СЕЛСАЯК 11 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫ ЗОРДУКТООГО АРАКЕТ ЖАСАГАН

Акыркы учурларда жашы жете элек өспүрүмдөргө жыныстык зомбулук көрсөтүү фактылары көп катталууда. Жакында эле болуп өткөн окуядан улам педофилдердин саны азайбастан, кайра көбөйүп жаткандай сезилет.

БАКТЫГА ЖАРАША КЫЗ КАЧЫП КЕТКЕН
2013-жылдын 22-февралында Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБ-ине аталган райондун жараны А.С. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ошол күнү болжол менен саат 13:30дар чамасында белгисиз адам 11 жаштагы кызын курулуш имаратынын тосмосуна алып барып, коркутуп, күч менен зордуктоого аракет кылган. Бактыга жараша кыз ал аңгинин курмандыгы болбой, качып кетүүгө үлгүргөн. Бул арыз боюнча тез аранын ичинде иликтөө, издөө иш-аракети жүрүп, жыйынтыгында кылмышка шектүү жаран милиция кызматкерлеринин кылтагына түшкөн.
Кылмышка шектүү Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Люксембург айылынын тургуну, 1972-жылы туулган Фёдор Клюк аттуу немис улутундагы жаран болуп чыккан. Анын учурда туруктуу жашаган үй-жайы жок, селсаяктык күн кечирип жүргөндүгү да аныкталган. Ал буга чейин да Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 246-беренеси (сатып өткөрүү максатын көздөбөстөн, баңгилик каражаттарды же психиканы бузуучу заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү), 336-беренеси (эркиндиктен ажыратуу жайынан же камактан качуу) жана 164-беренеси (уурдоо) менен соттолуп, жазасын алган. Учурда бул факт боюнча да үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

«МАС БОЛЧУМУН»
Адамдын көз жаздымында калбаган бул жосунсуз жорукту кантип жасаганын кылмышка шектүү Фёдор Клюк эрдик жасагансып төмөнкүдөй баяндап отурду:
– Кызуу болуп көчөдө келе жаткам. Аңгыча бет маңдайыман болжол менен 12-13 жаштагы кыз чыкты. Аны көрүп зордуктоо үчүн жакын арадагы курулуш имаратынын тосмосунун ары жагына сүйрөп алып бардым. Кызды кармап, бекем кучактаганымда ал кыйкырып жиберди. Анан мени тиштеп алды. Ошондо аны коё берип жибердим. Кыз болсо чуркаган боюнча качып кетти.

Жакында эле депутаттар Кылмыш жана жаза кодексине педофилдерди химиялык жол менен бычуу тууралуу өзгөртүү киргизүү сунушун биринчи окууда кабыл алышты. Балким, бул мыйзам кийинки окуулардан да колдоо тапса, өспүрүм балдарды кордогон педофилдердин саны азаймак беле?..

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (43)
dastan9
2013-03-27 22:33:13
Япония да элге жарыялабай эле бычып салышат,а биз кыргыздар Мейли мас абалында болчу экен деп 5,6 жыл берип коет,ал кайра чыкканда 2 эссе анги болуп чыгат,анан кайдан санын азайтабыз дейт,андай адамдар онолбойт,биздин мыйзамды жесстткий койуш керек ошондо кылмышкерлер азайат.
+1
sanzhar
2013-03-28 14:25:11
dastan9, ооба мыйзамды катуулаш керек,мыйзамга олум жазасын киргизиш керек,ошондо жакшы болот олуп жок болушат мындай чмолор
0
Bayan1982
2013-03-28 02:49:59
Ушундай акмактарды каттуу жазалаш керек.
0
karlygach
2013-03-28 15:47:27
uwundai jaw ospurumdordu zorduktoo boyun4a faktylar toltura bolup koboyup ele baratat go,jazyyp ele atat jazylyp ele atat, emne u4un dagy dele 4ara koro elek, himiyalyk jol menen 1 2sin by4sa kalgandary tiyat bele bir jerin, ujasssss
0
admin_media
2013-03-28 15:59:25
Тема тазаланды!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүү калтырууга жана провокациялоого жол берилбейт!
0
Umut_A
2013-03-28 16:05:29
Мыйзамды катуулап, 1-2 ушундайларды атып койсо, басылып калмакпы балким...
0
Umut_A
2013-03-28 16:06:30
Жаны мыйзам киирип атышпады беле...Анысы кабыл алынбай калдыбы? Мумкун ошону кииришсе да басылмак!
0
kapec
2013-03-28 22:11:01
бычып деген ал теягы турбай калатбы?ошону айтып жатабы? ал туура эмес.анда мындай адамдар такыр психически жинди болуп, зордуктабай уже баарын олтуруп баштайт.анда маньяк-убийцалар кобоюп кетет. мындайларды жоготуш керек. онолбойт. педофил ал уже болной адам.
0
aizish
2013-03-29 09:47:59
kapec, туура айтасын мындайларды атып эле салыш керек ушунча кылмыш жасап камалып оз кылганына окунуп онолбогон адам бычса деле онолбойт. турмодо камап алып мамлекеттин акчасын кетирип эмне кылат онолбогондон кийин. бийликтегилер жакшылап ойлонушса болмок!
0
Gukani82
2013-03-29 12:38:52
Мен башынан эле ойлочумун зордуктаган адамдаы - бычып, ууру кылган адамдын - колун кесип, ал эми олтургон адамды - олтуруп салыш керек деген мыйзам чыгарса жакшы болот эле деп.
0
_xXx_
2013-03-30 19:11:24
Gukani82, туура айтасын, онолсо ошондо онолот,
0
Baratali0706
2013-03-29 15:55:22
Коп эле эркектер арака жуктоп коёт, 6-8-11жашар кызды зордуктаганы деле, вообще аял кишини зордуктоо бул психологиясы начар адамдар,тарбия жакшы коргон эмес, Мисалы коп эле балдар,кыздардын мини юбка кийип алганын корсо, ал сойку деген ой келет, эмнеге? Тоже психологиясы начар.
0
tengara
2013-03-29 16:56:24
ok meesi jok,EWEK, meen .... owondoi iwtese kana, emneni oilop jyryot,mankurt, ozynyn bir tuugan , karyndaw, eje degen jok nemego.soz jok myndailarga , atyyyyyp atyyyp tawtasa , emnin koluma berse tim ele jan4yp jan4yp komokmun bul karak4yny.
0
casio-ctk
2013-03-30 08:17:03
тапкан сон жазасын бергиле
0
_xXx_
2013-03-30 19:08:18
мындайларды бычып салган аздык кылат! Кыргыздарды тебелеп, тепсеп бутмой болуштуго ар кайсы жагынан!
0
Yamur
2013-03-30 22:56:48
адам эмес мээси иштебеген донуз да бул.фашист
0
uson_89
2013-04-01 07:07:51
bychysh kerek myndai aibandardy ewe kesip salysh kerek tap takyr ele
0
aiba91kg
2013-04-01 08:24:13
бычпай эле тубунон кесип салыш керек... Андан кийин зонага жонотсо ал жактан корот калганын зордуктаган кандай болоорун.
0
№ 542, 22-28-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан