ЖОГОЛСУН БЫРЫШ!

Адам картая баштаганда табигый түрдө тери бырышат. Бирок ал маалга жетпей эле айрымдардын бетине бырыш түшүп, сулуулугун бузуп коёт. Мунун себеби эмнеде? Андан арылууга болобу? Мына ушул суроолорго жооп издеп көрөлү.

БЫРЫШТЫН ЭРТЕ ТҮШҮШҮНҮН СЕБЕПТЕРИ

  • Күн нуру
  • Ашыкча мимика
  • Туура эмес тамактануу
  • Жаздыкка туура эмес жатуу
  • Алкоголдук ичимдиктер жана тамеки
  • Стресс
  • Гормондордун бузулушу
  • Кремдерди туура эмес пайдалануу

АЛДЫН АЛУУ ҮЧҮН ЭРЕЖЕЛЕР

  • Сууну көп ичүү керек (күнүнө 1,5-2 литрден аз эмес).
  • Күнүмдүк тамактардын катарына кулпунай, кызыл калемпир, дарбыз, балык, картошка, брокколи капустасы сыяктуу азыктардын бирин кошуп туруңуз.
  • Уктоонун алдында бетти таза жуугандан эринбеңиз.
  • Күн нурунан коргонуңуз. Ал үчүн атайын кремди, көз айнектерди колдонсо болот.
  • Уйкуну толук кандырууга аракет жасоо керек.
  • Маанайды көтөрүңкү алып жүргөн оң.
  • Ашыкча мимика жасабаганга аракет кылыңыз.

КРЕМ
Териңиздин түрүн туура аныктап, ага ылайык бырышка каршы атайын крем колдонуу сунушталат. Эгер теринин майлуу же кургак экендигин өз алдыңызча аныктай албасаңыз, адистен жардам алыңыз. Бул учурда жыл мезгилин да эстен чыгарбоо керек.

КӨНҮГҮҮ
Чекедеги бырыштар адатта кашты көтөргөндөн пайда болот. Эгер чекеңиздеги бырыштан арылам же алдын алам десеңиз, алгач кашты көтөрбөй, көздүн сурмасын гана көтөргөндү үйрөнүү зарыл. Ал үчүн үйдө жүргөн маалда жазы скотчту чекеге жабыштырып коюңуз. Бул сизге эскертүүчү ролду аткарып берет. Скотч бырышып баштаганын сезер замат токтоп, сурманы гана көтөргөнгө аракет жасаңыз. Бул көнүгүүнү дайым жасап жүрсөңүз, бара-бара кашыңызды көтөрбөгөнгө көнөсүз жана чекеңиз «үтүктөлөт».

УКАЛОО
Бетке крем сүйкөөрдө же атайын убакыт бөлүп бет булчуңдарынын жайгашуусу боюнча (сүрөттө көрсөтүлгөндөй) укалоо керек. Бул пайда болгон бырыштарды жазууга жардам берет жана алдын алат. Чекени жогору карай, бетти мурундан кулакка чейин, көздүн тегерегин манжанын учу менен акырын ургулоо керек. Ал эми ээкти жаакты көздөй жогору акырын тартыңыз.

МАСКА

  1. 1 чай кашык анар ширеси менен 1 чай кашык коюу каймакты аралаштырып, бетке сүйкөп, 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен чайкоо керек.
  2. 5 грамм бадам данегин майда талкалап, 100 грамм жылуу сүткө аралаштырыңыз. Кебездин жардамы менен даяр болгон суюктукту бетиңизге сүртүңүз да, 30 мүнөттөн соң муздак суу менен жууп салыңыз. Бул процессти күнүгө үзгүлтүксүз 1 ай аралыгында жасап туруу бырыштарды жазууга жардам берет.
  3. 1 чай кашык балды, 1 жумуртканын сарысын жана 1 аш кашык сулу унун аралаштырып маска жасап бетиңизге жаап коюңуз. 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жуулат.

АДИСКЕ КАЙРЫЛУУ
Косметолог, дерматологго кайрылып, бырыштын себебин туура аныктоо керек. Адистин көзөмөлү менен бырыштан арылуу жеңил жана коопсуз.

ИЙНЕ ЖАНА БЫЧАК

  1. Беттеги бырыштар жогорудагы ыкмаларды колдонуу менен кетпей турган болсо, ботокс жасалат. Бул дары куюлган ийне. Анын жардамы менен бет бырыштарды жазууга болот. Бирок ботокс 18 жашка чейинкилерге жана 65 жаштан өткөндөргө таасир бербейт. Анан да туура эмес сайылган учурларда көз жумулуп, ачылбай калышы ыктымал. Таасири 6-9 айга жетет.
  2. Андан тышкары пластикалык операция жасап, бет терини тарттырууга болот. Бул бырыш өтө көп болуп кеткен учурда абдан эффективдүү деп эсептелет. Кемчилиги, өтө кылдат жана мыкты адиске жасатпасаңыз, көзүңүздүн териси катуу тартылып, көз карашыңыз башкача болуп калышы ыктымал.
  3. Бырыштан түшкөн жолдорду атайын гелдердин жардамы менен толтурууга да болот. Бул үчүн ийне керектелет.
  4. Учурда заманбап түр катары мезо жиптер ыкмасы колдонула баштады. Аты айтып тургандай эле, өтө ичке, көзгө көрүнөр-көрүнбөс жиптерди териге өткөрүү менен калыпка келтирет. Жиптер терини белгилүү убакытка чейин азыктандырып, анан сиңип кетүүчү касиетке ээ. Кемчилиги, 2-5 жылда кайра кайталоого муктаждык жаралат. Психикасы жабыркаган, сасык тумоо, кош бойлуу учурда жасалбайт.

Жогорудагы айтылгандардын бардыгы өтө жогорку деңгээлде жасалуусу шарт. Антпесе келбетиңиз жабыркап, терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Андыктан өз маалында же биринчи бырыштар пайда болуп баштагандан тартып эле бетиңизге кам көрүүнү унутпаңыз. Табигый азыктарды жеп, витаминдер жана минералдар менен терини камсыздап турууну эсиңизден чыгарбаңыз. Эрежелерди дайым сактоо менен сулуулугуңузду узакка сактай аласыз.

Маалымат үчүн Ден соолук жана сулуулук
клиникасынын башкы косметологу,
дерматолог Айнура Сагынбаевага
ыраазычылык билдиребиз.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Dieza
2013-09-16 10:44:45
Соонун кенеш болгон экен.
0
Asus84
2013-09-16 11:01:03
жакшы
0
zhmambetova
2013-09-16 11:48:11
супер инфо, ден соолук жана сулуулук клиникасынын дарегин жазып коёсуздарбы, алдын ала рахмат!!!
+1
saya4ka
2013-09-18 09:09:02
zhmambetova, Айнура эжени тааныйм, анын клиникасы Сокулукта. Абдан жакшы эже, барсанар болот.
0
bosmos7
2013-09-16 12:15:15
Рахмат!
0
peach
2013-09-16 14:07:07
бадам,сулу - орусча кандай болот?
0
admin_media
2013-09-16 14:18:38
peach,
Саламатсызбы!
Бадам - миндаль, сулу - овёс болуп которулат.
0
Bahar
2013-09-16 23:37:21
peach, baadem desen bolot chon daynek bar go oruktukuno okshogon...
0
Zhazi
2013-09-16 20:01:40
Жаш карыбас болсочун эй...
+1
never-cry
2013-09-17 11:54:39
миндальное масло менен массаж жасасанар кунуно 15мин ошол дагы жакшы эффект берет екен мен практикадан откоргом
0
never-cry
2013-09-17 11:58:33
super info сиздерден сураныч тороттон кийинки беттеги такты кантип жок кылса болот ушул тууралуу дагы жазыныздарчы.сураныч
0
gulnaz21
2013-09-17 23:10:38
rahmat sizderge...
0
Turadi
2013-09-20 21:13:30
Коздун алдындагы бырыштар жонундо да кенеш берсенер жакшы болмок.
0
rozka
2013-09-20 22:23:36
Рахмат кенешинерге
0
Kg.baby
2013-10-07 15:24:44
Аа жакшы совет экен. Беттеги сепкилди кантип кетирсе болот? Сураныч жооп бериниздерчи...
0
almagul_aravan
2013-10-14 22:36:21
Salamatsyzdarby myndai kosmetolog Oshto dagy barby, bar bolso suranych adressin jazyp koigula aldyn ala rahmat sizderge.
0
mika91
2013-10-30 03:34:10
Чон рахмат 1 кенешиниздер аябай жакты
0
emilbek79kg
2013-11-28 12:26:18
беттеги дакты кантип кетирсе болот
0
№ 567, 13-сентябрь-19-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан