ТАГДЫР ОЮНУ-3

(Башталышы өткөн сандарда)

– Аскат, мен... мен апамды таптым!
Бул сөздү айтайын деген эмесмин, бирок оюмду да, эркимди да башкара албай калдым. Жүрөгүмдө турган сөз атылып чыгып кетти. Эх, азыр тилимди тиштеп алганга кайыл элем. Аскат трубканы ыргытып ийип «Данек дөөдүрөп жатат» деп башын чүмкөп уктап калса экен деп тилеп жибергенге үлгүрдүм. Бирок трубканын ары жагынан мен күтпөгөн реакция болду.
– Кайдасың азыр?- деди ал токтоо гана.
Уйкусу ачылып кеткенин сездим. Тамашага жооткотуп кутулайын дегенче анын кабатырланган үнү угулду.
– Атам жаныңдабы? Таң атар менен мен да жолго чыгам.
– Жинди болбочу, кереги жок.
– Мына, ыйлап жаткан экенсиң, ээ...
– Ыйлаган жокмун. Андан көрө айтчы, сен билчү белең?
– Атам экөөң табышмактуу жоголуп кеткениңден шектенгем.
– Аны айткан жокмун, мен тууралуу качантан бери билесиң?
Эриндерим калтырап кетти. Бир гана мен билбеген экем да, көрсө, үй-бүлөдөн.
– Мен кичинемден эле билем. Бир жолу чоң энем менен атам сүйлөшүп жатканын уккам. Алар сенин апаң издеп келсе кандай болот деп кабатырланышкан эле. Кийин экөөбүз жол
кырсыгына кабылганда менин каным менен сеники төп келбеди. Атам да, апам да сага кан бере алышпады. Ошондо бул чындыкты билгем.
– Эмнеге мага айткан жоксуң?
Ыйлап жибердим. Аскат колунан келишинче трубкадан сооротуп жатты. Же бир токтоно алсамчы, айласы кеткенде чоң энемди туурап эркелете баштады.
– Чоң энемдин сөздөрү менен эркелетейинчи, балким, ошондо басылып каласың. Айданегим, сулуу кызым, сары улагым, болду эми ыйлаба...
Аргасыз бырс күлүп ийдим. Аскат менен таң атканча сүйлөштүм. Ыйлап алган, андан да ыйласаң соорото ала турган адамың бар экени жакшы тура. Черим жазылып, бугум чыгып калды.
Ушул ой менен уктап калдым. Көпкө уктаган экем, бир маалда эшиктин тыкылдаганынан ойгонуп кеттим. Босогодо чакан рюкзагын көтөрүп Аскат, анын аркасында атам турат. Кандай жыргал, көзүмдү жумуп, шап мойнуна асылдым.
– Кантет, ой, болду эми...
Аскаттын жүзү кубарып, негедир ыңгайсыз болуп кетти. Кызык, эмнеге? Атам бизди үн катпай тиктеп турду. Көзүндө тынчсыздануу, аёо...
– Ата!
Чындыкты билгенден бери ата деп кайрыла албай жүргөм. Аскаттын кучагынан бошонуп, атамдын көкүрөгүнө жыгылдым. Бир караган адамга катаал, катуу көрүнгөн адамды ушунчалык жакшы көрөрүмдү эми сездим. Азыр мени Жараткан өз атам менен баккан атамдын кимисин тандайсың десе, көз ирмебей туруп баккан атамды тандаар элем.
Бөлмөгө кирип, атам менен Аскат катты окушту. Апамдын сүрөтүн кызыгуу менен тиктеп туруп, Аскат мага аста көз жиберип жатканын байкадым. Кыязы, окшоштуруп жатат окшойт. Бечара аялга чын эле окшош элем.
– Биздин Данек чоңойгондо сулуу кыз болот окшойт, ээ, ата?- деп койду Аскат.
Чачыман тартып тийише кетти.
– Чоң элемин.
– Аскат, коё турчу. Данек, катта жазылган кичине кыз тууралуу кандай дейсиң? Апасы аны сага тапшырган экен. Кааласаң издештирели. Кыздын сенден башка эч кимиси жок экен. Данек, түшүнүп турам, сен алгач бул кабарды кабыл алышың керек. Бирок ал учурда сендей эле бир кыздын тагдыры талкаланып жатышы мүмкүн. Жакшылап ойлонуп көрчү.
– Рахмат, ата.
Мен да сиңдим Нурайды издегим келип, бирок атамдан сурана албай жатканымды кайдан биле койду экен?..
Сиңдимди издеп көп жерге бардык. Оштогу балдар үйүнөн аны кимдир бирөө асырап алганын, алардын дареги берилбешин билдик. Нурай 5 жашта экен. Атам издөөнү токтотпосун айтып мени жубатканы менен, анчалык үмүт кыла албадым. Шаарды көрөбүз деп Аскат экөөбүз калып калдык. Атам каалабаса да бизди таштап кеткенге аргасыз болду. Аскат мени жоголуп кетчүдөй билегимден кармап алган, өзү деле менден көп нерсе билбегени менен ишенимдүү. Айтор, мага колунан келишинче гид болгонго жарады. Күнү кечке шаарды кыдырып жүрүп номерибизге келдик.
– Айданек...- деди Аскат бир маанилүү нерсе айтчудай.
Кылчайып тиктеп туруп калдым да, негедир көзүмөн жаш айланып кетти.
– Эгерде дагы ыйлай турган болсоң, эч нерсе айтпайм.
– Жок, айта бер.
– Сага азыр оор. Бирок кийин баары өз ордуна келет. Мен ар дайым сенин жаныңда болом. Туура, биз бир тууган эмеспиз. Бирок бир туугандан да жакын болуп калбадыкпы... Мен сенин ата-энең башка экенин кичине кезимден билчүмүн. Ошондон баштап сени аяп, коргогум келди.
– Эмнеге мага баарын айткан жок элең?
– Сен чындыкты билсең, өз ата-энеңди издеп кетип калат деп коркком. Данек, сен билбейсиң, мага канчалык керек экениңди. Сен жок болсоң үйгө да киргим келбейт. Мурун чоң энем бар эле, жок дегенде. Эми жалгыз гана сен үчүн үйгө келчү болдум.
– Атамчы?
– Атамдын жөнү башка. Бирок ал көпчүлүк учурда үйдө болбойт эмеспи. Менимче, ал да үйдөн качат. Кээде атамды аяп кетем. Анткени ал өз тагдырынан адашып калган адамдай сезилет. Кээде үйдө болгондо деле бош бөлмөлөрдү кыдырып, бир нерселерди карап, өзү менен өзү күңгүрөнүп сүйлөнө берет. Ошондой абалында көргөндө ушунчалык аяп кетем, жаным ооруйт. Аны карап отургандан көрө сыртка чыгып кетип, бирөө менен мушташып келсем, жаным анчалык оорубай калгандай сезилет.
– Апаңчы?
– Апам атама караганда бактылуу. Бактысыз болсо да аны эч кимге билгизбейт. Ал өтө күчтүү аял. Анан да күйөөсүн өтө сыйлайт. Кыздары бар, биринен бири таттуу, алар менен алаксыйт. Атамдын менден башка балдары болгондо, балким, алаксып кетет беле.
– Экөөнүн тагдыры тууралуу билесиңби?
Аскатка бул суроом жага бербеди окшойт, кашын жыйрып алды. Негизи, мен билген эки Аскат бар. Бири өзүн да, өңгөнү да аябаган таш боор, шылдыңчыл, кыз жандуу, менменсинген жигит. Экинчиси боорукер, адилет, бардыгына жардамга шашылган, жүрөгү назик Аскат. Экинчи Аскатты көп адам билбейт, кээде анын чыныгы жүзүн мен жана атасы гана билгендей сезилип кетет.
– Данек, сен мени эч качан таштабайсыңбы?- деди ал негедир бир убакта.
– Жок.
– Эч кайда кетпейсиңби?
– Эч качан.
– Өткөндү кайрый албайсың, атаңды издештин деле кереги жок.
– Аны издейин деген оюм да жок. Мен апамды таптым. Апамды бактысыз кылган ал адамды издеп не кылмакмын?!
– Анда мага убада кыл.
– Макул, эмне деп...
– Аскат кандай жиндилик кылса да, ал өзүнөн, чындыктан, реалдуулуктан качып кетсе да эч качан андан баш тартпа. Ким эмне деп айтса да сен мага ишен. Ким эмне менен сени азгырса да жанымда бол.
– Ким мени азгырат эле?
– Билбейм, сүйүү, байлык, атак-даңк! Ушунун баары азгырышы мүмкүн. Сен көп ийгиликтерге жетишесиң, көрөсүң го. Азыр эле ыр жазасың, 4 тилде эркин сүйлөйсүң, менден акыл деңгээлиң алда канча жогору. Сен кыйын адам болосуң. Ошондо да мени таштаба. Баарынан жаманы – кимдир бирөө сени таштап кеткени. Баарынан жаманы – таяна турган адам сенден кимдир бирөөнү жогору коюп, ишеничиңди актабай кеткени.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
kara-koz
2013-09-02 10:41:11
эми дагы кандай кызыктар болот экен
0
Nurlan1
2013-09-02 11:01:55
соонун жерине келди
0
Azimjan_95
2013-09-02 13:38:12
дайыма кызыктуу жерине келгенде бутуп калат ай.ай.ай.
Дагы бир жума кутуу...ойлонуп атып эле убакыт отуп кетет...
0
Dj__1ove
2013-09-02 14:39:24
Че-то не реальный болуп кетти...
0
asil-08
2013-09-02 15:33:54
жакшы кобуроок жазыпсынар супер инфо рахмат силерге
0
respektmoi
2013-09-02 16:35:21
chygarma realdan alynyp korkom jazylyp kalganday.keebir jerleri oto jalgan,keebir jeri oto chynday! Kyzyktuu.
0
Beka_89_kg
2013-09-02 18:53:58
Иий дагы бир жума
0
gulnaz21
2013-09-02 22:01:45
turmuw kursa bolot ekendaaaa
0
xxxxxxx
2013-09-03 00:32:52
Ай эннееен. Жаны замандын жомогу го
0
miniusha
2013-09-03 10:44:19
канча калды болду экен бутооруно...
0
periwtem
2013-09-03 14:17:41
Аскат бардык билет окшойт ,болбосо атанды издебе деп айтчу эмес эледа .
0
Begai_kg
2013-09-03 23:18:54
Менин да Аскатка окшош адамым б0лг0нд000 ваауу
0
dinaika95
2013-09-06 23:12:43
барган сайын кызыктуу, эми эмне болот экен ааа
0
azia9393
2013-09-07 23:22:16
эхх журокту эзет даа))
0
ayzatushka
2013-09-08 21:21:48
Sonun
0
№ 565, 30-август-5-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан