ДАЙЫРДЫН ТУУЛГАН КҮНҮНДӨ ЫРЧЫ АЙЫМДАР ТИТИРЕП...

16-июлда Дайыр Исмадияров 27 жашка толду. Туулган күн караоке клубда болуп, коноктор кызыл килемден өтүштү. Күнөөкөрдү куттуктап эстрада ырчылары Гүлнара Калдарова, Айпери Сыдыкова, Анжелика, Айгерим Расул кызы, Бегимай Бекбоева, Кенже Дүйшеева, алпаруучу Нурзат Токтосунова жана башкалар келишти. Куудул айым Назира Жетигенова жакшы эле "конокмун бүгүн" деп отурду эле, "сиз жандандырбасаңыз болбойт" деп аны тамадалыкка шайлап коюшту. Кеченин жүрүшүн колго алган Жетигенова ырчы айымдарды тизип оюн уюштуруп, кашынан баштап бардык жерин титиреттирип бийлетип жиберди, чиркин! Дайырга 26 жашы менен коштошуу кыйын болду көрүнөт, таң атканча караокеде ырдап-чоордоп, калганын үйүнөн улантышыптыр. Белектердин эң оригиналдуусу өзүнүн сүрөтү түшүрүлгөн плакат болсо, материалдык жактан бир тууган агасынын Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү тулпары өзгөчө болгонун ырчы белгилеп өттү.

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ырчы Дайыр 27 жашта!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (37)
aika2009
2013-07-22 18:38:20
jой соонун отуптур гооо!!!бирок мага бул ырчы ваще жакпайт да !!!
0
naaazka
2013-07-22 18:39:31
yrchylardyn kobu ele namaz okuibuz dewet birok kiyingenin korson emi
0
altinim
2013-07-22 19:10:27
naaazka, дагы уялбай беш маал дегенине олосун да,бирок намаз ар бир мусулмандын парзыго кичине каадасын кылып койушпайбы коркумуш болушуп тош жамбашты алжандатып жалжандатпай
0
aida92
2013-07-22 20:57:19
altinim, эн туура айтылган создор
0
sladka9
2013-07-22 19:35:58
уят елего намаз окуган адамдар ушундай журсо кичине шартын кылып койсо болмок!
0
kara-koz
2013-07-22 22:42:06
ой тобоо бироону жамандатып эле койсо!Эмне эле бироонун артынан жамандаганды жакшы коробуз биз тушунбойм !Неге Шакираны,Бритнини силер соз кылгандай кылып жамандабай чыгармачылыгын сыйлашат !Эгер ал адам чыгармачылбы анда анын чыгармачылыгын сыйлоо керек
0
aigulkg
2013-07-23 00:19:20
Жакшы отуптур туулган куну,омурун узун болсун жакшы ийгиликтерге жет,Эркек балдардан жокко ырчы достору?
0
merimaika
2013-07-23 00:35:29
ар бир адам туулган кунун каалагандай откорот да
0
E.COM
2013-07-23 00:54:00
Жакшы өткөрүптүр
0
Атасынын баласы
2013-07-23 02:28:12
бул ким озу, ырдайбы? Менин да туулган кунумду жазсамбы ыя, уйдо отуруп торт жедим, аялым кеченин коркун ачты, итим мени эч кимге тийгизбей кайтарды деп...
-1
LadyD
2013-07-23 10:07:30
Атасынын баласы, хахахахах олтурдун!
0
MaRmeLaDka
2013-07-23 10:08:23
Атасынын баласы, Дайыр Исмадияровду тааныбайсызбы же тааныгыңыз келбейби? Менимче, экинчи вариант. Анан да сиздин үйдө отуруп торт жеп, итиңиздин сизди кайтарганы эч кимди кызыктырбайт))). Ал эми ырчы, жылдыздардын жашоосу айрымдарга кызык.
0
admin_media
2013-07-23 09:46:12
kozukuchugum,
Бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга жол берилбейт!
3 күн банга!
0
fialka_90
2013-07-23 16:24:16
Руслан Калматов не кыылып журот?
+1
fialka_90
2013-07-23 16:33:29
атасынын баласы атасын уят кылбай койсо болмок тобо кантип эле Дайырды тааныбайт
0
mahabat.
2013-07-24 02:33:44
fialka_90, таанылгыдай атагы чыккан супер пупер беле бул дайыр??!!кайда калган бир дайыр
0
MaRmeLaDka
2013-07-25 18:12:33
mahabat., ны мынча чычалап? Көрө албаган жайыңыз бар экен, билинип калды))))
0
Атасынын баласы
2013-07-25 01:14:54
fialka_90, дайырчикти тааныбаганым учун атам эч качан уят болгон эмес. Атам уялат деп дайырды таанып журосунбу?
0
allan
2013-07-26 00:33:07
Атасынын баласы, боорду эздин го.Бирок,чын.мен деле Дайырды тааныбайт экенмин
-1
Riskul
2013-07-24 02:44:45
En jakshy yrchy.Baktyluu bol.
0
shanushka
2013-07-26 23:08:26
aygerim tigisin koyup platya kiyse soonun jarashmak!
0
beka.007
2013-07-27 16:11:49
Айпери, сен жамбаш бийин бийлебей эле койбопсун.!!!!
0
Rostov-on-Don
2013-09-08 21:16:27
Бегимай Бекбоева армянка кыздарга окшошго э?
0
№ 559, 19-июль-25-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан