«Манас жаңырыгы» телеканалындагы «Клип-парад» берүүсүнүн алпаруучусу жана продюсери ырчыларга капа. Ал өз сөзүндө: «Клип-парад» берүүсүнүн негизги максаты – саны бар, сапаты жок клиптерди азайтуу. Андыктан берүүдө көрсөтүлгөн клиптерди көрөрмандар сындап, кемчилигин айтып өз оюн билдиришет. Ушундан улам сынга чыдабаган айрым ырчылар мага байланышып, «берүүнү жаптырып салам дебейм, бирок клиптериме сын айттырбай эле койчу» деп сылык сес көрсөтүп жатышат. Мындай сөздөрдөн чочулап калбастан берүүмдү уланта берем»,- дейт.
Клиптерге өз оюңузду билдирем десеңиз, ишемби күндөрү (0312) 91 24 94 телефонуна чалып же 22 10 сандарына SMS жазсаңыз болот.