ТАГДЫР ОЮНУ-3

(Башталышы өткөн сандарда)

Аскат көзүнүн жашын аарчып алды. Ошондо гана анын ыйлап жатканын байкадым. Эмне айткысы келгенин билгеним жок. Сезгеним, мен ага керек экеним эле. Мен Аскатка керекмин! Ушул сезим таманымдан башыма чейин толкун болуп чыгып, көктө учуп жүргөндөй болдум.
– Убада берем, эч качан сенден алыс кетпейм. Кандай күн болсо да. Өз эркимде эле болсо, сенден эч качан алыстабайм.
Күн күркүрөп, чагылган чарт-чурт. Аскат кайрадан өз репертуарында. Менин тиземе башын коюп, кайсы бир кыздын адепсиздигин, кимдир бирөөнүн ага ашык болуп көп кабаттуу үйдөн боюн таштайм дегенин айтып күлдүрүп жатты. Мен адатымча күлүп гана коём.
– Эмне, чын эле ишенбейсиңби? Менин артымдан ээрчиген кыздардан сурасаң, баары чын экенин айтып беришет.
– Ишенем.
– А эмнеге күлүп жатасың?
– Билбейм, мен бир да жигит үчүн андай кадамга барбайт элем. Акмакчылык да бул...
– Даа, акмакчылык. Данек, сен бирөөнү сүйүп көрдүң беле?
Онтоп жибердим. Жооп бергим келбеди. Аскат өзүнчө бүтүм чыгарып койду.
– Жок, сүйүүгө жолуга элексиң. Болбосо мен билет элем.
– Ооба, мага сүйүү келе элек,- дедим мен аны тынч алдырмакка.
Эртеси экөөбүз үйгө кайттык.

Ххх

Ошентип, менин бакма кыз экеним 16 жашка чыкканда билинди. Кызык, менин жашоомдо бир карасаң эч нерсе деле болбогондой, бирок мурункудай да эмес. Бардыгынан апам экөөбүздүн мамилебиз оорлошо баштады. Атам Оштон келгенден кийин ага болгон окуяны айтып берген экен. Аскат экөөбүз машинадан түшүп, үйдүн босогосун аттаганда апамдын бүркөө кабагын, ыйлаган түрүн көрүп эле билдим. Мени мурункудай жүзүмдөн өөп тосуп албай, жатыркай тиктеп алып бурулуп кетти. Бир күнү өзүмдүн апамдын сүрөтүн кармалап ойлуу отурсам, апам кирип келди бөлмөмө. Сүрөттү бекиткенге жетишпей калдым. Айла жок, аркама ката салдым.
– Бекитпей эле кой. Эми аны жашырыштын деле кереги жок. Айданек, бул чындыкты билишиңди каалаган эмесмин. Мен эң бактысыз адам болсом керек, Азирет мени сенден да
ажыратып тынды. Анын бул жоругун эч качан кечирбейм.
– Апа...
– Жок, мени угуп тур. Куду азыр көрүп тургандаймын ошол күндү. Булактап аккан эмчегимди соруп, ыйын басып калган наристе азыр да көз алдымда. Кудай турат. Мен сага жакшы апа болгонго аракет кылдым. Сени менен тагдырымдын бөксөсүн толтурам дегем. Бирок акыры ушул күн келерин да дилимде туйгам. Мына, сен эми бойго жеттиң. Өзүңдүн апаңды таапсың. Ал эми мен тагдырдан дагы бир жолу жеңилгенимди мойнума алууга аргасызмын.
Апам көз жашын эч качан, эч бир жанга көргөзбөй ыйлачу. Бул жолу да көздөрүнөн тамчылар сүрүлүп келип таноосуна токтоду. Көз жашын сүрткүм келип колумду созо бердим.
– Апа, мен...
Апам колумду кагып жиберди.
– Кереги жок! Мага эч кимдин аянычынын кереги жок.
Ушинтти да, эшикти тарс жаап чыгып кетти. Апамдын түшүнүгүндө мен ага өз апамды издеп чыккынчылык кылгандырмын. Ооба, күнөөлүүмүн. «Апа, кантсе да сен апасың, сеники туура деп кабыл алышым керек. Бирок эмне үчүн өз жашооңдон сызып салардан мурда менден бир ооз кеп сурабадың? Мени өзүңдөн алыстатпа. Мен дагы деле ошол жардамга муктаж кызмын, апа. Мен алардыкы эмесмин, силердикимин...» Дилимде ушул сөздөрүм чыркырап турса да, апама оюмдагыны айта албадым. Ичтен сызып кала бердим. Бир чети ал киши мени өз жашоосунан оңой эле сызып салгандай сезилди. Таарынып калдым. Мен эми жападан жалгыз калдым. Күндөн күнгө начарлай берип, бир күнү сабактан эсимди жоготуп коюптурмун. Ооруканадан эсиме келдим. Жанымда класс жетекчим Гүлназ эжей бар экен.
– Мен кайдамын?
– Ооруканада, Данек, азыр мага эмне болгонун баарын айтып бересиң. Башка эч нерсени укпайм.
Мен көзүмдү жумуп алдым. Сабактан жыгылып калганымды айт... Эжейим мени эки саат кыйнады.
– Данек, эмне болгон сага?
Акыры эжейимдин мээримдүү тиктегенине туруштук бере албадым.
– Жок, жок, минтип карабаңыз мени. Мен баары бир айта албайм.
– Сени көптөн бери кыйнаган нерсе бар. Кана, менин сыр жашыра алат экенимди билесиң го. Экөөбүз бири-бирибизден качан сыр жашырчу элек?!
Уф, акыры эжейдин аракети ишке ашты. Айтып бербесем кутулчудай эмесмин. Айтор, менин башымдан өткөн окуяларды, сезимдеримди эжейге төкпөй-чачпай айтып бердим. Ал башын жерге салып угуп отурду да, мени тике карады. Аргасыз көзүмдү ала качтым.
– Бери карачы, сен Аскатты...
– Жок, жок...- бетимди басып алып башымды чайкаган мени ал тиктеп турду да, башын чайкап койду.
– Келесоо кыз, сүйүүдөн эч кандай уялуунун кереги жок.
– Жок, жок...
– Бери карачы,- деди ал ээгимден көтөрө.
Көзүмдү ала качкан мени көзүнө тике карашка мажбур кылды.
– Сен бул абалда дагы жүрө берсең, ооруп калышың мүмкүн. Эмне үчүн апаңа айтпадың?
– Апамабы, жок, эч качан...
– Болуптур, апаңа айтпасаң да курбу кыздарыңа, кимдир бирөөгө ачылышың керек эле да. Мындай оор нерсени кантип жалгыз көтөрдүң?
– Билбейм, уялдым.
– Данек, Аскат экөөң бир тууган эмессиңер. Экөөң тең ал тууралуу билесиңер, андай сезим болгону үчүн эч ким күнөөлүү эмес. Өзүң эле ой жүгүртүп көрчү, сен акылдуу кызсың
го.
– Мен күнөөлүүмүн! Мен элден башкача жолу жок жаралып калгам. Эмнеге Аскат? Дүйнө жүзүндө толтура эркек бар эмеспи? Кантип бул сезимдер менен жашайм? Айтыңызчы, эжей, кантип? Бирок канчалык аракет кылсам да мобу жеримде турат. Эмне кылышым керек? Отурсам-турсам, жатсам, атүгүл түш көрсөм да ал мээмде, жүрөгүмдө, канымда...
– Мени кара, Данек, бул эч кандай жаман нерсе эмес, уялуунун да кереги жок. Элдин баары, мектептин баары экөөңдүн бир тууган эмес экениңерди билчү элек. Өзүң билесиң, бул нерселер элдин оозунда болот эмеспи. Сен эч кандай кылмыш кылган жоксуң. Сүйүү-сүйбөө адамдын тандоосунан болсо, анда баары эле тандап сүйбөйт беле. Бул табигый сезим. Сен андан эч качан уялба.
Акыры дарынын натыйжасыбы, уктап бараттым. Уктап баратып да эжейимден эч кимге айтпоосун суранып безеленип жаттым. Уктап кеткен экенмин, бир учурда колумду бирөө кармап отурганын туйдум. Көзүмдү ачпай туруп Аскат экенин билдим.
– Жинди кыз, дагы эмне болду?
– Эч нерсе. Үйдөгүлөр уктубу?
– Апаң уга элек, врачтар атама чалышкан экен. Ал мага чалды, өзү жолдо келе жатат.
– Мени кечирип койгула...
– Гүлназ эже жаныңда экен, азыр эле кетти.
Аскат бир нерселерди сүйлөп жатты. Мен кайрадан караңгылык каптаган дүйнөгө сүңгүп кеттим. Бул жолу коркконум жок, анткени жанымда Аскат бар эле.
Ооба, кимдир бирөө мен үчүн тагдырымды сценарий кылып жазып койгондой. Бирок бул тагдырды өз колум менен жазып албаганым анык. Бул жолу каршылык кыла албадым. Өзүм менен өзүм күрөшө бергенден, туюктан жол таппай тырмалай бергенден тажадым. Жаным көзүмө көрүнүп жатса да сезимимди думбалап жашыра бергенден, андан азап тарткандан чарчадым. Өзүмдү өзүм бул сүйүү үчүн күнөөлөй бергенден да... Мага жазылган тагдыр ушул болсо, демек, баш ийишим керек. Мен Аскатты чексиз сүйөрүмдү мойнума алганга аргасызмын!

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
Argymak007
2013-09-09 13:05:18
Дама
0
Gulichka.milichka
2013-09-09 13:30:29
ммм жаман болуптур Алинага
0
Aruuzat_19
2013-09-09 15:02:20
эми дагы бир жума. уф.......... кобуроок эле жазгылачы........
0
Azimjan_95
2013-09-09 15:39:12
эх кандай суйуу......дагы бир жума.....кутуп атып журок оорулуу болуп бутмой болдум........
0
N.Bakazova
2013-09-09 16:37:08
Ушул чыгарма бутпой эле, жума сайын окуп журо берсек а !
0
kara-koz
2013-09-09 17:36:14
Туура сага кошулам!Байкуштун тагдыры деле озунчо бир болмуш!
0
gulnaz21
2013-09-09 19:48:32
chyndap ele adamga azap bergen da suiuu,suiup kalgan en jaman eken...
0
aruuzat88
2013-09-10 14:13:47
Кутуу жана кутуу.Бир апта качан отот.
0
jyel
2013-09-10 18:02:12
Кызык чыныгы жашоодо ушундай окуялар болот бекен?
0
moskva
2013-09-10 22:25:19
Кандай гана сонун сезим.мен да куйоомду оло суйуп тийгенмин.
0
nikowa
2013-09-11 15:36:51
Аз калды
0
periwtem
2013-09-11 23:50:15
эх дагы бир жума кутуу керек.
0
takina
2013-09-12 00:14:56
сонун чыгарма аябай жакты))
0
bemkow
2013-09-14 17:25:12
askatka okwow jigitim bolso vau
0
tynar92kg
2013-09-14 23:43:18
Суйуунун кереметин карачы....
0
№ 566, 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан