Бактыгүл Бадыева турмуш кургандан кийин эл алдына көп ырдап чыкпай калды. Азыр жакында жарыкка келчү наристе үчүн күйөө бала болгон аракетин жумшап, ырчы айымды эркелетип турган чагы экен. Жадакалса ымыркайдын үнү жаңы үйдө жаңырсын деп башка турак жайга көчкөнү жатышыптыр. «Жолдошуң мыкты болсо, баары жакшы болот» деп айтышат эмеспи. Анын сыңары, менин жолдошум мыкты инсан. Негизи, өзү көп кабаттуу үйлөрдү куруп сатат. Ошого өзү тургузган үйлөрдүн биринен жакшысын тандап, кирип алалы деп турабыз»,- дейт кубанган Бактыгүл.