РОЗАНЫН КУЛАК ТУНДУРГАН КОНЦЕРТИ

Концерттин өткөн орду – Спорт Ордосу, 27-апрелде
Башталышы – 19:30 (30 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Спорт Ордосунун 90 пайызы
Мыкты номерлер – Розанын комуздун коштоосундагы ырлары
Алпаруучулар – Азиза, Нурдөөлөт Копоев, Айбек Асанбек уулу
Билет баасы – 350-400 сом

Бул жолу да кыргызчылык болуп Розанын концерти бир саат кечигип башталса керек деген жаным, шашпай жүрө берип, өзүм концерт эми башталганда кирип бардым. Кирсем эле Рыспай манасчы күпүлдөп «Манас» айтып жатыптыр. Сахна жасалгасына көз жүгүртсөм, өзгөчөлүк бардай.
Рыспайдын артынан төкмө акындар Аалы менен Азамат чыкты колуна комузун көтөрүп, алардын Роза тууралуу одасы дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолду. Артынан эле барпыраган көк көйнөгүн кийген Роза чыгып «Таппай жүрөмүн» ой да созуп салды. Баракелде үнүңө, үн деген мына ушундай болсо. Розадан кем калбай алпаруучулар Нурдөөлөт Копоев, Азиза, Айбек Асанбек уулу улам-улам көйнөктөрүн алмаштырып чыгып жатышты. Роза өзү тогологунан келген айым эмеспи, кээ бир формалары өзүнө жарашпагандай туюлду, жакшы бир стилист менен иштешсе болчудай.
Ырчы концерт башталганда «энелерге арнап төмөнкү ырымды сунам» деп туруп «жок!» десе чочуп кетипмин. Көрсө, музыканы коюп жаткан кишиге «жок, бул ыр эмес, башканы коюңуз» деп айткандагысы экен. Баса, концерттин жүрүшүндө Маданият жана туризм министринин орун басары Кожогелди Култегин ырчыга «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин тапшырды. Розаны куттуктап сахналаштары Гүлнур Сатылганова, Алтынай Нарбаева, Нурбек Дайырбек уулу, Элмира Кайып кызы жана башкалар келишти. «Тиконун» автору Гүлжигит Сатыбеков чыкканда зал жарылып кете жаздады. Баягы «Исфана, Исфана» ырын ырдаганда артымда отурган улуу эле айымдар кошулуп ырдап жиберсе болобу?!
«Эстен кеткис эски ырлар» деп аталган ырчынын концертинде Нурбек Дайырбек уулу экөөнүн «Карабачы», өзүнүн «Үйлөнүү той» деген ырлары аткарылган жок. Ошол ырларды аябай күттүм эле. Роза качан Нурбекке «Сүйгөнүм бар, кечир мени, садага» дейт экен десем, ырдабады. Анан да Роза үнүн катуу созгондо Спорт Ордосунун дубалдары жарака кетип калбаса экен дедим. Ой, чын, үнү кулакты тундурат, чиркин. Алдыңкы орундукта отургандар кантип туруштук берди билбейм. Ошентип, эки жарым саатка созулган Розанын концертинен кулагым тунуп үйгө кайттым.

Толик сынчы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Роза Шакировадан "Эстен кеткис обондор"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (56)
kirpik
2013-05-08 00:00:59
шахрезада
0
zharkosha
2013-05-08 00:33:52
Толубай сынчыны азыркыча которуп Толик сынчы болуп алганы жакшы. Бирок Толубай сынчы кимди жана эмнени сындачу эле? Асман менен жердей
0
SHATY
2013-05-08 00:42:50
tynchtyk menen aigulun elge korsotpoi ele koisun ujas.ekoo ozun uje ele zvezda sezip alyptyr/aa roza ejege den sooluk.jana iigilik/
0
Almaz-Dinar
2013-05-08 01:30:41
фонограмма м-н эмес чыныгы таза ун м-н ырдаса кулагынар тунуп калдыбы,экинчиден адамдын болток,толук деп айтканга акынар жок силер озунор эмне телегейинер тегизби.Бул талант и баарында эле боло бебейт адамга кандай тиет дебей эле оозунарга келгенди оттой бербегилечи
0
Baltuwka
2013-05-08 14:50:24
Tolik degenge emi bir da konsert jaktuuu dep jazganun uuga elekmin((( Kim boldu eken Tolik degeniner??? Surotu menen atun jazup koisonor. XD Yrchular bir zamata TOLIKti sapurup salushsa kerek))))
0
bela77
2013-05-08 14:56:13
Толик сапырылбайт эч качан!Алга,Толик байке ырчылар өздөрү концерт койгонду,өзүн караганды үйрөнүшсүн!
0
nazira1989
2013-05-12 10:54:00
bela77, Толиктин шакирти окшойсун а??? :-)))
0
aika2009
2013-05-08 22:18:54
мага аябай мурдагы санындагы берген интервьюсу жаккан,жопжонокой эже экен!ийгилик!
0
kaprizka89
2013-05-08 22:29:29
Meili ar kim oz oyun aitsyn synasa koncertin synasyn,adamdy emes . Bardygybyzdy Allah jaratty,biz synap aga wek keltirip albaily
0
moon_honey
2013-05-09 17:04:31
Толик сынчы туура сындайт.Розанын үнү жакшы,бирок вкусу жок экен,чындап эле стилист менен иштешсе болмок..Ал эми Гулнур эжебизди мактап жүрсөк артынан кетти,барган сайын ырлары жакшы болбой баратат
0
zarlyk2211
2013-05-10 05:07:53
талантык ташкындай берсин.унун булбулдун эле уну.толик сынчыга рахмат.сындап турууда керек.
0
sportik
2013-05-10 11:06:34
роза эженин унун уккан адамдын баары ырахат алса керек
0
jumatone
2013-05-10 13:52:40
роза роза дейсинер кайсы роза фамилиясын жазып койсонор болмок. же чет элди туурап жатканыбызбы Shakira дейбиз го
0
amalia
2013-05-10 19:31:20
Roza Shakirovanyn maga unu ayabai jagat, anan da jakpait degen adamdy uga elekmin unu ayabai biik, molodets araket kylyp ushundai sonun kontsert uiushturuptur bul da bolso abdan chong meenet eng okunuchtuusu biz kyrgyzdar ushundai yrchylarybyzdyn emgegin baalabai ar kaisyny jazabyz biri biribizdi koldobosok kantip anan onugobuz?
0
Janym_KYRGYZ-ELIM
2013-05-11 18:04:06
Сооонун концерт болуптур
0
dinar_13G
2013-05-12 13:24:52
эн соонун болгон баары 5 сынчынар койногун айтпай талантын айтсын койногу жаман экен деп эч жерде сыйлык бербей койбойт,анын талантын карайт жакшынакай койнокторду кийип чыкандар не жакшына ырдайт бекен ,фигураны кудай берген озу жасап алган эмес.
0
№ 548, 3-май-9-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан