– Менин бул биринчи никем. Күйөөм мурунку аялы менен мыйзамдуу түрдө баш кошпой, жарандык никеде 3 жылдай жашаган. Андан баласы жок.
Ага турмушка чыгарымда үйдөгүлөр, чынында, абдан каршы болушкан. «Мурун үйлөнсө, койсоңчу, анын үстүнө 6 жаш улуу...» дешкен. Бирок аны жакшы көргөндүктөн, сөздөрүнө ишенгендиктен тийген элем.
Экөөбүз баш кошконубузга 2 жыл болду. Эмнегедир боюмда болбой жүрүп, мындан 2 ай мурун гана кош бойлуу болгонумду билдим. Муну укканда күйөөм алгач сүйүнүп, 3-4 күндөй жанымдан чыкпай калды. Анан үйгө кеч келүү же келбей калуу адатын кайра карматты. Мындай жоругу чогуу жашаганыбызга 1 жыл болгондо башталган эле. Себебин сурасам, «иш көп болуп жатат, экинчи минтип сурабай жүр» деп ороңдоп, кыйкырып койчу. Бирок анын башка аялга (мүмкүн мурунку аялына) барып жүргөнүн жүрөгүмдүн түпкүрүндө сезчүмүн. Төрөп бербесем же мамилем жакпай ушундай ишке барып жатабы деп башында катуу айтпай, кемчиликти өзүмдөн издечүмүн. Бирок болбоду. Мурун кыйкырып тим болсо, кийин кол көтөргөнгө өттү. Ажырашайын дейм, эл, үйдөгүлөр эмне дейт деп намыстанам, өзүм таап, сүйүп-күйүп тийсем деп.
Кош бойлуу болсом, жолдошум бала деп байланып калат го дечүмүн. Акыры боюмда да болду. Бирок жолдошум арадан бир апта өтпөй «боюңдагыны алдырт. Кийин деле балалуу болуп алабыз. Эмки аптада Орусияга кетебиз. Досум чакырып жатат. Бол, даярдан» деп демитип кирди. «Бул биринчи балабыз болсо, алдыртып салсам кийин балалуу болбой калсакчы?» деп ыйлактаганыма карабай, зордоп машинага салып алып барып аборт жасатып салды. Менин көз жашым он талаа...
Ошол күнү кечинде кокустан күйөөмдүн досу менен сүйлөшүп жатканын уктум.
– Эй, дос, бир жагынан туура эле кылдың, аборт жасатып. Биринчиң менен жараша тургандан кийин алимент төлөмөйдөн кутулуп...
– Мен да ошону ойлодум...
Муну укканда жер айланкөчөк болуп кетти. Түз эле барып «төрөп алсам мен сенден жүз жылда да алимент дооламак эмесмин. Көрсө, тигиниң менен жарашам деп кайдагы Орусияны ойлоп таап, аборт жасаттырган турбайсыңбы? Акмак!- дедим. Ал мени шылдыңдай карап туруп «баарын уктуңбу? Бар эми билгениңди кыл» деп басып кетти...
Көрсө, арам оюнун баары алимент төлөбөй калуу экен да. А баланын, менин тагдырым ага баары бир тура...
Азыр улуу эжемдикиндемин. Депрессияга батып, эч ким менен сүйлөшпөй калдым. «Эми балалуу болбой каламбы?» деген ой мээмди курттай эзип, жегени жеген. Барып туруп, эптеп амалын таап күйөөмдөн өч алсамбы деп да ойлоном.
Не айла кылам? Мүмкүн сиздер кеңеш айтасыздар.
Гүлкан, 27 жашта, Жалал-Абад.
Суроолорго «Триумф-Инфо» психологиялык окуу борборунун психологу Нурзада Маямерова жооп берет:
– Гүлкан, тагдырдын шарты ушундай деп кабыл алып, келечекти ойлонуу керек. Ооба, «кайдагы келечек?» дешиңиз да мүмкүн. Бирок бизди таарынткан адамга өчөшүп, ага жамандык каалаганыбыз менен өткөн ишти оңдой албайбыз. Ар бир адам өзү жасаган ишинин жазасын эртеби-кечпи алат. Андыктан энергияңызды бекер коротпой, эми кантип жашайм деп келечекке ой жүгүртүңүз. Депрессиядан чыга албасаңыз, психологго кайрылыңыз. Ата-эненин каршылыгына карабай үй-бүлө курган көпчүлүк жаштар адашып калышат. Себеби ата-энелердин канча болсо да жашоо тажрыйбасы бар. Эми белди бууп, жашооңузду жакшы жагына бурууга аракеттениңиз. Анткени кандай ойлорду ойлосоңуз, ошолор жашоодо келет. Эгер өзүңүздү өзүңүз аяп, жапа чегип, кайгырсаңыз, анда жашоодо эч кандай муратка жетпейсиз. Андан көрө жеңүүчүгө таандык эркти өстүрүңүз.
«ЖОЛДОШУМ МЕНЕН БАЛАМ ТИЛ ТАБЫШПАЙТ»
– Бул күйөөмдүн да, менин да экинчи никебиз. Жашап жатканыбызга 2 жылдан ашты. Анын 3 баласын аялы өзү менен алып кетиптир. Ажырашуусунун себеби аялынын банкротко учурап, көп карызга батканынан улам экен. Менин бир балам бар, азыр 9 жашта, биздин колубузда. Учурда айылда жашап, талаа иштери менен күн өткөрөбүз.
Ушунча убактан бери күйөөм балама тоң мамиле жасаганын койбоду. Эркелетпейт, жанына алып отуруп «муну мындай кыл» деп керектүү кеңешин айтпайт. «Ал деген бала да, кичине бооруңа тартсаң сага көнөт го. Жакшы сөз айтып, жок дегенде көңүлүн көтөрүп койбойсуңбу?» десем, «жакшы эле көрөйүн дейм, бирок балаң өзү менден качат, айтканымды кылбайт. Кантип боорума тартышты билбейм» дейт. Күйөөм жакшы адам. Балама башынан эле кол көтөрбөйт, кыйкырбайт. Бирок баламдын андан жатыркаганы, тилин кээде албай койгону чын.
Ушулардан улам жолдошума чоочун баланы кантип тарбиялоо тууралуу кеңеш керек экен деп ойлоп жазып жатам. Жооп күтөм.
Айназик, 31 жашта Ысык-Көл.
– Айназик, чынын айтканда, күйөөңүз балаңызды жакшы көрө албайт, андан күтпөш керек. Уулуңуз 9 жашка чыкса, көп нерсени түшүнүп калган экен. Мындай учурда жолдошуңуз менен чогуу отуруп, бирге жашагандан кийин кимге кандай мамиле жасаш керек тууралуу сүйлөшүү кажет. Коркпостон, бир-бирине доомат артпай, үй жумуштарын өз ара бөлүшүп, мамилени чектеп, урмат-сый менен жашаса болот. Сизге кеңеш, эч качан күйөөңүздүн кемчиликтерин балаңызга айтпаңыз. Өзүнүн атасы тууралуу да жаман айтпоо зарыл. «Сенин эки атаң бар, бактылуусуң» деңиз. Балаңызга көңүл буруп, дайыма сүйлөшүңүз. Бала – ата-эненин күзгүсү, алар биздин ички дүйнөбүздө эмне болуп жатса, ошону билдирип турат. Эгер балаңыздын кыялы өзгөрүп, таарынчаак боло баштаса, кемчиликти өзүңүздөн издеңиз. Качан сиздин ички дүйнөңүз жай тапканда балаңыз да тынч жашайт. Дагы айта турган нерсе, уулуңуздун алдында өзүңүздү күнөөлүү сезип жатканыңыз. Ал сезимдерди алып салып, балага турмуш тууралуу эч кимди күнөөлөбөстөн түшүндүрүп айтуу керек.
«ЖИГИТТЕР НЕГЕ МЕНИ ТАШТАП КЕТИШЕТ?»
– Мени менен жигиттер жакшы эле сөз айтып, мамиле түзүшөт да, анан таштап кетишет. Кеткенде да менден жакшыраак бирөөгө болсо мейли го, сулуу эмес кыздарга кетишет. Мен деле жашым келип калгандыктан, мага күйөө болчу неме болсо кармап калганга тырышам.
Кээде мүнөзүмдөнбү деп коём. Анткени болгонун бетине айтып салып отуруп калам. Кууланып, ары-бери жагына өтүп мамиле кылганды билбейм. Бирок ак көңүл, кектебеген жанмын. Ушинтип жүрө берсем күйөөгө тийбей каламбы деп корком. Эмне кылсам болот?
Азада, 29 жашта, Бишкек.
– Эркектер менменсинген, озунган аялзатын көп жактыра бербейт. Алар назик, мээримдүү кыздарды жактырышат. Аял болгондон кийин ийкемдүү, ийилчээк болгон жакшы. Өзүңүз сезип жаткандай, мүнөзүңүздү оңдоого көңүл бурууңуз керек. Бирок күйөөгө тийбей каламбы деген коркунучту жолотпоңуз. Ишенүү жана күтүү (чыдамдуулук) зарыл. Ар бир адамдын түгөйү бар. Эртеби-кечпи жолугасыз. Айланадагы адамдарды да байкаңыз, балким, алардын арасында сизди сүйгөн адам бардыр. Сизге сүйлөй албай, көз кырын салып жүргөндүр.
Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө кырсыкка кабылып, күнөөкөрдү жазалагысы келет. Айрымдар сүйгөнүнөн айрылып жанын коёрго жер таппай, бирөөнүн кеңешин уккусу келет. Кээ бири «кимди тандайм?» деген дилеммага такалып, «эми кимге кайрылуу керек?», «эмне кылам?» деген маселеге кептелет. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. «Юристтин кеңеши» жана «Психологдун кеңеши» рубрикаларыбыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы.
Суроолорду (0312) 32-33-27 номери аркылуу
берсеңиз болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.