Адатта ичинде атаандаштык, тоготпостук турса да, сахналаштарына карата сынды эч ким айта бербейт. Амир Аскаров алардан айырмаланып оюндагысын бетке айткан ырчы.
АМИР тууралуу
Туулган жылы – 1988-жыл, 16-март
Туулган жери – Балыкчы шаары
Спортко мамилеси – Футболго кызыгат
Бою – 180 сантиметр
Салмагы – 78 килограмм
Популярдуу ырлары – "Сени эстеп", "Алдадың", "Периштем"
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын кичүүсү
Баалаган ырчысы – Ашер
– Салам, Амир! Сахнага чыгып-чыкпай жатып «сахнадан кетем» деп кабарладың эле. Ырчылыкка кайра келишиңе эмне себеп болду?
– Чынын айтсам, акыркы ырларым бири-бирине окшошуп, жөнөкөйлөшүп кеткен. Идеяларым түгөнүп калдыбы, билбейм. Анан элди тажатып албайын деп тыныгуу алган элем. Бул аралыкта көп жылдык келишим менен Казакстанга барып иштөөгө сунуш да алгам. Бирок андан баш тартканга туура келди. Анткени бир үйдүн кичүүсүмүн. Ата-энемдин колунда калчу бала болгондон кийин үйлөнүш керек дегендей. Көп жылдык келишим менен башка өлкөгө кетип калсам, аларды ким карайт?! Тыныгуудан кийин жаңы эргүү, жаңы идеялар менен чыгармачылыгымды улантайын деп жатам.
– Демек, элдин табитиндеги хит ырларды жаратам деген ойдосуң?
– Мен эч качан элдин табитине ылайыктап ыр чыгарбайм. Жана да ушул ырым хит болот деген ойдо жазбайм. Көпчүлүк чыгармаларымда менин жан дүйнөм чагылдырылган. Ошол нерсени элге жеткирүү – менин эң негизги максатым. Хит болобу же болбойбу, ал бакыт кушунан. Мисалы, «Алдадың» деген ырым көпчүлүккө мынчалык жакшы кабыл алынат деп ойлогон эмесмин. Ырларым менин табитимди бөлүшкөн адамдар үчүн гана. Учурда сапаттуу ырлардын арасында менин ырларым чөгүп кетпесин деп аракет кылып иштеп жаткан кезим.
– Чыгармачылыкта жалгыз иштеп жүргөнүңдү билебиз. Колдоочусу жок кыйын эмеспи?
– Азыр акчаң жок болсо, эч ким тоготпойт. Жок дегенде абройлуу, таасири күчтүү кишиң болсо жеңил болот. Продюсермин дегендер көп. Бирок жакшылары аз же алардын өзүнүн окуучулары, долбоорлору бар дегендей. Жалгыз иштесең, албетте, кыйналасың. Бирок тарткан кыйынчылык, түйшүктөрдүн баары кийин өзүңө тажрыйба, сабак болот. Балким, продюсер менен иштешсем бат таанылмакмын. Бирок ушунусуна деле шүгүр дейин. Азыр деле шоу-бизнесте кайсы бир деңгээлде өз ордум бар.
Чыгармачылык менен алпурушуп жүргөнүмө 3 жыл болуп калды. Мен жаңы чыгып келаткан жылдары «Non-Stop» дуэти, Мирлан Баеков, Нурмат Садыров катарымда болчу. Азыр алардын ар биринин өз угарманы, күйөрманы бар. Негизи, биздин ырчылардын ар бирине төш белги тагыш керек. Анткени кыргыз ырларын калкыбыздын 3 миллиону укса, аларга толтура ырчы ырдап, өнөрлөрүн тартуулап келишет. Ырчылар арасында атаандаштык күчтүү. Ушул кичинекей базарда жок болуп кетпей иштеп жатканыбыз мени таң калтырат.
– Учурдагы кыргыз музыкасына көз карашың кандай?
– Угарман катары айтсам, «Исфана, Исфана» деген сыяктуу ырлар мага такыр жакпайт. Же мен заманбап музыкаларды угуп чоңоюп калгангабы, бул өңдүү ырлардан алысмын. Мисалы, ырчы Каныкейдин образы эле кызыгуу жаратпаса, ырлары козгобойт дагы. Дүйнөлүк хит «Гангнам стайл» деген ырда деле эч бир маани жок, мындай алып караганда. Бирок сапаттуу. Кээде ырды түшүнбөсөң деле уккуң келе берет го, анткени ал ыр сапаттуу чыккан. Ал эми бизде сапатка көп көңүл бөлүшпөйт. Ошондуктан биздеги ырларды сапатынын жоктугунан уккум келбейт.
– Cен анткен менен «Исфананын» өз күйөрмандары бар да, сенин ырыңды бирөө сапатсыз десе кантесиң?
– Угарман катары ар бир адам өз оюн айтууга укугу бар. Мен өз пикиримди айтып жатам. Эгер менин ырларым башкаларга жакпай, сындашса, мейли айтышсын, мага чын жүрөктөн баары бир.
– Жакында эле «Жаңы толкун» сынагына катышып келген Айбек Бакытбеков «Кыргызстан – примитивдүү өлкө» деп айтып алды, сен ушундай жаңылыштыкка жол берет белең?
– Менин оюмча, бул продюсердин катасы. Алдын ала «мындай сүйлөйсүң, минтесиң» деп даярдашы керек болчу. Айбек андай деңгээлдеги сынакка биринчи жолу барып жатса, албетте, толкунданат. Ал жер Спорт Ордосу эмес да, башка аура, башка аудитория, алдыңда сени сынап музыканын «монстрлары» отурса, кантип сүрдөбөйсүң?! Мен Актан Исабаевдин алдында ырдап жатып эле буттарым калчылдап калган. Андай деңгээлдеги сынакта миң өзүңө ишенсең деле кабатырлануу деген нерсе өзүнүкүн бербейт. Айбек ал сөздү айтып жатканда башка нерсеге кабатырланып жатканы байкалып турат, аны күнөөлөгөн туура эмес.
– Кеп нугун жеке фронтуңа бурсак. Социалдык тармакта бир сулуу менен кыналыша түшкөн сүрөттөрүңдү жүктөп коюпсуң?
– Ооба, Мээрим Атантаева деген модель кыз менен сүйлөшүп жүрчүмүн. Бирок биздин менталитет экөөбүздү ажыратты. Тагыраак айтканда, жаш курагыбыз сүйүүбүзгө тоскоол болду. Ал 30, мен 25 жаштамын. «Сүйүү жашка карабайт» деген жөн эле куру сөз экен, көрсө. Мен үчүн роль ойнобосо да, ал кыз үчүн, анын ата-энеси үчүн чоң маанини ойноп, үйлөнөбүз деген планыбызды таш капты. Аны аябай сүйсөм керек, дагы деле унута албай жүрөм.
– Мээримге арнап ыр жаздыңбы анан?
– Ага арнап ыр чыгарайын десем, такыр чыкпай жатат. «Алдадың», «Сени эстеп», «Өкүнүч» деген ырларымды мурунку сүйлөшкөн кызыма арнап жазган элем. Ал эми Мээримге кыйналып, кайгырсам да ыр саптары келбей койду. Балким, «эч нерсе бүтө элек, баары алдыда» деген Жараткандын берген белгисидир, ким билет?.. Мүмкүн, эртең мага коңгуроо кылып калар. Азырынча Мээримдин ордун баса турган кыз табыла элек.
Лунара Бекиева
star@super.kg