БЕКТИ СҮЙДҮРҮП, БИРОК ЖУБАЙЛЫККА ЖАРАБАГАН КИМ?

Интернет – адам баласы ойлоп тапкан ыңгайлуу жана пайдалуу жетишкендик. Бирок анын бир жагы бар. Ал сырларды терең жаят :) Дүйнөлүк желени атактуулар да активдүү колдонушат эмеспи. Алардын катарында Бек Борбиев да бар. Сезимдери толуп-ташкан окшойт, бир ырды жазып, өзүнүн баракчасына илип койду эле, күйөрмандары талкуулап эле жатып калышты. Талкуулабай коё турган эмес. Өзүңүз да көз жүгүртүп көрүңүз, окурман:

Барамын, баратамын, сага барам,
Кумарым кучагыңсыз тарабаган.
Көзүң бар, зар боломун бир көрүшкө,
А бирок жубайлыкка жарабаган...
Канча бардым мен сага санабагам,
Баратканда артымды карабагам.
Сөзүң бар, бир угууга зар боломун,
А бирок жубайлыкка жарабаган...
Барбайм дейм, кайра айланып сага барам,
Баргандан эч убакта тажабагам.
Сүйүүң бар, билем, ансыз жашай албайм,
А бирок жубайлыкка жарабаган!!! 

                                               Жалал-Абад. 18.06.13

Бул жакында гана жазылган ыр экен. «Эмне болуп кетти, тынччылыкпы?» деп сурасак, «ачуу чындык да...» дейт. Күйөрмандарынын арасында «сүйүп калсаң айла жок, турмуш чындыгы» дегендер, «эми мындай ырды жеңебиз кандай кабыл алар экен, эркектер ушундай...» деп киргендери да болду. Мынчалык талкуу болуп кетерин күтпөсө керек, Бек байкебиз «жүрөккө жакын кабыл албаңыздар, акыры бул ыр го? Бирок жашоого акысы бар» деди. Өзүнүн айтымында, обон чыгарып ырдайын деле дебеген экен, бирок обондуу ыр болсо далай адам ырдап, ооздон-оозго көчө турган күйүттүү ырга айланчудай. Ким билет, балким, дагы бир илхам келгенде обон да жазып таштайт чыгар...
Эгер андай болсо «Эркинай», «Уулуң мага окшогон», «Аттигиниң» деген ырлардын татыктуу уландысы болчудай.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (55)
mamatkerim
2013-06-26 17:30:48
порталда барбы темасын айткылачы
0
aika2009
2013-06-26 20:09:11
бек акабиз суйуп келген суйгон и суйо берет !бул жанылык деле эмес го!
0
kosmomir
2013-06-27 00:02:48
жакшы жазыптыр,таланттуу адам башка да баары бир!
0
Almaz140985
2013-06-27 11:49:57
Бек байкеме мындан да жакшы ыр жазып бербесем!
0
Monica
2013-06-27 12:06:06
Bekty syiom go syiomBEKTY omyr bou syiyP JYROM
0
belosnejka1
2013-06-28 03:24:07
Monica, Bek akemdi suidurgon siz oksoisuz :-D
0
ironlady
2013-06-27 12:37:10
Бектин "кыялымда аруу суйуу бар, ал кыялдарда гана жашайт" деген созу бар. менимче ошол музасына жазган арман ыр го.
0
vikarus
2013-06-27 19:38:29
Сүй+үү деп бекеринен айтылбаса керек.
0
isiasem
2013-06-28 07:51:41
Жакшы жазылган ыр экен. Эми обону чыкса болду элдин баары ырдап эле калышат. Себеби баарынын эле ичинде эч ким билбеген купуя сыр бар. Айрыкча эркектерибизге жакса керек.
0
Neizvestnaya
2013-06-28 20:30:54
акын деген аркай жактан алып ыр жазат. Бек байке да кечинде жатып алып аялына тушундуруп берет да себебин а биз билбей еле талкушка кыла беребиз тажабай
0
aigulai
2013-06-29 09:25:59
Кайран киши эл унутуп бара жатканда бир эстетип койойун деген го озун.
0
casio-ctk
2013-06-29 10:59:00
тернет что ли)))
0
Nurzada88
2013-06-29 11:29:03
Бек байкени мен романтик десем жанылышпасам керек э достор? Анын талантын терен урматтайм.
0
abdygany007
2013-06-29 17:41:31
Окуп алып кулуп жыргап калдымго...
0
KG_URPAGI
2013-06-29 20:50:14
Бек мырзаны колдоймун! бирок 50-го карай жакындап калдыныз,балдарыныздан уялдыныз бекен? жок уялбайт...анткени бул корунуш уят эмес деген сезимдер жана тушунуктор калыптанып калган. Суйуу болгон кундо деле менин атамдын жубайы энем болгон кундо деле интернетке мага же бойдок жигиттерге окшоп суйуусун жазганы тууру эмес. Откон омурлор тууралуу сезимдерин чыгарма кылып жазса бир жон. Каарыган сайын жашарасызго!
0
aziko1414
2013-06-30 13:56:08
ишин эмне не жазат ар кимдин жашоосу ар кандай
0
№ 555, 21-июнь-27-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан