«ТАМАШОУ» МОСКВАДАН КУРУ КАЙТКАН ЖОК

«Тамашоу» курама командасы 6-март күнү Москвада өткөн КВНдин Премьер-Лигасынын жарым чейрек финалында 3-орунду илип келишти.

– Салам, Эрмек, жеңишиңер кут болсун! Оюн кандай өттү?
– Рахмат, оюндан көңүлдүү кайттык. Албетте, кетип жатканда жеңебиз деген тилектер бар болчу, бирок азыркы жыйынтык деле жаман эмес. 3-орунду алганыбыз жакшы эле болуптур, анткени буга чейин жалаң биринчиликти ээлеп келип, «башка күчтүү команда жокпу?» деп, балким, кээ бир балдарда ой пайда болуп калгандыр. Ошол «жылдыз оорусу» менен жабыркагандар үчүн жакшы сокку болду. Балдар бирок андан сынып калбай, кайра чыгармачылык жактан күчтөнүп калышты. Чынында, жакшылап аракет кылса утса болот экен.

– Канча команда менен ат салыштыңар?
– Жалпысынан 18 команда болдук. 6-7-8-март күндөрү оюн жүрүп, биз алгачкы күнү эле 6 команда болуп чыкканбыз. Ку­бандырганы, биз жалаң күчтүү командаларга туш болуптурбуз. Бизди «өлүктөр командасы» деп атап жүрүштү. Анткени улам на­чар ойногондор «учуп» отуруп, биз менен 1-күндө ойногон бардык атаандаш командалар оюнда калдык. 

– 3-орун баары бир биринчилик эмес да. Катачылык эмнеден кетти деп ойлойсуң? 
– «Биатлон» сынагында кыска тамашаларды бир аз туура эмес тандап алдык окшойт. Бул сынак бир гана баладан көз каранды болуп калат да. Биз бир упайга 0,4 пайыз гана жетпей калдык. Андан кийин «неге антип окуп койдуң?» деп балдар ортосунда анча-мынча чыр болот. А бирок муну бир адамдын катасы катары көрбөшүбүз керек. Анткени баарыбыз чогулуп тамашаны жазганбыз.

– Эми алдыда кандай пландар бар?
– Кудай буюрса, алдыда «Тамашоунун» жарым финалы турат. Андан соң 22-23-апрель күндөрү кайра Москвага сапар тартабыз, чейрек финалга. Андыктан бизди колдойбуз деген патриот эже-байкелер болсо, кызматташууга чакырабыз.

«БИАТЛОН» СЫНАГЫНДАГЫ ТАМАШАЛАРДАН:

  • Бардык Олимпиаданын урааны: «Батыраак! Би­йигирээк! Күч­түүрөөк!» Ал эми Сочи Олимпиадасынын урааны: «Батыраак, сураныч, батыраак».
  • Концертте Стас Михайлов тилин тиштеп алып, Стас Мифайлов болуп калды.
  • Цейлон ую бир бергенде сүт менен чайды чогуу берет.
  • Тажик мырзасы жашоосунда үч нерсени сөзсүз кылышы керек. Бак отургузуу, баласын чоңойтуу жана Москвага жөнөтүү.
  • Кыргыз учкучтары акыры Америкага учушту, «Work And Travel» программасы менен...
  • Жаңы ачылыш! Москва менен Бишкек аябай окшош. Себеби Бишкекте да кыргыздар аябай көп.
  • Аябай тапкыч таракан ашканадагы жарыкты күйгүзөр замат плинтус боёп жаткан боло калат.
  • Үнү бүтүп калган ит кайгылуу көзү менен машинаны узатып кала берет.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (45)
Jaza1201
2013-03-19 19:39:20
азаматсынар "тамашоучулар". Силерге ийгилик!!!!!!
0
Jaza1201
2013-03-19 19:40:42
Дагы дагы коп коп ийгиликтерге жеткиле
0
bakay93ka
2013-03-19 23:21:04
3-орун да жаман эмес аста аста 1-геда жетишесинер аракет жасасанар жигиттер
0
Aselayka
2013-03-20 10:56:11
Азаматсынар Кыргызымдын жигиттери!!!!Мындан кийин да чон-чон ийгиликтер коштоп турсун силерди!!Биз силер менен сыймыктанганыбыз!!!Алга!!1
+1
skatoruk
2013-03-20 12:09:29
Тамашоу ийгилик.
0
menedjer
2013-03-20 14:09:28
азаматсыздаааааааааар
0
bek007
2013-03-20 14:38:38
азаматтар! Кыргыздын атагын чыгарып журо бергиле!
+1
bravoo
2013-03-21 01:30:59
ийгилик силерге, алга Кыргызым алга,биз силер менен
+1
rukg79
2013-03-21 01:43:29
Москвада Азия-микс командасынын куйормандары (Жаш Толкунчулар) Вконтакте сайтында атайы колдоо тобун тузуп, оюнга билеттер, футболкалар, желектер таркатылып, оюндан кийин клубда команданын катышуучулары менен жолугушуу болуп жакшы уюштурулган. Негедир Тамашоу ойногондо андай болгон жок... Эрмек. Нурбаев ушуга да конул бурса, колдон келген жардамыбызды беребиз...
0
hanzada_samatova
2013-03-21 13:39:21
Ийгилик мындан да онуго бергиле, тилеген максатынарга жеткиле. Кудайым колдосун Кыргыз эли силер менен.
+1
Taifun2
2013-03-21 22:43:23
азаматтар!
0
GROM
2013-03-22 12:21:43
ийгилик, ийгилик каалайбыз!
+2
alik93
2013-03-23 12:02:49
3-орун да жакшы
+2
meerimlady91
2013-03-24 19:13:05
Дегеле кыргыз элинин сыймыгы болгондор Жараткан аллах озу колдоп кубаттасын,Ар дайым жузунуздордон кулку кетпесин,баарыбызды кулдуруп алдыды боло бериниздер!
0
MrAdylio
2013-03-25 00:07:00
Тамашоу азаматсынар ийгилик анан аранарда эмнеге Ош камандасынын жигиттери жок. Болсо жакшы болмок.
0
№ 541, 5-21-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан