(Башталышы өткөн сандарда)
Атам бүгүн биринчи жолу мага чын дилинен жылмайып, чекемден өптү. Анткени атамдын туулган күнүнө карата Аскат экөөбүз слайд-видео жасаганбыз. Идеянын автору Аскат, бирок монтаждап жасаткан мен болдум. Ага сүрөттөрдү тандоодо апам менен атамдын үйлөнүү тоюндагы сүрөтү колума тийип калды. Кызыгы, алардын жанында Аскаттын апасы Бегимай да бар экен. Колуктунун курбусу болуптур. Демек, алар мурунтан эле тааныш болушкан. Анда Аскат кандайча менден улуу? Айтор, «Кандай окуя болду экен?..» деп кызыкканым менен, эч кимден батынып сурай албадым. Чоң энемден сураганымда «билбейм» деп кутулду. «Балким, өздөрү айтып беришер» деген ой келип, бул сүрөттү видеого кошуп койгом. Чыр ошондон башталды.
– Эмне, башка сүрөт калбай калыптырбы? Тигини эмнеге коштуң?- деди апам мени карап.
Көңүлүмдө жаман оюм жок эле ушул ишке барсам да, бир чоң күнөө кылгандай, эмне айтарымды билбей туттуга түштүм.
– Апа...
– Сенден күткөн эмесмин,- деди ал ого бетер көзүнөн ачуусун бүркүп.
– Данек эмес, ал сүрөттү мен коштум,- деди Аскат капысынан. Куду бирөөдөн коргоп жаткандай мени колдон тартып аркасына ката берди. Мына, ар дайым ушундай, кичинебизде
тентектик кылсак, мен жасаган кылмышты өзү ала берчү. Ай, Аскат, ушу жоругуң качан калар экен?
– Ал сүрөттү кошкондой кандай акың бар? Биздин, менин жашоомо аны киргизгендей кандай акың бар?
Апам бою кичине, сары киши, ачууланганда кыпкызыл болуп, үнү чыйылдап жаман болуп кетет экен. Мынчалык ачууланганын мурун көргөн эмесмин, чын эле сүрөт талуу жерине тийди окшойт.
– Ал атамдын жашоосунда бар экени калппы? Менин бар экеним жалганбы?- деди Аскат да токтоп калбай.
Апам шалдайып, эч ким үндөй албады. Бир топтон кийин гана атам Аскатка үн катты.
– Туура, балам, сенин бар экениң да, апаңдын менин жашоомдо болгону да калп эмес. Бирок Алинаны да сыйлашың керек, эгерде бул окуяда ким азап тартса, Алина тартты. Мен мындан ары бул маселе менен үй-бүлөмдө чыр болушун каалабайм. Андыктан силер да сак болгула, үй-бүлө болгондон кийин эч бирибиздин көңүлүбүзгө доо кетирбей жашаганыбыз оң.
Ошол боюнча биздин үй-бүлөнүн улуу сыры кайра катылды. Кайрадан бизге табышмак болгон өтмүштүн капкагы жабылды.
Күн өткөн сайын Аскаттын Айымга болгон махабаты да басаңдай баштады. Чындыгында, ага кол сунган адамдар көп эле. А Аскат жолундагы бардык кыйынчылыкты жеңип, Айымдын жүрөгүнө ээ болду. Бирок ошол замат кызыгы тарап калганын байкадым. Аскат өзүнө да, өңгөгө да катаал, кээде өтө таш боор жагы бар болчу. Алдына башка балдарды өткөрүп, өзүнөн кыйын болгонун эч көтөрө алчу эмес. Дароо мушташып кетчү. Анын кыялын билгендер андан качканга, анын муштумуна кабылбаганга аракет кылышчу. Ким билет, балким, ал өзүндөгү өксүктү, өзү таба албай, чече албаган суроолордон улам кыйналып, болгон жинин муштумга салса керек. Мен анын бул кылыгын ошентип ойлойм. Айымга да жеткенден кийин кызыкчылыгын жоготуп койгондой, кайдигер, кадимки Аскатка окшошо баштады. Айым кээде өзү чалса да, телефонун албай коюп же суз сүйлөшөт. Анда мага түшүнүксүз кубаныч пайда болот, кээде Аскатка ошол кубанычым үчүн да ыраазы болуп кетем.
Баса, ошол жылдагы менин туулган күнүм өмүр бою эсимде калды. Эртең менен мурдумду өрдөгөн жагымдуу жыттан ойгондум. Мына сага! Бөлмөм ар кандай роза гүлдөргө толуп
кетиптир.
– Туулган күнүң менен!
Жылмайган калыбында розалардын арасында Аскат турат. Таң калганымдан делдиреп төшөгүмдүн үстүндө отура берипмин.
– Эй, болду эми, эсиңе кел. Сени анчалык таң калтырайын деген эмесмин.
– Аскат!
Атып туруп жылмайып турган анын кучагына бой урдум. Билбейм, эмнеге ушунчалык ыйладым? А балким, турмушумда эң жакын болгон адамымдын жүрөгүндө дагы деле бар экениме кубандымбы же ата-энемдин да эсинен чыгып кеткен туулган күнүм анын эсинде болгонуна жетине албай кеттимби? Балким, көп жылдан бери топтолгон анын мээримине ыраазычылык билдиргенимби, көз жаш менен? Айтор, көпкө ыйладым. Аскат мени кучактаган бойдон ыйлап бүтүшүмдү күтүп турду да, көз жашымды аяр аарчыды.
– Жинди кыз, болду эми, эл көрсө сага эч ким эч качан белек бербептир дейт. Түнү менен гүлдөрдү алып келип бөлмөгө төшөгөнүм бекер болбоптур...
– Рахмат!
–Ыйлаак, мындан ары бир тамчы жашыңды көрбөйүн. Уктуңбу?- деп колун кезеп койду. Кетип баратып кайрылып:
– Муну менен сюрприз бүткөн жок. Кечинде дагы улантабыз.
Ошол күнү кечтин кириши мага оор болду. Сабактан келип, Аскат убада кылган сюрпризди күтүп отурдум. Кечинде үй-бүлөбүз менен чогулуп, жылдагыдай суз сөздөрдү, куттуктоолорду кабыл алдым.
– Айданек, туулган күнүң менен!- деген атамдын жүзүн тиктеп турдум. Бирок мен күткөн «кызым» деген сөздү айткан жок. Колундагы кымбат баалуу асем буюмду коомайлана мага сунду да, чекемден өөп койду. Андан соң апам куттуктады. Чоң апам жемпир токуп коюптур, аны берди. Аскат болсо мага көзүн кысып «сюрприз кечинде» деп шыбырады. Үйдөгүлөрдүн баары жаткандан кийин бөлмөмө акырын кирген Аскат мага «жүрү» деди. Экөөбүз анын мотоциклине отуруп жөнөп калдык.
– Кайда барабыз?
– Чүш, азыр көрөсүң.
Ошол күнү чоң турмушка багыт алдым. Диско-клуб деген эмне экенин, жигит-кыз болуп бийлөө эмне экенин билген эмесмин.
– Карындашыңды бийге чакырсамбы?- деп Аскаттын досторунун бири келип калды.
– Жок, болбойт!
– Дон, ушунуңду койчу...- деп баштады эле, бир караш менен тигинин жаагын басты.
– Менин бийлегим келип жатат,- дедим Аскатка шыбырай. Чындыгында эле кыналыша бийлеген кыз-жигиттерден көзүм өтүп жаткан. Таттуу сезимдер чулгап алып, кандайдыр бир
табышмактуу дүйнөгө алып учуп бараткандай.
– Сага али эрте, жанымдан чыкпа,- деген Аскат көзүмдү жалдыратып турган мени аяп кеттиби, колдон ала бийге жөнөдү. Музыка эч токтобосо, чимириле айланган жарыктар эч
өчпөсө... Ошентип, өмүрүмдөгү биринчи бийди Аскат менен бийледим. Жок, өмүрүмдөгү көп биринчилер Аскат менен болду... Ошол күндөргө азыр кайта алсам кана, мага андан ашык бакыттын кереги жок эле... Аскат негедир тез токтой калып, мени бийден жетелей чыгып кетти.
– Эмне болду, баары эле бийлеп жатышат го?- дедим мен нааразылана.
– Сага жетишет ушул эле, чоңойгондо келесиң.
Аскат жетет десе, демек, ошого ыраазы болушум керек эле. Канчалык кыйылып турсам да, баш ийдим. Анан экөөбүз сыртка чыктык.
– Данек, сен кимдир бирөөнү катуу сагынып көрдүң беле?- деди капысынан.
– Жок.
– А кимдир бирөөнү катуу жакшы көргөнүң эсиңдеби?
– Сени.
Аскат муну таптакыр күтпөсө керек, кабагы чытыла түштү.
– Ишендим.
– Чын айтам, чындап...
Ызаланып кетип жерди тепкилеп жибердим. Чындык болчу ал, эмнеге ал ишенбейт?
– А мен апамды дайым сагынам,- деди ал. Үнү титиреп кетти да, кайра тез өзүн колго алды.
– Кайдагы нерселерди айтам? Жүрү, үйгө кеттик, кеч болуп калды.
– Жок, апаңды эмес, сен Айымды жакшы көрөсүң, калп айтпа,- дедим мен бар эркимди жыйып туруп.
– Ха-ха-ха, чынбы? Сен ырас эле ошентип ойлойсуңбу?
Бул жолу да тамашалап кутулуп кеткиси келдиби, ким билсин, ал мени колдон алды.
– Кеттик.
Чоң жолдо катуу ылдамдык менен келе жатканыбыздан коркуп Аскаттан жайыраак айдашын сурандым. Бирок ал ого бетер каткыра ылдамдыкты күчөтө берди. Алдыбыздан машина
чыга калды. Карс-карс... Көзүмдү жумуп жибердим.
(Уландысы кийинки санда)