Жанры – Мелодрама, драма
Режиссёру – Адам Шенкман
Продюсери – Денис Ди Нови, Хант Лоури
Сценарийин жазган – Карен Янссен
Башкы ролдордо – Шейн Уэст (Лэндон Картер), Мэнди Мур (Жейми Салливан)
Композитору – Мервин Уоррен
Тасманын узактыгы – 1 саат 41 мүнөт
Бюджети – 12 миллион доллар
Өлкөсү – АКШ
Чыккан жылы – 2002
ФИЛЬМДЕГИ ТААСИРДҮҮ ЦИТАТАЛАР
БАРДЫК ТАСМАЛАР ХЭППИ-ЭНД МЕНЕН БҮТӨ БЕРБЕЙТ
Ушул күнгө чейин бир да окумуштуунун «сүйүү» деген түшүнүккө аныктама бере албай келатканын билебиз. Ал эми тасмаларда тартылган, китептерде баяндалган жомоктогудай сүйүүнү айрымдар көбүртүп-жабыртылган десе, кээ бирөөлөр андай кооз сүрөттөлгөн сүйүүдөн да сонунун башынан өткөргөнүн айтышат. Биз сөз кылчу тасманын да катардагы, жөнөкөй деп эсептелген сюжеттик багыты бар. Бирок анын өзгөчөлүгү – аягы хэппи-энд менен бүтпөгөндүгүндө. Ушул элеби деп таң калып калдыңызбы? Жок, тасмада чыныгы сүйүүгө ишенүүгө ынандыра турган көп турмуштук жагдайлар бар. Анда кеттик, тасма дүйнөсүнө чогуу саякатка чыгалы.
СҮЙҮҮ ООРУНУ ЖЕҢЕ АЛГАН ЖОК
Лэндон Картер – шок, көйрөң жигит. Жогорку класста окуган кыздардын кумири. Бир жолу достору менен теңтушу Клэйди тамашага сала коём деп мектеп жетекчилигинен катуу эскертүү алат. Жаза катары көчө тазалоого, начар окуган окуучуларга жардам берүүгө жана мектептеги театр ийримине катышууга мажбур болот. Албетте, Картер үчүн жогорудагы талаптарды аткаруу аны кемсинтүүгө барабар эле. Бирок бул милдеттенмелерди аткарбаса, окуудан айдалат.
Картер жаза жумуштарын аткарып жүрүп чиркөөдөгү хордо ырдаган бир сырдуу, түнт кыз Жейми Салливан менен таанышып калат. Жеймини буга чейин көрүп жүрсө да, көңүл бурчу эмес. Экөө тааныш болгондон кийин да досторунун көзүнчө аны менен учурашкандан уялчу. Бирок «жаза мөөнөтүн» бүтүрүш үчүн Жеймиге «спектаклде менин өнөктөшүм болуп бер» деген сунушун айтат. Жейми ага «мени сүйүп калбайм десең, макулмун» дейт. Картер анын мындай талабына мыйыгынан гана күлүп, макул болот. Ошентип, Жейми экөө спектаклге чогуу даярдана башташат. Даярдануу учурунда Картер Жейминин жаш баланыкындай таза жан дүйнөсүнө арбалып, ага болгон ою, көз карашы такыр башка нукка бурулат. Экөөнүн ортосунда ашыктык оту жанып, Картер «сени сүйүп калбайм» деп сөз бергенин да унутта калтырат. Буга Жейминин ак кан илдетинин оор түрү менен ооруганы да тоскоол боло албайт. Баарына көз жумган Картер сүйүктүүсүнүн колун сурап, Жейминин ата-энеси үйлөнгөн чиркөөдөн баш кошушат. Тилекке каршы, аз убакыт өтпөй Жейми көз жумат.
КИТЕПТЕН ДА ТАСМА КЫЗЫКТУУБУ?
Көпчүлүк учурларда көрөрмандар тасмаларга «китепте жазылган варианты мындан мыкты болчу. Экрандаштырылганы ал деңгээлге жетпептир» деген пикирлерди айтып келишсе, бул жолу аталган тасма тууралуу «китебинен да кызык болуптур» дешкен. Фильм жазуучу Николас Спаркстын романынын негизинде тартылган. Кино сынчылар «режиссёр Адам Шенкман актёрлорду туура тандаган, ал эми актёрлор режиссёрдун идеясын туура ишке ашырышкан» деген баасын беришкен. Аталган тасма кинотеатрларда коюлуп жаткан учурда айрым көрүүчүлөр фильм бүткүчө ыйлап отурушканын айтышат баш каармандар Шейн Уест (Лэндон Картер) менен Мэнди Мур (Жейми Салливан). Аларга «Фильмдин ийгилигинин сыры эмнеде?» деп суроо салышканда «экөөбүз тең каарманыбыздын образдарын таасирдүү аткара алганыбызда» деп жооп узатышкан. Эске салсак, тасма тартылып жатканда актриса Мэнди Мур 17 жашта болчу.
ФИЛЬМ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР
Лунара Бекиева
star@super.kg