Бир жыл мурун норвегиялык «Ylvis» тобунун «Жаным» аттуу кыргыз-орус тилдүү ыры жарык көргөн. Клибинде кыргыз кызын байдын туткунунан куткарган эки жигиттин эрдиги чагылдырылат. Клип чыкканда «кыргыздын мырзаларын коркок көрсөтүптүр» деп кыжырдангандар болгон. Жалпысынан ал элге кеңири жайылып, жогору баага татыган эмес. Орто деңгээлде тартылган клип эле. Бирок жакында интернетке чыккан видео көптөгөн кыргызстандыктарды «таң калтырды». Анткени аталган топтун ырчылары норвегиялык телеканалдардын биринде, түз эфирде бул ырды уят сөздөр менен «кооздоп» ырдашыптыр. Илгерки СССРден чыккан Жигулини сахнага ала чыгып, «Шлюха» деп жазып, илип алышкан.
КЫРГЫЗ МЫНДАЙ ЖАРНАМАГА МУКТАЖ ЭМЕС!
«Жаным, девочка моя,
Айка, Чопа, Алия,
Ждать вечно буду я тебя,
Жаным, жаным, милая.
Жаным, жаным, ай,
Бирге жүрдүк бир далай.
Вдоль рек и полей, и камней, и базара Ошского...» деген саптарды улам кайталап ырдаган «Ylvis» тобунун багы ушул ырдан кийин ачылып кетти көрүнөт. Анткени Норвегиянын телеканалдарынын биринде бул ырды аткарган жигиттердин видеосу Кыргызстанда интернет булагында көп каралып, кызуу талкууга алынууда. Кыргызча сөгүнүп ырдаган жигиттер ансыз деле маани-маңызы жок ырды адепке туура келбеген уят кептер менен «кооздоп» кыйкырганы оозубузду ачырды. Анда сахнага Жигули үлгүсүндөгү унаанын номеринин ордуна «Шлюха-1» деп жазып, ырдын айрым жерлерине «кандай к...?» деп жыныс мүчөнү айтып кыйкырып, кыйратып жакшы нерсени айтып жаткандай сүйүнүп алышкан. Бул видеону талкууга алгандардын айрымдары мындай көрүнүштү таалим-тарбиясы жок маңкурттардын иши катары кабыл алса, «мамлекетибизди жарнамалап жатат, эң жакшы, азаматсыңар!» дегендери да бар. Качантан бери кыргыз эли «кандай к...?» деген жарнамага муктаж болуп калды эле деп күйбөгөн жериң күл болот!
ПРОДЮСЕРЛЕРДЕН ӨЧТҮ КЫРГЫЗДЫ МАЗАКТОО МЕНЕН АЛАБЫ?
Интернет булактарындагы маалыматтар боюнча тамашакөй ага-иниден түзүлгөн бул топ өз өлкөсүндө популярдуу. «Эмне үчүн сөгүнгөн сөздөрдү кошуп алдыңар?» деп «Клооп» жаңылыктар веб-сайты суроо менен кайрылышканда топтун мүчөсү ВЕРГАРД ИЛЬВИСОКЕР:
«Бизде эч кандай кыргыз кыздарын же кыргыз элин шылдыңдайлы деген ой жок, бул кадимки тамаша. Оюбузда ар бир кыргыз тилин түшүнгөн адамга жылмаюу тартуулайбыз дегенбиз. Биз телеберүүнүн продюсерлеринин үстүнөн күлөлү деп ушул ишке бардык. Сөздөрдү дос кызымдын кыргыз таанышы үйрөткөн. Ал мас экен, бир нече сөгүнгөн сөздөрдү айтыптыр, ичинен жакканын тандап алдык. Мындан сырткары орус тилинде да сөгүнмөкмүн. Бирок сахнага чыкканда жаттаган нерселерди унутуп калыпмын, аябай өкүндүм.
Кыргыз эли меймандос экен, биз ал жакка барып убакытты аябай жакшы өткөрүп келдик. Жадакалса досторума дагы Кыргызстанга барып эс алгыла деп жатам»,- деп жооп бериптир.
Ал эми унаага «Шлюха-1» деп күлкүлүү болот деген ойдо жазышкан. Ырчылардын айтымында, мындай тамашаны кыргыз эли анчалык катуу кабыл аларын ойлошпогон. Мындай адепсиз, кеңкелес тамашага кыргыз коомчулугу каткырмак түгүл, жылмая алган жок.
«БИЗДИ ЖАЙЛАГАН ТУРБАЙБЫ?!»
Аталган топтун «Жаным» аттуу ырынын клибинде роль жараткан актёрлор Мирлан Абдулаев менен Садыр Сагынбаевге кандайча тартылып калгандыгы жөнүндө суроо салдык. Экөө тең клипте кадимки жумуш катары роль жаратышканын жана аларга сунушталган учурда мындай вариантка өтүп кетет деген ой болбогонун билдиришти.
Мирлан Абдулаев «актёр катары чакырышканынан тартылып койгом. Алардын кийин уят сөздөрдү кошуп салышканына менин тиешем жок. Биз тартылган варианты жакшынакай эле, кадимки клип болчу» дейт.
Ал эми клипте байдын ролун жараткан актёр Садыр Сагынбаев: «Кудай сакта, муну силерден угуп жатам. Ооба, тартылганым чын. Мени топтун мүчөлөрү кыргыз актёрлорунун ичинен сүрөтүмдү көрүп жактырып, чакырышкан. Кадимки актёрлук милдетимди аткарып тартылып бергем. Жакшы эле болгон баары, бирок бизди жайлаган турбайбы?! Ырдын өзгөргөн вариантын укмак турсун, клипти али көрө элекмин»,- деп таңданды.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg