Оң көзүң сол көзүңө душман болуп турган заман башыбызга келди белем, күн өткөн сайын коомчулукта адамдын үрөйүн учурган окуялар байма-бай катталууда. Анын бири жакында Нарындын Ак-Талаа районунда катталды.
«МЕНИ АЙТТЫ ДЕБЕ»
Редакциябызга Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында бир зөөкүр наристе кызды зордуктагандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуяны толук иликтөөнүн өзү эле азап болду. Себеби тиешелүү адамдардын жооп берүүдөн качкандыгында.
Каргашалуу окуя туур алуу көздөрү көрүп, кулактары угуп турса да «лам» деп ооз ачпай, көрсөтмө бербей, иликтөө иштерин оорлоткон адамдар канчалаган көрүнүштөрдү сыр бойдон сактап калды дейсиз? «Бир айыл, бир жерде турабыз, мурун-кийинбет карашчу, бир булактан суу иччү тууган-уруктарданбыз» де- ген менталитет айрым учурда адам тагдырына залакасын тийгизет. Аттарын жашырып, «мени айтты дебе» деген күбөлөрдүн ойло- руна бир аз болсо да саресеп сала кетүүнү туура көрдүк.
Кылмышка шектүү делген Бабатай Сыдыков жабыр тарткан кыздын аталаш агасы. Укук коргоо органдары шектүүнү камакка алган соң анын туугандары «зордуктаган жок, мас абалында болгондуктан, зордуктоого аракет гана жасаган» деп кылмышын жеңилдетүүгө аракет кылышты. Бирок кыздын энесинин туугандары каршы чыгып, окуя тергөө
иштерине өткөрүлгөн. Ал эми наристе кыздын атасы кырсыктан кабардар болгон соң инсульт болуп жыгылган.
«АЙЫЛ ЖАШТАРЫ ТАШ БАРАҢГА АЛАБЫЗ ДЕП ЧОГУЛУШТУ»
Окуяга күбө болгондордун бири, кылмышка шектүүнү кармап алган Баетов айылынын тургуну, ИИМдин ардагери АЙДАРКУЛ САТКЫНОВ бизге буларды айтып берди:
– Окуя 18-июнь күнү таңкы саат 5:30-6лар чамасында болгон. Биз окуя болгон үйгө коңшу турабыз. Кылмыш жасаган Бабатай Сыдыков ал күнү мас абалында жүргөн. Ал эми жабыр тарткан наристе кызды апасы абысынына карап турууга таштап, өзү башка жакка кетиптир. Абысынынын жолдошу каза болуп, үйүндө мектеп жашындагы кичине 2 кызы менен жашачу. Демек, үйүндө коргоого ала турган эркек киши жок экендигин тиги билген да. Бабатай жабырлануучу кыздын жакын тууганы болуп кетет.
Ошол күнү таңга маал кошуна келин «кайним мас болуп келип ызычуу чыгарып жатат» деп жардам сурап эшигибизди каккылап калды. Үйгө кирип барганга эч кимибиз даабай турдук. Үйдө абысынынын наристе кызы калганын айтканда Бабатайдын колунда бычак бар экенин эскерткенине карабай үйгө кирип бардым. Кирсем, наристе отургучта ыйлап жатыптыр. Катнашка барган-барбаганын билбейм, бирок ар кай жер канга булганып, үй чачылган экен. Кылмышкер колуна бычак көтөрүп үйгө кирип, келиндин эки кызын да сабап, дубал сүздүрүп, кылбаганды кылыптыр. Кандын тактары ошондон деле калышы мүмкүн. Сыдыковду колго түшүрүп, колун толгоп, укук коргоо кызматкерлери келгиче кармап туруп милицияга өткөрүп бердим. Кылмыш жасаган адам 1989-жылы туулган. Менин билишимче, үй-бүлөлүү болсо керек. Ал эми жабыркаган кыз болжол ме- нен 5 жарым-6 жашар. Азыр ал кызды апасы Бишкекке алып кетиптир. Окуя болгондон кийин айылдан жаштар кыймылы түзүлүп, «кылмыш кылган баланы эл алдына салып бергиле. Таш бараңга алып, ачык сот кылабыз. Эл алдында жазалайбыз!» деп 100гө чукул адам чогулду. Айыл аксакалдары балдарды кызуу кандуулукка алдырбай, сабырдуу болууларына чакырып, мыйзам ал- дында жазаланышы керек экенин эскертип тараттык. Бечара кыздын тагдыры жөн жерден талкаланды. Аны апасы колунан келсе такыр башка жакка алып барып чоңойтуп же башка бир чара кылбаса, психикалык жактан жабыркап калды. Мен түшүнүп турам, азыр анын тагдыры абдан оор абалга туш болду.
«ПЕДОФИЛИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ ӨЗҮ?»
Бул кылмыш боюнча толук маалымат алуу максатында 21-июнь күнү Нарын ОИИБинин маалымат кызматына байланышуу мүмкүн болгон жок. Барсам, кабинети жабык. Анан ОИИБинин жетекчисинин орун басары Махабат Жумаевге байланышканымда, ал кылмышка шектүүнү колго түшүрүп, Нарын шаарындагы СИЗОго камашкандыгын маалымдады. Кылмыш ишин карап жаткан Азат Белеков аттуу тергөөчү экенин, бирок ал күнү тергөөчү Нарын шаарында жок экендигин, дүйшөмбү күнү кайрылуумду өтүндү.
Ал күн да келип, бирок тергөөчүгө байланышуу мүмкүн болбоду. Айла кеткенде кайрадан Махабат Жумаевге байланышууга аргасыз болдум. Ал «тергөөчү Белеков 5 күндүк кыска мөөнөттөгү өргүүгө кеткен.Келип, каалаган тергөөчүгө жолуга бер, маалымат беришет» деди. ОИИБинин кеңсесине барып, нөөмөт кызматындагы милиция кызматкери менен чогуу тергөө
бөлүмүнө бардык. Бөлүм жетекчисинин кабинети жабык экен, дагы бири «бошобой жатам» дейт. Ошентип жүрүп акыры бир тергөөчүгө жолугуп, «Ак-Талаада катталган педофилия боюнча ким иш алып барып жатат, маалымат берип коёсуздарбы?» деп кайрылсам, ал «педофилия деген эмне өзү?» деп оозумду Ошту каратса болобу?! «Кантип эле билбесин, тамашалап жатат го» дейин десең, ага окшошпойт. «Тобо-о!» деп айла жок кетүүгө аргасыз болдум. Андан соң тергөөчү Азат Белековдун телефон номерин таап чалганымда, кимдир бирөө алып, «ал жок, бир аздан кийин байланышкыла» деп коюп койду. Кийинки коңгуроолорума «телефон өчүрүлгөн» дегенден башка жооп ала албадым. Кылмыштын бетин аччулардын «жоопкерчилиги» ушундай болсо, жабыркагандардын көз жашы тыйылбай, жан дүйнөсү өрттөнөрү бышык.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg