Темир Назаров:«САХНА ТАЗАЛАНГАНЧА ТЫНЫГУУДА БОЛОМ»

Бир кездеги сахнада так секире бийлеген, Ош-Бишкек учагында байма-бай борборго каттап жүргөн Темир Назаровдун акыркы убакта дайыны чыкпай кеткен эле. Көрсө, чыгармачылык тыныгууда экен. Кеңсебизге келген ырчы өткөн-кеткенден, акыркы жаңылыктарынан кеп салып берди.

– Темир, чыгармачылыктагы тыныгууңуз кандай өтүп жатат?
– Албетте, бекерчилик менен өткөргөн жокмун. Батиримди оңдоп-түзөөгө бергенмин. Жаңы салып жаткан тамыма болгон убактымды, күчүмдү жумшоодомун. Бизнес жаатында болсо айымдардын кийими сатылчу дүкөн ачтым. Кудайга шүгүр, тааныштардын бардыгы, сот эжелер, мектеп мүдүрлөрү келип ошол жерден кийинип жатышат. Ошону менен бирге эле чыгармачылыкты унутпай, ыр жаздырганга да жетишип жатам.

– Жылдыз болуп жанып турган учуруңузду сагынсаңыз керек...
– Чынын айтсам, сагынбадым. Анткени ошол мезгилдеги иш тартибин азыр элестетсем, кадимкидей кыйналып кетем. Көпчүлүк учурда эртең менен Бишкекке учуп барып, бир мааракеге катышып, кайра кечинде Ошко учуп келчүмүн. Учак менен кайра-кайра уча бергендиктен, бат-баттан башым ооруп, анан да эл алдына көп чыккандыктан кирине кирип кыйналчумун. Азыркы жашоом мага жагат. Эл алдына аз чыгам, өзүмдү, үй-жайымды караганга убакыт табам. Өзүмө өзүм ханмын. Биздин ордубузду азыркы эмоционалдуу, күчтүү жаштар ээлешсин да. Күчү барда, бойдок кезде иштеп алышсын. Үйлөнгөндөн кийин бизге окшоп отуруп калышат.

– Талантыңызга канчалык деңгээлде ишенесиз? Ага чектөө койгонуңузга өкүнбөйсүзбү?
– Кудай сага талант бербесе, аны миң жолу таптасаң да баары бир эптемей экени билинип калат. Талантыма, Кудайга шүгүр, жакшы эле ишенем. Себеби үнүмө атайын кам көрүп, таптаган эмесмин. Болгону эл алдына чыкканга чейин мааракелерде, мектептеги кечелерде ырдап калчумун. Азыр деле той-топурга, мааракелерге чакыруу түшүп калса, барып ырдайм. Аябай ырдагым келгенде үйдөгү караокени жандырам да, 5-6 ырды ырдап өзүмө келип алам.

– Жаңыдан чыгып келе жаткан ырчыларга «таланты жок» деп сын айткан элеңиз. Чымыны бар жаштарды топтоп тарбиялайын деген ниетиңиз барбы?
– Ниет бар. Бирок аракет кылган балдар жок. Сахнада өзүн алып жүрүү этикасы бар. Аларга сабакты дал ушундан баштоо керек. Мисалы, сахнада элге 3 секунддан ашык артыңды салбашың керек. Азыркы жаш ырчылар 3 секунд эмес, сахнанын башынан тээ аягына чейин артын салып басып барат да, анан бурулуп келишет. Сахна кичи пейил болуп, күлүп-жайнап турганды жактырат.

– Күйөрман кыздардын аягы тыйылдыбы же?..
– Андайлар дагы деле бар. Кээ бирөөлөр үй-бүлө курганына карабай ойноок болушат. Менде андай нерсе жок, турмушка терең көз караш менен карап, жашоодогу ордумду билип калгам.

– Ката кетирип өкүнүп калган учурларыңыз болгонбу?
– Түрк лицейин аяктагандан кийин иштеп, маңдай терим менен унаалуу, үй-жайлуу болуп, атак-даңкка жетишкем. Ойлоп көрсөм, ошолорго жетишүүдө көп эле катачылыктарды кетирипмин. Чынында, ал кезде кандай учурда унчукпай коюу керек, кандай жерде сүйлөш керек экенин билген эмесмин. Улуулар менен тең ата да болгонмун. Ошол катачылыктардан өтпөгөндө, балким, башым мынчалык бышып жетилмек эместир.

– Теле жаатында да өзүңүздү сынап жүрдүңүз. Бул кесибиңизди улантууну көздөбөйсүзбү?
– Көгүлтүр экранда да, кадр артында да иштеп, монтаждарын жасап, компьютерлерди карап, көрсөтүүлөрдүн обого чыгышына жардам берип жүрүп көп эле тажрыйба топтодум. Бирок кайра улантуу негизги планымда жок. Насип этип калса, балким, кайра баштаармын. Негизи көп нерсеге жөндөмдүүмүн. Куудул да болуп кетмейим бар. Досторум болсо «Сен милиция кызматкери болсоң болмок, аябай таш боорсуң. Бир ууруну кармасаң, сенин колуңдан чыкпайт го» деп калышат.

– Сизди «мүнөзү татаал жигит» дешет. Кимди тартып калгансыз?
– Татаал деле эмес. Учурга жараша мүнөзүм өзгөрүп турат. Бир окуяны айтып берейин. Ун саткан бир бай киши бар. Бир жолу ал мени чакырып, «тоюмда ырдап бер» деп калды. Билип турам, анын максаты мени бекер ырдатыш керек экенин. «Макул, той өткөрбөгөн учуруңузда сизге барып 1 мүшөк ун сурасам бересизби?» десем, «жок» дейт. Анан «ун сатуу сиздин эмгегиңиз болсо, ырдоо менин эмгегим» дедим. Азыркы заманда татаалдарга татаал, жумшактарга жумшак болуп, өзгөрүлүп турган эле жакшы.

– Кичинекей «мамлекетти» жетектеп келе жатасыз. Уул-кызыңыз чоңоюп калышкандыр...
– Кызым Аманда 4 жашка чыгып калды. Көз тийбесин, акылдуу, ыймандуу кыз болуп чоңоюп келе жатат. Эшиктен кирип келсем, үйгө кийчү жеңил бут кийимимди көтөрүп келип кубантат. Уулум Ырыскелди болсо 3тө. Качан телефон чалбайын «актамат алып келип бейиңиз» дей берет. «Атанын ою балада, баланын ою талаада» дегенди эстеп, айтканын алып барам. Негизи баланы туура эркелетиш керек экен. Ага карата айтылган ар бир сөз кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизет тура. «Эстүүм, акылдуум, ыймандуум» деп эркелетсең, ошого карап токтоо, акыл-эстүү болуп чоңоёт. «Күчүгүм, маймылым» дей берсең, чоёктоп калышат.

– Сизди жеңебиз менен таарынышып жүрөт деп угуп калдым эле...
– Эч бир үй-бүлөдө казан-аяк кагышмайынча жашоо болбойт. Жеңең менен таарынышып калабыз. Ар бир эркектин өзүнүн үй-бүлөлүк талабы болот. Талап коюлганда аял киши, албетте, өз мүнөзүн көрсөтөт, сүзүп көрөт. Пайда чыкпаганда анан макул деп баш иет. Ошол аралыкта бир аз түшүнбөстүк жаралат да, кайра эле өз ордуна келет. Бирок катуу капачылык болуп, таарынышкан эмеспиз.

– Башкалар тарабынан айтылган сындарды кандай кабыл аласыз?
– Сындар далил менен айкындуу айтылса, туура кабыл алам. Мисалы, мааракелерге катышканымда апам «бул жерде эл менен иштешпей койдуң, бул жерде туура эмес бастың» деген сындарын айтып турат. Мындай сындарды туура кабыл алып, кайталабаганга аракет кылам. Ал эми кээ бирөөлөр сын-пикир айтам деп жатып намысыңа тийип алат. Билесиз да, кыргыздар намыскөйбүз, андай учурда мушташа кетебиз же катуу айтып капа кылабыз.

– Алгачкы сахнага чыккан Темир менен азыркы Темирге баа бере аласызбы?
– Ал кездеги Темир сахнанын берки башынан аркы башына чейин 5 секундга жетип-жетпей секирип барса, азыркысы токтолуп, мурдагыга караганда мукамдуу, маанилүү ырларды ырдап калган. Секирип бийлеп жүрө берсем деле болмок. Бирок эки баланын атасы болуп калгандан кийин өзүңдү чектеп калат экенсиң. Секирип бийлебесем да, өзүмдүн 3-4 кыймыл-аракетим бар. Алар кандай жашта болбосун менин туруктуу стилим катары кала берет.

– Сахнага качан кайтайын деп жатасыз?
– Сахнадан кеттим деп деле айтпайм. Болгону чыгармачылык тыныгуудамын. Көл толкуганда ичиндеги чөп-чар сыяктуу таштандылардын баары толкун менен кошо жээкке чыгып, тазаланат эмеспи. Анын сыңарындай, кыргыз эстрадасы учурда толкуп жатат. Бир учур келет, эл толкун сыңары кыргыз эстрадасын тазалап, чыныгы таланттарды тандап алат. Ошол учурду күтө турам. Качан эстрада тазаланганда элим менен сахнада көрүшө баштайм.

– Маек куруп бергениңизге рахмат. Чыгармачылык ийгилик каалайм!

Уулбү Каныбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (62)
azia9393
2013-08-20 20:58:53
мен сыйлам Темир Назаровду. азыркы ырчылырга жол ачып берген тарыхта калат
+1
Nurzada88
2013-08-20 21:38:08
Темир талантына таазим! Келечекте кыргыз эстрадасынын падышасы болушунду каалайм.
+2
Fasebook
2013-08-23 07:13:29
Nurzada88, кой Темир падыша болбой эле койсун
-3
Nurzada88
2013-08-23 18:17:26
Fasebook, Эмнеге? Темир ар тараптан топ келет: бой десе бою, ой десе ою, сулуулук десе сулуулук, ону-тусу, келбеттуу, создун ордун таап суйлогон патриот жигит.
+2
nota89
2013-08-24 08:41:11
Nurzada88, tuura aitasyn/ Temir baikedei talant jok/daje yrlary jok Tema algaaaa
+3
mahabat.
2013-08-20 22:54:06
ай иий откондо эое сахнаны таштадым дегенди окудук эле го.азыр тазаланса чыгам деп калыптыр го.бет деле жок ушуларда.
-3
cosmopolit
2013-08-21 00:49:53
Харизматичный...
0
sobr_89kG
2013-08-21 02:51:43
Тазалансын дэгени туура эмеско...эл озу тазалап алат ким кандай екенин озунун колунан микрафон тушуп кетип понаграмасы билинип калган....анан тазалансын дегени азыркы жаш ырчыларды тенине албаганыбы не..
-2
sultan.kg
2013-08-21 19:36:38
Темир байке сиз азаматсыз! Анча мынча терс коменентарийлерге маани бербиниз. Эн башкысы АЛГА. Сиздин жаны ырларынызды кутобуз.
+3
mahabat.
2013-08-21 22:31:02
ТЕМИР САХНАГА КАЙТПАЙМ ДЕЙТ деп гезитибиздин 546 санында окудук эле го
+1
allan
2013-08-22 12:50:24
Темир таланттуу мырза.Аялы эле бир кызыктай неме экен.
-1
mi-li-na
2013-08-24 01:28:52
Чындап эле Темирдей жарк этип чыккан эч ким болгон эмес ошол жылдары, анан калган ырчыларга чыйыр салды дегендей... Канткен менен Канат Култаев мн келишпегени озуно минус болуп,ошол минусу продюсердин Темирден кийинки таптаган ырчыларына плюс болду окшойт ))) Мен аны сахнада озун эн эркин анан ылайыктуу алып жургон ырчы катары билем. Но, кээ бир созду ашыгы мн айтып коюптур, м:сахна тазаланганда деп...Сахна тазаланбайт ал ырчылырды мезгилдин агымына карата тазалайт деген пикиримди айтмакмын...
+3
alibekova94
2013-08-27 12:48:57
мен кече еле сизди корунбой кетти деп звезды kgстана деген жерде естеп жаткам корсо тыныгууда болот екен ертереек келиниз чыгармачыл ийгилик уй булолук бакыт каалайм! кичинемде ушул ырчынын ырларын коп укчумун апам очур же башкасын ук кечке бир ырды кайталабай десе да болчу емесмин))))
0
Rostov-on-Don
2013-09-01 17:44:01
Темир азаматсын суроолорго жакшы,тушунуктуу,ток этер создорду суйлогонсун!Уй-булоого бек турушун мени аябай кубантты так держать!Кандай иш жасаба сага баары жарашат!
0
Rostov-on-Don
2013-09-01 17:46:05
Супер инфо сураныч эмне менин (-,+)бассам басылбайтат?
+1
admin_media
2013-09-02 10:04:33
Rostov-on-Don,
Саламатсызбы! Иштеп жатат, кэшти тазалап кайра басып көрүңүз. Дагы катачылыктар болсо купуя жазып койсоңуз. Рахмат!
+1
Rostov-on-Don
2013-09-08 13:29:31
admin_media, рахмат иштеп калыптыр
0
qwertys
2013-09-04 20:24:41
Темир, кимди алдап жатасын??? Озун терилип, биздин эстрададан ыргып кеттин мусорго. Татыктуулар калды сахнада! Эки жуздуу адамсын, бетине карап жылмацып, бурулушун менен жамандап баштаганын начар муноз. Ал эми Мунаранын (аялынын аты) козуно Сюита Соурбаева менен чоп салганын туура эмес жана ыйманын томон экенин далилдеп атат. Башка каналдар клиптерини койбогон каналдар учун Сюита менен ойнош болуп алганына акталганы соз жок... Темир, совет сага - жонокойраак бол. Такыр жок болуп кеткиче!!!!
0
arafat.86
2013-10-11 12:29:21
Адам зына кылса чон куноого батат!!! Туура Темир Суита Соурбаева м-н ойноп жургондугу чын.аялы да кетип калган, Темир азыр журот Ошто эле кочо чанытып дегендей...Аны кыйынсынган жана бабник дешет коп адамдар, бекеринен эмес бул соз, ЧЫН
0
Samat-89-kg
2013-10-26 16:42:06
Темир ким эле.. Азыркы жаш Лампачкалардын башаты болгон Жылдыз коктогу..
0
№ 563, 16-август-22-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан