Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«УЛГАЙГАНДА ӨЗҮМДӨН КИЧҮҮ ЖИГИТТИ СҮЙҮП КАЛДЫМ»

№543 29-март- 4-апрель, 2013-ж


Кеңсебизге орто жаштагы аял келип, «мен сырымды эл менен бөлүшкүм келет. Ушул жашка келип сүйдүм, болгондо да үй-бүлөлүү, өзүмдөн кичүү жигитти» десем четтен иренжишери турган кеп. Бирок мен турмуштун жылаңач чындыгын айткым келет» дейт Нургүл аттуу айым.

«АЗАП МЕНЕН ЖОЛУГУП, 3 КҮН ГАНА ЧОГУУБУЗ»
– Мен сүйүү кандай учур болсо да, кечигип келе берерин түшүндүм. Учурда кырктан ашкан аялмын, ушул жашта жүрөгүмө сүйүү келип отурат. Жолдошум 2001-жылы мен уул төрөгөн күндүн эртеси каза болуп, жалгыз калгам. Күйүтүмө чыдабай жүргөнүмдө, бир айдан ашпай ымыркайым да чарчап калды. Ошондон бери таш болуп калган жүрөгүмдү жылыткан жалгыз адамым Адыл болду. Бул ысым жан дүйнөмө сиңип бүткөн. Менден кичүү. Учурда Астанада үй-бүлөсү менен жашайт.
2009-жылдын июнь айында Чүйдө, Воронцовкада эс алып жүргөм. Адыл да ал жакта дарыланып жүрүптүр. Сейилдеп жүргөндө көрүп калчу элем, ал да мени узата карап калчу. Жолдошумдун каза болгонуна 8 жылдын жүзү болсо да, кылчайып эркекти караган жан эмес элем. Негедир ал бейтааныш жигитти көргөн сайын купуя ойго батып калчумун. Бир күнү бир бөлмөдө чогуу эс алып жаткан келин кирип, «бир жигит менен тааныштым, мени жанындагысы экөө чайга чакырып жатат, барып келели» деди. Бул сунуш мага жакпагандыктан, баш тарттым. Ал келин чыгып кеткен. Бир убакта эшик тыкылдап калды. Эшикти ача салсам, маңдайымда менин көңүлүм түшкөн жигит турат. Өзүмдү жоготуп эле үндөбөй туруп калдым. «Сизди чайга чакырып келдим эле» деп үн катты. Ушуну эле күтүп тургансып, мен дароо кийинип, жигитти ээрчий бастым. Барсак, баягы жанымдагы келин, дагы бир киши болуп, шаңдуу отурушкан экен. Мүнөзүмдөгү түнттүк шамал айдаган булуттай тарап, мен да алардын катарына кошулдум. Ырдап, тамактанып чогуу отурдук да, телефон номерлерибизди алышып, тарап кеттик. Эртеси кайра жолуктук, ошентип жүрүп бири-бирибизге кандай көнүп кеткенибизди байкабай да калдык.
Кетер күнү экөөбүз дагы жолуктук. Андан ажырай албай, жаш кыздай көзүмө жаш тегеренип турду. Ал мени таштабаска, мени ыйлатпаска сөз берип, жолугушчу күндөр алыс эмес экенин айтып коштошту. Экөөбүздүн жашообуз бири-бирибизге айкын болуп, Адыл менин сырдашыма, жакыныма, сүйгөн адамыма айланды.
Ошол эле жылдын сентябрь айында кайрадан жолугуштук. Ноябрь айында мени Таласка чакырды. Ошондо көргөн азабымды сураба. Барбай эле койсомбу дегем, бирок такыр эле жүрөгүм тынчтык бербей туруп алды. Бардык жумушумду жыйыштырып, Таласты көздөй сапар тарттым. Казакстан аркылуу бармакмын, бирок паспортум булганып, кокустуктан так болуп калган. Ошону илинчек кылып, казактар такыр өткөрбөй коюшту. Бере калайын десем же жанымда ашык акча жок, кайра артка жөнөдүм. Эми мени эч нерсе токтото албайт болчу. Төө-Ашуу аркылуу сапар тарттым. Кыргызстандын ичинде жүрүп, жолго эле 2 күнүм кетти. Акыры эңсеген адамыма жетип, «Манас Ордодон» жолугуштук. Ошончо азап менен жолугушсак да, биздин жолугушуулар ашып кетсе 2 же 3 күнгө гана созулат. Баарына кайылбыз. Жолугушуу, кайра ажырашуу... Ушул азап менин көкөйүмө тийсе да, жолукпай коё албадым.

«УБАКЫТ АЗ...»
Адылды жылуу ордунан козгоп кыйнагым келбей, 4 жыл аралыгында көп жолу жолукпайын деген чечимге келсем дагы, колумдан эч келбей койду. Ал Астанададан Кыргызстанга товар алып келип, кайра кетет. Ар келген сайын мага майрам. Бул азаптан кантип кутулушту билбей жүргөндө катуу ооруга чалдыгып калдым. Учурда онкологиялык каттоодомун. Алдыда мени операция күтүп турат. Эгер мен ал операцияга макул болсом, 2 гана жол бар. Же айыгып кетем, же жашоо мөөнөтүм андан да кыскарат. Артка кылчайып, өмүрүмдө саналуу гана бактылуу көз ирмемдер болгонун, анын көбү Адылга тиешелүү экенин түшүндүм.
Адыл, кечир, мен сенин тынч жаткан дүйнөңө бүлүк түшүрдүм. Айтпаган менен үй-бүлөңдү же мени кыя албай кыйналып жүрөсүң. Бирок тилегеним жамандык эмес эле. Кааласам, жанымда болуп, менин өмүрүм үчүн чогуу күрөшмөксүң. Бирок мен антип өзүмчүлдүк кылгым келбейт. Үй-бүлөң менен бактылуу бол. Мындан ары канча убакыт жашасам да, сен деп гана жашайм. Сүйүү тууралуу кинотасмалар, дүйнөлүк шедеврлер кайдан жараларына эми түшүндүм. 31-март туулган күнүң. Бул ыр саптарынан башка белек бере албайм...

Сезип турам, сенсиз өтөт
күндөрүм,
Сезип-сезбей бар кызыгын
дүйнөнүн.
Ырга айлантып ырдап өтсөм
өзүңдү,
Жаным менин, аттиң эми кеч
дээрмин.

Нургүл
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(102)
01.04.2013. 20:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
02-11-2012
Соӊку аракети:
15-05-2019 23:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
0
Ой тобоо!Бул суйуу эмес,"ойноштук" болсо керек.Суйууну озунуз эле жасап алган жоксузбу эжеке?Бироонун коз жашынан бакыт кура албасынызды кеч болсо да тушунгондойсуз.Андан коро бактынызды башы бош эркектерден издениз.Бактылуу болунуз!
01.04.2013. 20:49 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
20-01-2013
Соӊку аракети:
26-09-2014 17:12
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акылын баарына жетип турса да, журоктун каалоосун эч ким башкара албайт!Эже мен сизди туура тушуном ар кыл айтылган кепке кулак салбай алдыдагы жашоонуз учун курошунуз кучтуу болунуз ооруну женип АЛЛАДАН коп тилек кылыныз.
01.04.2013. 22:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
27-01-2013
Соӊку аракети:
01-09-2015 12:25
Жынысы:
Белгисиз
+1
не болуптур каарыбы жашпы суйушко акысы баргоо кыргыздар качан маданиятуу болгонго уйронобуз бироонун устунон сын такпай жазсанар
03.04.2013. 12:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
28-03-2009
Соӊку аракети:
19-04-2017 11:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
dinar_13G, Тообоо, уй-булолуу, аялы бар эркекке "ойнош" болон маданияттуулукпу??? анан эжеге туура созду айткан маданиятсыздыкпы? Ушундай озунон кичуулордун башын айландыргандар, бироонун уй-булосу бузулганга себепкер болгон аялдар асынып эе алгыла. Себеби канча адамдарга зыян алып келесинер, анан дагы озунор да андй жашоодо толк бактылуу боло албайсынар.Чыныгы маданиятты уйронсок жакшы блмок.
01.04.2013. 22:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
18-02-2013
Соӊку аракети:
04-04-2013 14:03
Жынысы:
Белгисиз
0
бироонун коз жашынан эч качан бакыт таба албайсын. бироонун уйбулоосун бузган эн чон кунооооооооооо билип жургуло
02.04.2013. 10:44 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
290
Катталган:
23-02-2013
Соӊку аракети:
19-05-2014 21:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
Aibiyke12, Кыргыздар кызык элебиз.тушунуп-тушунбой эле ар нерсени жазып.Бул эжекебиз уй булоосун бузуп алайын деген жок!Болгону ичиндеги сырын айтып жатат!Жакшылап окуп алып,анан коммент берсенер в конце концов то!!
01.04.2013. 22:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
17-07-2012
Соӊку аракети:
21-11-2017 22:15
Жынысы:
Белгисиз
0
эжекебай суйуп калдым деп журогунузду оорутпай мындан ары ден соолугунузду караныз,ал адамдын уй булоосу бар болсо тынч коюнуз да
01.04.2013. 22:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
24-02-2012
Соӊку аракети:
21-01-2016 09:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Suyuuu en choon bul ALLAH ga bolgon suyuu boluu kerek. Al emi erkek mn ayal bul insting .
01.04.2013. 23:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
139
Катталган:
03-04-2012
Соӊку аракети:
05-02-2019 18:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Ден-соолугунуз болсун!Муну тагдыр дейт пешененизге жазылганын корорсуз
01.04.2013. 23:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
02-05-2012
Соӊку аракети:
10-12-2018 06:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ОШ
+3
Ар бир адам суйушко, суйулушко, бактылуу болушка тийиштуу. "Махабат эмне экенин сезген адам, суйуу башына келген адам-- бактылуу",- деп Омар Хаиям айткан экен. Демек, сиз бактылуу аялсыз. ден соолугунузга аллах шыпаасын берсин.
02.04.2013. 00:15 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
183
Катталган:
02-08-2011
Соӊку аракети:
29-11-2013 22:34
Жынысы:
Белгисиз
-4
суйуу бул ойлоп табылган нерсе.чынында буну сексуалдык муктаждык дейт!!
02.04.2013. 04:37 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
19-03-2013
Соӊку аракети:
14-08-2013 12:11
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эже ден–соолугунузду караныз биринчиден,ден–соол.болбосо сиз эч кимге керек эмессиз,анан чынында уй булоолу адам мн бактылуу боло албайсыз го,балким бактынызды башка бироодон издеп корсонуз,балким сизди бактылуу кылган,ар дайым жанынызда болгон адамга жолугаарсыз.
02.04.2013. 06:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
240
Катталган:
26-05-2011
Соӊку аракети:
20-06-2013 14:07
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар келген сайын майрамдай бербей тан атканча,ден соолукту да карап коюш керек да улак чаба бербей.
02.04.2013. 13:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
16-04-2011
Соӊку аракети:
21-10-2018 12:48
Жынысы:
Белгисиз
+3
baibolot71, ха ахахахах хааа токтоно албай атам
кулуп
02.04.2013. 08:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
27-02-2013
Соӊку аракети:
04-01-2014 21:37
Жынысы:
Белгисиз
-4
den soolugunuz bolboso ulak 4aba albai kalasyz
02.04.2013. 11:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
05-01-2012
Соӊку аракети:
03-12-2017 14:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
bishkek
+1
жаш кыздан да отуп кеткенсынерго .. абдан еле догурунупсуз. аял киши мындай нерсени ичине бекем катышы керек уят болбой
02.04.2013. 13:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
24-07-2012
Соӊку аракети:
21-05-2019 15:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
+1
Сен дартынды окурмандар тушунот деп жазгандырсын бирок копчулук тушуно албаптыр анын арасында мен деле.Адам пешенеге жазганды корот дейтго пешенедегини коросун да.Бирок журогундо пенделик куноонду сезип турасын ошонуна ракмат.Ошол жигитти кобергенине ракмат.Мындан аркы тагдырын жакшы болсун,эсен аман оперециядан чык жакшы болуп кет.Сен да аял катары бала тороп,эрдин урматын коруп бактылуу болуп кет.Аллахым бактылуу кундорду корушко сага да насип кылсын.
02.04.2013. 13:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
03-11-2011
Соӊку аракети:
22-05-2019 20:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия
+1
кайсыл куракта кимди суйбо, бул адамзатына бир келген сыноо деп билем, ошол суйуунун таттуулугун, тазалыгын, аруулугун сезип, аны ТАЗА, ТАТТУУ АРУУЛУГУН жоготпой, журоктун тупкурундо, жан адамга билгизбей , ошол суйуу аркылуу жашоого озунуз кубат дем, берип жашаш керектир эле, аны ойлоо мн гана озунуздун жашоонузду майрамга айлантып жашасаныз, аялзатынын, пенде катары да АЛЛАХ астында да озунузду куноолуу деп сезбейт элениз,
02.04.2013. 14:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
14-03-2009
Соӊку аракети:
09-12-2014 18:03
Жынысы:
Белгисиз
-1
ысык жандарга баары бир да, ыйлап атасынбы, олуп атасынбы
02.04.2013. 15:58 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
252
Катталган:
06-11-2012
Соӊку аракети:
14-07-2014 22:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
..........sonuuuuuun jerde
+3
суйунуз суйулунуз анын мнеси бар экен сиз уйуно кирип албасаныз же жигиттин мойнунан байлап албасаныз эл оюна келгенди оттойт ар кимдин оз кемчилиги бар эч ким тугол идеал эмес.сын тагуу, бироого акыл уйротуу илибой дурактын колунан келет, суйуу десе эт беттен кетпей ден соолугунузга озунузго
да конул бурсаныз
02.04.2013. 17:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
16-05-2011
Соӊку аракети:
23-06-2016 21:50
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай нерсе болушу мумкун бирок эже ичинизде сактасаныз болмок да
02.04.2013. 17:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
26-12-2011
Соӊку аракети:
28-02-2018 09:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
+1
allan xa xa xa boorum ai
04.04.2013. 23:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
22-11-2012
Соӊку аракети:
04-05-2015 21:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Екатеринббург
+2
Bayas_Tural, Эмне-боорун ай? Сага ушул жерде боор эзилгидей создор жазылып турабы? Бул тагдыр,адам баласынын башынан нелер гана отпойт,тагдырга баш ийиш керек,онкологиялык оору сага оюнбу,эс акылыны жыйып комментарйи жазып жур!
02.04.2013. 19:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
25-03-2013
Соӊку аракети:
12-05-2019 21:59
Жынысы:
Белгисиз
+2
men sizge kowulam eje,Suiuu jawka karabait, den soolugunuz bekem bolsun,kan4a omyr kalganyn kim bilet ? ar bir kynynyz mairamdagydai otsyn , kapa bolbonuz, Alga degen deviz mn gana jawanyz.
02.04.2013. 21:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
117
Катталган:
15-07-2012
Соӊку аракети:
22-05-2019 16:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйуу жашка карабайт,жада калса ойгода карабайт демекчи,эжебизда ушундай татаал сезимге жолугуптур. Бирок уй-булолуу адамга ойнош болгуча,бироонун суйуктуу жары болгонунуз он! Бир кылган катачылыкты кайра кайталабаганга аракет кылын! Кудайым сизге ыйман,туболуктуу жар берсин!!!
02.04.2013. 23:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
05-03-2013
Соӊку аракети:
15-10-2013 15:26
Жынысы:
Белгисиз
+3
жаман эле болдунарго(эмне силерге кылаарга иш жокпу )бироолорду сындагандан биринчи ойлонуп анан сындагыла!ал адамдын ордунда сен да же сенин жакындарын да болуп калышы мумкун эле!так что выбор за вами!
02.04.2013. 23:48 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
05-03-2013
Соӊку аракети:
15-10-2013 15:26
Жынысы:
Белгисиз
+2
суйсо суйор!силерге эмне силер да суйгуло керек болсо!
03.04.2013. 00:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
09-04-2011
Соӊку аракети:
08-12-2018 21:31
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аялзатында чыныгы суйуу кырк жаштарда келет деп уккам, бул окуя дагы бир тастыктады. Бул жаратылыш.
03.04.2013. 00:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
09-04-2011
Соӊку аракети:
08-12-2018 21:31
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар ким башына тушкондо тушунот.
03.04.2013. 01:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
28-02-2013
Соӊку аракети:
31-01-2018 06:32
Жынысы:
Белгисиз
+1
дааааа суйуу деген ушундай шумдукда
03.04.2013. 05:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
01-08-2012
Соӊку аракети:
30-04-2014 01:24
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайдагы суйуу, куйуу деп журо бербей ден соолугунузду карасанызчы...!
03.04.2013. 13:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
09-02-2013
Соӊку аракети:
06-01-2019 20:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Сиз м.н Биз жашаган,жалган дуйнодо...
+1
суйуунун козу сокур...
03.04.2013. 14:10 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
314
Катталган:
30-10-2012
Соӊку аракети:
20-11-2015 22:16
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ммм дегиле...Менин пикирим бул ойноштук-зынаа.А бул айым чынында да бош эркектерди караш керек, а тигинин балдарынын кусуру уруп кетет дегендей. Ошондуктан да айтып коюшат эркектер, аялдын акылы(белинен томон жеринде деп)... Жана бул ачуу чындык.
03.04.2013. 19:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
20-10-2010
Соӊку аракети:
08-01-2018 22:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Талас
+4
Баарыбыз сын тагып, жанында шам кармап тургандай суйлойбуз... Анчалык табалоонун кажети жок... Ким-кимди жакшы корот, мейли жаш, мейли кары болсун ал озунун иши... Эмне бул эжеге суйбош керек деген мыйзам барбы??? Же ал адам катары суйоо албайбы??? Бул жактан шыбап, талкуулаганга баарыбыз устабыз, бирок ошол эле учурда озубузду да ойлоп койсок.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
22285;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: