдын 14-апрелинде №1550 жана №1549-келишимдеринин негизинде сатылып алынган).
Ош шаарында ага дагы бир имарат катталган, ал да 2007-жылдын сентябрь айында сатылып алынган (өтө ийгиликтүү жыл болгону көрүнүп турат). Ошол эле 2007-жылы А.Келдибековдун жубайы Аламүдүн районунун Орто-Сай айылынан турак үй сатып алган.
Баарынан кызык жагдайды биз кереметтүү Ысык-Көл облусунан таптык. Ал жакта Бостери курорттук айылында жалпы аянты 2,55 гектар болгон «Илбирс-Саадат» пансионаты А.Келдибековдун жубайына таандык. Пансионаттын 2 гектары Аида Токтоматовага 2008-жылы каза болгон апасы Б.Токтоматовадан мурас катары калган. Документ боюнча бул жер тилкесинин жарымын Б.Токтоматова 2005-жылы «Илбирс» ААКсынан сатып алган. «Илбирс» пансионаты анын жанында жайгашкан. Ал эми калган жарымын Токтоматовдордун үй-бүлөсү 2007-жылы «Илбирстен» соттошуп алып алышкан («Илбирстин» айтымында, басып алышкан). Калган 0,5 гектар жерди (55 сотых) Аида Токтоматова 2009-жылы ошол эле «Илбирстен» 10 миң долларга алган. «Илбирстин» билдиришинче, ал акча алдын ала берилген (задаток) гана акча болчу.
Ал учурда Бостери айылындагы курорттук зонанын 1 сотых жери 12 миң доллар турган. Мына ушул гектар жерлерге Аида Токтоматова 14 коттедж курган. Андан дагы кызыгы, баарын бир учурда, 2011-жылдын 13-июнундагы №36-буйрук менен курдурган. Ким кайсы бир учурда кандайдыр бир курулуш жасаган болсо, мындай грандиоздук курулушка канча каражат керектелерин жакшы түшүнөт. Ал коттедждердин бирөөсүн 2012-жылдын ноябрында А.Токтоматова сатып жиберген. Демек, азыр 13 коттеджи бар. Алардын ар бири эң төмөнкү баа менен эсептегенде 100 миң доллардан турат. Баары бириккенде
1 миллион 300 миң доллар же сом менен 61 миллионду чапчыйт.
Эми макаланын баш жагына кайрадан кайтып, декларация боюнча Келдибековдун үй-бүлөсүнүн канча мүлкү көрсөтүлгөнүнө көңүл буруңуз. А бул жерде болсо коттедждеринин гана баасы ушунча болууда.
Дагы бир жалпы аянты 78 чарчы метр болгон Ысык-Көлдүн Булан-Сөгөтү айылындагы «Парк Отель Ле Меридан» пансионатынын аймагындагы коттеджди Аида Токтоматова «Торговый Дом Кара-Балта» ЖЧКсынан 2009-жылдын 15-апрелинде 450 миң сомго сатып алган (сатуу-сатып алуу келишими №199). Ошол эле күнү (келишим №200) ошол эле сатуучудан 696 чарчы метр аянтындагы жер тилкесин 150 миң сомго сатып алган. Андан бир жыл мурун 2008-жылдын мартында Аида Токтоматова ошол эле Булан-Сөгөтү айылынан 4 бөлмөлүү квартираны 35 миң долларга сатып алган (келишим №1-787).
Ал эми кечээ жакында эле, 2012-жылдын 13-декабрында Аида Токтоматова «Карвен четыре сезона» деп аталган пансионаттын жанынан дагы бир квартираны (келишим №5556) 1 миллион 742 миң сомго (35 миң доллар) сатып алган.
Жалпы жонунан А.Келдибековдун жубайына өлкөбүздүн ар кайсы аймактарынан 31 объект катталган.
Чарчадыңызбы? Эми автоунаалар калды.
Декларация боюнча Ахматбек Келдибековдун туугандарынын бир эле автоунаасы болсо («башка мүлктөрдү» эсептебегенде), бир гана Аида Токтоматовага 5 (беш) автоунаа катталган. Алардын эң эле жөнөкөйү – 1994-жылы чыккан Мерседес-Бенц Е 320. Калгандары Жиптер: Тойота Ленд Крузер, Шевроле-Субурбан, Тойота Фортунер, Лексус LХ-520. Акыркы автоунаасынын баасы (ал 2011-жылкы) 120-150 миң доллар. Демек, Келдибековдорго жалпысынан 8 автоунаа катталган. Анын алтоо эң кымбат баадагылар.
Эскерте кетели, жогоруда көрсөтүлгөн байлыктардын баары расмий катталгандары гана. Башка адамдарга катталган байлыктары барбы? Билбейбиз… Бирок ушул расмий катталган байлыктары деле «Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген адамда мынча байлык кайдан топтолгон?» деген суроону жаратат.
Мүмкүн, бай туугандары жардам берип жатышабы? Мүмкүн эмес, Ахматбек Келдибеков менен Аида Токтоматованын туугандарынын арасынан бизнесмендери деле байкалбайт.
А.Келдибековдун кайнатасы Нурмамбет Токтоматов (Келдибеков спикер кезинде өзүнө кеңешчи кылып дайындап, чоң талаш-тартышты жараткан) да өмүр бою чиновник болгон. Мисалы, Сузак районунун акими, мамлекеттик иш боюнча агенттиктин директору, президент К.Бакиевдин кеңешчиси. Аида Токтоматованын апасы – Бегайым Токтоматова (Ысык-Көлдөгү жер тилкесин мураска калтырган) үй кожойкеси, пенсионер болгон. А.Токтоматованын бир тууган сиңдилеринин бири – ӨКМда башкы адис, экинчиси – студент. Ишкер иниси бар, бирок ал 30 гана жашта. Мынчалык байлыкты тапканга жетише алмак эмес.
Балким, сырдын түйүнү А.Келдибековдун жана анын өмүрлүк жарынын эмгек жолунда катылып жүрбөсүн? Аида Токтоматова да өмүр бою мамлекеттик кызматты аркалап келет. 2001-жылы Медициналык академияны аяктаары менен дароо Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги лицензия берүү бөлүмүнө 1-категориядагы адис болуп орношкон. Карьералык өсүшү өтө ылдамдыкта жүрүп, башкы адистикке секирик жасап, андан соң медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүү боюнча лицензия берүү бөлүмүндө жетекчиликке дайындалган. Башка майда-чүйдө нерселерди айтпай ак коёлу, А.Келдибековдун жубайы 10 жылдын ичинде Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги лицензия бөлүмүндө иштеген. Так ошол мезгилдеги эмгек жолунда ондогон кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөргө ээ болуп отурат. 2010-жылдын декабрында гана (ал кезде Келдибеков спикер эле) А.Токтоматова Адамды репродукциялоо боюнча илимий борбордун директорлугуна дайындалат. Аида айым учурда да ушул кызматын аркалап жатат.
Ал эми Ахматбек мырза бул убакыт аралыгында (анын үй-бүлөсүнүн иши жүрүшүп, ити чөп жеп турган учур деп айтса туура болчудай) эмне менен алектенген? Минфинде Экономика жана каржылоо башкармалыгынын жетекчиси, Каржы министринин орун басары, Социалдык фонддун төрагасы, парламент депутаты, ЖКда Бюджет жана каржы боюнча комитеттин төрагасы, акырында өкмөт алдындагы Салык комитетинин башчысы, Мамлекеттик салык кызматынын башчысы болгон. Тактап айтканда, бул мезгил ичинде акча менен иш кылган, өтө чоң акчалар менен.
Эх, Ахматбек Келдибекович аткаминерликтин жарыбаган айлыгы аркылуу кантип миллионерге айланганынын сырын ачып берсе кана?! Парламенттин трибунасына чыгып, элге баюунун ыгын үйрөтсө кана?! Негизи, мындай «таланттуулар» Кыргызстанда өтө көп. Убактысы келгенде алар тууралуу дагы баяндап беребиз.

«Дело №…» гезитинен которулду

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
aia-s
2013-03-07 01:28:19
биз биякта орточо айлык 10 000 мин сом менен жашап атсак тияк-биягына жеткирип еще 5 сомдук кичинекеей квартирада. а булар элдин эмгегин жешет. жалгыз келдибеков эмес комускодо жаткан канча жегичтер бар просто жонокой адамдардын ордуна алар жеп атышат да а биз оозубузду ачып чындык деп тош каккылайбыз. азаматсынар супер инфо дагы кимдин канча миллиондору бар ачыкка чыгаргылачы. бирок абайлагыла силерди да бир жерге тыгып салышпасын...
0
Jamaksana8988
2013-03-07 04:00:39
Келдибеков мага акыретте ар бир буюмуна ар дем алганына байлыкты кайсы жол мн топтогонуна кантип жооп берууну урготсун анан озубуз билебиз кантип байып алууну...
0
Jamaksana8988
2013-03-07 04:07:58
Козунду ач ээ мусулман бир туугандарым бул дуйно чымындын каккан канатына арзыбайт.. Бараар жерибиз 2 метр жер ... Бир пайпагынды алып кете албайсын озун мн кошо. Адам баласы жаланач бул дуйного келебиз жана жаланач жерге берилебиз.
0
Jamaksana8988
2013-03-07 04:15:27
Булар тушунбойт мындайларды тушунсо да укусу келбейт себеби элдин акысын жеп козу кор оозу май кулагы дулой болуп калган, бирок макул баардык жегичтер бул тируу дуйнодо корушпосок да акыретте баарыбыз баарар жерибиз бир ошондо жыргаганынарды корорбуз.
0
alievna.1989
2013-03-07 16:32:32
Ким байыса озунун эмгеги,ичинер ачышса туз жалагыла.
0
altinim
2013-03-07 17:21:52
мейлин эми ушунча байлыкты жыйыптыр жыргап куунап бул дуйнодон армансыз кетсин, бирок акыретте кооопле окунуп каласыз бут байлыгыныздын жообун бергичекти кыйналып калаар бекенсиз
0
Jamaksana8988
2013-03-07 20:45:39
Ушуларга ичибиз ачып туз жалагандан кору , тфу тфу тфу...кудай сактасын ...
0
TolonturCN
2013-03-07 21:54:50
Кашаң аттан бирди минип, ээр токумга куйрукту коюп баса камчыланып аркы-терки басып, элдин ырыскысынан жеген жегичтер, бок курсактар тез эл байып жаткан сыяктуу.
0
tariel80
2013-03-09 14:17:43
Байлыгына байпагым Эл учун бир нерсе кылды бекен Жаман киши жузунон корунуп турат
0
admin_media
2013-03-11 11:44:22
mati,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
20 күн банга!
0
AKJOL88
2014-03-25 14:59:39
элдин эмгегине баяган да,бирок ар бир кылган нерсеси учун алла алдында жооп берет да
0
Boston_ohna
2014-04-10 13:50:42
Super.kg силерге рахмат ушунча жанылыкты элге жеткирип жатасынар.бирок ушул коментарилерди жазып жатышат, ошону ошол адамда окуйбу ?
0
Bogotik
2014-04-10 23:30:50
Ей козунорду ачкыла кантип еле тушунбойсунор АЛЛАХ каалаганына берет байлыкты жашоо сыноо менин берген ырыскымды кандай пайдаланат деп берет кедейгеда байгада
+1
Belmonda
2014-05-29 11:07:31
Бироонун айыбын издеп,бироонун акчасын санап куноого батыштын не кереги бар Эй туугандар Ар ким кылса озуно куноосу болуп алдап жесе айыбын тартат бул дуйнодо болбосо тиги дуйнодо Ар бир нерсенин сурагы болот. Ушунча нерсени жеди ичти деп жазып жатат козун менен корбогондон кийин ага кошулуп силер да шыбай бересинерби ? Хадисте келет бир соз уксан аны акыл таразага сал ал жамандаса жамандыгына кошулуп кете бербей кудайым берген айылга салып текшер ал жамандап жаткан кишини озун жакшы билбейсин
0
erikkarakulja
2014-06-10 09:58:25
Кам санабагыла келдибеков байлыгына мактанбай эле койсун биздин АША ныкы мындан 10 эсе коп байлыгы бар туркияда.
0
№ 539, 1-7-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан