«Турсунбай Бакир уулу 18 жаштагы актрисага үйлөндү» деген маалымат азыр интернетте уу-дуу талкууланып жаткан чагы. Угушубузча, эл өкүлүнүн азыркы жаш жубайы баткендик Нуриза Бурханова экен. Нуриза буга чейин «Тагдырдын өгөй балдары», «Бардыгын кайрадан баштайлычы», «Кызыл көйнөкчөн» аттуу тасмаларда роль жаратып, биздин гезиттеги фотороманга да тартылган. Киного тартылып эл алдында жүргөн актриса учурда хиджаб кийип калыптыр. Бул боюнча Турсунбай Бакир уулу «ар кимдин жеке турмушу бар. Бөтөн кишиге ал жашыруун болушу керек. Мен көптөн бери журналисттер менен согушуп келе жатам. Анткени «эки аял алды» деп жазышат, анан үч болот, көп өтпөй «төрт» дешет. Мына эми беш болуп жатат. Исламда беш аялга уруксат жок» дейт. Жамал Сейдакматова болсо окуучусу тууралуу «Нуриза «Туңгуч» театрынын алдындагы театралдык студияда окуган. Кийин жолугуп, «киного тартыласыңбы?» десем, «боюмда бар» деп баш тартып койду» деген маалымат берди. Эмне дейбиз, эл өкүлү канча аял алса да, өзүнө насип этсин.