Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Чындык издеп чыркыраган Сапаргүл:«МЕН АТЫМДЫ, АБИЙИРИМДИ АКТАГЫМ КЕЛЕТ»

№541 5-21-март, 2013-ж


«Мен Сапаргүлмүн, баарын айтып берейинчи» деп телефон чалган айымга алгач түшүнгөн жокмун. «Кайсы Сапаргүл? Эмнени айтат?» деп. Саамга ойлонуп, анан Орусияда кыргыз жигиттеринен кордук көргөн айым эсиме келди. Арадан көп убакыт өтпөй маңдайымда отурган айым көкүрөк толо бугун, көөдөн муунткан жашын тыя албай, оор үшкүрүп, жүрөгүн улам мыкчый буларды баяндады. «Акыйкаттык таппай убарамын. Эми «Супер-Инфо» аркылуу элиме кайрылам, гезит аркылуу болгон чындыгымды, үнүмдү бийликке жеткирер бекем, аёосуз кордогондор жазасын алышар бекен?..» деп сыздады. Көз жашын көлдөткөн келинге кантип кайдигер карайлы? Ушул макаланы окуган намыстуу бир кыргыз «кой, ушул кыздын тагдырына кайдигер карабайм» деп чыгарына ишенебиз. Анткени чырылдаган келин дале акыйкаттык бар экенинен үмүтү үзүлбөй жашап жүрөт.

«АЛСЫЗ АЯЛЗАТЫ ЭКЕНИМЕ АРДАНДЫМ»
– 2010-жылдын апрель айында Екатеринбургга барып, жумушка орношуп, иштеп баштадым. Орусияга жыргаганыбыздан барбайбыз, бирөө балдарын, бирөө ата-энесин багып, акча тапканы барат. Мен да алардын катарында элем. Бир-эки ай дүкөндө иштедим, кийин кондуктор болуп орноштум. Жумушум таңкы 5те башталып, түнкү 1де аяктачу. Суткасына 16-17 саат иштеп жүргөм.
Ошол жылы 5-сентябрда, саат 6да курбум экөөбүз жолугуп, кафеде отурганбыз. Бизден арыраакта тажик улутундагылар тамактанып отурушкан. Бир убакта жаш кыргыз бала келип колумду кармап, өбүүгө аракет кылды. «Менин балам менен тең экенсиң, уялбайсыңбы, чоң эле эжеңе келип сүйлөгөндөн?!» дедим.»Энеңди урайын, силер тажик дегенде өлүп жүрөсүңөр да, тиги тажик менен таанышайын деп жатасыңар» дегенинен «Жогол ары, кет!» дедим. Тиги бала ары жактан эки жигитти чакырды. Алар келип ичиме уруп-уруп ийишти да, мени сыртка сүйрөй башташты. Кафенин жетекчиси таластык эже болчу, чуркап келип болуша кетти. Эжени сөгүп, мени сыртка алып чыгып, төрт жигит машинага салып жөнөштү.
Башымды көтөргөнгө чамам келбеди, улам ургулап келе жатышат. Бир убакта башымды булкуп сыртты карасам, шаардан чыгып бараткан экенбиз. Бир жерге алып барышты, ээн талаа, калың токой. Чоң лотоктордун астынан тепкилеп сүйрөп алып өтүштү. Кийимдеримди айрып чечип, мени зордуктаганга аракет кылышты. Ошол учурда тиги баланын телефонуна бирөө чалып калды, ал «мы на старом месте» деди. Булар ал жерге менден башка да кыз-келиндерди алып барып жүрүшкөн. Себеби алар өздөрү «сага окшогондун көбүн алып келгенбиз» дешти.
Тиги бала менен алышып жатам, ал мени тепкилеп, уруп жүрөт. Бирөөсү мени уят сөздөр менен сөгүп тепкилесе, экинчиси карап турду. Бир убакта төрт машина толтура балдар келишти. Ошончо баланы көргөндө дендароо болуп туруп калдым. Бирөөсү «Сиз Жалал-Абаддан болосузбу? Кара-Дарыяданбы?» дейт. «Ооба» десем, «коркпоңуз, сизге эч нерсе болбойт, мен да Кара-Дарыядан болом» деди. Мен ага «Сен кара-дарыялык болсоң, жардам берчи, эмнеге мени бул жакка алып келдиңер?» дедим. «Сизге жардам бере албайм, атым – Нурбек» деп айылын айтты.
Бир убакта Илхам дегени келди. Көрсө, ал ошол балдардын башчысы окшойт. Ал мени жаакка бир чапты. Аял киши ушунчалык алсызбы? Жыгылып калсам, ичиме тээп жатпайбы. Чачымдан сүйрөп тургузуп, «чечинткиле» деди.
Мени видеодон көргөндөр «ичип алыптыр» деши мүмкүн. Ээн талаада, жардамга кол созо турган эч ким жок жерде 15 бала сени тегеректеп турса... Бир убакта машинанын аккумуляторун чыгарып келишип, мени жылаңачтап туруп таманыма бир нерсени сайгылашты. Анысын улам баскан сайын ток тартат, мас эмес, нашаа тарткан адамга айланып калыш оңой эле экен. Өзүмдү жоготуп, жан чыдагыс кыйноодо болдум... Жандын таттуулугун ошондо билдим, башыма келген бир ой «эптеп аман калып, ушулардан өч алам» деген эле болду. Ардандым, алсыз экениме ичим ачышты...

«КЫЛЫМ КАРЫТКАН 13 МҮНӨТ»
– Миң аракет кылбайын, 15 эркекке күч-кубатым жетмек эмес. Жаным аман калсын деп жан далбаска түшүп, аларга жалдырадым. «Биз айткан сөздү кайталап айтасың» дешти, анысына макул болдум. Башка нерсени кыл дешсе да даяр болчумун, карыган ата-энемди, балдарымды ойлоп жаным сыздады, тирүү калыштын амалында элем. Үн-сөзсүз, алардын айтканын аткарбай, өлүп деле калсам болмок. Бирок МЕН АКМЫН! Зөөкүрлөрдөн ит көрбөгөн күндү көрүп өлүп калсам, анда айтышмак, «өзү ушундай үчүн өлдү» деп. Жок, мен анте албайт элем, мен абийиримдин ак экенин айткым келди.
Ошентип, улам тепкилешет, токко тарттырышат, кайра тепкилешет. Жыпжылаңач, энеден туума турам мен. Каалагандарын жасашты, ошол видео 13 мүнөт тартылыптыр. Ошол 13 мүнөт мен үчүн 13 кылымга созулду, жан чыдагыс азабым менен кайгымдын баарын 13 мүнөт өзүнө батырып алды, заматта 15 жылга карып кеттим...

«СУУГА ЫРГЫТЫП ИЙГИЛЕ...»
– Мага «Каяктан болосуң? Канча балаң бар? Неге тажиктер менен жүрөсүң?» деген суроолорду беришет. Тирүү калыштын аракетинде аты чыгып калган адамдардын атын сатып да ийдим. Кыйнап, кордоп бүткөндөн кийин «бутуна таш байлагыла да, сууга ыргытып ийгиле» дешти. «Мени кечирип койгула, силер мени көрбөйсүңөр» деп чырылдап ыйлап жүрөм. Ичимден Кудайга жалынам, «Жараткан, желмогуздардан аман алып калчы!» деп. Акыры бир балага «сууга таштаба» деп жабышып алдым. «Ушул көлдөн өтүп кетсең өттүң, кете албасаң өлөсүң» дейт. Эгер мага эч кордукту көрсөтпөй туруп «ушул суудан өт» десе өтмөкмүн. Ушунча кордукту көрүп, анан эми сууга түшмөк белем? Дарегимди сурап, «кийимиңди кий, өзүбүз менен кошо алып кетебиз» дегенинен «өзүм жетип алам» десем сөгүштү. Коркконумдан колго илинген кийимимди кийдим, сөйкө-шакек, сумка, телефонумду алар алып коюшкан эле. Эч нерсем калбады, кимге чалам, эмне кылам?
Ошончо бала кайра мени машинага салып келатышат. Илхам дегенине бир убакта айтышты. «Имам бар экен, кара-дарыялык, ушул кызды алып келгиле, тарбиялайм деп чалды» деди. Илхам, көрсө, кыздарды үйүнө алып барып 15 күн кармап, кааласа кетирип, кааласа билгенин кылганы, улуту өзбек экени кийин билинди.
Мени имамга алып барышты. Ал мени бир көрүп эле таанып, «бул кыз баланча абанын кызы го, андай жолго барбайт» деди. Балдардын бирөөсү келип мени тээп жиберди эле, алардан батыраак кутулайын деп «ооба, мен ушинтип...» деп жибердим. Имам «кызды тырмактайынан тааныйм, андай эмес. Таштап кеткиле, өзүм сүйлөшөм» дегенде балдар кетишти. Имамга баарын айтып бердим. Агамдын классташы болот экен, таксиге салып жашаган жериме жеткирип койду. Тигилер мага «түнү менен бул жерден чыгып кетесиң, болбосо өлтүрөбүз» дешкен.

«ТАМАК ЖЕГЕНДИ, ЭЛ МЕНЕН СҮЙЛӨШКӨНДҮ ТОКТОТТУМ»
– Чогуу жашагандарга учкай айттым. Алар «эже, убактыңыз келгенде салып коёбуз, коркпоңуз» дешти. Москвадагы сиңдиме «башымдан жаман иш өттү, сага жетишим керек» деп чалдым. Москвага келип, тамак жегенди, эл менен сүйлөшкөндү токтоттум. Ой, коркунуч менен гана жашап калдым. Жашоом тозокко айланды, бир күндө чачым аппак болуп агарды. Жинди болуп кетейин деп калдым. Сиңдим сүйлөшүп койгон жумуштарда иштей албай койдум. Жүрөгүмдү басып дубалды тиктеп эле жата бердим. Акыры окуяны сиңдиме айттым. Айтсам, жогорку билимдүү болуп туруп, азыр ойлосом, жетпептир да ага деле. «Башың аман калыптыр, ушуга сүйүнөлү» деп күйөө балам экөө жыт чыгарып койду. Мага ошол нерсе жагабы?
Кыргыздарды көргөн сайын корком, «эй, сен жылаңачтанып жүрөсүң» деп качан айтат деп. Мени таанып калып, өлтүрө тургандай сезилет эле. Сиңдим бир күнү "Сен минтип жүрсөң, ата-энемди ким карайт, аларга ким каралашат?" деп айтты. Иштейин деп аракет кылдым, бирок бирөө сүйлөсө эле бакырам, ыйлайм. Сиңдим жардам берип жүрдү, бирок алар да Кыргызстанга кетип калышты. Анан карызга батканымды сураба. Үйдөгүлөргө да телефон чалбайм, чалсам эле менин башымдан өткөн окуяны айтышабы деп корком. Убакыт өтө берди. Ноябрда бир жерге жумушка орноштум, баары орустар экен. Ошол жумуштагылар менин мүнөзүмө чыдашты. Чачым тутамдап түшөт, арыктап, тирүүнүн өлүгүнө айландым. Бирөө бир нерсе деп айтса эле кыйкырып ыйлайм.
Эртең Жаңы жыл деген күнү бир таанышым «сен интернетте жүрөсүң» деп чалды. Ушул жашка келип интернет эмне экенине кызыкпапмын. Менин коркконум, «телефондон көрөт мени» деп жүрөкзаада боло берипмин. Жумуштагы менеджериме ушундай окуяга туш болгонумду, ал окуя интернетте жүргөнүн айттым. Ал интернетти ачса, белгилүү сайттын биринчи бетинде мен жүрөм. Ошол жерден бакырып ыйлап жатам, ошондогу көөдөнүмдүн ооруганын сөз менен түшүндүрүп айта албайм азыр. Ушундай азап менен өлө тургандай абалда болчумун. Жетекчибиз: «Ыйлаганыңды токтот, ата-энең, балаң качандыр бир күнү сени түшүнөт. Сен бизди кечир, бирок силердин кыргыздарыңар килтейген мамлекеттин президенттерин кууп салып жатышпайбы, сен пешкасың да. Ушундан жыйынтык чыгар, адам болуп кетишиң же мындан ары жок болуп кетишиң өзүңдүн колуңда. Бизден кандай жардам керек болсо беребиз, жумушта иштейсиңби-жокпу, айлык жаза беребиз»,- деди. Мындайда эмне дейсиң? Ошону менен иштеп калдым, эки күндүн биринде менин бакырып ыйлаганым кампадан угулат... Бир жарым жылдан ашты, ыйлап жүрүп көзүмдүн кызылы кете элек.

«КОЛУ МЕНЕН КӨРСӨТҮП, КӨӨДӨН ТЕШЕ ТИКТЕГЕН КӨЗДӨР...»
– Жаңы жыл күнү квартирабызга келсем, баары ошол видеону тиктеп отурушуптур. 30 адамдын көзүнө кантип туруштук бериш керек мындайда? Мени намаздан башка эч нерсе сактабай тургандай болуп калды. Жумуштан келем, өтүгүмдү чечем да, жайнамазга баш урам. Жайнамазга жатсам бүт азабымды унуткансыйм. Өтө кыйынчылык менен баарына чыдадым. Адамдын жан дүйнөсү да сынбастан, бүтүн организми тири укмуш азапка туруштук бере албай калат экен.
Бир күнү жумуштан келатып карга жатып калдым же тура албайм. Көзүмдөн аккан жаш куюлуп карга түшөт. Канча жатканымды билбейм, бир орус абышка тургузуп койду, анан араң үйгө келдим. Ушинтип кыйналып жүрсөм, мага айтылган сөздөр сөөгүмө жетти. Колу менен көрсөтүп, «тиги, тиги» деген көздөр көөдөнүмдү өрттөйт. Адам экенбиз, чыдайбыз. Кийимдеримди жек көрүп ыргытып ийдим. Бир күнү бирөө айтат, «сени телевизордон көрсөтүптүр. Чыдабай өлүп калыптыр дешиптир» деп. Сиңдиме чалсам, «атам инфаркт болуп калды, эми сен чыдап актыгыңды далилде, болбосо ата-энебизден айрылабыз» дейт.
Ушундай күндөрдө дагы бир видеону көтөрүп келишти, ноокаттык кызды мендей кылып кордошуп, «Сапаргүлдү тарткан биз болобуз» дешиптир. «Качанкыга чейин менин атым ушинтип жүрө берет, качанкыга чейин кыргыздын шордуу кыз-келиндери кор болот?» дедим. Жумушка келип, арыз жаза турганымды айтсам, алар кантип жазышты көрсөтүп беришти. Орусиянын президентине, Башкы прокуратурасына, ИИМине жана Кыргызстандын элчилигине, «Азаттыкка» арыз жаздым. Медведевден 3 күндүн ичинде жооп келди, Башкы прокуратурага бул ишти дайындаптыр.
Ар жактан мага чалып башташты. Бизди Екатеринбургга жөнөттү. Консулдуктан Улан Кошматов деген милиция кызматкерин кошуп беришти. Ошол Уланга деле ишенбей калдым. Ал балдар ошондо эле кармалмак. Бул иш каралып жатканда Илхамдын, Нурбектин дарегин табышты. Мени алып чыгып кеткен айдоочу балдардын бирөөсү кармалды. Илхамдын ата-энеси уяты жок адамдар экен. Анын аялы, энеси мени коркутуп, «арызыңды ал» дешти. «Илхам кармалган күн өмүрүмдүн аягы болсун, мен өкүнбөйм» дедим. Кийин Улан аркылуу акча сунушташты. Уланга «мага эч нерсенин кереги жок, кызын берсин. Мен аны урбайм, сөкпөйм, болгону жылаңачтап интернетке чыгарам» дедим.

«БИЗ ЧЫКСАК, СЕНИ ӨЛТҮРҮП КЕТЕБИЗ»
– Атам «кек сактаганды Кудай каапырга берген. Кек сактаба, балам» деп айтат. Бирок мен анте албайм, аларга. Жүзү жок адамдар көп экен. Мени кордогондордун бирөө кармалып, мага айтат, «Сапаргүл эже, менин 3 кызым бар, ошолордун тагдырын ойлобойсузбу?» деп. Мени жылаңачтап интернетке жайып, тепкилеп урганда алар канчалык оор болорун ойлошту беле?! «Мунун абийири кетип жатат» деп ойлогон эмес, мен алардын тагдырын неге ойлошум керек?! «Биз чыксак, сени өлтүрүп кетебиз» дешти.
3 бала кармалды, берки экөө кармалса, сот болот. Кудайга ишенем, алар сөзсүз кармалышат, мен алар менен жолугушам. Мага кимдин боору ооруду эле? Мейли, мени өлтүрүп кетишсин, бирок мен актыгымды далилдейм.
Күйүнгөнүм, орустар бул жакка тиешелүү органдарга сурак жөнөтүштү, бир ай күттүк, Кыргызстандан эч ким жооп берген жок. Нурбек менен Илхам Кыргызстанда деп укканбыз. Орустар ушул күнгө чейин чалып жатышат мага. Анастасия деген кыз бар, ошол жерде. Мага адвокатты да, психологду да ошол акчасын төлөп жалдады. Мен тааныбаган эле бирөө, башка улут. Ал ушул окуяны көрүп, «мен бул иштин аягына чыгам» деди.

«МЕНИ ПАЙДАЛАНЫП ӨЗДӨРҮНӨ ПИАР ЖАСАШТЫ»
–  БУУнун Өнүктүрүү программасындагылар (ПРООН) журналист Аида Касымалиеваны жөнөтүшүптүр. «Кыргызстанга келсин, өзүбүз жардам беребиз, баары камсыз болот» деп алып келишти. Баары чакырып сурайт да, эч кандай жардам жок. «Биз Сапаргүлгө минттик, тигинттик» деп өздөрүнө пиар кылышат. Ыргал Кадыралиева, Дамира Ниязалиева жана дагы эки депутат аял мени чакырышты, бардым, айткандарымды диктофонго жаздырып отурушту. Баарын укканда Дамира Ниязалиева «Сен ушул балдарды таап алгандан кийин оюңду өзгөртүп салбайсыңбы?» дейт. Мен ага «ушул суроону өзүңүзгө берсеңиз болмок» деп айттым. Ыргал «менден силерге жардам болсун, жер тилкесин берем» деген. Москвадан элчиликтегилер Аидага чалышыптыр, «Жер берилдиби?» деп. Аида ал депутат айымга чалса, «мени аралаштырбагыла» дептир. Аида «сизге мынча акча түшүп жатат. ПРООНдон 1000 доллар бөлүнгөн» деген. Кийин акча керек болуп алардан сурасам «берген адамдар кайра алып койду» деп жооп беришти.
Мекениме келгениме он ай болду. Мына бул спорттук кийим сиңдилеримдики.  Жиндиканага 2 ай жатып чыктым. Дарыларга оңой эмес акча кетет экен, атам менен апам тоогуна чейин сатып беришти. Азыр селсаяктай болуп жашап жүрөм. Ар туугандарымдын үйүнө барам.
Атам туугандарыма бир гана талап коюптур, «көчөдөгү сөздөр үйгө келбесин» деп. Атам мага гана ишенди, «менин балам таза» деп. Эми мен ушул тазалыгымды далилдеш үчүн кайрылбаган жерим калбады, президентке, Аялдар конгрессине, ИИМге, акыйкатчыга, Отунбаеванын фондуна жаздым, бир айдан бери жооп күтөм. Президенттик аппарат катымды жоготуп, жообун сурап чалганымда «президент сенин сурооңо жооп бербейт, барып ИИМ менен чечишип ал» деп коюшту. Акыйкатчыга чалсам, «сен бизге арыз жаз» деди. «Мен Сапаргүлмүн, арыз жазгам» десем, «Сапаргүл болсоң эмне кылайын, биз иштеп жатабыз...» деп телефонду коюп салды. Отунбаеванын фондунан телефонду бир кыз алып «Отунбаева бошобой жатат» деди. Бошогондо жолугайын десем, «сени эч ким киргизбейт, 12де жооп беребиз» деп ошол бойдон жооп жок. ИИМдегилер «Бул иш качан эле жабылган, дагы деле ызы-чуу салып жүрөсүңбү?» дешет.
Кирбеген тешигим, какпаган эшигим калбады. Мындай окуяларга мамлекет кайдигер караса, жарандарын коргой албаса, акыйкаттык болбосо, биз, кыргыздар, кайда барабыз, кимге кайрылабыз? Менин суроолорума ким жооп берет, калайык? Мага акча, байлыктын кереги жок, актыгымды далилдешим керек. Азыр Орусиядан чалып жатат, «Кыргызстандын колунан эч нерсе келбеди, биз бул жактан бүт телеканалдарга беребиз» деп.
Бир дарым 1200 сом турат, 20 дарысы 5 күнгө жетет, 1 жыл 7 ай ичишим керек. Муну ичпесем адам болбой калам. Мени Орусияда күтүп отурат. «Бул жакка кел, дары-дармегиңди алып берели» дешти. Мени актап, Сапаргүл деген атымды актап бергилечи. Көчөдөгү денесин саткан кыз эмесмин, мени актап бергилечи, суранам, эли-журтум?! Эки балам чоңоюп калды, эртең келин ала турган адаммын. Менин атымды, абийиримди кайтарып бергилечи?! Мени кордогон жексурлар азаттыкта жүрүшөт.
Менин окуямды угуп-көргөн энелер көз жаш төгүп мен үчүн ыйлашты, аларга рахмат. Карамат деген жазуучу эже «кечирчи бизди, Сапаргүл» деп кат жазды, укук коргоочу Азиза Абдрасулова «сенин кайгыңды мээримим менен жууймун» деди, Москвадагы Амантур деген бала үй-бүлөсү менен жардам берди, мага карата жазылган жакшы пикирлердин ээлерине, мен үчүн убайым тарткан адамдарга чоң ыраазычылыгымды билдирем. Мени билбей туруп мага карата жаман айткан адамдарга айтарым, «өзү ушундай бузулган айым» деп айтпагылачы!
Дагы бир Айжамал деген кызды да мендей кылып кордошкон экен, дарегин таап барсам, тилекке каршы, анын асынып өлүп алганын айтышты. Качанкыга чейин кыргыз кыз-келиндери ушинтип кордолуп, боздошу керек? Көкүрөгүмдү ушул кайгы жеп койду...

Бурул Исмаилова
koom@super.kg


Орусияда кордолгон Сапаргүлдүн арманы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(370)
Super TV
16.03.2013. 15:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
24-04-2012
Соӊку аракети:
27-01-2015 01:25
Жынысы:
Белгисиз
-1
apasynyn_erkesi ошол кыргыздын кыздарын коргойлу не бул тажик менен журосун деп сурасан сенин ишин болбосун деп кайра бетке чабат ошол учун да ушул сапаргул ушул акыбалга келип отурат ишин болбосун барчы ары деп жон айтсан жетпейт буданда хужи кылыш крек озу откондо кафеде бир чечен кыз армиян бала менен отурганын чечен балдар коруп ошол жердеэле кызды башка атып олтурдуго ошондой кылыш керек биздин да кыргыздын кыздарын ошондой кылыш керек Кыргызды кыргыз кылып сактап калатурган бул аял кишилер
Super TV
16.03.2013. 15:40 
Тайпасы:
Жылдыз
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
20-12-2012
Соӊку аракети:
16-07-2017 16:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+2
Кудай сакта...Ар кимдин ою ар башка,ар кандай талкуулайт.Бирок эн негизгиси Сапаргул эженин ордуна ар ким озун коюп коруш керек.Ошондо да жон-терин менен сезмейинче барибир канчалык оор абалда экенин тушуно албайбыз.Оорунун кадырын оорулуу жан билет дегендей,Сапаргул эженин акыбалын бир озу жакшы билет.Кудай куч кубат берсин.
Super TV
16.03.2013. 16:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
25-02-2013
Соӊку аракети:
23-07-2014 15:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Сокулук
+3
алар патриот эмес эле айбандар,кыргыздын кыздарын кордоп жаткан видеону коруп алып ушунндай зээним кейиди, ошончолук эле тарбиялагысы келсе эл журтка жарыялабай эле чечинтпей эле койбойбу тажик менен жургон жеринен кармап алгансып суйлошот анан дагы кыргыздын жигиттери калбай калдыбы дегеничи айбандар, кудайым озу жазалайт мындай айбандарды
Super TV
16.03.2013. 17:28 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
31-10-2012
Соӊку аракети:
08-07-2017 17:41
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстанда белгилуу бир озбек бар турк аралаш ошол уйуно барып калсам ар кандай кыздар менен кором кыргыз кыздар менен ал кишини силер деле тааныйсынар
мен озумчо ойлоном эмне кыргыз кыздары оюнчукпу буга деп менин козумчо бир эки жолу аялын сабап атканында коруп калдым
бир соз менен айтканда кыздардын кобу мал сыяктуу болушат отко айдасан...
Super TV
16.03.2013. 18:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
21-04-2010
Соӊку аракети:
20-12-2013 23:16
Жынысы:
Белгисиз
+1
озубуздун кыргыз балдары неге мынча зөөкур болуп жатышат! ошо Россиядагы Зөөкур балдарды Алла Таалам озу жазаласын! алар эч качан жакшылык корбосун!
Super TV
16.03.2013. 19:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
01-07-2011
Соӊку аракети:
16-07-2018 13:27
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызымдын патриотубу ким болсо да алар мындай кордук корсоткондой укугу жок.
Super TV
16.03.2013. 19:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
20-01-2013
Соӊку аракети:
26-09-2014 17:12
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адамдын чыныгы жузун корбой туруп аны маскаралообо керекда.Сапаргулдун созуно ишендим ар ким оз укугун колдогонго акысы бар келгиле туугандар баарыбыз ага болгон терс коз карашыбыздан арылалы Абийир кечирбейт эгер анын ошончолук куноосу барболсо бул жерге келмек эмес
Super TV
16.03.2013. 19:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
08-12-2012
Соӊку аракети:
26-02-2016 23:48
Жынысы:
Белгисиз
+4
Bizdin kyrgyzdyn jigitteri kur namys.Kyzdardy koiup birin4i ozunordu karap algyla.Kyzdardy buzgan birin4i ozunorsunor anan kyzdardyn artyna jaman sozdordu ushak4y katyndardan beter ushak aitkanga tim ele kyiynsynar.Oshondaoi ele baatyr ekensiner korgoboisunarby bizdin kyzdardy.
Super TV
16.03.2013. 20:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
22-06-2011
Соӊку аракети:
21-07-2013 23:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
-3
Бул жерде бир чети ошол урган балдардыкы да туура эле. Мындайлардын айынан канчалаган наристе аборт болуп, мусур-туалетке ыргытылып,б.а., бейкуноо наристелердин омуру кыйылып жатат, ал наристелердин дагы каргышы, убалы болот. Кыздар аябай чычалап коммент жазышыптыр го бул жерде.Кыргыз жигиттер бакпай жатат деп эле корунгон эркектин (тажиктин) астына тошолуп журо бергиле анда.Бул жакта ата-эненер силердин бактынарды, ыйманынарды тилеп олтурушса. Кудай сактасын эй, кудай эле сактасын.
Super TV
16.03.2013. 21:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
71
Катталган:
20-02-2013
Соӊку аракети:
16-10-2016 22:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Эже сизге Алла озу сабыр берсин угуп отуруп жаман болуп кетим беш кол барабар эмес ак ийилет бирок сынбайт чындык бар баарын убакыт корсотот.
Super TV
16.03.2013. 22:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
26-11-2012
Соӊку аракети:
14-09-2013 23:33
Жынысы:
Белгисиз
-1
ттииимеле олом олом дейтко!
Super TV
16.03.2013. 23:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
26-11-2012
Соӊку аракети:
14-09-2013 23:33
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бул жерде орусуяда болгон кыз жигит, байке еже,Кыргыздар отоле жакшы тушунот болуш кк!
Шамал болбосо бак кыймылдабайт Туугандар!
Аман еле бололу Калкым!

Super TV
17.03.2013. 00:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
307
Катталган:
02-02-2013
Соӊку аракети:
08-11-2017 09:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми бул иштин аныгын бир Кудай,бир Сапаргул айым анан ошол балдар билет.Корбой туруп бир тараптуу болуш кыйын.Бирок кыргыз кыздардын намысын ботон эркектер таптап,кордоп жатканына ким куноолуу?Баягы кунаажын козун сузду,бука жибин узду болуп жаткан жокпу.Озунун намысын булгаган кыздар,улуттун намысына шек келтиришет.Анан да Сапаргул айымдай кылып адам укугун бузганга эч кимдин акысы жок, бирок таанышын болбосо азыр акыйкаттыкты издеп куру бекер.
Super TV
17.03.2013. 01:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
24-05-2010
Соӊку аракети:
17-04-2017 15:46
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ушул балдар биздин шаарга келсе болмок.Мындай кыздар биздеда ото коп,кыргыздарды уят эле кылышат.Келип калышса озум кармап берет элем ошол кыздарды.Алга потриоттор ууру тойгончо жеп олгончо карганаттан болуп жатат Сапаргулда
Super TV
17.03.2013. 01:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
08-03-2011
Соӊку аракети:
31-12-2014 09:58
Жынысы:
Белгисиз
+1
патриот болсо видеону таратбай еле койсо болмок. анан патриотугу кайсы бут дуйно видеону коруп атса кыргыздын жаман жагын
Super TV
17.03.2013. 01:49 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
24-09-2012
Соӊку аракети:
05-07-2014 04:26
Жынысы:
Белгисиз
-1
chynynda bul jerde ech kimge iwene albaisyn, birok menin oiumcha, eger owol doodoi bolgon patriot baldar chynynda patriot bolso al kyzga biroo ele meesine kuiup jetkirmek, kuchu dele jetmek, aitaiyn degenim eger chynynda tajikter menen je ozbekter menen jurgonu chyn bolso, al kyzga baryp ele ei sen kyrgyzdardy uiat kylyp jatasyn, andai kylganyn tuura emes, ekinchi korboiun myndaiyndy dep ele koiso men deen kyzyn dele korkot, konechno anan olturom dese baardygyn moinuna alat da.
Super TV
17.03.2013. 03:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
17-01-2013
Соӊку аракети:
24-02-2015 11:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
KG.OSH *SANK PETERBURG
+5
мен кимге ишеништи билбей калдым???????Патриотчулар егер чын еле кыргыздын кыздары ушундай болуп башка улуттар менен журсо,емнеге силер ошол жургон адамы менен бирге кармап тарта албайсынар? башка улутун жигиттеринен коркосунарбы???? мен коргондун баары еле жалгыз кыздар....же ишенишимди билбейм...Сапаргул ежеге ишенейн десем видеосунда башкача суйлоптур... кароче патриотчулар кыздарды чын журогунордон тарбиялагынар келсе, корсоткунор келсе доказательствонор менен тарткыла биздабироосуно ишенели
Super TV
17.03.2013. 08:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
07-08-2012
Соӊку аракети:
23-09-2018 16:19
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин Москва шаарында жашаганыма тогуз жыл болду.7-8 жыл башта кыргыз кыздардын Москвада жаман жургонун корбойт элек.Азыр эже карындаштарыбыздын башка улуттун жигиттери менен жургонун коп кездештиребиз.Бул албетте окундурот.Баардыгыбыз Энеден торолгонбуз,эже карындаштарыбыз бар.Аларды капа кылбайлы.Эгерде адам жаман жумуш жасап жатса биз ага жакшы соз менен тушундуруп койуу ар бир мусулмандын милдети.Жетсе угат,жетпесе баардык кылган жумушуна озу жооп берет.Аллаам буларды кечиришин тилеп калам.
Super TV
17.03.2013. 12:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
25-10-2012
Соӊку аракети:
24-08-2018 17:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ээ тугандар бул сапаргулго жан тарта бербей видиосун коргулочу ошол убактагы создорун жакшылап кукла ошондо билесинен кимдики чындык олтуруп Эле салбаптыр ошондо Дагыда кыздарга сабак болмок не болуп глуп тур десе тажик менен журуп болот Эле
Super TV
17.03.2013. 14:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
151
Катталган:
31-03-2012
Соӊку аракети:
24-06-2018 01:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Урматтуу Россияда жургон жердештер, озунорго сак болгула.Баарынарды кудай сактасын. Айланайын кыргыз кыздары этият болуп иштегени келдинерби, иштегиле, мына Сапаргулдун абалы, балким анын чыны куноосу жоктур, бирок мына эми актык издеп кыйналып жатат. Куноолусун кудай жазаласын, кандай болгон кундо да бул окуя мамалекеттер аралык денгээлге которулуп кыргыздын атына коо жабылып калды, эркегинби, кызынбы баарын этият болгулачы айланайын мекендештер!Кадам таштаардын алдында алды арканы ойлогула!
Super TV
17.03.2013. 20:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
21-02-2013
Соӊку аракети:
08-04-2017 08:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
якутя
+2
мен да россиядамын азыркы убакта.бул жакта кыргыз балдар аябай жакшы журушот.кыздар нервке тийип тажик мн озбекти жаны коргондой ээрчип баратса жинин келет.кыргыз кыздар деп кулкуболуп журушот.мындай фактылар ото коп болуп жатат.кыргыз балдар жондон карай андай ишке барышпайт.биз да чон шаардын ичинен бир роза деген айымды эч токтото албай жатабыз.эскертуу болду .бирок токтотпой журуп жатат.эскертуу бергендерге тажик озбектерди салып жатат.эмне кылышты билбей жатабыз.чынында уят аябай .
Super TV
17.03.2013. 22:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
212
Катталган:
05-11-2011
Соӊку аракети:
19-06-2018 18:27
Жынысы:
Белгисиз
+1
мм,мен да уккам бул окуяны,бирок Аида Касымова эмес Кадыр Бусурманкулов тологон жолунду.бул жерде да Аида озунун атын чыгарып жатат.мен эч кимдин коментине эч нерсе деп кошулбайм,чындыгында биздин кыздарды коруп аябай арданасын,жок дегенде бироосу башка улут менен кармашканын коросун жур бирок эч кимге корунбой журо бер жургун келсе.анан айтат элем жигиттерге "реклама"кылып чыгарбай акырын ата-энеге же туугандарына корсотуп койгула жетишет уяттары болсо.сапаргулго эч нерсе айта албайм.
Super TV
18.03.2013. 00:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
306
Катталган:
28-09-2011
Соӊку аракети:
16-08-2017 19:15
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кайсыл жерден жудоо корсон зайыпты, Ошол элдин уулуна кой айыпты.
Super TV
18.03.2013. 02:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
10-03-2012
Соӊку аракети:
31-07-2015 01:37
Жынысы:
Белгисиз
0
э тугандар суйлогон созго тоба кылайлы андан коро дуа кылайлы гыйбат кылгандан коро Жараткан Алла барыбызды кечирсин
Super TV
18.03.2013. 02:49 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
16-12-2012
Соӊку аракети:
18-03-2013 21:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
bishkek
+3
мен да коргом ошол видеону....сапаргул эже тажиктер менен журобу журбойбу им то какое дело...я тоже не знаю кому верить бирок бул эжени тарбиялап коюшат а оздоручу суйлогон создору ужас кошмар...я сама с оша бирок видеону коруп алып уялдым оштук экениме оштук балдар экен жон эле апандын бирдемесине бирдемем деп суйлошот ошолда созбу?озунун эжесиндей болгон аялды сабашып разве это эркектин ишиби?молю бога что бы их поймали и бууут газетага ошол рожаларын чыгарышса кандай жакшы болмок
Super TV
18.03.2013. 03:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
26-04-2010
Соӊку аракети:
02-10-2013 20:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия Санкт-Петербург
0
Бул жашоодо ар кимибиз жанылышабыз.Ал кылган куноолуу иштерибизге да озубуз убакты келип жооп беребиз.Бизди сурак кылчу,кылган ишибизге жаза беруучу да Жараткан.Алп урган патриот жигиттер эмес.Сабырдуу болунуз Сапаргул.Жогору жактагылар жардам беришине анчалык деле козум жетпей турат.
Super TV
18.03.2013. 09:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
91
Катталган:
30-10-2012
Соӊку аракети:
20-11-2015 22:16
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул эженин "видеосун" ушул маегинен сон кордум...Коргон сон адамзат кайда кетип баратабыз деген соз келет экен ойго.Чон эле энесиндей эже экен,бузулган ченде да ошол патриот сымактар абийирин кетирип жыланачташпаса б.мок ал деген аял заты го!!!Алар патриот болбой эле наоборот кыргыздын абийирин айрандай тогушуптур.Эжеге жалко,акыйкат сиз жакта болсо,Кудайга таза болсонуз болду.А бийлик вряд ли жардам берет,оздору оло албай жатышса...бирок таджиктер мн ооруган коп акылсыз кыздарга сабак болуптур.
18.03.2013. 09:28 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
16-06-2012
Соӊку аракети:
17-12-2013 20:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-14
бул айымды мен кичине кезимден эле жакшы тааныйт болчум мунун синдиси да бар синдисинин атты Айка ал синдиси менин Марат деген дос баламды жакшы корот эле Жалабадта чехов кочосундо магазин иштетет болчу ошол кезде эле бул эже эркектерге жакын болчу биздин балдар да аны жондон жон эле кордобосо керек бир себеби болгону учун кылат Сапаргулдун азыркы айткан арманын окуганда жокмун и окугумда келбейт биздин кыздарга инсап берсин Кыргыз элин башын жерге каратпасын
18.03.2013. 10:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
27-06-2012
Соӊку аракети:
08-04-2013 12:38
Жынысы:
Белгисиз
-3
baxa1980, ыймансыз адамсы сиз Аллахым баарын коруп турат ,куноосузду актап ,куноолуну Жараткан озу жазаласын,а сизге baka1980 ыйман ,хидаят берсин Аллах!
18.03.2013. 17:18 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
16-06-2012
Соӊку аракети:
17-12-2013 20:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
evgeniya, сен ыймандусумбу! мен аны жаш кезимден тааныймын и синдисин да таныймын мен бир нерсени билбесем жазбаймын
24.03.2013. 00:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
27-07-2011
Соӊку аракети:
21-08-2014 18:21
Жынысы:
Белгисиз
0
baxa1980,
бироону жазалагына кандай адам болсо дагы укугу жок! укук коргоо органдарынан толк чыгып зоокурлор камакта чирип олушсун ушуга окшогон зоокурлор
18.03.2013. 12:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
14-01-2013
Соӊку аракети:
20-09-2016 00:28
Жынысы:
Белгисиз
0
baxa1980, ооба ынсап берсин бул балдар катуу кетишкен,бирок Сапаргул туз журушу керек эле мен тажик мн кыз жигит болуп жургонун билем.мен азыр Россиянын бир кичине шаарында журом бул жердеги кыздардын тартибин айтпайле коеюн.Кечиргиле бирок мен уялам,созсуз магазинде иштешет и созсуз шефи менен ойнош.Бул кичине шаар учун баары 1и 1ирин тааныйт и тез угулат мындай иштер.Менин уйбуломо карабай азербайджан,тажиктер тийишишет.Себеби кыргыз кыздын баары эле ушундайда дешет.
18.03.2013. 13:10 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
14-01-2013
Соӊку аракети:
20-09-2016 00:28
Жынысы:
Белгисиз
-14
ошол патриот балдарды биздин шаарга чакыргым келип жатат,жаман корбогуло кызга кырк уйдон тыюу дейт,1-кыргыздын абийирин тогуп атышат,2-эртен кантип бироого жар,эне болушат.ошондой кыздардын бироо жакында куйоого тийип эми кундо жанжал уруш,сен ким мн басып турдун эле деп куйоосу.Ушуну жакшы дейсинерби?жел болбосо чоптун башы кайдан...ошон учун ар бир кыргыз кыздар озгочо чет жердегилерди суранам акылыбызга келели!Уят болбойлу ушинтип видеого чыкпай!(катуу кетсем кечиргиле)
24.03.2013. 00:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
27-07-2011
Соӊку аракети:
21-08-2014 18:21
Жынысы:
Белгисиз
0
INailia,
кандай акысы бар бироону ушундай кордогону? Озунун башына Кудайым ошол Илхомго дагы корсотот, ошондо кеч болот. кызга кырк уйдон тыйуу деген бул контекстке такыр эле туура келбейт!!! Сапаргул эжеге кайрат, биз сизди колдойбуз. Зоокурлорду таап жазалаш керек
18.03.2013. 19:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
17-11-2011
Соӊку аракети:
04-09-2018 16:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+1
baxa1980, эркек да сага окшош болобу? Эркек эмес эле катын болуп калгансын го.
19.03.2013. 00:57 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
16-06-2012
Соӊку аракети:
17-12-2013 20:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-1
sterva, эмне учун мени антип жатасыз? жее мен сизге эмне жамандык кылдым? ушул жогорудагы берилген сурого жооп берип коесонуз
18.03.2013. 21:23 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
252
Катталган:
06-11-2012
Соӊку аракети:
14-07-2014 22:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
..........sonuuuuuun jerde
0
baxa1980, жети атасынан бери жазып кой да эми,ушунча маалымат бергенге жараша СНБшник окшойсун ээбулжердебизсапаргул мн болгон окуяны талкуулап жатабыз анын омур баянын эмес
19.03.2013. 01:30 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
16-06-2012
Соӊку аракети:
17-12-2013 20:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
altinim, Сапаргулдун омур баянын жазган жерим жок болгону анын самом дела кандай аял болуп жургонун жаздым анын кандай экенин сен билбегенден кийин жон эле журсон боло
19.03.2013. 08:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
14-11-2012
Соӊку аракети:
14-01-2014 14:12
Жынысы:
Белгисиз
0
baxa1980, al kanday adam bolgon kundo da kuday oazu jaratkan, ozu jazalayt! ?Patriotpu kim bolso da biroonun balasin kordogonu akisi jok.
24.03.2013. 00:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
27-07-2011
Соӊку аракети:
21-08-2014 18:21
Жынысы:
Белгисиз
0
baxa1980,
тообо кылдым, эркекке жакын деген соз эмне озу ыя?
эгер эркектерди жактырган аялдардын баарын ушинтсе бул кандай болот???
ар кимдин жеке турмушуна киришкен эркектер импотент, мучосу кичинекей болгондуктан ушундай иштерге барышат, ошону менен самореализация деп тушунушот
18.03.2013. 09:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
04-06-2009
Соӊку аракети:
21-10-2013 09:37
Жынысы:
Белгисиз
+5

baxa1980, мейли журсо журсун бирок кимдин акысы бар, бироону токойго алып барып кордогонго? Аларга ким уруксат берди, эмне Кудай болуп кетиптирби. Мен бул жерде муну кордогон зоокурлорду жектегим келип турат. Ур-токмок менен ушинтип тарбиялабай эле коюшсун ар бир кыздын ата-энеси бар ошолор тарбиялап алат
19.03.2013. 08:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
14-11-2012
Соӊку аракети:
14-01-2014 14:12
Жынысы:
Белгисиз
0
Aslana, tuura aytasiz.
Super TV
18.03.2013. 09:54 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
7530
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 18:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
erkele, Chyngyz_0489,
Силерге эскертүү!
Бул жер айтыша турган жер эмес! Бири-бириңердин ой-пикириңерди сыйласаңар, дагы кайталанса сайттан четтетүүгө туура келет.
1
2
3
4
5
6
7
8
9
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: