Шоу-бизнесте сыртка айтылбаган, бирок дайыма бирге жүргөн түгөйлөр бар. Өздөрү кыз-жигитпиз деп ачыкка чыгышпаса да, кесиптештери ынак мамиледе экенин сөз ортосунда кыстара өтүшөт. Эмесе, ошол «шектүү» түгөйлөрдү тааныштырабыз.
ЭРКЕЛЕШКЕН ГҮЛНУР МЕНЕН ШАЙМЕРДЕН
Гүлнур Асанова менен Шаймерден аттуу мурунку «тамашоучу», актёр жигит абдан жылуу мамиледе экенин байкап калабыз. Таң эртеби, түндө болобу Шаймерден мырзанын актрисанын жанында чар көпөлөк айланып жүргөнүнө кантип кызыкпай коёлу? Бул «шегибиз» менен Гүлнурга кайрылсак, «Ал деген менин досум да...» деп күлүп кутулган эле бир кезде. Анда, балким, дос болуп жүргөндүр, бирок эми алардын мамилеси кыз-жигиттикке өткөндөй. Анткени Шаймердендин интернеттеги жеке баракчасында Гүлнур экөөнүн сүрөтү, бири-бирин «мапучина», «гапучин» деп эркелетишип, «Сүйгөн кызыңызбы?» деген суроого «та-та-таа...» деп жооп бергени деле ынак мамилеге өткөнүнөн кабар берип жатат...
НУРЗАТ & АРСТАН
Арстан Абдылдаев деген жигит бар, «Кыргызым» деген ырды патриоттук сезим менен келиштире аткарган. Анын шоу дүйнөгө алынуусуна Нурзат Токтосунова жардам кылып жүргөнүн уккан чыгарсыздар. Азыркы күлсө сүйдү, сүйсө тийди деген заманда бирөөнү жандап басуу да кооптуу. Нурзат менен Арстанды «экөө кыз-жигит» деп айтып чыгышты. Биз деле Арстандын Нурзат айымдын сумкасын көтөрүшүп калганын көрүп жүргөнбүз деңизчи, бирок жакын мамилесин байкаган эмес элек. Буга алпаруучу айым «Жок, айланайын, мен ага жардам берип турам. Ал деген 90-жылкы бала да...» деп Арстандын Москвага 1-2 жылга иштегени кеткенин билдирди.
НАЗИРАНЫ КҮН-ТҮН ДЕБЕЙ КАЙТАРГАН ЧЫҢГЫЗ
«Унутсун дегениңби, уйкумду бузбай калдың» деп сыздаган Назира Токонова «Сага» деген ыры менен катуу чыкты эле. Ортодо көпкө ырдабай жүрүп, эми кайра жанданууда. Мына ошол ырчы айым көптөн бери жалгыз жүрбөгөндөй. Качан чалба жанында Султан Садыралиев менен «Кайдасың?» деген ырды чогуу аткарган Чыңгыз Турдубеков аттуу ырчы жүргөнү-жүргөн. Анан ойлор кетет экен да... Экөөнүн мамилесине кызыкдар болуп чалсак, «Ал менин жакын досум. Чыгармачылыкта мени дайым колдоп, ырларымдын сөзүн жазып берет» дейт. Күн-түн дебей Назиранын жанынан чыкпай, кайтарып жүргөн досу мыкты экен деп койдук. Айрым учурларда кыз менен жигиттин мамилеси ушинтип бири-бирине жөлөк-таяк болуп сырдашуудан башталат эле, балким, экөөнүкү да ошол жакка бараткан болуп жүрбөсүн?.. Андай болсо, албетте, кубанабыз!