ТАГДЫР ОЮНУ-3

Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн чыгарманын 1-2-бөлүмдөрүндөгү окуяны кыскача баяндай кетели. Депутат Аскар Токтосуновичтин жалгыз уулу Аскат табышмактуу түрдө каза болот. Уктап жаткан кезинде жүрөгүнө канжар сайылып, биринчи шектүү катары анын жакын досу Азамат кармалып, 7 жылга кесилет. Аскаттын өлүмү сүйлөшкөн кызы Бегимай үчүн орду толгус жоготуу эле.
Бул учурда Бегимайдын курбусу Алина Малайзияда жашаган кыргыз жигит менен интернет аркылуу таанышып, тагдырдын табышмагы менен ал жигит Бегимайды кызыктырып калат. Таң каларлык тартылуунун себеби бар болчу. Анткени Азирет Бегимайдын каза болгон жигити Аскаттын көчүрмөсү эле. Аскат менен Азиреттин окшоштугунун сыры тереңде жаткан. Аскар 21 жыл мурун Мариямга үйлөнүп, болочок перзентин күтүп жаткан кезде тагдыр аларды эки жакка ажыратат. Жалган жалаа менен Аскар бир топ жылга түрмөгө кесилип кетет. Түрмөдөн Аскардын акылдуулугу Көр Самат аттуу авторитеттин кулагына жетип, ал «Сеникиндей башты түрмөдө чиритүү болбостур. Мен сени камактан чыгарам, бирок өмүр бою менин кол алдымда болосуң» деген макулдашуу менен абактан чыгарат.
Ал эми үчүнчү каарманыбыз Мариямдын да сыры бар. Балдар үйүндө өскөн жетим кыздын каранар-карманары жок, бир баласы Аскатты кайнене-кайнатасына таштап, экинчи уулу Азиретти өзү менен алып кеткенге мажбур болгон. Так ошол Малайзиядагы кыргыз жигит Аскаттын эгизи Азирет эле. Азиреттин келиши менен бардык сыр ачылат. Анткен менен каармандарды жаңы сыноолор күтүп турган. Азирет Кыргызстанга келип, агасы Аскаттын сүйүүсү, кара көз сулуусу Бегимайга көңүлү түшүп калат. Эгизинин өлүмүн иликтеп отуруп Аскатты өзүнүн өгөй энеси Аида өлтүргөнүн ачыкка чыгарат. Көрсө, анын көл жээгинде жаш жигит менен көңүл ачып жүргөнүн өгөй баласы көрүп калып, ал атасына айтып салат деп коркуп өлтүргөн экен. Кылмышын моюнуна алган Аида көп кабаттуу үйдөн боюн таштап каза болот.
Азирет сүйүүсүн ачык айтуу үчүн Бегимайга барып, экөө кумарлуу түндү башынан өткөрүшөт. Бирок Бегимайдын Аскатка болгон сүйүүсү, айрылуунун жарааты али бүтө элек эле. Андыктан Азиреттин сүйүүсүн кабыл ала албасын айтат. Ал эми ошол түнү Бегимайдын боюнда өзүнөн бала калганын Азирет билбейт. Боюндагы баланы жашырыш үчүн Бегимай чет өлкөгө сапар тартып, уулун ошол жакта төрөйт. Бегимайдын айткан сөздөрү намысына тийип, Азирет чукул убакытта Бегимайдын курбусу Алинага үйлөнүү сунушун киргизип, ага үйлөнүп алат.
2-бөлүм Бегимай Түркияга көнбөй, кыйналып жүргөн кезинде тагдыр аны Мурат аттуу жигитке туш кылганынан башталат. Экөө үйлөнүп, Кыргызстанга келишет. Кокустуктан улам Азиреттин фирмасында Бегимайдын күйөөсү Мурат иштеп калат. Кайрадан эски жарааты козголгон Азирет Бегимайды издеп, экөө жалынсыз отко түшөт. Экөө тең үй-бүлөлүү. Азиреттин аялы Алина төрөттөн уулун жоготуп, аны менен кошо мындан ары эне боло албасын угат. Төрөт үйүнөн энеси таштап кеткен кызды асырап алып, атын Айданек коюшкан эле. Муну Азирет, Мариям үчөөнөн башка эч ким билбей калат. Бул учурда Мурат Бегимайдын баласынын атасы Азирет экенин билет да, Азиреттен алыстатыш үчүн Бегимайды кайрадан Түркияга алып кетет. Ал жактан Мурат жол кырсыгына учурап, баспай калат. Күйөөсүн сактап калуу үчүн Бегимай чоң курмандыкка барат: Аскат Азиреттин уулу экенин айтып, андан акча сурайт. Ошентип, уулун алып Азирет Кыргызстанга келип, Бегимай күйөөсүн Германияга алып барып айыктырат. Азирет менен Бегимай эки жолго түшөт да, сүйүүдөн жаралган айыпсыз бала бирде атасынын, бирде апасынын колунда чоңоёт. Арадан 20 жыл өтүп, Азирет менен Бегимай жолугат. Алар эми өз махабаты эмес, балдарынын тагдыры үчүн жолугушкан эле. Кокусунан Азиреттин баккан кызы Айданектин күндөлүгү колуна тийип калып, анын сырлары ачылат. Мындан ары окуя Айданектин баяндоосу менен башталат.  

(Башталышы өткөн сандарда)

Ошол убакыттан баштап мен жалгыз эмес элем. Азыр ушу саптарды жазып отуруп эч күнөөсүз, таза күндөрүбүзгө эч кимдин тилин тийгизгим келбейт. Мейли, адамдар миң жолу бизди сынасын, жүз жолу жерден алып көргө урсун, өздөрүнүн көз карашын таңууласын, бирок биздин мамилебиз алар ойлогондой ыплас эмес эле. Ата перзентин берилип сүйсө, эне баласын бардык нерседен коргосо, бир тууган өз боору үчүн курмандыкка барса, ошол күнөөбү?
Аскат мен үчүн ата да, эне да, ага да болду. Кичинемден дүйнөнү анын көзү менен караганга үйрөндүм. Бул мамилебиз ириде апама жаккан жок. Аскат атамдын көңүлүн ээлегени аз келгенсип, мен дагы андан карыш калбай ээрчип алганым жанын сыздатты окшойт, бир күнү катуу сабап салды. Мурун бир да жолу колу тийип көргөн эмес, бул жолу болгон ызасын менден чыгарды көрүнөт.
– Апа, эмнеге, эмне үчүн?- деп чырылдап жаткан мени уккан да жок. Бир маалда колум менен жүзүмдү жаап бүрүшкөн мени көрүп эсине келди. Дароо көтөрүп ала койду да, бооруна кыса берди.
– Кечир мени, кызым! Мен... мен акмакмын!
Апамдын көзүнөн жаш агып жатты. Эт жүрөгүм сыйрыла апамды аяганым менен, Аскатка деген боор толгоом да күчтүү эле. «Экинчи Аскатка жолобойм» деп айтыш да оор болуп жатты.
Чоңоюп калганда мага кат жазып, сүйүүсүн арнаган балдар пайда болду. Биринчи жолу сезимин билдирүү, бет албырып, кол-бут титиреген абал ар бир кыздын башынан өтсө керек. Классыбызда Изат аттуу бала мени жактырып жүргөнүн байкачумун. Телефонума келген СМСти карап отурсам Аскат келип калды.
– Ким жазды?
– Изат.
Көпкө унчукпай турду да, телефонду колумдан жулуп алып билдирүүнү өчүрүп таштады.
– Мындай нерселерге көңүл бурба, сен али балдарды билбейсиң. Кийин өзүңө эле жаман болот.
– Эмнеге? Кинодон көргөн нерселериңди айтпачы, ал мага эч нерсе кыла албайт.
Үн катпады. Бирок мен ал эмне деп айткысы келгенин түшүндүм. Аскаттын мүнөзүн кандай деп сүрөттөсөм экен... Кичинесинде ал эң тарбиялуу, боорукер, атүгүл идеалдуу болсо, жыл өткөн сайын анда бир жапайы күч, агрессия күчөп баратты. 6-7-класстарда Дон деген атка ээ болуп, өзүнүн кадимкидей тобу, анын айтканын кыйшаюусуз аткарган достору пайда болду. Үлгүлүү окуучунун «көчө балага» айланып баратканын менден башка эч ким байкабады. Чоң апам бул учурда ооруп, өз жаны менен алышып калган эле. Атам күнү кечке жумушта, апам ага көңүл буруп да койчу эмес.
Түнү бөлмөсүнө кирип, баары уктаганда чыгып кеткенин эчен байкадым. Дагы бир жаман жери, Аскат күн өткөн сайын куду журналдын бетинен түшө калгандай келишимдүү жигитке айланып баратты. Хм, мага бул жакпады. Анткени Аскат мурун меники гана болсо, эми анын көңүлүн башка кыздар да ээлей баштады. Кээде өтүп бараткан кыздарды сырдуу тиктеп калганын байкачу болдум. Экөөбүздүн жаш айырмабыз болсо да, менден кыйла узун эле. Күндө туруп боюмду өлчөп, аны кууп жете албай ызаланганым, ай! А жүзү... Мындай сулуу жүздүн эркекке эмне кереги бар эле дейм да. Аны тиктеп отуруп өмүрүмдө бир жолу көргөн анын апасын эстеп кетем.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (41)
naaazka
2013-07-22 18:49:53
super suranyyyych koburaaak jazgylaachyyy baw jagyny uje jazbai ele koigula baaryna ele tuwunuktu boldu okwoit
0
erkinbek8611
2013-07-22 21:14:47
Бир жума бат эле келет достор чыдагыла
0
Gulichka.milichka
2013-07-22 22:02:58
мынча аз....
0
alenka
2013-07-23 01:49:32
козумду ойдо ылдый кылып эле кала бердим жалдырап мыча аз сууга алып барып суугарбай келдинер го супер инфо
0
turgunay89
2013-07-23 07:12:59
откон санын жазбай эле коюнуздарчы сураныч
0
jooshbala
2013-07-23 08:21:01
Тиштеримдин арасында эле калып калды.
+1
Armin
2013-07-23 12:19:19
Ky3yk jerine keLgendE buTur0Sun0Rda uwu. .murunkuLaryn 0kuganby3Go bilebiz
0
KUMU89
2013-07-23 15:46:32
Baardyk okurmandar aitkanynyzdardai ele, kyzygyna kelgende buttu.
0
N.Bakazova
2013-07-24 00:54:57
Emneee myncha aaaaz. Kop jaz dep suranganybyz talaaga ele ketken go.
0
rozka
2013-07-24 10:29:48
Коп жазгылачыыыы
0
Shota69
2013-07-24 11:36:28
Башындагы тушундурмосун жазбай эле, башкасын кобуроок жазгылачы, сураныч,
0
kg_777
2013-07-24 19:13:02
ии неужели башталды, соонун сериал
0
admin_media
2013-07-26 11:40:35
maksimus,
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек.
0
admin_media
2013-07-26 15:04:34
Баарыңарга эскертүү!
Сын-пикирлер, сунуштар info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Elikou
2013-07-27 17:53:59
Kino kylyp tartyshsa jakshy bolmok.
0
№ 559, 19-июль-25-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан