Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Чындык издеп чыркыраган Сапаргүл:«МЕН АТЫМДЫ, АБИЙИРИМДИ АКТАГЫМ КЕЛЕТ»

№541 5-21-март, 2013-ж


«Мен Сапаргүлмүн, баарын айтып берейинчи» деп телефон чалган айымга алгач түшүнгөн жокмун. «Кайсы Сапаргүл? Эмнени айтат?» деп. Саамга ойлонуп, анан Орусияда кыргыз жигиттеринен кордук көргөн айым эсиме келди. Арадан көп убакыт өтпөй маңдайымда отурган айым көкүрөк толо бугун, көөдөн муунткан жашын тыя албай, оор үшкүрүп, жүрөгүн улам мыкчый буларды баяндады. «Акыйкаттык таппай убарамын. Эми «Супер-Инфо» аркылуу элиме кайрылам, гезит аркылуу болгон чындыгымды, үнүмдү бийликке жеткирер бекем, аёосуз кордогондор жазасын алышар бекен?..» деп сыздады. Көз жашын көлдөткөн келинге кантип кайдигер карайлы? Ушул макаланы окуган намыстуу бир кыргыз «кой, ушул кыздын тагдырына кайдигер карабайм» деп чыгарына ишенебиз. Анткени чырылдаган келин дале акыйкаттык бар экенинен үмүтү үзүлбөй жашап жүрөт.

«АЛСЫЗ АЯЛЗАТЫ ЭКЕНИМЕ АРДАНДЫМ»
– 2010-жылдын апрель айында Екатеринбургга барып, жумушка орношуп, иштеп баштадым. Орусияга жыргаганыбыздан барбайбыз, бирөө балдарын, бирөө ата-энесин багып, акча тапканы барат. Мен да алардын катарында элем. Бир-эки ай дүкөндө иштедим, кийин кондуктор болуп орноштум. Жумушум таңкы 5те башталып, түнкү 1де аяктачу. Суткасына 16-17 саат иштеп жүргөм.
Ошол жылы 5-сентябрда, саат 6да курбум экөөбүз жолугуп, кафеде отурганбыз. Бизден арыраакта тажик улутундагылар тамактанып отурушкан. Бир убакта жаш кыргыз бала келип колумду кармап, өбүүгө аракет кылды. «Менин балам менен тең экенсиң, уялбайсыңбы, чоң эле эжеңе келип сүйлөгөндөн?!» дедим.»Энеңди урайын, силер тажик дегенде өлүп жүрөсүңөр да, тиги тажик менен таанышайын деп жатасыңар» дегенинен «Жогол ары, кет!» дедим. Тиги бала ары жактан эки жигитти чакырды. Алар келип ичиме уруп-уруп ийишти да, мени сыртка сүйрөй башташты. Кафенин жетекчиси таластык эже болчу, чуркап келип болуша кетти. Эжени сөгүп, мени сыртка алып чыгып, төрт жигит машинага салып жөнөштү.
Башымды көтөргөнгө чамам келбеди, улам ургулап келе жатышат. Бир убакта башымды булкуп сыртты карасам, шаардан чыгып бараткан экенбиз. Бир жерге алып барышты, ээн талаа, калың токой. Чоң лотоктордун астынан тепкилеп сүйрөп алып өтүштү. Кийимдеримди айрып чечип, мени зордуктаганга аракет кылышты. Ошол учурда тиги баланын телефонуна бирөө чалып калды, ал «мы на старом месте» деди. Булар ал жерге менден башка да кыз-келиндерди алып барып жүрүшкөн. Себеби алар өздөрү «сага окшогондун көбүн алып келгенбиз» дешти.
Тиги бала менен алышып жатам, ал мени тепкилеп, уруп жүрөт. Бирөөсү мени уят сөздөр менен сөгүп тепкилесе, экинчиси карап турду. Бир убакта төрт машина толтура балдар келишти. Ошончо баланы көргөндө дендароо болуп туруп калдым. Бирөөсү «Сиз Жалал-Абаддан болосузбу? Кара-Дарыяданбы?» дейт. «Ооба» десем, «коркпоңуз, сизге эч нерсе болбойт, мен да Кара-Дарыядан болом» деди. Мен ага «Сен кара-дарыялык болсоң, жардам берчи, эмнеге мени бул жакка алып келдиңер?» дедим. «Сизге жардам бере албайм, атым – Нурбек» деп айылын айтты.
Бир убакта Илхам дегени келди. Көрсө, ал ошол балдардын башчысы окшойт. Ал мени жаакка бир чапты. Аял киши ушунчалык алсызбы? Жыгылып калсам, ичиме тээп жатпайбы. Чачымдан сүйрөп тургузуп, «чечинткиле» деди.
Мени видеодон көргөндөр «ичип алыптыр» деши мүмкүн. Ээн талаада, жардамга кол созо турган эч ким жок жерде 15 бала сени тегеректеп турса... Бир убакта машинанын аккумуляторун чыгарып келишип, мени жылаңачтап туруп таманыма бир нерсени сайгылашты. Анысын улам баскан сайын ток тартат, мас эмес, нашаа тарткан адамга айланып калыш оңой эле экен. Өзүмдү жоготуп, жан чыдагыс кыйноодо болдум... Жандын таттуулугун ошондо билдим, башыма келген бир ой «эптеп аман калып, ушулардан өч алам» деген эле болду. Ардандым, алсыз экениме ичим ачышты...

«КЫЛЫМ КАРЫТКАН 13 МҮНӨТ»
– Миң аракет кылбайын, 15 эркекке күч-кубатым жетмек эмес. Жаным аман калсын деп жан далбаска түшүп, аларга жалдырадым. «Биз айткан сөздү кайталап айтасың» дешти, анысына макул болдум. Башка нерсени кыл дешсе да даяр болчумун, карыган ата-энемди, балдарымды ойлоп жаным сыздады, тирүү калыштын амалында элем. Үн-сөзсүз, алардын айтканын аткарбай, өлүп деле калсам болмок. Бирок МЕН АКМЫН! Зөөкүрлөрдөн ит көрбөгөн күндү көрүп өлүп калсам, анда айтышмак, «өзү ушундай үчүн өлдү» деп. Жок, мен анте албайт элем, мен абийиримдин ак экенин айткым келди.
Ошентип, улам тепкилешет, токко тарттырышат, кайра тепкилешет. Жыпжылаңач, энеден туума турам мен. Каалагандарын жасашты, ошол видео 13 мүнөт тартылыптыр. Ошол 13 мүнөт мен үчүн 13 кылымга созулду, жан чыдагыс азабым менен кайгымдын баарын 13 мүнөт өзүнө батырып алды, заматта 15 жылга карып кеттим...

«СУУГА ЫРГЫТЫП ИЙГИЛЕ...»
– Мага «Каяктан болосуң? Канча балаң бар? Неге тажиктер менен жүрөсүң?» деген суроолорду беришет. Тирүү калыштын аракетинде аты чыгып калган адамдардын атын сатып да ийдим. Кыйнап, кордоп бүткөндөн кийин «бутуна таш байлагыла да, сууга ыргытып ийгиле» дешти. «Мени кечирип койгула, силер мени көрбөйсүңөр» деп чырылдап ыйлап жүрөм. Ичимден Кудайга жалынам, «Жараткан, желмогуздардан аман алып калчы!» деп. Акыры бир балага «сууга таштаба» деп жабышып алдым. «Ушул көлдөн өтүп кетсең өттүң, кете албасаң өлөсүң» дейт. Эгер мага эч кордукту көрсөтпөй туруп «ушул суудан өт» десе өтмөкмүн. Ушунча кордукту көрүп, анан эми сууга түшмөк белем? Дарегимди сурап, «кийимиңди кий, өзүбүз менен кошо алып кетебиз» дегенинен «өзүм жетип алам» десем сөгүштү. Коркконумдан колго илинген кийимимди кийдим, сөйкө-шакек, сумка, телефонумду алар алып коюшкан эле. Эч нерсем калбады, кимге чалам, эмне кылам?
Ошончо бала кайра мени машинага салып келатышат. Илхам дегенине бир убакта айтышты. «Имам бар экен, кара-дарыялык, ушул кызды алып келгиле, тарбиялайм деп чалды» деди. Илхам, көрсө, кыздарды үйүнө алып барып 15 күн кармап, кааласа кетирип, кааласа билгенин кылганы, улуту өзбек экени кийин билинди.
Мени имамга алып барышты. Ал мени бир көрүп эле таанып, «бул кыз баланча абанын кызы го, андай жолго барбайт» деди. Балдардын бирөөсү келип мени тээп жиберди эле, алардан батыраак кутулайын деп «ооба, мен ушинтип...» деп жибердим. Имам «кызды тырмактайынан тааныйм, андай эмес. Таштап кеткиле, өзүм сүйлөшөм» дегенде балдар кетишти. Имамга баарын айтып бердим. Агамдын классташы болот экен, таксиге салып жашаган жериме жеткирип койду. Тигилер мага «түнү менен бул жерден чыгып кетесиң, болбосо өлтүрөбүз» дешкен.

«ТАМАК ЖЕГЕНДИ, ЭЛ МЕНЕН СҮЙЛӨШКӨНДҮ ТОКТОТТУМ»
– Чогуу жашагандарга учкай айттым. Алар «эже, убактыңыз келгенде салып коёбуз, коркпоңуз» дешти. Москвадагы сиңдиме «башымдан жаман иш өттү, сага жетишим керек» деп чалдым. Москвага келип, тамак жегенди, эл менен сүйлөшкөндү токтоттум. Ой, коркунуч менен гана жашап калдым. Жашоом тозокко айланды, бир күндө чачым аппак болуп агарды. Жинди болуп кетейин деп калдым. Сиңдим сүйлөшүп койгон жумуштарда иштей албай койдум. Жүрөгүмдү басып дубалды тиктеп эле жата бердим. Акыры окуяны сиңдиме айттым. Айтсам, жогорку билимдүү болуп туруп, азыр ойлосом, жетпептир да ага деле. «Башың аман калыптыр, ушуга сүйүнөлү» деп күйөө балам экөө жыт чыгарып койду. Мага ошол нерсе жагабы?
Кыргыздарды көргөн сайын корком, «эй, сен жылаңачтанып жүрөсүң» деп качан айтат деп. Мени таанып калып, өлтүрө тургандай сезилет эле. Сиңдим бир күнү "Сен минтип жүрсөң, ата-энемди ким карайт, аларга ким каралашат?" деп айтты. Иштейин деп аракет кылдым, бирок бирөө сүйлөсө эле бакырам, ыйлайм. Сиңдим жардам берип жүрдү, бирок алар да Кыргызстанга кетип калышты. Анан карызга батканымды сураба. Үйдөгүлөргө да телефон чалбайм, чалсам эле менин башымдан өткөн окуяны айтышабы деп корком. Убакыт өтө берди. Ноябрда бир жерге жумушка орноштум, баары орустар экен. Ошол жумуштагылар менин мүнөзүмө чыдашты. Чачым тутамдап түшөт, арыктап, тирүүнүн өлүгүнө айландым. Бирөө бир нерсе деп айтса эле кыйкырып ыйлайм.
Эртең Жаңы жыл деген күнү бир таанышым «сен интернетте жүрөсүң» деп чалды. Ушул жашка келип интернет эмне экенине кызыкпапмын. Менин коркконум, «телефондон көрөт мени» деп жүрөкзаада боло берипмин. Жумуштагы менеджериме ушундай окуяга туш болгонумду, ал окуя интернетте жүргөнүн айттым. Ал интернетти ачса, белгилүү сайттын биринчи бетинде мен жүрөм. Ошол жерден бакырып ыйлап жатам, ошондогу көөдөнүмдүн ооруганын сөз менен түшүндүрүп айта албайм азыр. Ушундай азап менен өлө тургандай абалда болчумун. Жетекчибиз: «Ыйлаганыңды токтот, ата-энең, балаң качандыр бир күнү сени түшүнөт. Сен бизди кечир, бирок силердин кыргыздарыңар килтейген мамлекеттин президенттерин кууп салып жатышпайбы, сен пешкасың да. Ушундан жыйынтык чыгар, адам болуп кетишиң же мындан ары жок болуп кетишиң өзүңдүн колуңда. Бизден кандай жардам керек болсо беребиз, жумушта иштейсиңби-жокпу, айлык жаза беребиз»,- деди. Мындайда эмне дейсиң? Ошону менен иштеп калдым, эки күндүн биринде менин бакырып ыйлаганым кампадан угулат... Бир жарым жылдан ашты, ыйлап жүрүп көзүмдүн кызылы кете элек.

«КОЛУ МЕНЕН КӨРСӨТҮП, КӨӨДӨН ТЕШЕ ТИКТЕГЕН КӨЗДӨР...»
– Жаңы жыл күнү квартирабызга келсем, баары ошол видеону тиктеп отурушуптур. 30 адамдын көзүнө кантип туруштук бериш керек мындайда? Мени намаздан башка эч нерсе сактабай тургандай болуп калды. Жумуштан келем, өтүгүмдү чечем да, жайнамазга баш урам. Жайнамазга жатсам бүт азабымды унуткансыйм. Өтө кыйынчылык менен баарына чыдадым. Адамдын жан дүйнөсү да сынбастан, бүтүн организми тири укмуш азапка туруштук бере албай калат экен.
Бир күнү жумуштан келатып карга жатып калдым же тура албайм. Көзүмдөн аккан жаш куюлуп карга түшөт. Канча жатканымды билбейм, бир орус абышка тургузуп койду, анан араң үйгө келдим. Ушинтип кыйналып жүрсөм, мага айтылган сөздөр сөөгүмө жетти. Колу менен көрсөтүп, «тиги, тиги» деген көздөр көөдөнүмдү өрттөйт. Адам экенбиз, чыдайбыз. Кийимдеримди жек көрүп ыргытып ийдим. Бир күнү бирөө айтат, «сени телевизордон көрсөтүптүр. Чыдабай өлүп калыптыр дешиптир» деп. Сиңдиме чалсам, «атам инфаркт болуп калды, эми сен чыдап актыгыңды далилде, болбосо ата-энебизден айрылабыз» дейт.
Ушундай күндөрдө дагы бир видеону көтөрүп келишти, ноокаттык кызды мендей кылып кордошуп, «Сапаргүлдү тарткан биз болобуз» дешиптир. «Качанкыга чейин менин атым ушинтип жүрө берет, качанкыга чейин кыргыздын шордуу кыз-келиндери кор болот?» дедим. Жумушка келип, арыз жаза турганымды айтсам, алар кантип жазышты көрсөтүп беришти. Орусиянын президентине, Башкы прокуратурасына, ИИМине жана Кыргызстандын элчилигине, «Азаттыкка» арыз жаздым. Медведевден 3 күндүн ичинде жооп келди, Башкы прокуратурага бул ишти дайындаптыр.
Ар жактан мага чалып башташты. Бизди Екатеринбургга жөнөттү. Консулдуктан Улан Кошматов деген милиция кызматкерин кошуп беришти. Ошол Уланга деле ишенбей калдым. Ал балдар ошондо эле кармалмак. Бул иш каралып жатканда Илхамдын, Нурбектин дарегин табышты. Мени алып чыгып кеткен айдоочу балдардын бирөөсү кармалды. Илхамдын ата-энеси уяты жок адамдар экен. Анын аялы, энеси мени коркутуп, «арызыңды ал» дешти. «Илхам кармалган күн өмүрүмдүн аягы болсун, мен өкүнбөйм» дедим. Кийин Улан аркылуу акча сунушташты. Уланга «мага эч нерсенин кереги жок, кызын берсин. Мен аны урбайм, сөкпөйм, болгону жылаңачтап интернетке чыгарам» дедим.

«БИЗ ЧЫКСАК, СЕНИ ӨЛТҮРҮП КЕТЕБИЗ»
– Атам «кек сактаганды Кудай каапырга берген. Кек сактаба, балам» деп айтат. Бирок мен анте албайм, аларга. Жүзү жок адамдар көп экен. Мени кордогондордун бирөө кармалып, мага айтат, «Сапаргүл эже, менин 3 кызым бар, ошолордун тагдырын ойлобойсузбу?» деп. Мени жылаңачтап интернетке жайып, тепкилеп урганда алар канчалык оор болорун ойлошту беле?! «Мунун абийири кетип жатат» деп ойлогон эмес, мен алардын тагдырын неге ойлошум керек?! «Биз чыксак, сени өлтүрүп кетебиз» дешти.
3 бала кармалды, берки экөө кармалса, сот болот. Кудайга ишенем, алар сөзсүз кармалышат, мен алар менен жолугушам. Мага кимдин боору ооруду эле? Мейли, мени өлтүрүп кетишсин, бирок мен актыгымды далилдейм.
Күйүнгөнүм, орустар бул жакка тиешелүү органдарга сурак жөнөтүштү, бир ай күттүк, Кыргызстандан эч ким жооп берген жок. Нурбек менен Илхам Кыргызстанда деп укканбыз. Орустар ушул күнгө чейин чалып жатышат мага. Анастасия деген кыз бар, ошол жерде. Мага адвокатты да, психологду да ошол акчасын төлөп жалдады. Мен тааныбаган эле бирөө, башка улут. Ал ушул окуяны көрүп, «мен бул иштин аягына чыгам» деди.

«МЕНИ ПАЙДАЛАНЫП ӨЗДӨРҮНӨ ПИАР ЖАСАШТЫ»
–  БУУнун Өнүктүрүү программасындагылар (ПРООН) журналист Аида Касымалиеваны жөнөтүшүптүр. «Кыргызстанга келсин, өзүбүз жардам беребиз, баары камсыз болот» деп алып келишти. Баары чакырып сурайт да, эч кандай жардам жок. «Биз Сапаргүлгө минттик, тигинттик» деп өздөрүнө пиар кылышат. Ыргал Кадыралиева, Дамира Ниязалиева жана дагы эки депутат аял мени чакырышты, бардым, айткандарымды диктофонго жаздырып отурушту. Баарын укканда Дамира Ниязалиева «Сен ушул балдарды таап алгандан кийин оюңду өзгөртүп салбайсыңбы?» дейт. Мен ага «ушул суроону өзүңүзгө берсеңиз болмок» деп айттым. Ыргал «менден силерге жардам болсун, жер тилкесин берем» деген. Москвадан элчиликтегилер Аидага чалышыптыр, «Жер берилдиби?» деп. Аида ал депутат айымга чалса, «мени аралаштырбагыла» дептир. Аида «сизге мынча акча түшүп жатат. ПРООНдон 1000 доллар бөлүнгөн» деген. Кийин акча керек болуп алардан сурасам «берген адамдар кайра алып койду» деп жооп беришти.
Мекениме келгениме он ай болду. Мына бул спорттук кийим сиңдилеримдики.  Жиндиканага 2 ай жатып чыктым. Дарыларга оңой эмес акча кетет экен, атам менен апам тоогуна чейин сатып беришти. Азыр селсаяктай болуп жашап жүрөм. Ар туугандарымдын үйүнө барам.
Атам туугандарыма бир гана талап коюптур, «көчөдөгү сөздөр үйгө келбесин» деп. Атам мага гана ишенди, «менин балам таза» деп. Эми мен ушул тазалыгымды далилдеш үчүн кайрылбаган жерим калбады, президентке, Аялдар конгрессине, ИИМге, акыйкатчыга, Отунбаеванын фондуна жаздым, бир айдан бери жооп күтөм. Президенттик аппарат катымды жоготуп, жообун сурап чалганымда «президент сенин сурооңо жооп бербейт, барып ИИМ менен чечишип ал» деп коюшту. Акыйкатчыга чалсам, «сен бизге арыз жаз» деди. «Мен Сапаргүлмүн, арыз жазгам» десем, «Сапаргүл болсоң эмне кылайын, биз иштеп жатабыз...» деп телефонду коюп салды. Отунбаеванын фондунан телефонду бир кыз алып «Отунбаева бошобой жатат» деди. Бошогондо жолугайын десем, «сени эч ким киргизбейт, 12де жооп беребиз» деп ошол бойдон жооп жок. ИИМдегилер «Бул иш качан эле жабылган, дагы деле ызы-чуу салып жүрөсүңбү?» дешет.
Кирбеген тешигим, какпаган эшигим калбады. Мындай окуяларга мамлекет кайдигер караса, жарандарын коргой албаса, акыйкаттык болбосо, биз, кыргыздар, кайда барабыз, кимге кайрылабыз? Менин суроолорума ким жооп берет, калайык? Мага акча, байлыктын кереги жок, актыгымды далилдешим керек. Азыр Орусиядан чалып жатат, «Кыргызстандын колунан эч нерсе келбеди, биз бул жактан бүт телеканалдарга беребиз» деп.
Бир дарым 1200 сом турат, 20 дарысы 5 күнгө жетет, 1 жыл 7 ай ичишим керек. Муну ичпесем адам болбой калам. Мени Орусияда күтүп отурат. «Бул жакка кел, дары-дармегиңди алып берели» дешти. Мени актап, Сапаргүл деген атымды актап бергилечи. Көчөдөгү денесин саткан кыз эмесмин, мени актап бергилечи, суранам, эли-журтум?! Эки балам чоңоюп калды, эртең келин ала турган адаммын. Менин атымды, абийиримди кайтарып бергилечи?! Мени кордогон жексурлар азаттыкта жүрүшөт.
Менин окуямды угуп-көргөн энелер көз жаш төгүп мен үчүн ыйлашты, аларга рахмат. Карамат деген жазуучу эже «кечирчи бизди, Сапаргүл» деп кат жазды, укук коргоочу Азиза Абдрасулова «сенин кайгыңды мээримим менен жууймун» деди, Москвадагы Амантур деген бала үй-бүлөсү менен жардам берди, мага карата жазылган жакшы пикирлердин ээлерине, мен үчүн убайым тарткан адамдарга чоң ыраазычылыгымды билдирем. Мени билбей туруп мага карата жаман айткан адамдарга айтарым, «өзү ушундай бузулган айым» деп айтпагылачы!
Дагы бир Айжамал деген кызды да мендей кылып кордошкон экен, дарегин таап барсам, тилекке каршы, анын асынып өлүп алганын айтышты. Качанкыга чейин кыргыз кыз-келиндери ушинтип кордолуп, боздошу керек? Көкүрөгүмдү ушул кайгы жеп койду...

Бурул Исмаилова
koom@super.kg



Орусияда кордолгон Сапаргүлдүн арманы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(370)
18.03.2013. 12:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
13-03-2013
Соӊку аракети:
23-03-2013 19:49
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саламатсызбы Сапаргул.бул жалган дуйнодо кылган куноосу учун ар бир инсан кудай алдында жооп берет.Сиздин чындык издеп чыркырап жургонунуз чындык болсо да копчулугу тан алгылары келбестир.Анткени бир нерсе болгон да жону жок сабап кетмек беле деген создор болот.Андыктан ит уро берет,кербен журо берет озунузду колго алыныз ыйман келтирип,тообо кылып Жараткандан жардам сураныз адам пендесинин колунан жардам издебей Алладан сурраныныз.
18.03.2013. 12:52 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
28-01-2013
Соӊку аракети:
14-03-2014 21:32
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактасын!!!камалып эле кетишсин стая шакалов!биздин мамлекеттеги чондор оозу мн баарын 'бутурушот'да, иш жузуно келгенде нол
18.03.2013. 12:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
04-05-2010
Соӊку аракети:
16-11-2018 18:07
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар бир адам эмне менен алек болот, ким менен суйлошот, эмне тамак жейт, кайда, кантип уктайт оз иши. Сен тиги менен тигинтип суйлоштун, минтип койдун дегенге эч кимдин укугу жок. Ал адам туура эмес жолго барып атса оз абийирине, Кудайга, анан мыйзамга ишенуу керек.
18.03.2013. 19:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
344
Катталган:
17-11-2011
Соӊку аракети:
03-11-2018 18:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
Асылжан, +10000000000 туура.
18.03.2013. 13:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
31-05-2011
Соӊку аракети:
17-11-2018 13:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
+5
мен Сапаргул эженин актыгына ишенем, ошол кыргыздын патриот соройлору Москвада менин тааныш адамдарым аялдары менен кафеге барышса бироосунун аялын танцполдон кармап , кочого алып чыгып алтындарын, телефонун алып коюптур, болбосо жыналачтап туруп видеого тартып шерменде кылабыз дептир. Куйоосу келип ызы чуу болушкан. Бул факт ушундайча жол менен канча кыздарды тоноп кетишти. Жоголоор улуттун эркектери оз аялдарына кол которот дешет. Эсинерге келгиле эркектер, алсыз аял затын кордоо эмес корг
18.03.2013. 13:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
31-05-2011
Соӊку аракети:
17-11-2018 13:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
Коргоо керек.
18.03.2013. 13:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
17-03-2013
Соӊку аракети:
31-03-2016 17:28
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу!менда коруп жаман болгом.Сабыр кылыныз алар албетте жазасын алышат бул дуйнодо болбосо тиги дуйнодо.А биздин куч органдарына бийлике ишенип болбойт!соз менен гана бутурушот.Аллахым бизге ынтымак берсин.буйруса жакшы жака онолобуз аз калды чыдап койгула бир туугандарым!
18.03.2013. 13:15 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
7573
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
16-11-2018 17:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
NURR,
Башка колдонуучунун өздүгүнө асылбай талкуу кылабыз, кайталанса жаза көрүлөт!
18.03.2013. 13:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
14-12-2011
Соӊку аракети:
22-03-2016 21:54
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайымааааай неге окудум...
18.03.2013. 13:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
28-03-2009
Соӊку аракети:
19-04-2017 11:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Менин да окуп алып журогум ооруп кетти. Эртенки кун эмне болушту эч ким билбейт, ошого ойлонуп жазыш керек. "Саяк журуп таяк жейт" деген туура бирок кафеде тамактанганды саяк журуу деген болбойт да. Ал балдардын антип патриот болгонун эч кимге бир тыйынчалык кереги жок. Ошондой эле ошол сойку кыздардан арданып атышат экен анда тактап, анын сойку экенин далилдеп, бир - эки жолу анын башка улуттун жургондорун видеого тартып алып анан эжени кордошсо болмок.
18.03.2013. 15:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
23-01-2013
Соӊку аракети:
27-02-2018 23:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
OSH
-11
Nakinai, Кафеде эле тамактанып, түз жүрсө кордомок түгүл, чачынын учуна да колун тийгизе алмак эмес! Деп билем жеке мен!
18.03.2013. 18:01 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
18-03-2013
Соӊку аракети:
17-11-2013 03:07
Жынысы:
Белгисиз
+4
Orbit_bezsahara, бул жерде Сапаргул эже косяка илешип калгандай эгер ошол жерде тажик мн олтурса курбу кызы калып эмнеге озун алып кетишкен, сизди озунуз мн мамиле кылып жургон адам подстава кылган ,кызык экенсиз КЖга кимди? эмненинизди жоготуп издеп келгенсиз сиз орустар мн эле иш алып барганыныз он баштаган ишининизди аягына чыгарын мумкун ал манъяктар дагы бир байкушту андып жургондур, башчысы озбек экени кашайтты
18.03.2013. 13:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
28-03-2009
Соӊку аракети:
19-04-2017 11:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+4
Берки шерменде болгон кыз да, эже да ак экенине ишенгим келет. Себеби ал намысынан асынып алыптыр, ал эми эже бекинип жашынып албай акыйкат издеп чыгыптыр ушундан эле буларда куноо жок экенин билсек болот да. Антип саяк жургон сойку кыздарды андай окуяга туш кылсан да аларга баары бир, таасир этпей жашоосун уланта берет. Мумкунчулугунор болсо эжеге жардам берип койгула. Биздин колдон эч нерсе келбейт.
18.03.2013. 14:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
22-12-2010
Соӊку аракети:
23-05-2016 20:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-аба
+2
Кыйын экен кыргызстандагы тунку кополокторду тыйып алышпайбы,
18.03.2013. 14:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
16-08-2011
Соӊку аракети:
17-11-2018 13:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Р.Ф гМосква
0
Кимисине ишеничти да билбейсин мындайда.Тиги жигиттер деле жондон жон эле анчалыка барбаса керек эле,алардын деле эже карындаштары бар да.
18.03.2013. 15:09 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
7573
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
16-11-2018 17:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
NURR, Boss77 - эскертүү!
Ар бир колдонуучу өз ой-пикирин эреженин негизинде жазууга укуга бар!
Башка колдонуучунун өздүгүнө асылбай талкуу кылабыз!
18.03.2013. 15:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
20-05-2012
Соӊку аракети:
16-11-2018 08:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
moskva
+1
Оо кудайым эркек деген алсыз аялды коргош керек эле го,биз кайда баратабыз,зоокурчулук,мыкаачылыка баратабызбы,зоокурлор,козунорду ачкыла,эсинерге келгиле,андай патриот болсонор кордобой,наоборот жардам бербейт беленер!Уяты жок шерменделер!!!Наалат силерге тарбия берген ата-энелерге!!!
18.03.2013. 15:21 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
15-07-2012
Соӊку аракети:
08-11-2017 15:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх манкурттар силерге кудайым жазасын берсин. Силердин дагы эненер кызынар аялынар барго.... Кудайым жазаласын силерди! Мында бир эки ошол айбандардын туугандары Сапаргул эжени каралап эжатат силерге да кудай бар... Сапаргул эжеге сабыр ден-соолук каалайм. Ак ийилет бирок сынбайт! Биздин чондор силерге соз жок эшек такалап отурасынарбы озунордун жаранынардын укугун коргой албасанар! Аларды омур бою камап салуу керек.
18.03.2013. 15:22 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
31-08-2011
Соӊку аракети:
23-07-2013 01:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Талас, Бакай-Ата
-2
Мен мисалы ишенген жокмун! Кантип эле тынч эле журсон, алар сени ташбаранга алмак эле.
18.03.2013. 15:23 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
15-07-2012
Соӊку аракети:
08-11-2017 15:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым жазасын берсин
18.03.2013. 15:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
11-06-2012
Соӊку аракети:
18-07-2018 23:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Jalal-Abad
+1
эй эл журт,башынан отконун айтып атат го,кандай ишенбейсинер бир сартка куйрук болгон шордуу кыргыздар ай
18.03.2013. 15:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
331
Катталган:
19-11-2012
Соӊку аракети:
16-10-2018 10:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
новосибирск
0
Сапаргул коп окуно бербе ден соолук керек кыргызстандан эч жардам сураба алар даже жооп бергенден ооздору ооруп калат телефон номеринди берчи эн жок дегенде кийимини дарынды ай сайын алып берип турайын берки балдарга соз жок жон кой кудай бар жазалайт аларды кудайга койдум де эми ойлонуп ыйлай берсен ден соолугундан ажырайсын
18.03.2013. 15:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
24-02-2013
Соӊку аракети:
10-09-2013 15:37
Жынысы:
Белгисиз
0
чынында журогум ооруду. жашоодогу эн оор абал бул адилетсиз жасалган ишке, айыпсыз болуп туруп куноолонуп турсан ага каршы курошкондо алсыз экенинди сезуу... бирок сизге кудайдан куч-кубат сураймын... оор курошто канчалык кыйналсаныз да аягына чыгышынызга тилектешмин. ал эми кордук жасаган мерез адамдарды кудай эсине келтирип оз абийирлери жеп туготсун....
Super TV
18.03.2013. 16:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
11-02-2013
Соӊку аракети:
05-07-2017 14:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынгыз Айтматовдун "МАНКУРТ" деген чыгармасы чын болуп келе жатат окшойт, андан коро Кыргыз элим 5 млн калкпыз. бирдиктуу болмоюнча эч качан биз кыргыздар онолбойбуз... ойлон кыргыз, ойгон кыргыз...
18.03.2013. 17:09 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
30-05-2011
Соӊку аракети:
19-11-2014 03:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
менин да аябай журогум ооруду эсимен кетпей эстеген сайын жаман болдум бул видеону коргондон кийин .Биздин Кыргыздардын жигиттери ушунчалык иттик жолго барып калышыптыр деп ылайым ошол адамдардын оздорунун уул кыздарынан корушсун ,кудайым , жараткан алла жазаласын бул дуйнодо болбосо наркы дуйнодо ,Россия жардам берем деген болсо ошол жакка кетиниз сиз Сапаргул эже ,бул кылмышка барган балдардын оздору психикалык жактан не нормальный адамдарда нормальный адам ушуну кылчу беле алар шайтандын жол
18.03.2013. 17:10 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
30-05-2011
Соӊку аракети:
19-11-2014 03:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
кирен мээси жок иттер адам эмес айбандар
18.03.2013. 17:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
15-12-2012
Соӊку аракети:
27-02-2014 14:59
Жынысы:
Белгисиз
0
администрасия менин жазганым жокго
18.03.2013. 17:54 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
7573
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
16-11-2018 17:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
simple_boy,
Сизге купуя менен жооп берилди.
18.03.2013. 18:13 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
107
Катталган:
09-09-2012
Соӊку аракети:
28-05-2015 20:29
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапаргул!озунду жакшы сезе бер!Адам катары сени тушунобуз!аа кордук корсоткон эргулдардын максатын тушунбойбуз!Сапаргул кайраттууу бол.баарын женип отосун...Кыргыз элибиз.кыйын болгон кундо да сабырдуу болуп,шугур келтирип кун кечирген!
18.03.2013. 18:23 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
107
Катталган:
09-09-2012
Соӊку аракети:
28-05-2015 20:29
Жынысы:
Белгисиз
0
даа,,,(((чындыкты издейт.Сапаргул сен озуно ак болсон болду.бллллллиин ошо балдарды кармасан,иттей тепкилемекмин...алардын эмне эжеси же карыдашы жок бекен...Сапагул сабыр кылыныз
18.03.2013. 21:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
344
Катталган:
17-11-2011
Соӊку аракети:
03-11-2018 18:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
prezent, аларда эже-карындаш эмес,бир тууган,ата-эне да жок болсо керек..Соо ,тарбия коргон,акылы бар адам мындай айбанчылык кыылмак эмес.
18.03.2013. 18:33 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
290
Катталган:
23-02-2013
Соӊку аракети:
19-05-2014 21:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
ошол патриоттордун бири Москвадан бир кыргыз эле баланы сабап салышып,2жылдан бери комада жатат.Байкуш бала 2кундон кийин Кыргызстанга уйлоном деп кетип жаткан.Алар мыкаачы немелер.Кудайым бардыр...
18.03.2013. 18:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
18-02-2012
Соӊку аракети:
09-01-2018 16:26
Жынысы:
Белгисиз
+1
ошол илхам деген сартка баш ийип айтканын кылып жургон акмак кыргыз балдарына наалат айттым.КУДАЙ ОЗУ ЖАЗАЛАСЫН.
18.03.2013. 19:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
05-11-2012
Соӊку аракети:
25-02-2014 23:52
Жынысы:
Белгисиз
-3
azamat1k, ал сапаргулдун озун актайын деген аракети болуш керек! Кыргыздар эле узбектерге баш ийип калат дейсинби!
19.03.2013. 01:08 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
141
Катталган:
29-12-2011
Соӊку аракети:
06-07-2013 15:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
-1
azamat1k, илхамдын апасы сарт атасы кыргыз, так что все нормально
19.03.2013. 10:31 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
7573
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
16-11-2018 17:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
azamat1k, jhanibek,
Силерге эскертүү!
Улутуна, динине жараша бөлүп жарууга тыюу салынат!
18.03.2013. 18:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
28-05-2011
Соӊку аракети:
27-06-2018 01:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Toobo! Kyrgyzdar ozu bayirtadan ele elden bolunup, ich ara chatakyashyp jurgon kalk kanybyzda bar da atting.rossiyada da tim jurboy orustarga shermende bolduk emi. Kyrgyz kyzdary bashka uluttagylar menen jurup atat deshet. Myna otvet silerge ushunday angilerden, alkashtardan koro tynch aman jashoo uchun bashka ulut bolso da eptep kachyp kutulayin kyzyl kamchy kyrgyzdan degender da bar da.
18.03.2013. 18:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
05-11-2012
Соӊку аракети:
25-02-2014 23:52
Жынысы:
Белгисиз
-1
окунучтуу дечи бирок бул окуяга окшогондорду оз козум м.н эле коруп журом квартиранын бир комнатасында 4 кыргыз кыз жашайт алардын бироосу азесбайжанец менен журот уйуно тигинисин ээрчитип келип нагло эле жатат экен анысы менен ал киши 40 тан ашкан эле чал мен да коргом, элестеткиле ал адам эми досун ээрчитип келип тиги маныроо кыздын подружкасын тааныштырып жатышат! Анан кимдин жини келбейт сабак болсун кыздарга, менимче ошолорду да кармап ошондой кылып тарбиялап койуш керек!
1
2
3
4
5
6
7
8
9
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: