Үч жылдан бери «Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «Жылдын супер ырчы айымы» наамын багындырып келаткан Каныкейдин жашоосу ачылбаган сандыктай. Анан да ырчынын философиялаштырып сүйлөгөндү жактырарын көп байкайм. Каныкей менен маек куруп отуруп ал тууралуу көп маалыматка ээ болдум.
– Каныкей, сенин башка ырчылардан өзгөчөлүгүң эмнеде?
– Билбейм, мен азыркы шоу-бизнеске кошулбайм, кошулгум да келбейт. Болгону мен өзүмө жаккан нерсени кылам. Мейли мени жаман көрүшсүн, жолумдан кайтпайм. «Мени жакшы көр» деп эч кимге чыгармачылыгымды таңуулабайм.
– Эмнеге шоу-бизнеске кошулгуң келбейт?
– Мен бул чөйрөгө башынан эле кошулган эмесмин, кийин деле кошулган жокмун. Мага мурдагы продюсерим «биз өзүбүзчөбүз, сага бул чөйрөгө аралашуунун кереги жок» деп айтчу. Шоу-бизнес – пафос, жалтыр-жултур, жасалмалуулук. Андай мага керек эмес.
– Анда бул чөйрөгө бааң кандай?
– Шоу-бизнес бизде жок. Бул жөн эле артисттердин пафосу. Анткени бизде ынтымак деген жок. Мурун улуу муундагылар бири-бирин колдоп, сыйлап турган, аларда билим бар болчу. Азыркылардын баары жаман дегенден да алысмын, арасында жакшы адамдар да бар.
– Жашоодо катачылык кетирдим деп өкүнгөн күндөрүң болгонбу?
– Жеке жашоомдо жоготуулар, катачылык абдан көп болду. Ар күнү ошол өткөн нерселерди эске салып, унутпай келем. Анткени өткөн күнүм мени чыдамкай кылып, жашаганга үйрөттү. Башымдан өткөн бардык нерселер менен сырдашкан жалгыз менин Кудайым. Башкалардын Кудайы оңой эле кечирсе кечиреттир. Бирок менин Кудайым мени эч качан кечирбейт.
– Мынча чоң кандай күнөө кылдың эле?
– Бул сыр, бул менин жеке жашоом. Балким, аны кийин тасмада чагылдырып берермин.
– Чыгармачылык чыйыр менен жүрүп кандай адамдарга туш болдуң?
– Адамдардын алсыз жан экенин түшүндүм, эки жүздүүлүгүн, ар кандай болорун байкадым.
– Сени деле эки жүздүү, куу деп айтышат экен го?
– Мен жөнүндө куу деп ойлоп жатышса, ошондойдурмун. Эгер мага бирөө эки жүздүүлүк кылса, мен да ага жараша мамиле кылам. А эгер ким жан дүйнөсү менен ачылып, чын дилинен мамиле кылса, аларга мен да ачылам.
– Сенин образыңды көпчүлүк түшүнө бербейт эмеспи. Апаң кандай кабыл алат?
– Апам дайыма мени колдоп турат. Ал киши менин намыстуу экенимди билет, чыгармачылыгымды туура түшүнөт.
– Алпаруучу катары да өзүңдү сынап келесиң. Эмнеден улам мындай программа тартып калдың эле?
– Негизи, мен сыналгы көрбөйм. Бир күнү эле коюп калсам, бүт жакта жалтыр-жултур болуп кетиптир. «Чыныгы турмуш кайда?» деген ой менен «Жашоо бар» аттуу автордук программамды иштеп чыктым.
Мен, мисалы, өтө жакыр үй-бүлөдөн чыкканмын. Биз реалдуу жашоону эч качан жаап-жашырбашыбыз керек.
– Киного тартылууга сунуш түшүп турабы?
– Сунуш түшкөн жок, бирок тартылгым келбейт. Кино жаатында сулуулар менен улуулар турганда мага барыш кайда. Мен тартылсам, жаш актрисалар ыйлап калышат го. Жаштардын жолун тоспой эле коёюнчу (күлүп).
– Окуучу кезде деле азыркы эпатаждын «учкундары» бар беле?
– Мектепте окуп жүргөндө өзүм каалагандай кийине алчу эмесмин. Анткени мен окуган мектепте тартип абдан катуу эле. «Эмнеге бул турмушта баары окшош?» деп ошондо эле өзүмө суроо бере берчүмүн. Ал кезде ырчынын баласы гана ырчы болот деп ойлогом. Эч качан мен азыркы деңгээлге жетем деп элестеткен эмесмин. Анткени менде кебете-кешпир деле жок болчу, үнүм гана бар эле. Борборго келгенде продюсерим мага ишенип, колдоп, жашоодон өз ордумду табууга жардам берди, ага ыраазымын. Мурун менде «байлык болсо, баары болот» деген ой жашачу. Бирок байлык эч качан жан дүйнөңдү толуктап бере албайт экен, мен аны азыр түшүнүп отурам.
– Чын эле ишенген үнүң бар, эл аралык сынактарга неге барбайсың?
– Бар андай ойлор, азыр ошол тууралуу ойлонуп жатабыз.
– «Гениалдуу адамга турмушка чыгам» деп көп айтасың. Негизи, адамдар идеалдуу эмес да. Эгер сен каалаган мырзаны жолуктура албай калсаңчы?
– Анда мен Кудайдын алдында кетирген күнөөм үчүн жаза деп кабыл алам. Гениалдуу адамга турмушка чыгам, болбосо жок.
– Жалгыз калуудан коркпойсуңбу?
– Мен эч нерседен коркпойм. Карап көрсөңүз, атактуу адамдардын көпчүлүгүнүн жашоосунда бир кейиштүү жактары бар. Балким, мага бир жактан бакыт берип, экинчи жагынан алып коюшу мүмкүн. Мен ага кайгырбайм, Кудайдын жазганына капаланбайм.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg