ЖАҢЫ СЕЗОН СТАРТ АЛДЫ
2-сентябрь күнү телеканалдар кечки жаңылыктардын негизги бөлүгүн УКМКдан келип түшкөн оперативдик видеобаянга арнашты. Эрланбек Өмүралиев аттуу жаран оппозициянын өлкөнүн тынчтыгын бузуу, эгер ийгилик жылмайса коомдо пайда болгон паника менен нааразычылыктын негизинде бийликти басып алуу боюнча планын чекисттерге кенен айтып бериптир. Сөз оппозиция лидерлеринин катышуусунда 24-августта Соң-Көлдө өткөн жаштар курултайы туурасында. Эрланбек Өмүралиевдин айтымында, ал курултайга барган Садыр Жапаров, Аликбек Жекшенкулов, Талант Мамытов, Кубанычбек Кадыров, Мукар Чолпонбаев, жаш оппозициячы Чыңгыз Капаров жана башкалар өлкөдөгү тынчтыкты бузуу боюнча 3 вариантта план түзүшкөн. Алардын бири элге кеңири белгилүү болгон кадимки суусундуктун «урматына» «Юпи» деп аталган. Дал ушул план коомчулуктун көңүлүн өзгөчө бурду.
ПЛАН «Б» – БАЛЫКТАРДЫ УУЛАНДЫРУУ
Оппозицияда жүрүп, эми ал позициясынан кайткан Өмүралиевдин айтымында, оппозиция лидерлери «Юпи» планынын негизинде Нарын дарыясынын башына цианид төгүп уулап, балыктарды шприцтердин жардамы менен цианидге уулап, «Кумтөр» маселесин кайрадан туу кылып көтөрүп чыгышмак. «Ууланган дарыяны көргөндө эңкейген карылар да үйүндө тынч жатпай көчөгө кыйкырып чыгары анык. Соң-Көлдөгү курултай бүгүнкү бийликке элдин арасында нааразылар канчалык экенин, алардын реакциясын билүү үчүн уюшулган эле»,- дейт Өмүралиев. Эгер курултайга оппозиция лидерлери жана уюштуруучуларды кошкондо 200дүн тегерегиндеги эл барганын эске алсак, анда «Юпи» операциясынын максатын түшүнүүгө болот. Акаевди кубалоого 2005-жылы, Бакиевди кубалоого 2010-жылы 10 миңдеп чыккандай учурдагы бийликти кубалоого массаны жетелеп чыга турган орчундуу нааразычылыктар жокко эсе. Учурдагы президенттин бир туугандары же балдары добуштарды фальсификациялоо жолу менен депутат болуша элек же Кыргызстандагы майлуу-сүттүү мамлекеттик, жеке менчик ишканаларды басып алыша элек. Демек, азыр оппозиция учурдагы бийликке, негизгиси президентке каршы баш ооруну «Кумтөр» аркылуу гана жарата алат.
ОППОЗИЦИЯ КАЛП ТАПКЫЧТАН ӨТҮҮГӨ ДАЯР
Күтүлгөндөй эле Садыр Жапаров да, Аликбек Жекшенкулов дагы «бул маалыматтар карандай калп, фантастика» деп чыгышты.
УКМК Эрланбек Өмүралиев тарабынан айтылган маалыматтардын чын-бышыгын иликтеп жатканын жарыялады. Чуулгандуу видео элге көрсөтүлгөндөн кийинки күнү Аликбек Жекшенкулов менен Садыр Жапаров УКМК тарабынан суракка алынды. Аликбек Жекшенкулов Эрланбек Өмүралиев эч кандай тууганы эместигин, «бул боюнча калп тапкычтан өтүүгө даярмын» деп билдирди.
СЦЕНАРИСТ КИМ?
Акыркы күндөрү Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды шурудай бир жипке тизип чыксак, алардын өнүгүшү атайын бир сценарий менен бараткандай сезим калтырат. 24-август күнү Соң-Көлдө талкуу чордонуна айланган жаштар курултайы өттү. 5 күндөн соң Баткендин Сары-Жаз жайлоосуна 5 парашютчу түшкөнү маалым болду. Коргоо министрлиги менен Чек ара кызматы бир нече күн издешип, парашют менен түшкөндөрдү таба алышкан жок. Аягында жөн гана издөөнү токтотуп коюшту.
31-август – Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев телеканалдардын бирине маек берип, анда оппозициянын айрым өкүлдөрү коркунучтуу иш-аракеттерди пландаштырып жатышканы жөнүндө учкай айтып өттү. Ал эми 2-сентябрь күнү УКМК бул чуулгандуу видеону таратты. Өмүралиевдин айткандарына келсек, Нарын дарыясын «хизбут-тахрирчилер» ууландырышмак. Бул маалыматтан улам Баткенге түшкөн белгисиз парашютчулар аргасыздан эске түшөт.
МАДУМАРОВДУН КЕЗЕКТЕГИ ЖЭЭКТЕН ЖЭЭККЕ ӨТҮҮСҮ...
Учурда Кыргызстандагы оппозицияны кызматка, бийликке жетпей калгандар деп мүнөздөө туура болчудай. Анткени оппозициянын учурдагы бийлик жүргүзүп жаткан иштерге нааразычылыгы бар, бирок альтернативдүү сунуш-программасы жок. Адахан Мадумаровдун оппозициялык жээктен бийликти көздөй кезектеги өтүүсү ушуну менен байланыштуудур. Адахан мырза учурдагы оппозициянын күчүнө ишеним артпады көрүнөт.
Гүлмайрам Сабырбекова,
politika@super.kg