Бул ырчы мырза жүзүн эле эмес, жеке жашоосун да бет кап артына жашырып келет. Антсе да «өзүмдү жарнама кылгым келбейт» деген принципиалдуу рэп ырчысы Тата Уландын жашоосундагы өзгөрүү, жаңылануулар тууралуу кеп козгодук.
– Сени «март айында Нурзат аттуу нарындык кызга үйлөнүптүр» деп уктук. Ошол жаатта кеп салсаң...
– Мен үйлөндүмбү, үйлөнгөн жокмунбу, аны талкуулабай эле койсок жакшы болмок. Биздин шоу-бизнестеги ырчылар жүздөп саналат. Баары эле жеке турмушун ачык айтып жүрүшөт. Айтпайм деген жалгыз менмин.
– Кыйнамай жок. Чыгармачылыгыңа эмне жаңырык жасадың?
– Чыгармачылыгымда бир аз тыныгуу болду. Эки жыл эч бир ыр жазбай жүрүп, рок стилинде «Ай жаңырып» деген ыр жараттым. Базарга алып барып, пираттык диск саткандарга берип койдум. Бирок бул ырымды таза рок деп айта албайм. Мурунку эле менин стилиме окшошуп кетет.
– Пираттарга акча жасоо максатында бересиңби? Мисалы, ырларыңды жүздөгөн дискке көчүрүп, арзан баада сатып дегендей..
– Ой, кайдан, ырымды флешкага көчүрүп барып пираттарга берем. Башында «мен Тата Уланмын» десем ишенбей коюшкан. Бир сом албайм. Максатым – ырым аркылуу акча табуу эмес, элге жайылтуу. Эл угуп, ырымдын тарбиялык мааниси бар экенин түшүнүп, жакшы ойго жетеленсе деген эле тилек.
– Бир жыл же алты айда бир ыр жаратып, аны таратуудан акча таппайт экенсиң. Тиричиликке, үй-бүлөнү багууга кантип акча таап жатасың?
– Күйөрмандарым чакырган тойлорго барып калам. Андан сырткары бир жерде кадимкидей эле эртеден кечке иштейм. Ал жерде жоопкерчилик, тактык талап кылынат. Кайсы жерде иштээримди айтпай эле коёюн, анткени кесиптештерим таанып алышат.
– Бет кап сени элден катуу каткан го, чын эле тааныштарыңдан сырткары көчөдөн эч ким тааныбайбы?
– Ыр күйөрмандарынын арасында угуу сезими күчтүүлөр бар да. Кээде көчөдөн сүйлөп калсам үнүмдөн таанып коюшат. Ошондо деле мойнума албайм. Үй-бүлөм тууралуу учурда айрым жерлерде берилип жаткан жаңылыктар, менин оозумдан чыккан эмес, сүрөттөрдү мен берген эмесмин. Бир жолу силерге улуу баламдын сүрөтүн апасы берип койгон экен. Телефондон «баламды эмне жарнама кылып жатасың, кереги жок» деп урушкам, ошондон кийин бербей калды.
– Биздин шоу-бизнес эле эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндөгү чыгармачыл адамдар үй-бүлөсүн катпай, жакшылыгы менен бөлүшүп, басылмалар менен иштешип келатышат...
– Азыр дүйнөдөгү шоу-бизнес өкүлдөрүнүн баары «жылдыз оорусуна» чалдыкты. Жашыруу деген жок, болгонун болгондой төгүп салышат. Мен аларга жаап-жашыргыла деп үйрөтпөйм, өздөрүнүн иши. Менин баламдын, аялымдын кимге кереги бар? Алар кандай жашап жатканын, эмне менен алек болуп, канчада экендигин өзүм билсем болду.
– Бет капчан киного тартыл десе макулсуңбу?
– Аль Пачино, Тарантино кино тартып, аларга мен бет капчан керек болуп калсам тартылмакмын. Азыркы биздин режиссёрлордун тасмасынын идеялары такыр жакпайт. Башында бир-эки кинону көргөм, ошондон кийин барбайм дагы. Тааныштар сөз кылса «кандай экен?» деп сурап койгонум эле болбосо.
– Кандай кинолор жагат?
– Жанры чектелбейт. Мааниси менин ырларымдай болсо жактырам. Бир жолу жаш режиссёрлордун бирине жолугуп калып «болбогон кинолорду эмне кыласыңар?» десем, «мен чындыкты чагылдырып жатам» дейт. «Уят эпизоддору бар тасмаңды үйгө алып барып беш жашар балаң менен көрө аласыңбы?» десем унчукпай ойлонуп калды. Муну өзүмдүн мисалымдан айттым. Ыр жазарда дайыма жаш бала угуп калса, кандай кабыл алышы мүмкүн деген суроодон баштайм.
– «Төштү ачып суктандырып, чакырасың шайтанды» деген саптары бар «Карындаш» ырыңды уккан беш жашар бала кандай абалда калат?
– Эми анда тарбиялык маани болуп жатат. Балким, жаңылып калган карындаштарым мени жаман көрүшөр, «эмне иши бар?» деп. Ал эми жаңы өсүп келе жаткандарга сабак да. Аны өзүмдүн эле карындаштарымдан байкайм. Үйлөрүнө барганымда «Улан байке келди» деп тартынып дайыма узун кийинип жүрүшөт.
– Жакшы. Эстрада ырчылары ырдаган кайрыктарды созо аласыңбы?
– Албетте, «сүйөм-күйөм» деген кайрыктар менин деле колумдан келет. Мактанбай эле коёюн, дурус эле созом. Бирок аны ырдаганга жан дүйнөм тартылбайт да, дитим барбайт. Алардын сөзүндө маани деле жок, болгону, даңгыр-дүңгүр музыка менен кооз аранжировка.
– Беш маал намаз окуган, такыба адамдарга сахнада ырдоо шариятка туура келбейт дешет, сенин бул жаатта кабарың барбы?
– Ооба, туура келбейт. Бирок толугу менен болбойт деген чек жок. Хадистердин баарын окуп чыгып, анан бир түшүнүккө келгем. Мен ырларым менен элге жакшы чакырык таштап, мындайча айтканда, даават айтам. Намаз окуйм, анан эротика тартканы жатам десем окшошпойт да. Мисалы, өнөр бычак сымал. Бычак менен алманы бөлүп, жаныңдагы адамга берсең болот же ал адамды жарадар кылсаң болот. Мен баарына алма бербесем да, колумдан келишинче адамдарды туура жолго үндөөдөмүн деп ойлойм.
– Мындай жооптон улам башка ырчылар угармандарын жарадар кылып жатат деген салыштыруу келип чыгат экен, ошондойбу?
– Ошондой. Мындан 60-70-жылкы той-тамашаларды элестетели. Ырчылар салмактуу, орундуу сөздөрү менен элге маалымат таратып, жар чакырып ырдашчу. Азыркы ырлардын маанисин байкоого салып көр. Анан да качан эле пайгамбар жашына келип калган аталарыбыз өзүнүн небересиндей кыска юбка кийген кыздар менен бийге түшчү эле. Тойго барып эки колуң менен эки кулагыңды жаап бийлеп жаткандарды карасаң, кудум
шайтандар бийлеп жаткандай көрүнөт.
– Өзүң таптакыр бийлебейсиңби?
– Ыргак менен бир аз эле кыймылдаганым болбосо, катуу кетпейм. «Ди-джейка» деген алгачкы ырымда укмуш бийлечүмүн, ал кезде динден таптакыр түшүнүгү жок Тата Улан болчумун. Учурда ал ырымды такыр эле ырдабайм.
– Ашканада мыктымын, лагман, палоону катырам деген элең, жубайың жасаган тамак жакпай калса кандай реакция болот?
– Шашып калганда эле кафеден тамактанбасам, дайыма эле аялым жасаган тамакты жеп жүрөм. Жакпай калган учур боло элек. Кафеден дегенде ар кайсы эмес. Бишкектен болгону эки кафеге кирем. Арак, тамеки жыттанган жерде отура албайм.
– Шариятта төрт аял алганга мүмкүнчүлүк бар эмеспи. Жаш өтүп калганда экинчи, үчүнчү аялың пайда болушу ыктымалбы?
– Азыркы абалыма шүгүр деп турайын. Экинчи, үчүнчүнү алган деңгээлге жете элекмин. Негизи, шариятта «төрт аял ал» деген таңуулоо жок.
– Тамак-аш, кийим сатып алганы базарга барасыңбы?
– Барам, кадимкидей эле соодалашып картошка, сабиз, пияз алам. Күзүндө, жазында барганды жаман көрөм. Мышык ыйлагыдай
чыла. Эмне «Ош базарда» акча жокпу? Жетекчилиги каякты карап жүрөт?!
– Мушташканга кандайсың? Эркектер көп мушташышат эмеспи.
– Мурун өтө көп мушташып планды ашыкча аткарып салыптырмын. Жиним чукул болгондуктан, дароо колум көтөрүлчү. Азыр болсо сабырдуулук деген сөз менен жашап келем. Бирок болуп кетиши мүмкүн. Элестет, жөн эле турсам бирөө муштап жиберсе, жооп беришим керек да.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg